Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кылдат күбөлөндүрүүгө чечкиндүү бололу

Кылдат күбөлөндүрүүгө чечкиндүү бололу

Кылдат күбөлөндүрүүгө чечкиндүү бололу

«Кудай бизге... элге жарыялоону жана толук күбөлөндүрүүнү буйруган» (ЭЛЧ. 10:42).

1. Корнелийдин алдында сүйлөп жатканда Петир кайсы тапшырма тууралуу айткан?

ИТАЛИЯЛЫК аскер башчы туугандарын, досторун үйүнө чогултат. Ошондон тартып Кудайдын адамзатка жасаган мамилеси өзгөрөт. Кудайдан корккон ал киши Корнелий болгон. Элчи Петир аларга Кудайдын элчилерге Иса тууралуу «элге жарыялоону жана толук күбөлөндүрүүнү буйруганын» айтат. Петирдин күбөлөндүрүүсү жакшы жемиш берген: сүннөткө отургузулбаган бутпарастар Кудайдын рухун алышкан, чөмүлтүлүшкөн жана Иса менен падышалар катары асманда бийлик кылуу үмүтүнө ээ болушкан. Петирдин кылдат күбөлөндүргөнүнүн жыйынтыгы кандай сонун болгон! (Элч. 10:22, 34—48).

2. Күбөлөндүрүү тапшырмасы 12 элчиге эле берилбегенин кайдан билебиз?

2 Ал окуя б.з. 36-жылы болгон. Андан эки жылдай мурун Исанын жолдоочуларын катуу куугунтуктап келген тарстык Шабыл жашоосун түп-тамыры менен өзгөрткөн окуяга туш болот. Дамаскка баратканда, Иса асмандан ага: «Шаарга бар. Ал жерден сага эмне кылышың керектиги айтылат»,— дейт. Иса Анания аттуу шакиртине Шабылдын «башка элдерге, падышаларга жана Ысрайыл уулдарына» күбөлөндүрө турганын айтат (Оку: Элчилер 9:3—6, 13—20). Анан Анания Шабылга жолугуп: «Ата-бабаларыбыздын Кудайы сени... тандап алды. Анткени сен... адамдардын алдында... анын күбөсү болосуң»,— дейт (Элч. 22:12—16). Кийинчерээк Пабыл деген ат менен белгилүү болгон Шабыл күбөлөндүрүү тапшырмасына канчалык олуттуу караган?

Ал кылдат күбөлөндүргөн!

3. а) Азыр эмнени карап чыгабыз? б) Пабылдан кабар алганда Эфестеги аксакалдар эмне кылышкан жана алар бизге кандай үлгү калтырышкан?

3 Пабылдын ошол окуядан кийинки жасаган иштерин майда-чүйдөсүнө чейин изилдеп чыгуу абдан кызыктуу. Бирок, келгиле, азыр анын, болжолу, б.з. 56-жылы айткан сөзүнө көңүл буралы. Элчилер китебинин 20-бөлүмүндө жазылган ал сөздөрүн Пабыл үчүнчү миссионердик сапарын аяктап калганда айткан. Ал Милетке, Эгей деңизиндеги кемежайга токтоп, ал жактан Эфестеги жыйналыштын аксакалдарын чакыртат. Эфес ал жерден 50 километрдей алыс жайгашкан эле, бирок жол ийри-буйру болгондуктан андан да узагыраак жол жүрүүгө туура келчү. Пабылдан кабар алганда Эфестеги аксакалдардын кандай гана кубанышканын элестетсеңер! (Салыштыр: Накыл сөздөр 10:28). Бирок алар Милетке баруу үчүн даярдык көрүшү керек болгон. Балким, айрымдарына жумушунан бошонууга же дүкөнүн жабууга туура келгендир. Исанын бүгүнкү күндөгү жолдоочулары да жыл сайын болуучу облустук жыйындын ар бир күнүнө катышуу үчүн ушундай иш-аракеттерди кылышат.

4. Пабыл Эфесте бир нече жыл жүргөндө эмне кылган?

4 Кандай деп ойлойсуңар, аксакалдар келгиче Пабыл Милетте үч-төрт күн бою эмне кылган? Силер эмне кылат элеңер? (Салыштыр: Элчилер 17:16, 17). Пабылдын эфестик аксакалдарга айткан сөздөрүнөн анын эмне кылганын билүүгө болот. Ал аларга өзүнүн көп жылдар бою, анын ичинде мурунураак Эфесте жүргөндө кандай иштерди кылганын айтып берген (Оку: Элчилер 20:18—21). Пабыл ишенимдүү түрдө: «Өзүңөр билесиңер, мен Асияга келген күндөн тартып... кылдат күбөлөндүрдүм»,— деп айта алган. Ооба, ал Исадан алган тапшырмасын аткарууга чечкиндүү болгон. Эфесте жүргөндө ал муну кантип аткарган? Алгач жүйүттөр көп жүргөн жерлерде кабар айткан. Лука Пабылдын, болжолу, б.з. 52—55-жылдары Эфесте жүргөндө «синагогада сөз сүйлөп... ишенимдүү далилдерди келтиргенин» жазган. Жүйүттөр «жүрөгүн катуулантып... ишенбей койгондо», Пабыл ал шаардын башка жактарына барып кабар айта берген. Ошентип, ал ошол чоң шаардагы жүйүттөргө да, гректерге да күбөлөндүргөн (Элч. 19:1, 8, 9).

5, 6. Пабыл жакшы кабарды үймө-үй ишенимдеш эместерге айткан деп эмне үчүн айта алабыз?

5 Пабылдын сөзүн кабыл алгандардын айрымдары убакыттын өтүшү менен аксакал болушкан; Пабыл Милеттен ошолорго кайрылган. Ал өзү колдонгон ыкмасы тууралуу сөз кылып, аларга: «Силерге пайдалуу нерселерди айтуудан, эл алдында жана үймө-үй кыдырып окутуудан баш тарткан жокмун»,— деген. Бүгүнкү күндө айрымдар Пабыл бул жерде ишенимдештерине кайтаруучулук жолугууга барганын айткан деп ырасташат. Бирок, чынында, андай болгон эмес. Анткени «эл алдында жана үймө-үй кыдырып окутуу» деген сөздөр, негизинен, ишенимдеш эместерге кабар айтууга карата колдонулат. Бул Пабылдын кийинки сөздөрүнөн айкын көрүнүп турат. Ал «жүйүттөргө да, гректерге да өкүнүүнүн, Кудайга кайрылуунун жана Мырзабыз Исага ишенүүнүн зарылдыгы жөнүндө» күбөлөндүргөнүн айткан. Ооба, Пабыл ишенимдеш эместерге — өкүнүп, Исага ишеним өрчүтүшү керек болгондорго — күбөлөндүргөн (Элч. 20:20, 21).

6 Грек Жазмаларын кеңири изилдеген бир окумуштуу Элчилер 20:20га байланыштуу мындай деген: «Пабыл Эфесте үч жыл болгон. Ал ар бир үйгө кирип, дээрлик бардык адамдарга кабар айткан (26-аят). Бул үймө-үй жана коомдук жайларда кабар айтууга ыйык китептик негиз болуп эсептелет». Ал окумуштуу айткандай, Пабыл сөздүн түз маанисинде ар бир үйгө кирип кабар айтканбы, жокпу, ал эфестик аксакалдардын анын кантип күбөлөндүргөнүн жана анын натыйжасын эстен чыгарбашын каалаган. Лука: «Асиянын бүт тургундары: жүйүттөр да, гректер да Кудайдын сөзүн угушту»,— деп жазган (Элч. 19:10). Бирок кабарды кандайча Асиянын «бүт» тургундары угушкан жана мындан биздин күбөлөндүрүүбүзгө байланыштуу эмнени биле алабыз?

7. Пабыл өзү кабар айткандарды эске албаганда, анын күбөлөндүрүүсү кандай натыйжа берген?

7 Пабыл коомдук жайларда жана үймө-үй кабар айткандыктан, көптөр анын кабарын угушкан. Анын кабарын уккан адамдардын эч кимиси кандайдыр бир иш жүргүзүү үчүн, туугандарына баруу үчүн же чоң шаардын ызы-чуусунан, түйшүгүнөн кутулуу үчүн Эфестен башка жакка барышкан эмес деп айтууга болобу? Айтыш кыйын. Бүгүнкү күндө көптөр ушундай себептерден улам башка жактарга көчүшөт, балким, силер да ошенткендирсиңер. Ошондой эле ал учурда Эфеске тууган-туушкандарын, досторун көрүү үчүн же соода-сатык иштерин жүргүзүү үчүн башка жактардан келгендер да болгон. Ошентип, алар Эфестен Пабылга жолугуп же кабар угуп калышы мүмкүн эле. Алар үйүнө кайтып барганда эмне кылышмак? Чындыкты кабыл алгандары башкаларга күбөлөндүрүү беришмек. Дагы бирөөлөр, чындыкты кабыл албаса да, Эфесте уккандарын башкаларга айткан чыгар. Натыйжада алардын туугандары, кошуналары же кардарлары чындык тууралуу угуп, айрымдары кабыл алышкандыр (Салыштыр: Марк 5:14). Бул биздин кылдат күбөлөндүргөнүбүздүн натыйжасына байланыштуу эмнени көрсөтүп турат?

8. Асия аймагында жашагандардын баары чындыкты кандайча угушу мүмкүн эле?

8 Өзүнүн мурун Эфесте кылган кызматы тууралуу сөз кылып, Пабыл: «Мен үчүн кызмат кылганга эшик кенен ачылды»,— деген (1 Кор. 16:8, 9). Ал эмне болгон эшик жөнүндө айткан жана эшик кандай мааниде ачылган? Пабылдын Эфестеги кызматы жакшы кабардын башка жактарга таралышына шарт түзгөн. Маселен, Эфестен алыс жайгашкан Колоса, Лаодикия, Жерапол шаарларын алалы. Пабыл ал жактарга эч качан барган эмес, бирок жакшы кабар ал жерлерге да жеткен. Эпафрас ошол жактан болчу (Кол. 2:1; 4:12, 13). Эпафрас Пабылдын кабарын Эфестен угуп, Исанын жолдоочусу болгонбу? Ыйык Китепте бул тууралуу эч нерсе айтылбайт. Бирок Эпафрас өзү жашаган жерде чындыкты башкаларга жеткирүүдө Пабылдын өкүлү катары кызмат кылса керек (Кол. 1:7). Пабыл Эфесте кабар айтып жүргөн жылдары анын кабары Филаделфия, Сардес, Тиатира сыяктуу шаарларга чейин да жеткен көрүнөт.

9. а) Пабыл эмнени абдан каалаган? б) 2009-жылдын жылдык аяты кайсы?

9 Ошондуктан эфестик аксакалдарда Пабылдын: «Мен жанымды эч аябайм. Кудайдын ырайымы тууралуу жакшы кабарды жарыялап, кылдат күбөлөндүрүү үчүн жарышымды жана Мырзабыз Иса тапшырган кызматымды аягына чыгарсам эле болду»,— деп айткандарына кошулууга толук негиз бар эле. Бул аяттагы: «Жакшы кабарды жарыялап, кылдат күбөлөндүрөлү»,— деген түрткү берерлик сөздөр 2009-жылдын жылдык аяты катары алынды (Элч. 20:24).

Биз да кылдат күбөлөндүрөлү

10. Күбөлөндүрүү тапшырмасы бизге да тиешелүү деп эмне үчүн айта алабыз?

10 Кудай кабарды «элге жарыялоону жана толук күбөлөндүрүүнү» элчилерге эле тапшырган эмес. Тирилтилгенден кийин Иса Галилеяда чогулган 500дөй шакиртине: «Баргыла да, бардык элдерден шакирт даярдагыла. Аларды Атанын, Уулдун жана ыйык рухтун атынан чөмүлдүргүлө, ошондой эле силерге буйруганымдын баарын аткарууга үйрөткүлө»,— деген. Бул буйрук Исанын бүгүнкү күндөгү чыныгы жолдоочуларынын баарына тиешелүү. Муну Исанын: «Дүйнө түзүлүшү аяктаганга чейин, мен ар күнү силер менен болом»,— деген сөздөрү көрсөтүп турат (Мт. 28:19, 20).

11. Жахабанын Күбөлөрү кайсы ишти аткаруу маанилүү экенин түшүнүшөт?

11 Исанын ынталуу жолдоочулары ал буйрукка баш ийип, «жакшы кабарды... кылдат күбөлөндүрүүгө» умтулушат. Мунун эң негизги жолу — үймө-үй кабар айтуу — тууралуу Пабыл эфестик аксакалдарга айтып өткөн. Дейвид Стюарт (кичүүсү) натыйжалуу миссионердик кызмат жөнүндөгү 2007-жылы чыккан китебинде мындай деп жазган: «Жахабанын Күбөлөрүнүн ишенимдештерин миссионердик кызматка үндөөдө колдонгон ыкмалары абстрактуу, ооз жүзүндөгү сөздөрдөн [кафедралардан айтылган чакырыктардан] алда канча натыйжалуу. Жахабанын Күбөлөрүнүн көпчүлүгү ишеними тууралуу башкаларга айтууну абдан жакшы көрүшөт». Бул кандай натыйжа берүүдө? Стюарт мындай дейт: «Мен 1999-жылы Чыгыш Европадагы эки борбор шаардын тургундарын сурамжылаганымда, алардын 2—4 пайызы гана „Акыркы күндүн ыйыктарынын“, башкача айтканда, „Мормондордун“ миссионерлерине жолукканын билдиришкен. Ал эми 70тен ашуун пайызы Жахабанын Күбөлөрү алар менен жекеме-жеке сүйлөшкөнүн, атүгүл көпчүлүгү менен бир нече жолу сүйлөшкөнүн айтышкан».

12. а) Аймагыбыздагы адамдарга эмне үчүн «бир нече жолу» барабыз? б) Айткан кабарыбызга кызыкпаган кишинин кийин көзкарашы өзгөрүшү мүмкүн экенин көрсөткөн окуя айтып бер.

12 Силер жашаган аймактагы адамдар тууралуу да ушуну айтууга болот. Балким, буга силер да салым кошкондурсуңар. Үйдөн үйгө кабар айтып жүргөнүңөрдө эркектер, аялдар, жаштар менен «жекеме-жеке сүйлөшкөндүрсүңөр». Айрымдарга «бир нече жолу» барсаңар да, кабарды уккан эместир. Башкаларга Ыйык Китептен аят окуп берүүгө же андагы кайсы бир ойду кыскача эле айтууга жетишкендирсиңер. Ошентсе да бирөөлөргө жакшы күбөлөндүрүүгө мүмкүнчүлүгүңөр болгондур, натыйжада алар кабарды кабыл алгандыр. «Жакшы кабарды... кылдат күбөлөндүрүүдө» ушу сыяктуу жагдайларга туш болушубуз ыктымал. Силер билгендей, «бир нече жолу» кабар айтсак да, көп деле кызыга бербеген кишилер кийин көз карашын өзгөртүшү мүмкүн экенин көрсөткөн окуялар аз эмес. Мүмкүн, алар өздөрү же жакындары кандайдыр бир нерсеге кабылгандыктан жүрөгү ачылып, чындыкты кабыл алууга көбүрөөк ийкемдүү болуп калгандыр. Азыр алар биздин биртуугандарыбыз. Андыктан биз жолуктурган адамдар чындыкты кабыл албай жатса, көңүлүбүздү чөгөрбөйлү. Биз кабар айткан адамдардын баары эле чындыкка келет деп күтпөйбүз. Бирок Кудай биздин мындан ары да тырышчаактык, ынталуулук менен кылдат күбөлөндүрө беришибизди каалайт.

Биз күтпөгөн натыйжа

13. Айткан кабарыбыз кандайча биз күтпөгөн натыйжаларды бериши ыктымал?

13 Пабыл көптөргө Исанын жолдоочусу болууга жардам берген. Бирок анын кабарынын жыйынтыгы ошону менен эле чектелген эмес. Биздин кызматыбыздын натыйжасы да өзүбүз кабар айткан адамдар менен эле чектелбейт. Биз үйдөн үйгө кабар айтууга үзгүлтүксүз катышып, мүмкүн болушунча көбүрөөк адамдарга күбөлөндүрүүгө умтулабыз. Жакшы кабарды кошуналарыбызга, чогуу иштешкендерибизге, классташтарыбызга жана туугандарыбызга айтабыз. Аларга айткан кабарыбыздын натыйжасы кандай болорун билебизби? Айрым учурларда кабарыбыз дароо эле жакшы натыйжа бериши мүмкүн. Ал эми кээде чындыктын үрөнү кимдир бирөөнүн жүрөгүндө бир канча убакка чейин өнбөй жата бериши мүмкүн. Бирок кийин тамыр алып, өсүп чыгышы ыктымал. Андай болбогон күндө да, бизден кабар уккан адамдар сөздөрүбүздү, эмнеге ишенерибизди, өзүбүздү кандай алып жүрөрүбүздү башкаларга айтышы этимал. Ооба, алар, өздөрү билбей эле, чындыктын үрөнүнүн башка жакшы жерге түшүшүнө өбөлгө түзүшү мүмкүн.

14, 15. Бир ишенимдешибиздин күбөлөндүргөнү кандай натыйжа берген?

14 Мисалга Флоридада (АКШ) жашаган Райен менен жубайы Мандини алалы. Райен жумуштан бирге иштешкен кишиге расмий эмес күбөлөндүрүү берет. Райендин кийген кийими жана сүйлөгөн сөздөрү ал индус кишиге жакшы таасир этет. Райен аны менен тирилүү жөнүндө, өлгөндөрдүн абалы жана башка нерселер тууралуу сүйлөшөт. Январдын бир кечинде ал киши жубайы Жодиден Жахабанын Күбөлөрү тууралуу эмнени билерин сурайт. Жоди католик эле. Ал жолдошуна Жахабанын Күбөлөрүнүн «үймө-үй кабар айтарын» эле билерин айтат. Анан Жоди Интернетке кирип, издөө системдеринин бирине «Жахабанын Күбөлөрү» деп жазат да, биздин веб-сайтты (www.watchtower.org) табат. Ал бир нече ай бою ошол сайттагы материалдарды, анын ичинде Ыйык Китепти жана аны кызыктырган макалаларды окуйт.

15 Кийинчерээк Жоди Мандини жолуктурат. Ал экөө тең медайым болчу. Манди Жодинин суроолоруна кубаныч менен жооп берет. Бир жолу алар, Жоди айткандай, «Адам атадан Армагедонго чейин» талкуулашат. Жоди Ыйык Китепти үйдөн изилдөөгө макул болот. Көп өтпөй ал Падышалык залына бара баштайт. Октябрь айында Жоди чөмүлтүлбөгөн жарчы болуп, февралда чөмүлтүлөт. Ал: «Азыр мен чындыкты билем, ошондуктан жашоодон бакыт жана канааттануу алып жатам»,— деп жазган.

16. Флоридадагы биртууган менен болгон окуя кылдат күбөлөндүрүү үчүн жасаган аракеттерибизге байланыштуу эмнени көрсөтүп турат?

16 Райен анын бир кишиге күбөлөндүргөнү башка кишинин чындыкка келишине шарт түзөт деп ойлогон да эмес. Ооба, ал «кылдат күбөлөндүрүүгө» чечкиндүү болуу жакшы натыйжа берерине өз тажрыйбасынан улам ынанган. Биз үйдөн үйгө, жумуштан, мектептен же расмий эмес түрдө белгилүү бир адамдарга эле кабар айтсак да, өзүбүз билбей, чындыкты башка кишилердин угушуна өбөлгө түзүшүбүз мүмкүн. Атүгүл Пабыл да Асияда айткан кабарынын кандай жемиш бергенин билген эмес. Биз да кылдат күбөлөндүргөнүбүздүн натыйжасы кандай болорун билбейбиз (Оку: Элчилер 23:11; 28:23). Ошентсе да кылдат күбөлөндүрө бергенибиз кандай гана маанилүү!

17. 2009-жылы эмне кылууга чечкиндүүсүң?

17 2009-жылы баарыбыз кабар айтуу тапшырмасына олуттуу карап, үйдөн үйгө жана башка жолдор менен күбөлөндүрүүгө аракет кылалы. Ошондо биз, Пабылдай болуп: «Мен жанымды эч аябайм. Кудайдын ырайымы тууралуу жакшы кабарды жарыялап, кылдат күбөлөндүрүү үчүн жарышымды жана Мырзабыз Иса тапшырган кызматымды аягына чыгарсам эле болду»,— деп айта алабыз.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Биринчи кылымда жашаган элчи Петир, элчи Пабыл жана башкалар кантип кылдат күбөлөндүрүшкөн?

• Биздин күбөлөндүргөнүбүз эмне үчүн өзүбүз ойлогондон да жакшы натыйжа бериши мүмкүн?

• 2009-жылдын жылдык аяты кайсы жана бул аяттын тандалганы эмне үчүн орундуу?

[Изилдөө суроолору]

[19-беттеги сүрөт]

2009-жылдын жылдык аяты: «Жакшы кабарды жарыялап, кылдат күбөлөндүрөлү» (Элч. 20:24).

[17-беттеги сүрөт]

Эфестик аксакалдар Пабылдын үймө-үй кабар айтканын билишкен

[18-беттеги сүрөт]

Кылдат күбөлөндүргөнүбүздүн натыйжасы кандай болушу мүмкүн?

[20-беттеги кутуча]