Кудайдын ой-ниетиндеги Исанын өзгөчө ролун жогору баалайлы
Кудайдын ой-ниетиндеги Исанын өзгөчө ролун жогору баалайлы
«Мен жолмун, чындыкмын жана өмүрмүн. Атама мен аркылуу гана барууга болот. Менсиз эч ким бара албайт» (ЖКН. 14:6).
1, 2. Исанын Кудайдын ой-ниетиндеги өзгөчө ролун изилдегенибиз эмне үчүн маанилүү?
КЫЛЫМДАР бою көптөр башкалардан өзгөчөлөнүүгө аракет кылып келишет, бирок ийгиликке жеткендер аз. Айрымдар кайсы бир жактардан башкалардан, чынында эле, өзгөчө болушу мүмкүн. Бирок Иса Машаякка, Кудайдын Уулуна, эч ким тең келбейт.
2 Исанын өзгөчө ролу бизди эмне үчүн кызыктырышы керек? Себеби мындан асмандагы Атабыз Жахаба менен болгон мамилебиз көз каранды! Иса: «Мен жолмун, чындыкмын жана өмүрмүн. Атама мен аркылуу гана барууга болот. Менсиз эч ким бара албайт»,— деген (Жкн. 14:6; 17:3). Келгиле, Исанын кайсы жактардан теңдешсиз экенин карап көрөлү. Бул бизге анын Кудайдын ой-ниетиндеги ролун жакшыраак түшүнүүгө жардам берет.
Кудайдын «жалгыз Уулу»
3, 4. а) Исаны Кудайдын жалгыз Уулу деп эмне үчүн айта алабыз? б) Исанын жаратуудагы ролу эмнеси менен өзгөчө болгон?
3 Иса Кудайдын уулу эле эмес, ал — Кудайдын «жалгыз Уулу» (Жкн. 3:16, 18). «Жалгыз» деп которулган грек сөзү «бирден-бир, жападан-жалгыз» же «теңдешсиз» деген маанини берет. Жахабанын жүз миллиондогон рухий уулдары бар. Анда кандай мааниде Исаны Кудайдын «бирден-бир, жападан-жалгыз» уулу деп айтууга болот?
4 Исаны Атасы жалгыз өзү жараткандыктан, ал Кудайдын жалгыз уулу деп аталат. Иса — Жахабанын тун Уулу, «бардык жаратылгандардын тунгучу» жана «Кудайдын жаратууларынын башталышы» (Кол. 1:15; Аян 3:14). Кудайдын жалгыз Уулунун жаратуудагы ролу да өзгөчө. Албетте, ал Жараткан болгон эмес. Бирок Жахаба башка нерсенин баарын жаратууда аны өзүнүн өкүлү же жардамчысы катары колдонгон (Оку: Жакан 1:3). Элчи Пабыл мындай деп жазган: «Бирок биз үчүн бир эле Кудай Атабыз бар. Ал баарын жараткан жана биз ал үчүн жаратылганбыз. Ошондой эле бир гана Мырзабыз, Иса Машаяк, бар. Баары, анын ичинде биз да ал аркылуу жаратылганбыз» (1 Кор. 8:6).
5. Ыйык Жазмада Исанын өзгөчөлүгү кандайча баса белгиленген?
5 Иса дагы башка көп жактардан өзгөчө. Ыйык Жазмада ал бир катар наамдар менен аталат. Ал наамдар анын Кудайдын ой-ниетинде өзгөчө роль ойноорун көрсөтүп турат. Келгиле анда, Грек Жазмаларында Исага карата колдонулган наамдардын дагы бешөөнү карап чыгалы.
«Сөз»
6. Исанын «Сөз» деп аталганы эмне үчүн орундуу?
6 Оку: Жакан 1:14. Иса эмне үчүн «Сөз» же Логос деп аталган? Бул наам анын аң-сезимдүү башка рухий жаратуулар жаратылгандан тартып кандай иш аткарганын көрсөтүп турат. Жахаба Уулу аркылуу башка рухий уулдарына маалымат жеткирип, көрсөтмөлөрдү берип турган, атүгүл аны жердеги адамдарга да Өзүнүн кабарын билдирүүдө колдонгон. Исанын, чынында эле, «Сөз» же Кудайдын Өкүлү болгону анын жүйүттөргө айткан сөздөрүндө баса белгиленген. Ал: «Менин окутуум меники эмес, мени жибергендики. Ким Анын эркин аткаргысы келсе, бул окутуу Кудайданбы же аны мен оюман чыгарып айтып жатамбы, билип алат»,— деген (Жкн. 7:16, 17). Асман даңкына ээ болгон Иса азыр деле «Кудайдын Сөзү» деген наамды алып жүрөт (Аян 19:11, 13, 16).
7. Исанын «Сөз» катары аткарган ишинде момундук көрсөткөнүн кантип туурай алабыз?
7 Исанын бул наамы тууралуу ойлонуп көрөлү. Ал, Жахабанын жаратууларынын ичинен эң акылдуусу болсо да, өз акылына таянбайт; Атасы эмнени айтса, ошону сүйлөйт. Иса дайыма көңүлдү өзүнө эмес, Жахабага бурат (Жкн. 12:50). Ал биз үчүн кандай сонун үлгү! Бизге да «жакшы кабар жарыялоо» сыймыгы берилген (Рим. 10:15). Исанын момун болгонун түшүнүү өз акылыбызга таянып сүйлөөдөн качууга түрткү берет. Биз Ыйык Жазмада камтылган өмүр берүүчү кабарды башкаларга айтууда «жазылгандан четтеп кетпейбиз» (1 Кор. 4:6).
«Оомийин»
8, 9. а) «Оомийин» деген сөз эмнени билдирет жана Иса эмне үчүн «Оомийин» деп аталган? б) «Оомийин» катары Иса өз ролун кантип аткарган?
8 Оку: Аян 3:14. Иса эмне үчүн «Оомийин» деп аталган? «Оомийин» деп берилген сөз эврей сөзүнүн транслитерациясы (бир алфавиттин ариптери менен экинчи алфавиттин ариптерин жазуу) болуп эсептелет жана «ушундай болсун» же «туура» дегенди билдирет. Ал сөз «ишенимдүү болуу», «ишеничтүү» деген маанини билдирген эврей уңгу сөзүнөн келип чыккан. Ыйык Китепте Жахабанын ишенимдүүлүгү сүрөттөлгөндө ушул уңгу сөз колдонулган (Мыйз. 7:9; Ыш. 49:7). Анда Исанын «Оомийин» деп аталганы эмнеси менен өзгөчө? 2 Корунттуктар 1:19, 20да эмне делгенине көңүл бурсаңар: «Араңарда жарыяланган Кудайдын Уулу Машаяк Иса „ооба“ болуп туруп, кайра ошол эле учурда „жок“ болгон эмес. Анын „ообасы“ „ооба“ гана болгон. Кудайдын канча убадасы болсо, алардын баары ал аркылуу „ооба“ болгон. Ошондуктан биз ал аркылуу Кудайга „оомийин“ деп, Аны даңктайбыз».
9 Кудайдын бардык убадалары Иса аркылуу ишке ашат. Анын жердеги кемчиликсиз жашоосу, адамзатты куткаруу үчүн өзүн курмандыкка бергени Жахаба Кудайдын бардык убадаларынын аткарылышына жол ачкан. Ишенимдүүлүгүн сактоо менен Иса Шайтандын Кудайдын кызматчылары колунда болгон нерселеринен айрылганда, азап тартканда жана сыноого кабылганда Андан баш тартып кетишет деген ырастоосунун жалган экенин далилдеген (Аюб 1:6—12; 2:2—7). Бардык аң-сезимдүү жаратуулардын ичинен Кудайдын тун Уулу ошол жалган жалааны биротоло төгүнгө чыгарган. Андан сырткары, ал Жахабанын ааламды башкарууга болгон укугуна байланыштуу маселеде Атасы тарапта экенин айкын көрсөткөн.
10. «Оомийин» катары өзгөчө роль аткарган Исаны кантип туурай алабыз?
10 «Оомийин» катары өзгөчө роль аткарган Исаны биз кантип туурай алабыз? Жахабага ишенимдүү бойдон калып, анын эгедерлигин колдосок, Исаны туураган болобуз. Ошентүү менен Накыл сөздөр 27:11деги чакырыкка ылайык иш кылабыз. Ал жерде: «Уулум, акылдуу бол, менин жүрөгүмдү кубант. Ошондо мага жаман сүйлөгөн адамга жооп бере алам»,— делген.
«Жаңы келишимдин арачысы»
11, 12. Исанын Арачы катары аткарган ролу эмнеси менен өзгөчө?
11 Оку: 1 Тиметей 2:5, 6. Иса — Кудай менен адамдардын ортосундагы арачы. Ошондой эле «жаңы келишимдин арачысы» (Эвр. 9:15; 12:24). Бирок Муса да Мыйзам келишиминин арачысы болгон (Гал. 3:19). Анда Исанын Арачы катары аткарган ролу эмнеси менен өзгөчө?
12 «Арачы» деп которулган түпнускадагы сөз, негизи, юридикалык термин. Бул Исанын жаңы келишимдин мыйзамдуу Арачысы (же кандайдыр бир мааниде ишенимдүү өкүлү) экенин көрсөтүп турат. Ал келишим жаңы элдин, башкача айтканда, «Кудайдын Ысрайылынын» пайда болушуна негиз салган (Гал. 6:16). Ал эл асманда «падыша болуп кызмат кыла турган динкызматчыларды» түзгөн Исанын рух менен майланган жолдоочуларынан турат (1 Пет. 2:9; Чыг. 19:6). Муса арачы болгон Мыйзам келишими андай элдин пайда болушун шарттай алган эмес.
13. Исанын Арачы катары аткарган ролуна эмне кирет?
13 Исанын Арачы катары аткарган ролуна Рим. 3:24; Эвр. 9:15). Ошондуктан Кудай алар менен жаңы келишим түзүп, аларды асманда падышалар жана динкызматчылар катары кызмат кылуу үмүтүнө ээ кылган. Иса Арачы катары аларга Кудайдын көз алдында адил бойдон калууга көмөк кылат (Эвр. 2:16).
эмне кирет? Жахаба Исанын канынын баасын жаңы келишимде тургандарга колдонот. Ошонун аркасында Жахаба аларды мыйзамдуу түрдө адил деп жарыялайт (14. Эмне үчүн Исанын жолдоочуларынын баары анын Арачы катары аткарган ролун жогору баалашы керек?
14 Ал эми жаңы келишимде турбагандар — асманда эмес, жерде түбөлүк өмүр сүрүүгө үмүттөнгөндөр — тууралуу эмне айтууга болот? Келишимде турбаса да, алар Исанын курмандыгынан пайда алышат. Алардын күнөөлөрү кечирилет жана Кудайдын достору катары адил деп жарыяланышат (Жкп. 2:23; 1 Жкн. 2:1, 2). Асманда жашоого үмүттөнөбүзбү же жердеби, Исанын жаңы келишимдин Арачысы катары аткарган ролун ар бирибиз жогору баалашыбыз керек.
«Башкы динкызматчы»
15. Исанын Башкы динкызматчы катары аткарган ролу мурунку башкы динкызматчылардыкынан эмнеси менен айырмаланат?
15 Байыркы убакта көптөр башкы динкызматчы болуп кызмат кылышкан, бирок Исанын Башкы динкызматчы катары аткарган ролу чыны менен эле өзгөчө. Кандайча? Пабыл мындай деп түшүндүрөт: «Мурунку башкы динкызматчыларга окшоп, ага күн сайын адегенде өзүнүн, андан кийин элдин күнөөлөрү үчүн курмандык чалуунун зарылдыгы жок (ал муну өзүн курмандыкка берүү менен бир эле жолу жана биротоло кылган), анткени Мыйзам алсыздыктары бар адамдарды башкы динкызматчы кылып дайындайт, ал эми Мыйзамдан кийин келген ант сөзү түбөлүккө жеткилеңдикке жеткирилген Уулду дайындайт» (Эвр. 7:27, 28) *.
16. Эмне себептен Исанын курмандыгы теңдешсиз?
16 Иса күнөө кетиргенге чейинки Адам атадай жеткилең болгон (1 Кор. 15:45). Ошондуктан бир эле ирет жана биротоло чалына турган жеткилең курмандыкты Иса гана чала алган. Мусанын мыйзамы боюнча, курмандыктар күн сайын чалынчу. Бирок андай курмандыктардын баары жана динкызматчылардын аткарган кызматы Иса ишке ашыра турган нерселердин көлөкөсү гана болгон (Эвр. 8:5; 10:1). Демек, Иса башка динкызматчылардан да көп нерсени ишке ашыргандыктан жана узак убакытка динкызматчы болгондуктан, анын Башкы динкызматчы катары аткарган ролу өзгөчө.
17. Исанын Башкы динкызматчы катары аткарган ролуна эмне үчүн ыраазы болушубуз керек жана ыраазы экенибизди кантип көрсөтө алабыз?
17 Кудайдын ырайымына ээ болуу үчүн биз Исанын Башкы динкызматчы катары кызмат кылышына муктажбыз. Ал эми Иса кандай сонун Башкы динкызматчы! Пабыл: «Биздин башкы динкызматчыбыз алсыздыктарыбызга боор ооруй албаган динкызматчы эмес. Ал — биз сыяктуу бардык жагынан сыналган, бирок күнөө кылбаган динкызматчы»,— деп жазган (Эвр. 4:15). Буга чындап ыраазы болсок, өзүбүз үчүн эмес, биз үчүн өлгөн Машаяк үчүн жашоого түрткү алабыз (2 Кор. 5:14, 15; Лк. 9:23).
Убадаланган «Тукум»
18. Адам ата күнөө кетиргенден кийин кандай пайгамбарлык айтылган жана кийинчерээк ага байланыштуу эмнелер ачылып берилген?
18 Тээ Эйден багында адамзат бардык нерседен — Кудайдын ырайымынан, түбөлүк өмүрдөн, бакыттан жана бейиштен — айрылып калгандай көрүнгөн. Бирок Жахаба Кудай Куткаруучу келерин алдын ала айткан. Ал «тукум» деп айтылган (Башт. 3:15). Көп убакытка чейин белгисиз болгон ал Тукум кылымдар бою ыйык китептик пайгамбарлыктардын негизги темасы болуп келген. Ал Ыбрайымдын, Ыскактын жана Жакыптын тукумунан болмок. Ошондой эле Дөөтү падышанын тукумунан чыкмак (Башт. 21:12; 22:16—18; 28:14; 2 Шем. 7:12—16).
19, 20. а) Убадаланган Тукум ким? б) Убадаланган тукумга Исадан башкалар да кирет деп эмне үчүн айтууга болот?
19 Убадаланган Тукум ким болгон? Бул суроонун жообун Галатиялыктар 3:16дан табууга болот (Аятты оку.). Бирок кийинчерээк ошол эле бөлүмдө Пабыл Исанын майланган жолдоочуларына: «Эгер Машаякка таандык болсоңор, анда силер чын эле Ыбрайымдын тукумусуңар, убада боюнча мурасчыларсыңар»,— деген (Гал. 3:29). Убадаланган Тукум Машаяк болсо, кандайча ага башкалар да кириши мүмкүн?
20 Миллиондогондор Ыбрайымдын тукумунан чыкканбыз деп ырасташат, атүгүл айрымдар өздөрүн пайгамбарлардай көрсөтүшөт. Кээ бир диндер болсо өздөрүнүн пайгамбарларын Ыбрайымдын тукумунан чыккан деп эсептеп, буга өзгөчө маани беришет. Алардын бардыгын убадаланган Тукум деп айтууга болобу? Жок. Элчи Пабылдын ыйык рухтун жетеги менен жазган сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, Ыбрайымдын урпактарынын баары эле убадаланган Тукум боло албайт болчу. Адамзат бата ала турган тукум Ыбрайымдын бардык уулдарынан эмес, Ыскактан гана чыкмак (Эвр. 11:18). Чын-чынында, бир эле киши — Ыйык Китепте жазылган санжырасы Ыбрайымдын тукумунан чыкканын көрсөтүп турган Иса Машаяк гана — убадаланган тукумдун негизги бөлүгү болуп эсептелет *. Кийинчерээк башкалар да Ыбрайымдын тукумунун экинчи даражадагы бөлүгүн түзүшкөн, анткени алар «Машаякка таандык». Ооба, Исанын бул пайгамбарлыктын аткарылышындагы ролу, чынында эле, өзгөчө.
21. Исанын Жахабанын ой-ниетинде аткарган өзгөчө ролу силерди эмнеси менен таасирлентти?
Жкн. 5:41; 8:50). Бул биз үчүн кандай сонун үлгү! Келгиле анда, биз да, Исага окшоп, дайыма «баарын Кудайды даңкташ үчүн кылууга» умтулалы (1 Кор. 10:31).
21 Исанын Жахабанын ой-ниетиндеги өзгөчө ролун кыскача карап чыгуунун аркасында эмнелерди билдик? Жаратылгандан тартып эле Кудайдын жалгыз Уулу, чынында эле, өзгөчө, теңдешсиз болгон. Ошентсе да ал эч качан өзүнө даңк издебейт. Тескерисинче, дайыма момундук менен Атасынын эркине ылайык кызмат кылып келет ([Шилтемелер]
^ 15-абз. Ыйык Китепти изилдеген бир окумуштуу «бир эле жолу жана биротоло» деп которулган сөздүн «Машаяктын өлүмүнүн талашсыздыгын, теңдешсиздигин жана өзгөчөлүгүн айгинелеген» ыйык китептик маанилүү түшүнүктү көрсөтүп турарын айткан.
^ 20-абз. Б.з. 1-кылымындагы жүйүттөр сөздүн түз маанисинде Ыбрайымдын урпактары же тукуму болгондуктан, Кудайдын жактыруусуна ээбиз деп эсептешсе да, Машаяк катары бир эле кишинин келерине ишенишкен (Жкн. 1:25; 7:41, 42; 8:39—41).
Эсиңердеби?
• Исанын наамдарынан анын өзгөчө ролу тууралуу эмнелерди билдиңер? (Кутучаны карагыла.)
• Жахабанын өзгөчө Уулун кантип туурай алабыз?
[Изилдөө суроолору]
[15-беттеги кутуча]
Исанын ролунун өзгөчөлүгүн көрсөткөн айрым наамдары
▪ Кудайдын жалгыз Уулу (Жкн. 1:3). Исаны Атасы жалгыз өзү жараткан.
▪ Сөз (Жкн. 1:14). Жахаба башка жаратууларына маалымат жеткирип, көрсөтмөлөрдү берүү үчүн Уулун Өкүлү катары колдонгон.
▪ Оомийин (Аян 3:14). Исанын жердеги кемчиликсиз жашоосу, адамзатты куткаруу үчүн өзүн курмандыкка бергени Жахаба Кудайдын бардык убадаларынын аткарылышына жол ачкан.
▪ Жаңы келишимдин Арачысы (1 Тим. 2:5, 6). Иса мыйзамдуу Арачы катары жаңы элдин, башкача айтканда, «Кудайдын Ысрайылынын» пайда болушуна негиз салган. Ал эл асманда «падыша болуп кызмат кыла турган динкызматчыларды» түзгөн Исанын жолдоочуларынан турат (Гал. 6:16; 1 Пет. 2:9).
▪ Башкы динкызматчы (Эвр. 7:27, 28). Бир эле ирет жана биротоло чалына турган жеткилең курмандыкты Иса гана чала алган. Ал бизди күнөөдөн жана анын өлүмгө алып баруучу таасиринен куткара алат.
▪ Убадаланган Тукум (Башт. 3:15). Бир эле киши — Иса Машаяк гана — убадаланган тукумдун негизги бөлүгү болуп эсептелет. Кийинчерээк Ыбрайымдын тукумунун экинчи даражадагы бөлүгүн түзгөндөрдүн баары «Машаякка таандык» (Гал. 3:29).