Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эсиңердеби?

Эсиңердеби?

Эсиңердеби?

Силерге «Күзөт мунарасынын» акыркы сандары жактыбы? Төмөнкү суроолорго жооп бере аласыңарбы?

• Биз «таза тилде», Кудай жөнүндөгү жана анын ой-ниеттери жөнүндөгү чындык тилинде, кантип эркин сүйлөй алабыз? (Сеп. 3:9, «ЖД»).

«Таза тилде» өз эне тилибиздей эркин сүйлөш үчүн, ошол тилде эркин сүйлөгөндөрдү кунт коюп угуп, алардан үлгү алышыбыз, Ыйык Жазмадагы китептердин аталыштарын жана айрым аяттарды эстеп калышыбыз керек. Ошондой эле талыкпастан изилдегенге убакыт бөлүшүбүз, үн чыгарып окушубуз, окуп-билгендерибизди кайталашыбыз, чындыктын «грамматикасын» талдашыбыз жана «таза тилде» сүйлөөгө көнүгүшүбүз кажет (15.8. 21—25-бб.).

• Кудайды таанып-билүүгө эмнелер кирет?

Кудайдын ысмы — Жахаба жана ал өз ысмын билишибизди каалайт (Чыг. 15:3). Ал — «сүйүүнүн жана тынчтыктын Кудайы» (2 Кор. 13:11). Ал — «баарын билген» жана «куткарган Кудай» (1 Шем. 2:3; Заб. 24:5). Жахаба анын ушул сапаттарын таанып-билгендерге жакындайт (1.9. 4—7-бб., ор.).

• Никеде «үч катталган жип» эмнени билдирет?

«Үч катталган жип» деген сөздөр — каймана маанидеги сөз айкашы (Нас. 4:12). Үйбүлөдө эки жип — аялы менен күйөөсүн, ал эми аларды бириктирип турган үчүнчү негизги жип Кудайды билдирет. Жубайлар Кудай менен ынак мамиледе болушса, рухий жактан бекем болуп, кыйынчылыктарды жеңе алышат. Бул бактылуу болууга өбөлгө түзөт (15.9. 16-б.).

Эврейлер 6:2деги «башкалардын үстүнө кол коюу» деген эмнени билдирет?

Бул Исанын жолун жолдогон аксакалдарды дайындоону эмес, ыйык рух аркылуу берилүүчү табияттан тыш жөндөмдүүлүктөрдүн берилишин билдирет (Элч. 8:14—17; 19:6) (15.9. 32-б.).

• Жакшы ата балдарынын кандай муктаждыктарын эске алат?

Алардын айрымдары төмөнкүлөр: 1) атасынын сүйүүсү; 2) жакшы үлгү; 3) үйбүлөнүн тынчтыгы; 4) рухий билим; 5) таалим-тарбия жана 6) камкордук (1.10. 18—21-бб., ор.).

• Жоопкерчиликти колго алган биртууган башкаларды урматтай турганын кантип көрсөтө алат?

Анын бир жолу — өзү жасагысы келбеген ишти башкалардан суранбоо. Ошондой эле ал башкаларды урматтай турганын берген көрсөтмөлөрүнүн же кеңештеринин себебин түшүндүрүү менен да көрсөтө алат (15.10. 22-б.)

• Никеде турган жубайлар бири-бирине болгон берилгендигин кантип сактай алышат?

Анын эки жолу бар: 1. Жубайыңа жетиштүү убакыт бөл. 2. Ишенимсиздикке алып бара турган бардык жүрүм-турумдан кач. Никеңер бекемби же бузулганы турабы, никеңерди бекем сактап калууга чечкиндүү экениңди жубайың билгидей болушу керек. Мына ушул эки кеңеш бири-бириңерге болгон берилгендигиңерди сактоого жардам берет (1.11. 18—21-бб., ор.).

• Ысрайылдагы койчунун таягын колдонгонунан аксакал эмнеге үйрөнө алат?

Койчу койлорун кайтарууда башы ийилген таяк колдончу. Ал койлорун короодон чыгарып же ага киргизип жатканда, «таяк астынан өткөрүп», аларды түгөлдөчү (Леб. 27:32). Ошо сыяктуу эле, жыйналыштагы аксакал да Кудайдын оторундагыларды жакшы билип, алардын ар бирине кам көрүшү керек (15.11. 9-б.).

• Эне тазалыкты сактоонун маанилүүлүгүн кантип көрсөтө алат?

Тамак ар кандай себептерден улам булганып калышы мүмкүн. Ошондуктан эне тамак жасаарда колун жууйт жана тамактын үстүн жаап коёт. Ал үйүнө келемиш, чычкан жана курт-кумурскаларды жолотпош үчүн үйүн таза кармайт. Ошондой эле кийим-кечекти таза сактап, өзү да жуунуп-тазаланып турат. Эне ушундай кылуу менен Ыйык Китептеги кеңештерге ылайык иш кылат (1.12. 9—11-бб., ор.).