Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Лебилер 3:17де: «Эч кандай май... жебегиле»,— делсе да, Некемия 8:10до жүйүттөргө: «Тамактын майлуусунан жегиле»,— деп айтылган. Бул эки аят бири-бирине карама-каршы келген жокпу?

Некемия 8:10догу «тамактын майлуусу» жана Лебилер 3:17деги «май» деп которулган сөздөр түпнускада эки башка маанини туюнтат. Алсак, Лебилер 3:17деги «май» деп которулган келев деген эврей сөзү жаныбардын же адамдын майын билдирет (Леб. 3:3; Башк. 3:22). 17-аяттын контекстинен көрүнүп тургандай, курмандыкка чалынган жаныбардын «бардык майы Теңирге арналгандыктан», ысрайылдыктар жаныбардын ич майын, бөйрөк майын жана боор майын жебеши керек болчу (Леб. 3:14—16). Демек, курмандыкка чалынган жаныбардын майын жегенге тыюу салынган.

Ал эми Некемия 8:10догу «тамактын майлуусу» деп которулган машманем деген сөз Эврей Жазмаларында бир эле жолу кездешет. Бул сөз «семир», «эттен» деген маанини туюнткан шамен деген этиштен келип чыккан. Бул этиш менен байланышы бар сөз түркүмү, сыягы, гүлдөп-өсүүнү жана бакубат жашоону билдирсе керек (Салыштыр: Ышайа 25:6). Ошондой эле шамен деген эврей сөзүнүн көбүнчө «май» же «зайтун майы» деп которулган зат атоочтук да мааниси бар (Мыйз. 8:8; Леб. 24:2). Андыктан Некемия 8:10догу машманем деген сөз жаныбардын чылк майынан даярдалган тамакты эмес, өсүмдүк майы көбүрөөк кошулуп, малдын этинен даярдалган тамакты билдирсе керек.

Ысрайылдыктарга жаныбардын майын жегенге тыюу салынган. Бирок алар даамдуу, чүйгүн тамактарды жешкен. Айрым тамактарды, мисалы, таттуу нандарды жаныбардын майына эмес, өсүмдүк майына, көбүнчө зайтун майына бышырышчу (Леб. 2:7). Демек, «тамактын майлуусу» деген сөз айкашы, «Жазманы түшүнүү» (англ.) эмгегинде айтылгандай, «супсак, кургак тамакты эмес, өсүмдүк майына даярдалган майлуу, даамдуу, чүйгүн тамакты билдирет».

Албетте, Исанын жолдоочулары жаныбардын майын жебегиле деген буйруктун ысрайылдыктарга берилген мыйзам экенин билишет. Алар бүгүнкү күндө Мыйзамдын талаптарын, анын ичинде жаныбарларды курмандыкка чалууга байланыштуу көрсөтмөлөрдү аткарууга милдеттүү эмес (Рим. 3:20; 7:4, 6; 10:4; Кол. 2:16, 17).