Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Чаначтагы көз жаш

Чаначтагы көз жаш

Чаначтагы көз жаш

ЖАШ жигит жашырынып качып жүрөт. Жан-дүйнөсү кыйналып, жүрөгү сыздагандыктан көзүнөн жаш кылгырып, Жахабадан ага боор оорушун сурап: «Көз жашымды Өз идишиңе [чаначыңа] куй»,— деп жалбарат (Заб. 55:9, «ЖД»). Ал кийин Ысрайылга падыша болгон Дөөтү эле. Бул жерде Дөөтү эмне болгон чанач жөнүндө айткан жана Кудай кандайча көз жашыбызды чаначка куят?

Чаначтын эмне экенин Дөөтү жакшы билген. Байыркы убактарда чаначта шарап, май сакталчу, ошондой эле ага суу куюлчу. Сахара чөлүндө көчүп-конуп жашаган туарег эли азыр да эчкинин же койдун терисинен жасалган чаначтарды колдонушат. Мындай чаначка канча суу батары малдын терисинин көлөмүнөн көз каранды болот. Чаначтагы суу какыраган чөлдөгү күндүн ысыгында да муздак бойдон сакталары белгилүү. Мурунку убактарда андай чаначтарды эшекке же төөгө артып жүрүшчү. Ал эми азыркы учурда аларды жол тандабас унаалардын алды жагына илип коюшарын көрүүгө болот.

Дөөтүнүн чанач жөнүндөгү жүрөк козгогон сөздөрүнүн биз үчүн да мааниси чоң. Кандайча? Ыйык Китепте айтылгандай, бул дүйнөнү Шайтан башкарып жатат жана ал азыркы күндө «катуу каарданууда». Ооба, жер бети азап-кайгыга толду (Аян 12:12). Ошондуктан көптөр, өзгөчө, Кудайга жагууну каалагандар, Дөөтүгө окшоп, эмоциялык, психикалык жактан кыйналып, ар кандай оорудан азап чегип келишет. Сен дагы ушундай кыйынчылыктарды баштан кечирип жатасыңбы? Мындай ишенимдүү адамдар «ыйлашса» да, актыгынан жазбаганга чечкиндүү (Заб. 125:6). Алар асмандагы Атасынын алардын күрөшүп жаткан кыйынчылыктарын эле эмес, ошол кыйынчылыктар аларга эмоциялык жактан кандай таасир этип жатканын да билерине бекем ишенишет. Ал кызматчыларынын азап-кайгысын эң жакшы түшүнөт жана аларга боор ооруп, алардын көз жашын эсинде сактайт, башкача айтканда, чаначына чогултат.