Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын кулу «күнөөлөрүбүз үчүн жарадар болгон»

Жахабанын кулу «күнөөлөрүбүз үчүн жарадар болгон»

Жахабанын кулу «күнөөлөрүбүз үчүн жарадар болгон»

«Ал биздин күнөөлөрүбүз үчүн жарадар болду, биздин мыйзамсыздыктарыбыз үчүн кыйналды... биз Анын жарааты менен айыктык» (ЫШ. 53:5).

1. Эскерүү маалында эмнелерди эсибизге салышыбыз керек жана буга кайсы пайгамбарлык жардам берет?

БИЗ Эскерүү кечесин Машаяктын өлүмүн эскериш үчүн жана анын өлүмү менен тирилүүсү кандай пайда алып келгенин эске салып туруш үчүн белгилейбиз. Ошондой эле Эскерүү кечеси Жахабанын эгедерлигинин акталарын, ысмынын ыйыкталарын жана өз ичине адамзаттын куткарылышын камтыган эркинин орундаларын эсибизге салат. Ыйык Китептеги пайгамбарлыктардын ичинен Ышайа 53:3—12-аяттарда жазылган пайгамбарлыкта Машаяктын өз өмүрүн берери жана анын аркасында эмнелерге жол ачылары эң сонун баяндалган. Ышаянын пайгамбарлыгында Кулдун азап чегери, анын өлүмү кандай болору майда-чүйдөсүнө чейин ачылып берилген жана анын өлүмү майланган биртуугандары менен «башка койлорго» кандай баталарды алып келери көрсөтүлгөн (Жкн. 10:16).

2. Жахаба Ышая аркылуу эмнени көрсөткөн жана аны карап чыгуу бизге кандай таасир этет?

2 Иса төрөлгөнгө чейин жети кылым мурун Ышая пайгамбар аркылуу Жахаба өзүнүн тандап алган Кулу аябагандай оор сыноолорго карабай ишенимдүү бойдон каларын айткан. Муну менен ал өз Уулунун берилгендигине шек санабасын көрсөткөн. Бул пайгамбарлыкты карап чыгуу ыраазычылыгыбызды арттырып, ишенимибизди бекемдейт.

«Жек көрүндү болгон», урматталган эмес

3. Жүйүттөр Исаны эмне себептен жылуу тосуп алышы керек эле, бирок алар аны кандай кабыл алышкан?

3 Оку: Ышайа 53:3. Атасынын жанында кубанычтуу кызматын таштап, жерге келип, адамзатты күнөө менен өлүмдөн куткарыш үчүн өз өмүрүн курмандыкка берүү менен Кудайдын жалгыз Уулу кандай гана жан аябастыкты көрсөткөн! (Флп. 2:5—8). Мусанын мыйзамы боюнча жаныбарлардан чалынган курмандыктардан айырмаланып, анын курмандыгынын негизинде адамзаттын күнөөлөрү биротоло кечирилген (Эвр. 10:1—4). Андыктан аны, биринчи кезекте, убадаланган Машаякты күтүп жүргөн жүйүттөр урматтап, жылуу тосуп алышы керек эле (Жкн. 6:14). Бирок жүйүттөр, Ышая пайгамбарлык кылгандай, аны жек көрүп, «урматтаган» эмес. Элчи Жакан: «Ал өз элине келди, бирок алар аны кабыл алышкан жок»,— деп жазган (Жкн. 1:11). Элчи Петир жүйүттөргө: «Ата-бабаларыбыздын Кудайы, өзүнүн Кызматчысы Исаны даңктады. Силер болсо аны душмандын колуна салып берип, Пилат бошотмокчу болгондо, андан Пилаттын алдында баш тартып кеткенсиңер. Ооба, силер ыйык жана адил адамдан баш тарткансыңар»,— деген (Элч. 3:13, 14).

4. Иса кандай мааниде «оорунун эмне экенин билген»?

4 Ышая Исанын «оорунун эмне экенин билген адам» болорун да айткан. Жердеги кызматында Исанын кээде чарчаган учурлары болгон, бирок бул анын ооруганын билдирген эмес (Жкн. 4:6). Ооруну өз башынан кечирбесе да, ал «оорунун эмне экенин» өзү кабар айткан адамдардын ооруларынан улам билген. Ал аларга боору ачып, көптөрүн айыктырган (Мр. 1:32—34). Ошентип, Исага байланыштуу: «Ал биздин кеселдерибизди Өзүнө алды, ооруларыбызды алып кетти»,— деген пайгамбарлык аткарылган (Ыш. 53:4а; Мт. 8:16, 17).

«Кудай... жазалагандай» көрүнгөн

5. Жүйүттөр Исага кандай айып таккан жана бул Исага кандай таасир эткен?

5 Оку: Ышайа 53:4б. Исанын замандаштарынын көбү анын эмне себептен азап чегип, өлүмгө дуушар болуп жатканын түшүнүшкөн эмес. Алар аны Кудайдын жазасын алган, жийиркеничтүү оору менен ооруган адамдай көрүшкөн (Мт. 27:38—44). Жүйүттөр аны Кудайга тил тийгизген адам катары айыпташкан (Мр. 14:61—64; Жкн. 10:33). Бирок Иса күнөө да кетирген эмес, Кудайга да тил тийгизген эмес. Атасын аябай жакшы көргөн Кулга Кудайга тил тийгизүүчү катары айыпталып өлтүрүлө турганын билүү кандай гана кыйын болсо керек. Ошентсе да ал Жахабанын эркине даярдуулук менен баш ийген (Мт. 26:39).

6, 7. Кандай мааниде Жахаба Исанын «кыйналуусун туура көргөн»?

6 Башкалардын Машаякты «Кудай... жазалагандай» көрөрү алдын ала айтылганы түшүнүктүү. Бирок Ышаянын башка пайгамбарлыгындагы: «Теңир Анын кыйналуусун туура көрдү»,— деген сөздөр суроолорду туудурат (Ыш. 53:10). Себеби мурунураак Жахаба Иса жөнүндө: «Мына, Менин Кулум... Ал Менин тандап алганым, Аны Менин жаным жакшы көрөт»,— деп айткан. Андай болсо, кандайча ал анын «кыйналуусун туура көргөн»? (Ыш. 42:1). Кандай мааниде Жахаба Уулунун кыйналуусун туура деп тапкан?

7 Пайгамбарлыктын бул бөлүгүн түшүнүш үчүн, Шайтандын Жахабанын эгедерлигине каршы чыкканын жана Анын асмандагы, жердеги кызматчыларынын Ага болгон берилгендигине шек туудурганын эске салышыбыз керек (Аюб 1:9—11; 2:3—5). Иса өмүрүнүн акырына чейин ишенимдүүлүгүн сактоо менен Шайтандын шек келтирүүсүн төгүнгө чыгарган. Жахаба душмандарга Уулун өлтүрүшүнө жол берсе да, анын өлүм алдында кыйналганын көрүп, жүрөгү сыздаганы шексиз. Андыктан Жахаба Уулунун «кыйналуусун» эмес, анын ишенимдүүлүгүн толугу менен сактаганын «туура көргөн». Бул анын жүрөгүн кубанткан (Накыл 27:11). Ошондой эле Уулунун өлүмү өкүнгөн адамдарга кандай пайдаларды алып келерин билүү да Жахабага чоң кубаныч тартуулаган (Лк. 15:7).

«Күнөөлөрүбүз үчүн жарадар болгон»

8, 9. а) Иса кандайча «биздин күнөөлөрүбүз үчүн жарадар болгон»? б) Муну Петир кандайча бышыктаган?

8 Оку: Ышайа 53:6. Күнөөлүү адамзат, адашкан койлордой болуп, Адам атадан тукум кууп өткөн оорунун жана өлүмдүн кулчулугунан бошонуу жолун издеп, кыйналып келет (1 Пет. 2:25). Жеткилеңсиз болгондуктан бир да киши Адам ата жоготконду кайрыш үчүн эч качан эч кандай кун төлөй алмак эмес (Заб. 48:8). Бирок өзүнүн чексиз сүйүүсүнөн улам Жахаба баарыбыздын күнөөлөрүбүздү сүйүктүү Уулунун «мойнуна жүктөгөн». «Биздин күнөөлөрүбүз үчүн жарадар болууга» жана «мыйзамсыздыктарыбыз үчүн кыйналууга» макул болуу менен Машаяк күнөөлөрүбүздү устунга алып чыгып, биздин ордубузга өлгөн.

9 Бул тууралуу элчи Петир: «Силер ушуга чакырылгансыңар. Анткени Машаяк да силер үчүн азап тартып, анын изи менен так жүрүшүңөр үчүн, силерге үлгү калтырган. Күнөөдөн арылып, адил жашашыбыз үчүн, ал күнөөлөрүбүздү өзүнүн денеси менен устунга алып чыккан»,— деп жазган. Анан Ышаянын пайгамбарлыгынан цитата келтирип: «Силер анын жарааттары менен айыктыңар»,— деген (1 Пет. 2:21, 24; Ыш. 53:5). Андан ары ал: «Адил адам Машаяк да адил эместер үчүн бир эле жолу өлүп, аларды күнөөлөрдөн арылткан. Муну ал силерди Кудайга алып келүү үчүн кылган» — деп, анын аркасында күнөөкөрлөргө Кудай менен элдешүүгө жол ачылганын белгилеген (1 Пет. 3:18).

«Союлуш үчүн жетеленип келген козу сыяктуу»

10. а) Чөмүлдүрүүчү Жакан Иса тууралуу эмне деген? б) Жакандын Исага карата айткан сөздөрү эмне себептен ылайыктуу болгон?

10 Оку: Ышайа 53:7, 8. Чөмүлдүрүүчү Жакан өзүн көздөй келаткан Исаны көргөндө: «Мына, Кудайдын Козусу! Ал бул дүйнөнү күнөөдөн арылтат»,— деген (Жкн. 1:29). Бул сөздөрдү айтканда Жакан, кыязы, Ышаянын: «Ал союлуш үчүн жетеленип келген козу сыяктуу»,— деген сөздөрүн эстеген көрүнөт (Ыш. 53:7). Ышая ал Козунун «өз жанын өлүмгө кыярын» пайгамбарлык кылган (Ыш. 53:12). Иса өзү да Эскерүү кечесин негиздеген түнү ишенимдүү 11 элчисине шарап куюлган чөйчөктү узатып: «Бул көптөрдүн күнөөлөрү кечирилиши үчүн төгүлө турган канымды, „келишим канын“ билдирет»,— деп айткан (Мт. 26:28).

11, 12. а) Ыскактын даярдуулугу Машаяк тууралуу эмнени көрсөткөн? б) Эскерүү кечесин белгилегенибизде эмнени эстен чыгарбашыбыз керек?

11 Байыркы убактагы Ыскактай болуп, Иса Жахабанын эркине баш ийип, өзүн курмандык катары берүүгө даярдуулук менен макул болгон (Башт. 22:1, 2, 9—13; Эвр. 10:5—10). Белгилей кетчү нерсе, Ыскак өзүнүн курмандык катары чалынышына даярдуулук менен моюн сунса да, Кудайдын буйругуна баш ийип, «уулун курмандыкка чалууга аракет кылган» Ыбрайым эле (Эвр. 11:17). Ошо сыңары, Иса өзүн курмандык катары берүүгө даярдуулук менен макул болгон, бирок кундун төлөнүшүнө чара көргөн, негизинен, Жахаба болчу. Уулун курмандык катары берүү менен Кудай адамзатка болгон зор сүйүүсүн көрсөткөн.

12 Иса өзү да: «Кудай бул дүйнөнү ушунчалык сүйгөндүктөн, өзүнүн жалгыз Уулун ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди»,— деген (Жкн. 3:16). Элчи Пабыл: «Машаяк болсо биз үчүн күнөөкөр кезибизде эле өлгөн. Бул аркылуу Кудай бизге сүйүүсүн көрсөткөн»,— деп жазган (Рим. 5:8). Андыктан Машаякты урматтаарыбызды анын өлүмүн эскерүү менен көрсөтүп жатканыбызда кундун төлөнүшүнө, негизинен, Улуу Ыбрайым — Жахаба — чара көргөнүн эч качан эстен чыгарбайлы. Биз Эскерүү кечесин аны даңкташ үчүн белгилейбиз.

Кул «көп адамдарды актаган»

13, 14. Жахабанын Кулу көптөрдү кандайча «актаган»?

13 Оку: Ышайа 53:11, 12. Өзүнүн тандап алган Кулу жөнүндө Жахаба: «Менин адилет Кулум көп адамдарды актайт»,— деген. Ал адамдарды кандайча актамак? 12-аяттын акыркы сөздөрү бул суроонун жообун табууга багыт берет. Ал жерде: «Ал [Кул]... кылмышкерлер үчүн арачы болду»,— деп айтылган. Адам атанын бардык урпактары күнөөкөр, «кылмышкер» болуп төрөлгөндүктөн, баары күнөөнүн «жазасына» — өлүмгө — дуушар болуп келишет (Рим. 5:12; 6:23). Андан кутулуу үчүн күнөөлүү адамзат Жахаба менен элдешүүгө тийиш эле. Ышайа китебинин 53-бөлүмүндө Исанын адамзат үчүн кандайча «арачы» же элдештирүүчү болору тууралуу: «Бизге тынчтык болуш үчүн, Ал жазага тартылды, биз Анын жарааты менен айыктык»,— делген (Ыш. 53:5).

14 Ошентип, Машаяк адамзаттын күнөөсүн өзүнө алып, алардын ордуна өлүп, «көп адамдарды актаган». Буга байланыштуу Пабыл: «Кудай анда [Машаякта] бүт толуктуктун жашашын, ошондой эле анын жаза устунунда төккөн каны аркылуу тынчтыкка жол ачып, ал аркылуу жердеги жана асмандагы калган нерселердин баарын Өзү менен элдештирүүнү туура көрдү»,— деп жазган (Кол. 1:19, 20).

15. а) «Асмандагы... нерселер» кимдерди билдирет? б) Эскерүү кечесиндеги символдордон кимдер ооз тие алышат жана эмне үчүн?

15 Машаяктын төгүлгөн каны аркылуу Жахаба менен элдешкен «асмандагы... нерселер» Иса менен асманда бийлик жүргүзүүгө чакырылган майлангандарды билдирет. Исанын «асманга чакырылган» жолдоочулары «өмүргө ээ болуу үчүн адил деп жарыяланышкан» (Эвр. 3:1; Рим. 5:1, 18). Жахаба аларды рухий уулдары катары асырап алат. Алар «Машаяк менен мурасташ» экенин, асман Падышалыгында падыша жана дин кызматчы болууга чакырылганын ыйык рухтун күбөлөндүрүүсү аркылуу билишет (Рим. 8:15—17; Аян 5:9, 10). Майлангандар рухий Ысрайылдын — «Кудайдын Ысрайылынын» — мүчөсү болушат. Ошондуктан алар да «жаңы келишимде» турушат (Жер. 31:31—34; Гал. 6:16). «Жаңы келишимдин» мүчөсү катары майлангандар Эскерүү кечесиндеги символдордон, алардын ичинде шараптан ооз тие алышат. Иса Эскерүү кечесин негиздеп жатканда шарап тууралуу: «Бул чөйчөк силер үчүн төгүлө турган канымдын негизинде түзүлүүчү жаңы келишимди билдирет»,— деп айткан (Лк. 22:20).

16. «Жердеги... нерселер» кимдерди билдирет жана алар эмненин негизинде Жахабанын алдында адил деп эсептелишет?

16 «Жердеги... нерселерге» жер бетинде түбөлүк өмүр сүрүүгө үмүттөнгөн башка койлор кирет. Жахабанын тандап алган Кулу аларды да «актаган». Башка койлор Машаяктын куткаруу курмандыгына ишеним көрсөтүү менен «кийимдерин Козунун канына жууп агартышкан». Ошондуктан Жахаба аларды адил деп жарыялап, аларды рухий уулдары катары эмес, достору катары кабыл алат жана аларга «улуу алааматтан» аман өтүүгө мүмкүнчүлүк берет (Аян 7:9, 10, 14; Жкп. 2:23). Жаңы келишимде турбагандыктан жана асмандагы жашоого чакырылбагандыктан башка койлор Эскерүү кечесиндеги символдордон даам татышпайт. Алар Эскерүү кечесине сый көргөзгөн байкоочулар катары катышышат.

Жахабага жана анын Кулуна ыраазычылык билдирели!

17. Кулга байланыштуу пайгамбарлыктарды талдап чыгуу бизди Эскерүү кечесине кандайча даярдайт?

17 Ышаянын Кулга байланыштуу айткан пайгамбарлыктарын талдап чыгуу Машаяктын өлүмүнүн Эскерүү кечесине акыл-оюбузду даярдоого жакшы жардам берет. Ошондой эле «ишенимибиздин башчысы жана аны жеткилең кылуучу Исадан көзүбүздү албоого» өбөлгө түзөт (Эвр. 12:2). Ышаянын пайгамбарлыктары бизге Кудайдын Уулу тил алчаак экенин жана Шайтандан айырмаланып, ал Жахабаны Эгедери катары кабыл алууга жана андан үйрөнүүгө ар дайым ынтызар экенин ачып берди. Ошондой эле Иса жерде жүргөндө өзү кабар айткан адамдарга боор ооруп, көптөрүн денелик жана рухий жактан айыктырганын көрдүк. Бул анын Падыша катары жаңы заманда, «жер үстүндө акыйкаттык орноткондо», кандай иштерди кыла турганын айгинелеген (Ыш. 42:4). Ал эми анын бардык адамдар үчүн «жарык» катары Падышалык тууралуу кабарды ынталуу жарыялаганын билүү бизге жакшы кабарды бүт жер жүзүнө жигердүүлүк менен айтууга түрткү берет (Ыш. 42:6).

18. Ышаянын пайгамбарлыгы Жахабага жана анын ишенимдүү Кулуна ыраазычылыгыбызды кандайча арттырат?

18 Андан тышкары, Ышаянын пайгамбарлыгы Жахабанын сүйүктүү Уулун жерге жиберип, анын биз үчүн азап тартышына жана өлүшүнө жол берүү менен кандай чоң курмандыкка барганын тереңирээк түшүнүүгө жардам берди. Жахаба Уулунун кыйналганын эмес, анын өмүрүнүн аягына чейин ишенимдүү бойдон калганын «туура көргөн». Исанын Шайтандын жалганчы экенин далилдеп, Жахабанын ысмын ыйыктап, ошону менен бирге анын эгедерлигин жактаганы Атасына чоң кубаныч тартуулагандай эле, бизге да кубаныч тартуулайт. Ошондой эле Машаяктын адамзаттын күнөөлөрүн өзүнө алып, өз өмүрүн курмандык катары бергенин, анын аркасында анын майланган жолдоочуларынан турган кичине отор менен башка койлор Жахабанын алдында адил деп жарыяланышканын билдик. Чынында эле, Эскерүү кечесинде Жахабага жана анын ишенимдүү Кулуна ыраазычылыгыбызды билдирүүгө кандай гана көп себептер бар!

Кайталоо үчүн суроолор

• Жахаба кандай мааниде Уулунун «кыйналуусун туура көргөн»?

• Иса кандайча «биздин күнөөлөрүбүз үчүн жарадар болгон»?

• Кул кандайча «көп адамдарды актаган»?

• Кулга байланыштуу пайгамбарлыктарды изилдөө акылыбыз менен жүрөгүбүздү Эскерүү кечесине кандайча даярдайт?

[Изилдөө суроолору]

[26-беттеги сүрөт]

«Ал жек көрүндү болду, биз Аны урматтаган жокпуз»

[28-беттеги сүрөт]

«Ал Өз жанын өлүмгө кыйды»

[29-беттеги сүрөт]

«Башка койлор» Эскерүү кечесине сый көргөзгөн байкоочулар катары катышышат