Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Аян китебиндеги урунттуу ойлор (1-бөлүк)

Аян китебиндеги урунттуу ойлор (1-бөлүк)

Жахабанын Сөзү тирүү

Аян китебиндеги урунттуу ойлор (1-бөлүк)

ПАТМОС аралында сүргүндө жүргөндө жашы өр тартып калган элчи Жакан биринин артынан бири уланган 16 көрүнүш көрөт. Жакан ал көрүнүштөрдө Кудайдын Падышалыгынын 1914-жылы орнотулганынан тартып Машаяктын Миң жылдык башкаруусунун аягына чейин созулган Мырзанын күнүндө Жахаба Кудай менен Иса Машаяктын эмнелерди кылышарын көрөт. Жакан тарабынан, болжолу, б.з. 96-жылы жазылган Аян китебинде ошол жүрөктү козгогон көрүнүштөр баяндалат.

Келгиле эмесе, Жакан көргөн алгачкы жети көрүнүш камтылган Аян 1:1—12:17-аяттарды карап чыгалы. Ал көрүнүштөр биз үчүн чоң мааниге ээ. Анткени аларда азыркы дүйнөдө болуп жаткан окуялар алдын ала айтылып, Жахабанын жакынкы арада кандай иш-аракеттерди кылары көрсөтүлгөн. Ал көрүнүштөрдү маани берип карап чыгуу жубатып, бекемдейт (Эвр. 4:12).

«КОЗУ» ЖЕТИ МӨӨРДҮН АЛТООСУН АЧАТ

(Аян 1:1—7:17)

Жакан көрүнүштө адегенде даңкка бөлөнгөн Иса Машаякты көрөт жана бир катар маанилүү кабарларды алат. Ал аларды «түрмөккө жазып, жети жыйналышка жөнөтүшү» керек эле (Аян 1:10, 11). Андан соң ал асмандагы такты тууралуу көрүнүш көрөт. Ошол тактыда Отургандын оң колунда жети мөөр менен бекитилген түрмөк бар болчу. Ал «түрмөктү ачууга» «Жүйүт уруусунан чыккан Арстан», башкача айтканда, «жети мүйүзү, жети көзү бар... козу» татыктуу деп табылат (Аян 4:2; 5:1, 2, 5, 6).

Үчүнчү көрүнүштө «Козу» алты мөөрдү биринин аркасынан бирин ачканда кандай окуялар болору айкын болот. Алтынчы мөөр ачылганда катуу жер титирөө болуп, каар төгүлө турган улуу күн келет (Аян 6:1, 12, 17). Кийинки көрүнүштө болсо Жакан 144 000дин баарына мөөр басылып бүткөнгө чейин «жердин төрт шамалын бекем кармап турушкан» төрт периштени көрөт. Ошондой эле ал мөөр басылбаган «эбегейсиз көп адамдардын» «тактынын жана Козунун алдында» турушканын айтат (Аян 7:1, 9).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Аян 1:4; 3:1; 4:5; 5:6 — «Жети рух» деген сөз айкашы эмнени билдирет? «Жети» деген сан Ыйык Китепте, адатта, толуктукту билдириш үчүн колдонулат. Андыктан «жети жыйналышка» жөнөтүлгөн кат Кудайдын бардык кызматчыларына, жер бетиндеги 100 000ден ашык жыйналышына, тиешелүү деп айтууга болот (Аян 1:11, 20). Ыйык рух, адатта, кайсы бир иштин аткарылышына жараша берилет. Демек, «жети рух» деген сөз айкашы пайгамбарлыкка көңүл бургандардын түшүнүгүн тереңдетүү үчүн жана аларга Кудайдын батасына ээ болууга көмөк кылуу үчүн ыйык рухтун толук иш-аракетте болушун билдирет. Негизи эле, Аян китебинде толуктукту билдирген «жети» деген сан көп жолу кездешет жана ушул китепте гана «Кудайдын... ыйык сыры аягына чыгары» же толугу менен ачылып берилери айтылат (Аян 10:7).

Аян 1:8, 17 — «Альфа» жана «Омега», «Биринчи» жана «Акыркы» деген наамдар кимге карата айтылат? «Альфа» жана «Омега» деген наамдар Жахабага карата айтылат. Ал наамдар анын ага чейин башка Кудуреттүү Кудай болбогондугун жана андан кийин да болбой турганын көрсөтөт. Ал «башы» жана «аягы» (Аян 21:6; 22:13). Аян 22:13тө Жахаба өзү тууралуу: «Мен... биринчимин жана акыркымын» — деп айтып, өзүнө чейин да, өзүнөн кийин да өзүнө тең келер эч ким жок экенин көрсөткөн. Бирок Аян китебинин биринчи бөлүмүндө «Биринчи» жана «Акыркы» деген наамдар, ал бөлүмдүн контекстинен көрүнүп тургандай, Иса Машаякка карата колдонулат. Анткени ал адамдардын арасынан өлбөс рухий жаратуу катары эң биринчиси болуп тирилтилген жана Жахаба жалгыз өзү тирилткендердин ичинен акыркысы болчу (Кол. 1:18).

Аян 2:7 — «Кудайдын бейиши» деген эмнени билдирет? Бул сөздөр Исанын майланган жолдоочуларына тиешелүү болгондуктан, «бейиш» деп, кыязы, асмандагы бейиштей чөйрө тууралуу — Кудайдын жанында болуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө — айтылган. Ишенимдүүлүгүн сактаган майлангандарга сыйлык берилет: алар «өмүр дарагынын жемишинен» жешет, тактап айтканда, өлбөстүккө ээ болушат (1 Кор. 15:53).

Аян 3:7 — Иса «Дөөтүнүн ачкычын» качан алган жана аны кандайча колдонгон? Иса б.з. 29-жылы чөмүлтүлгөндө Дөөтүнүн тукумунан чыккан падыша катары дайындалган. Бирок Дөөтүнүн ачкычын Иса б.з. 33-жылы асманга барып, Кудайдын оң жагына отурганда гана алган. Ачкычты алган соң ал Дөөтүнүн Падышалыгына таандык бардык укуктарга ээ болгон. Ошондон тартып Иса ачкычты Падышалыкка байланыштуу мүмкүнчүлүктөрдү ачуу үчүн жана анын иштерин алдыга жылдыруу үчүн колдоно баштаган. Ал эми 1919-жылы Иса «ишенимдүү жана акылдуу кулду» «бүт мүлкүнө кам көрүүгө» дайындоо менен ага «Дөөтүнүн ачкычын» тапшырып берген (Ыш. 22:22; Мт. 24:45, 47).

Аян 3:12 — Исанын «жаңы ысмы» ким? Исанын жаңы ысмы анын жаңы милдеттери жана артыкчылыктары менен байланыштуу (Флп. 2:9—11). Исанын жаңы ысмын өзүнөн башка эч ким билбесе да, ал аны өзүнүн асманга барган ишенимдүү биртуугандарына ачып берип, аларга өзү менен ынак мамиле өрчүтүүгө шарт түзөт (Аян 19:12). Ал алар менен атүгүл өзүнө гана берилген артыкчылыктар менен бөлүшөт.

Биз алчу сабактар:

Аян 1:3. «Белгиленген убакыт [Кудайдын Шайтандын дүйнөсүнө чыгарган өкүмүнүн ишке ашары] жакындап калгандыктан», Аян китебинде жазылгандарды түшүнүү жана аларга жараша иш-аракет кылуу азыр абдан маанилүү.

Аян 3:17, 18. Рухий жактан бай болуш үчүн Исадан «отко салынып тазаланган алтынды» сатып алганыбыз абзел. Бул жакшы иштерге бай болууну билдирет (1 Тим. 6:17—19). Ошондой эле бизди Исанын жолдоочусу катары жазбай тааныта турган «ак сырт кийимди» кийгенибиз жана «көздүн майын», мисалы, «Күзөт мунарасы» журналындагы кыраакы болууга үйрөткөн кеп-кеңештерди колдонгонубуз маанилүү (Аян 19:8).

Аян 7:13, 14. Бул аяттарда айтылган 24 аксакал асман даңкын алган 144 000ди билдирет. Алар падышалар катары эле эмес, дин кызматчылар катары да кызмат кылышат. Байыркы Ысрайылда Дөөтү падыша дин кызматчыларды 24 кезекке бөлгөн. Алар Жакан көргөн 24 аксакалдын прообразы болгон. Аксакалдардын бири Жаканга эбегейсиз көп адамдар кимдер экенин ачып берген. Ошондон улам Исанын майланган жолдоочулары 1935-жылга чейин эле асманга тирилтиле баштаган деген тыянакка келүүгө болот. Эмне үчүн? Себеби дал ошол жылы Кудайдын жердеги майланган кызматчылары эбегейсиз көп адамдардын кимдер экенин айкын түшүнүшкөн (Лк. 22:28—30; Аян 4:4; 7:9).

ЖЕТИНЧИ МӨӨР АЧЫЛГАНДА ЖЕТИ СУРНАЙ ТАРТЫЛАТ

(Аян 8:1—12:17)

Козу жетинчи мөөрдү ачат. Жети периштеге жети сурнай берилет. Алардын алтоосу сурнайларын тартканда, адамдардын «үчтөн бир бөлүгүнө» — христиан дүйнөсүнө — сот өкүмдөрү жарыяланат (Аян 8:1, 2, 7—12; 9:15, 18). Бул — Жакандын бешинчи көрүнүшү. Андан кийинки көрүнүшкө Жакан өзү да катышат: чакан түрмөктү жейт жана ибадатканадагы ыйык жайды ченейт. Жетинчи сурнай тартылганда: «Дүйнөнүн үстүнөн болгон падышалык бийлик эми Теңирибизге жана анын Машаягына таандык»,— деген катуу үндөр угулат (Аян 10:10; 11:1, 15).

Жетинчи көрүнүш Аян 11:15, 17-аяттарда жазылгандарды кененирээк ачып берет. Асмандан улуу жышаан көрүнөт: асмандагы аял уул төрөйт. Ибилис асмандан куулуп түшүрүлөт. Ал асмандагы аялга каарданып, «анын тукумунан калгандар менен... согушууга жөнөйт» (Аян 12:1, 5, 9, 17).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Аян 8:1—5 — Эмнеден улам асманда жымжырттык өкүм сүргөн жана андан кийин жерге эмне ыргытылган? Асманда каймана маанидеги жымжырттык жердеги «ыйыктардын тиленүүлөрү» угулушу үчүн өкүм сүргөн. Жымжырттык Биринчи дүйнөлүк согуштун аяк ченинде болгон. Исанын майланган жолдоочулары башка элдерге белгиленген убакыт аяктаганда, көптөрү күткөндөй, асманга көтөрүлүшкөн эмес. Согуш маалында абдан кыйналгандыктан, алар жетекчилик сурап, жалындуу тиленишкен. Алардын тиленүүлөрүнө жооп катары периште жерге каймана мааниде от ыргыткан. Ал «от» майлангандарды рухий жактан жандандырган. Саны жагынан аз болушса да, алар бүткүл дүйнөлүк кабар айтуу ишин башташкан. Көп өтпөй Кудайдын Падышалыгы христиан дүйнөсү үчүн курч маселеге айланган. Ошентип, христиан дүйнөсүнө каймана мааниде от жагылган. Ыйык Китептеги катуу эскертүүлөр жарыяланып, ыйык китептик чындыктар баарына белгилүү болгон. Ошондо, жер титирөөдөн улам жарака кеткен имараттай болуп, жалган диндин пайдубалы солгундай түшкөн.

Аян 8:6—12; 9:1, 13; 11:15 — Жети периште сурнайларын тартууга качан камданышкан, алардын тартылышы эмнени билдирген жана алар качан тартылган? Жети сурнайды тартууга камдануу өзүнө 1919—1922-жылдар ичинде рухий жактан жанданган Жакан тобунун мүчөлөрүнө көрсөтмөлөр берилген убакыт аралыгын камтыйт. Ошондон тартып майлангандар кабар айтуу ишин кайрадан уюштуруп, басмаканаларды кура башташкан (Аян 12:13, 14). Сурнайлардын тартылышы Кудайдын элинин периштелердин көмөктөшүүсү менен Жахабанын Шайтандын дүйнөсүнө чыгарган өкүмдөрүн тайманбастык менен жарыялоосун билдирет. Сурнайлар 1922-жылы Сидар-Пойнтто (Огайо штаты, АКШ) өткөрүлгөн жыйындан баштап тартыла баштаган жана улуу алааматка чейин тартыла берет.

Аян 8:13; 9:12; 11:14 — Акыркы үч сурнай тартылганда кандай «кайгылар» болмок? Алгачкы төрт сурнай тартылганда христиан дүйнөсүнүн рухий жактан өлүк экени ашкереленсе, акыркы үч сурнайдын тартылышы өзгөчө окуялар менен байланышкан кайгылардын болорунан кабар берген. Бешинчи сурнай тартылганда, 1919-жылы Кудайдын эли иш-аракетсиздиктин «түпсүз туңгуюгунан» эркиндикке чыгып, кабар айтуу ишин ынталуу жүргүзө баштаган. Алардын иши христиан дүйнөсү үчүн кыйнаган «ооруга» айланган (Аян 9:1). Алтынчы сурнайдын тартылышы «атчандардын» тарыхта болуп көрбөгөндөй чабуул коюшу менен жана 1922-жылдан баштап кабар айтуу ишинин дүйнөлүк масштабда жүргүзүлүшү менен коштолгон. Ал эми акыркы сурнай тартылганда Машаяк башкарган Падышалыктын «төрөлүшү» жарыяланган.

Биз алчу сабактар:

Аян 9:10, 19. «Ишенимдүү жана акылдуу кулдун» Ыйык Китепке негизделген, ишенүүгө татыктуу адабияттарында чага турган кабар камтылат (Мт. 24:45). Аян китебинде ал кабар чегирткелердин «чаяндардыкындай болгон» «ийнелери» бар куйруктарына жана «жылан сыяктуу» куйруктары бар көп сандаган аттарга салыштырылган. Эмне себептен? Анткени адабияттар Жахабанын «өч алчу күнү» тууралуу эскертет (Ыш. 61:2). Андыктан, келгиле, ал адабияттарды тайманбай, жигердүүлүк менен тарата берели.

Аян 9:20, 21. Калкынын көбү христиан динин тутпаган өлкөлөрдө жашаган көптөгөн момун адамдар биз айткан кабарды жакшы кабыл алышууда. Бирок биз ал «калган адамдардын» — христиан дүйнөсүнө кирбегендердин — баары Исанын жолдоочусу болуп кетпесин түшүнөбүз. Кандай болбосун, биз кызматыбызды туруктуулук менен уланта беребиз.

Аян 12:15, 16. Кээде «жер» — Шайтандын дүйнөсүнүн бир бөлүгүн түзгөн ар кайсы өлкөлөрдүн бийлик башчылары — дин тутуу эркиндигине шарт түзүп коёт. 1940-жылдардан тартып бийликтегилер «оозун ачып, ажыдаардын оозунан чыккан дарыяны [куугунтуктоолорду] жутуп» келет. Ооба, Жахаба, зарыл болсо, өзүнүн эркин аткаруу үчүн бийлик башындагыларга таасир эте алат. Бул Накыл сөздөр 21:1деги: «Падышанын жүрөгү Теңирдин колунда: Ал аны агын суудай, каалаган жагына бурат»,— деген сөздөрдүн калетсиздигин тастыктоодо. Муну билүү Кудайга болгон ишенимибизди бекемдебейби?