Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кореядагы өсүшкө күбө болдум

Кореядагы өсүшкө күбө болдум

Кореядагы өсүшкө күбө болдум

Айтып берген Милтон Хамильтон

«Корея Республикасынын өкмөтү өз өлкөсүнө миссионерлерди киргизбей жаткандыктан, тилекке каршы, силердин визаларыңарды жаратпай салды... Ошондуктан убактылуу Жапонияда кызмат кылууга дайындалдыңар».

УШУНДАЙ мазмундагы кат жубайым экөөбүзгө 1954-жылдын аяк ченинде Бруклинден (Нью-Йорк, АКШ) келген эле. Ошол жылдын башында биз Нью-Йорктогу Гилат мектебинин 23-классын бүтүргөнбүз. Ал эми кат алган учурда Индианаполис шаарында (Индиана штаты) убактылуу кызмат кылып жаткан элек.

Жубайым Лиз (мурунку фамилиясы Семок) экөөбүз мектепте бир класста окуганбыз. Кийинчерээк, 1948-жылы, баш коштук. Ал толук убакытта кызмат кылууну жакшы көрчү, бирок Америкадан башка өлкөгө барып кызмат кылгысы келчү эмес. Бирок ал кийин оюн өзгөрттү. Ага эмне түрткү берди?

Лиз Гилат мектебинде окууну каалагандар үчүн өткөрүлгөн жолугушууга мени менен барууга макул болду. Ал жолугушуу 1953-жылы жайында Нью-Йорктогу Янки стадионунда өткөн эл аралык жыйында болгон эле. Ошол бекемдээрлик жолугушуудан кийин биз Гилат мектебине анкета толтуруп, 1954-жылдын февралында баштала турган кийинки класска чакырылдык. Ушунчалык тез чакырылып калабыз деп күткөн эмеспиз.

Кореянын таш-талканын чыгарган үч жылга созулган согуш 1953-жылы жайында аяктаган. Согуш жаңы эле бүткөнүнө карабастан ошол өлкөгө дайындалдык. Бирок, жогорудагы катта айтылгандай, алгач Жапонияга жөнөтүлдүк. Ал жакка 1955-жылы январь айында биз менен чогуу Кореяга дайындалган алты миссионер да жол тартты. Жапонияга кеме менен жыйырма күн дегенде жеттик. Ал жактан бизди филиалдын көзөмөлчүсү Ллойд Бэрри таңкы саат алтыда тосуп алды. Ошентип, Йокогамадагы миссионерлер үйүнө келип, ошол эле күнү кечинде кабарга чыктык.

Кореяга жол ачылды

Арадан убакыт өтүп, Корея Республикасына кирүүгө жол ачылды. 1955-жылы 7-мартта Токио шаарынын Ханеда эл аралык аэропортунан учуп, үч-төрт саатта Сеулдун Ёйдо аэропортуна келип кондук. Бизди 200дөн ашуун Жахабанын Күбөсү тосуп алганда, кубанганыбыздан көзүбүзгө жаш алдык. Ошол жылдары Кореяда, болгону, 1 000 эле Жахабанын Күбөсү бар болчу. Биз, батыштан келген башка адамдардай эле, Чыгыш өлкөлөрүнүн жашоочуларынын баары бири-бирине окшош болот деп ойлогонбуз. Бирок ал жакка барганда андай эмес экенин түшүндүк. Кореялыктардын өз эне тили жана алфавити эле эмес, улуттук тамагы, улуттук кийими, ошондой эле өздөрүнүн маданиятына гана мүнөздүү болгон нерселери, мисалы, курулуш имараттары бар экен. Алардын өңү-түсү да Чыгыш Азия элдериникинен бир аз айырмаланат.

Бизге корей тилин үйрөнүү кыйынга турду, себеби ал тилди үйрөнүүгө караштырылган китептер жок эле. Ошондой эле англис тилиндеги тыбыштарды колдонуп, корей тилиндеги сөздөрдү туура айтуу мүмкүн эмес экенин түшүндүк. Анткени корей алфавитин билбесең, ал тилдеги сөздөрдү туура айта албайт экенсиң.

Сөздөрдү туура эмес айтып алган учурларыбыз да болгон. Мисалы, бир жолу Лиз үй ээсинен Ыйык Китеп барбы деп сураганда, ал Лизди таң кала карап, үйүнөн ширеңке алып чыгып берген. Көрсө, Лиз соңкяң (Ыйык Китеп) деп айтам деп, соңняң (ширеңке) деп айтып алыптыр.

Бир нече ай өткөн соң, бизге Кореянын түштүк тарабында жайгашкан порттук шаар Пусандан миссионерлер жашай турган ылайыктуу үй табуу тапшырылды. Жубайым экөөбүз жана биз менен чогуу кызмат кылууга дайындалган эки биртууган болуп чакан үч бөлмөлүү үй таап, батирге чыктык. Жашаган жерибизде суу түтүктөрү жана даараткана жок эле. Түнкүсүн суунун басымы чоң болгондо гана сууну экинчи кабатка түтүк аркылуу чыгарчубуз. Ошондуктан ар бирибиз кезектешип таң атпай туруп, идиштерге суу толтуруп алчубуз. Суу ичкенге жараксыз болгондуктан аны кайнатууга же хлордоого туура келчү.

Мындан башка да көптөгөн кыйынчылыктар болду. Электр жарыгы начар болгондуктан, кир жуучу машинени жана үтүктү колдоно алчу эмеспиз. Жадагалса тамакты да коридордо үчбиликке бышырчубуз. Бирок көп өтпөй ар бирибиз кезектешип тамак жасаганга көндүк. Өкүнүчтүүсү, келгенибизге үч жыл болгондон кийин Лиз экөөбүз гепатит жугузуп алдык. Бул ооруга ошол жылдары көптөгөн миссионерлер чалдыгышкан. Гепатиттен бир нече ай дегенде сакайдык, бирок кайра эле башка оорулар менен оорудук.

Тоскоолдуктарды жеңүүгө жардам

Акыркы 55 жылдын ичинде Корея жарым аралы Азиядагы саясий туруксуз өлкөлөрдүн бири болуп келген. Ал жарым аралдын ортосунан демилитаризацияланган зона (ДМЗ) — куралдуу күчтөрдү кармоого тыюу салынган зона — орун алган. Ал зона Корея Республикасынын борбору болгон Сеулдан 55 километр алыстыкта жайгашып, катуу кайтарууга алынган. Мен 1971-жылы Бруклиндеги башкы башкармалыктан келген Фредерик Френцти ошол зонага чейин узатып баргам. Ал зонада Бириккен Улуттар Уюмунун кызматкерлери бир нече жылдар бою Түндүк жана Түштүк Кореянын өкүлдөрү менен жолугушуп турду.

Албетте, дүйнөнүн саясий иштерине карата бейтараптуулукту жактагандыктан, Корея жарым аралындагы жагдайга эч кийлигишкен жокпуз (Жкн. 17:14). Курал алуудан баш тартышкандыгы үчүн Кореядагы 13 000ден ашуун Жахабанын Күбөсү баш-аягы 26 000 жыл түрмөгө отуруп чыккан (2 Кор. 10:3, 4). Ошол өлкөдөгү бардык жаш биртуугандар ушундай жагдайга кабылышарын билишет, бирок коркушпайт. Бийлик башындагылардын аларды бейтараптуулукту жактагандыгы үчүн «кылмышкер» деп атаганы кандай гана өкүнүчтүү.

1944-жылы, Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда, согушка катышуудан баш тартканым үчүн мен да эки жарым жыл Пенсильваниядагы (АКШ) Льюисбург түрмөсүндө отуруп чыккам. Ошондуктан түрмөдө жаткан корей биртуугандарыбызга, чынында эле, кыйын болгонун жана жаш Күбөлөрдүн кандай кыйынчылыктарды баштан кечирип жатканын эң жакшы түшүнөм. Кореяда кызмат кылган миссионерлердин айрымдары ушундай кыйынчылыктарды басып өткөнүн билүү көптөрдү бекемдейт (Ыш. 2:4).

Кыйынчылыктарды баштан кечирип келебиз

Бейтараптуулукту сактаганыбыз үчүн 1977-жылы көйгөйгө туш болдук. Бийликтегилер бизди кореялык жаштарды аскерге барбоого жана колуна курал албоого үндөп жатат деп ойлошкон. Ошондуктан алар кандайдыр бир себептер менен Кореядан чыгып кеткен миссионерлерге кайрадан өлкөгө кирүүгө уруксат бербөөнү чечишкен. Бул чечим 1977-жылдан 1987-жылга дейре күчүндө болгон. Эгер ошол жылдары Кореядан чыгып кетсек, кайрадан кирүүгө мүмкүн болмок эмес. Ошондуктан он жыл бою өз өлкөбүзгө бара алган жокпуз.

Биз, Исанын жолдоочулары, эмне үчүн саясий иштерде бейтараптуулукту жактаарыбызды түшүндүрүш үчүн бийлик башчылары менен көп жолу жолуктук. Акыр-аягы, алар биздин моюн сунуп бербээрибизди түшүнүп, чыгарган чечимин он жыл дегенде өзгөртүштү. Ошол жылдары бир нече миссионерлерге денсоолугуна байланыштуу өлкөдөн кетүүгө туура келди, ал эми айрымдарыбыз Кореяда калдык. Биз калып калганыбызга эч өкүнбөйбүз.

1980-жылдары кабар айтуу кызматына каршылык көрсөткөндөр Уюмдун официалдуу өкүлчүлүгүнүн жетекчилерине жалган жалаа жабышып, аларды жаштарды аскерге барбоого окутуп жатат деп күнөөлөшкөн. Ошондо бийликтегилер официалдуу өкүлчүлүктүн ар бир мүчөсүн суракка алышкан. Бирок 1987-жылы 22-январда прокуратура алардын айыптоолорун негизсиз деп тапты. Алардын мындай чечими ушул маселеге байланышкан кыйынчылыктардын чечилишине өбөлгө түздү.

Кудай ишибизге батасын берип келет

Бейтараптуулукту сактаганыбыз үчүн, кабар айтуу ишине каршылыктар күчөгөндөн күчөй берди. Ушундан улам чоң жыйындарды өткөрүү үчүн орун табуу барган сайын кыйын болуп калды. Ошондуктан демилгени колго алып, Пусанда Жыйындар залын курдук. Бул зал Чыгыш өлкөлөрүндө курулган залдардын эң биринчиси эле. Ал залдын арноо аземи 1976-жылы 5-апрелде өткөрүлүп, ага 1 300 киши катышкан. Мага ошол аземде сөз сүйлөө артыкчылыгы берилген.

1950-жылдан баштап он миңдеген аскерлер Кошмо Штаттардан Кореяга келе баштаган. Кайрадан өз өлкөсүнө барышканда алардын көбү ынталуу Күбөлөрдөн болушкан. Биз азыр алар менен кат алышып турабыз жана аларга рухий жактан жардам бергендигибизди бата деп эсептейбиз.

2006-жылдын 26-сентябрында сүйүктүү жарымдан айрылдым. Мен аны азыр аябай сагынам. Лиз экөөбүз бул жакта 51 жыл кызмат кылдык. Ал, кандай гана дайындоо болбосун, баарын кубаныч менен кабыл алып, эч качан наалычу эмес. Лиз бир убактарда Америкадан эч жакка кеткиси келбесе да, ал жакка кайра кайтып барууну сунуш кылган жок, атүгүл сөз да кылган эмес.

Мен азыр Кореядагы Бейтелде кызмат кылам. Бир кездерде алакандай болгон бейтелдик үйбүлөдө азыр 250дөй киши кызмат кылат. Өлкөдөгү кабар айтуу ишин көзөмөлдөп жаткан филиалдын жети кишиден турган комитетинде кызмат кылуу мен үчүн чоң сыймык.

Биз жаңы эле барган учурда Корея жакыр өлкөлөрдүн катарына кирчү, ал эми азыр болсо дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн бири болуп эсептелет. Кореяда азыр 95 000ден ашуун Жахабанын Күбөсү бар, анын 40 пайызга жакыны көмөкчү же жалпы пионер болуп кызмат кылат. Мына ушунун баары, ошондой эле Кудайдын оторунун өсүп жатканын көрүү Жахабага кылган кызматымды мындан ары да баалаганга түрткү берип келет.

[24-беттеги сүрөт]

Миссионерлер менен Кореяга келгенде

Пусанда кызмат кылып жүргөндө

[25-беттеги сүрөт]

ДМЗда Френц биртууган менен, 1971-жыл

[26-беттеги сүрөт]

Лиздин көз жумарына аз калганда

Мен кызмат кылып жаткан Кореядагы Бейтел