Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жакандын жана Жүйүттүн каттарындагы урунттуу ойлор

Жакандын жана Жүйүттүн каттарындагы урунттуу ойлор

Жахабанын Сөзү тирүү

Жакандын жана Жүйүттүн каттарындагы урунттуу ойлор

КУДАЙДЫН рухунун жетеги менен жазылган Ыйык Жазманын акыркы китептерине кирген элчи Жакандын үч каты, кыязы, б.з. 98-жылы Эфесте жазылган. Жакан алгачкы эки катында Исанын жолдоочуларын жарыкта жүрүүгө жана чындыктан четтөөчүлүккө каршы турууга чакырат. Ал эми үчүнчүсүндө ал ишенимдештерин чындык жолунда жүрүүгө эле эмес, бири-бири менен кызматташууга да үндөйт.

Исанын энелеш биртууганы Жүйүт өзүнүн катын, сыягы, б.з. 65-жылы Палестинада жазган. Ал катында Исанын жолдоочуларына жыйналышка билинбей кирип кеткен жаман адамдар тууралуу айтып, алардын зыяндуу таасиринен сак болууну эскерткен. Жакандын жана Жүйүттүн каттарындагы ойлорго терең маани берүү менен тоскоолдуктарга карабай ишенимибизди бекем сактай алабыз (Эвр. 4:12).

ЖАРЫКТА ЖҮРГҮЛӨ, СҮЙҮҮ МЕНЕН, ИШЕНИМ МЕНЕН ЖҮРГҮЛӨ

(1 Жакан 1:1—5:21)

Жакандын биринчи катында Машаяк менен биримдикте болгондорго чындыктан четтөөчүлүккө туруштук берүүгө жана чындык үчүн, адилдик үчүн бекем турууга жардам берген кеңеш камтылат. Катта жарыкта жүрүүнүн, сүйүү менен, ишеним менен жүрүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленет.

«Ал [Кудай] жарыкта болгондой,— деп жазат Жакан,— биз да жарыкта жүрсөк, анда өз ара биримдиктебиз». Ошондой эле Кудай сүйүүнүн Булагы болгондуктан, Жакан: «Бири-бирибизди мындан ары да сүйөлү»,— деп айтат. «Кудайды сүйүү» бизге «анын осуяттарын аткарууга» түрткү берсе, Жахаба Кудайга, анын Сөзүнө жана анын Уулуна болгон «ишенимибиз» болсо дүйнөнү жеңүүгө жардам берет (1 Жкн. 1:7; 4:7; 5:3, 4).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

1 Жкн. 2:2; 4:10 — Иса кандайча «элдештирүүчү курмандык» болуп эсептелет? Иса жеткилең адилеттүүлүктүн талабын толук аткаруу үчүн өз өмүрүн элдештирүүчү курмандык катары берген. Ошол курмандыктын негизинде Кудай ырайымдуулук көрсөтүп, Исага ишенгендердин күнөөсүн кечире алмак (Жкн. 3:16; Рим. 6:23).

1 Жкн. 2:7, 8 — Жакан кайсы осуятты «эски», ошол эле учурда «жаңы» деп айткан? Жакан биртуугандардын ортосундагы жанаябастык сүйүү жөнүндөгү осуят тууралуу сөз кылган (Жкн. 13:34). Жакан биринчи катын жазганда Исанын ал осуятты бергенине 60 жылдан ашуун убакыт өтүп калган эле. Аны «эски» деп айтканынын себеби ошондо. Исага ишенгендер ал осуятка анын жолун жолдогондон тартып эле, «башынан эле», карманышкан. Ошол эле учурда ал осуятты «жаңы» деп айтканын себеби, ал байыркы ысрайылдыктарга берилген: «Өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды да ошондой сүй»,— деген осуяттан айырмаланып, башкаларга жанаябастык менен сүйүү көрсөтүүнү талап кылган (Леб. 19:18; Жкн. 15:12, 13).

1 Жкн. 3:2 — Исанын майланган жолдоочуларына эмне «айкын болгон» эмес жана алар кимдин «кандай экенин көрүшөт»? Майлангандарга асманга рухий денеде тирилтилгенде алардын кандай болору айкын болгон эмес (Флп. 3:20, 21). Алар «Ал [Кудай] ачык көрүнгөндө, ага окшош болорун гана билишет». «Анткени анын [Кудайдын] кандай экенин», тактап айтканда, «Рух» экенин көрүшөт (2 Кор. 3:17, 18).

1 Жкн. 5:5—8 — Суу, кан жана ыйык рух «Исанын Кудай Уулу экенин» кандайча күбөлөндүргөн? Суунун «күбөлөндүрүүсү» Иса сууда чөмүлтүлгөндө Жахаба өзү аны сүйүктүү Уулу экенин билдиргенде айкын болгон (Мт. 3:17). Кан болсо Иса канын, башкача айтканда, өмүрүн «бардыгы үчүн ылайыктуу кун катары бергенде» анын Кудайдын Уулу экенин «күбөлөндүргөн» (1 Тим. 2:5, 6). Ал эми Иса чөмүлтүлүп, ага ыйык рух түшкөндө ал рухтун «күбөлөндүрүүсүнө» ээ болгон. Анын аркасында Иса «бүт өлкөнү кыдырып, элге жакшылык кылып, Ибилистин айынан кыйналып жүргөндөрдүн баарын айыктырган» (Жкн. 1:29—34; Элч. 10:38).

Биз алчу сабактар:

1 Жкн. 2:9—11; 3:15. Эгер Исанын жолдоочусу кайсы бир нерсеге же кимдир бирөөгө биртуугандарына болгон сүйүүсүнүн муздатып салышына жол берип жатса, ал рухий караңгылыкта жүрөт жана кайда баратканын билбейт.

МЫНДАН АРЫ ДА «ЧЫНДЫКТА ЖҮРГҮЛӨ»

(2 Жакан 1—13)

Жакан экинчи катын: «Кудай тандап алган айымга жана анын балдарына»,— деп баштайт. Ал анын балдарынын айрымдары «чындыкта жүрүшкөнүн угуп», абдан кубанганын айтат (2 Жкн. 1, 4).

Ишенимдештерин сүйүү өрчүтүүгө үндөгөн соң Жакан: «Сүйүү — бул анын осуяттарын сактап жашоо»,— деп жазат. Ошондой эле ал «жалганчы жана Машаяктын душманы» тууралуу эскертет (2 Жкн. 5—7).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

2 Жкн. 1, 13 — «Кудай тандап алган айым» деген ким? Жакан, кыязы, ал катты «Кириа» (грекче «айым») деген аялга жолдосо керек. Же, балким, куугунтуктоочуларды адаштыруу максатында каймана тилди колдонуп, Исанын жолдоочуларынын белгилүү бир жыйналышына кайрылса керек. Эгер ушундай болсо, ал айымдын «балдары» ошол жыйналыштын мүчөлөрүн, ал эми «эжесинин» балдары башка жыйналыштын мүчөлөрүн билдириши мүмкүн.

Биз алчу сабактар:

2 Жкн. 2, 4. Куткарылуу үчүн «чындык» жөнүндө — Ыйык Китептеги бүт окуулар тууралуу — билим алуу жана ага бекем кармануу абдан маанилүү (3 Жкн. 3, 4).

2 Жкн. 8—11. «Атабыз Кудайдын жана Уулу Иса Машаяктын ырайымы, кайрымдуулугу, тынчтыгы биз менен болсун» десек, ошондой эле ишенимдештерибизден айрылгыбыз келбесе, өзүбүздүн рухий денсоолугубузга «сак болуп», «Машаяктын окутуусу боюнча жашабагандар» менен мамилелешпешибиз керек (2 Жкн. 3).

«ЧЫНДЫК ЖОЛУНДА КЫЗМАТТАШ» БОЛГУЛА

(3 Жакан 1—14)

Жакан үчүнчү катын Гай аттуу досуна жолдойт. «Мен үчүн балдарымдын чындык жолунда жүргөнүн угуудан өткөн кубаныч жок»,— дейт ал (3 Жкн. 4).

Жакан Гайды биртуугандарды бекемдөөдө «ишенимдүүлүк менен кызмат кылып», көмөк көрсөткөнү үчүн мактайт. «Чындык жолунда кызматташ болушубуз үчүн,— дейт ал,— андай биртуугандарга меймандостук көрсөтүүгө милдеттүүбүз» (3 Жкн. 5—8).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

3 Жкн. 11 — Айрымдардын жаман жолго түшүп кетишинин себеби эмнеде? Айрымдар чындык жолунда олку-солку болуп калганда Кудайды каймана мааниде көрбөй башташат. Алар өздөрү Кудайды көрбөсө эле, Кудай аларды көрбөй тургандай иш кылышат (Жез. 9:9).

3 Жкн. 14 — Жакан бул аятта «достор» деп кимдер тууралуу айткан? Жакан «достор» деп бири-бири менен ынак мамиледе болгондорду эле эмес, ишенимдештеринин баарын айткан.

Биз алчу сабактар:

3 Жкн. 4. Жыйналыштагы рухий жактан жетилген биртуугандар «чындык жолунда жүргөн» жаштарды көргөндө аябай кубанышат. Анда балдарына Жахабанын кызматчысы болууга жардам берген ата-энелердин канчалык кубанарын элестетсеңер!

3 Жкн. 5—8. Жахабага жана биртуугандарга болгон сүйүүсүнөн улам күжүрмөн эмгектенип жаткан кыдыруучу көзөмөлчүлөрдүн, миссионерлердин, Бейтелде кызмат кылгандардын жана пионерлердин көрсөтүп жаткан ишеними биз үчүн чоң үлгү. Биз аларга сүйүү менен колдоо көрсөткөнбүз абзел.

3 Жкн. 9—12. Биз ишенимдештери жөнүндө жаман сөздөрдү тараткан Диотрефтен эмес, ишенимдүү Димитирден үлгү алышыбыз керек.

«КУДАЙДЫН СҮЙҮҮСҮНӨН АЙРЫЛБООГО УМТУЛГУЛА»

(Жүйүт 1—25)

Жүйүт жыйналышка билинбей кирип алган, «өздөрүнүн жашоосуна нааразы болуп наалыган... өз кумарлары боюнча» иш кылгандар тууралуу сөз кылат. Алар «пайда көрүү үчүн башкаларга кошоматчылык кылып, ооз көптүрө сүйлөшөт» (Жүй. 4, 16).

Исанын жолдоочулары канткенде башкалардын жаман таасирине алдырышпайт? «Сүйүктүүлөрүм, Мырзабыз Иса Машаяктын элчилери айтып кеткен сөздөрдү эстегиле»,— дейт Жүйүт. Анан: «Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбоого умтулгула»,— деп кошумчалайт (Жүй. 17—21).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Жүй. 3, 4 — Жүйүт Исанын жолдоочуларын эмне себептен «ишеним үчүн тырышып күрөшүүгө» чакырган? Анткени жыйналышка ыймансыз адамдар билинбей кире башташкан. Алар «Кудайыбыздын ырайымын өздөрүнүн бузуку жүрүм-турумун актоо үчүн колдонушкан».

Жүй. 20, 21 — «Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбоого» кантип умтула алабыз? 1) Кудай Сөзүн дилгирлик менен окуп, кабар айтуу ишине ынталуу катышып, өзүбүздүн «абдан ыйык ишенимибизди» бекемдөө менен; 2) «ыйык рух» сурап тиленип, ага жетектелүү менен жана 3) түбөлүк өмүргө ээ кыла турган Иса Машаяктын куткаруу курмандыгына ишеним артуу менен Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбоого умтула алабыз (Жкн. 3:16, 36).

Биз алчу сабактар:

Жүй. 5—7. Ыймансыздар Жахабанын өкүмүнөн качып кутула алышабы? Жүйүттүн эскертүү катары санап өткөн үч мисалынан көрүнүп тургандай, алар качып кутула алышпайт.

Жүй. 8—10. Биз башкы периште Микеилден үлгү алып, Жахаба орноткон бийликке урмат көрсөтүшүбүз керек.

Жүй. 12. Суунун астындагы аска таштар кемелерге кандай коркунуч туудурса, чындыктан четтегендердин жалган сүйүүсү да биздин ишенимибизге ошондой коркунуч туудурат. Жалган окутуучулар кең пейил көрүнгөнү менен, чын-чынында, «суусуз булуттардай», анткени алар башкалардын рухий муктаждыктарын канааттандырышпайт. Алар «кеч күздөгү жемишсиз... өлгөн дарактардай». Жакында алар «тамыры менен жулунушат». Андыктан чындыктан четтегендерден алыс болгонубуз акылдуулукка жатат.

Жүй. 22, 23. Исанын чыныгы жолдоочулары жамандыкты жек көрүшөт. Жыйналыштагы рухий жактан жетилген биртуугандар, өзгөчө, дайындалган көзөмөлчүлөр, «шектенип жаткандарды» оттон, тактап айтканда, түбөлүккө жок болуудан сактап калуу үчүн аларга рухий жактан жардам беришет.

[28-беттеги сүрөт]

Суу, рух жана кан «Исанын Кудай Уулу» экенин күбөлөндүргөн