Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Жол мына, ушул жол менен жүргүлө»

«Жол мына, ушул жол менен жүргүлө»

«Жол мына, ушул жол менен жүргүлө»

Эмилия Педерсон жөнүндөгү баян

Айтып берген: Рут Е. Паппас

АПАМ Эмилия Педерсон 1878-жылы төрөлгөн. Кесиби мугалим болсо да, ал өмүрүн адамдарга Кудай жөнүндө билим берүүгө арнагысы келген. Буга АКШнын Миннесота штатына караштуу Жаспер шаарындагы үйүбүздөгү чоң сандык далил болчу. Апам ошол сандыкты керектүү буюмдарымды салып, Кытайга миссионер болуп кетем деген ойдо сатып алган. Бирок таенем каза болуп калгандыктан, ал кичүү биртуугандарына карап үйдө калат. Кийинчерээк апам 1907-жылы атам Теодор Холиенге турмушка чыгат. Ошентип, мен 1925-жылы 2-декабрда жарык дүйнөгө келгем; үйдө жети баланын эң кенжеси элем.

Апам ыйык китептик суроолорго абдан кызыкчу экен. Мисалга, күнөөкөрлөр тиги дүйнөдө тозок отунда күйөт деген окутуунун чын-төгүнүн билгиси келип жүрүптүр. Бир жолу ал Лютеран чиркөөсүнүн жетекчисинен бул жөнүндө Ыйык Китепте эмне делерин сураганда, чиркөөнүн жетекчиси: «Ыйык Китепте жазылгандар маанилүү эмес, бирок биз тозок оту жөнүндө элге окутушубуз керек»,— деп жооп бериптир.

Жан дүйнөсүн кыйнаган суроолоруна жооп табат

Таежем Эмма 1900-жылы музыкадан билим алуу үчүн Миннесота штатындагы Нортфилд шаарына жөнөйт. Ошол жерде ал мугалими Кристиансон Милиустун үйүндө туруп калат. Милиустун аялы Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн бири экен (Жахабанын Күбөлөрү мурун ушинтип аталчу). Эмма ага эжесинин Ыйык Китепке кызыгарын айтыптыр. Көп өтпөй Милиустун жубайы апама кат аркылуу ыйык китептик суроолорго жооп жазат.

Бир күнү Жасперге кабар айтуу үчүн Түштүк Дакота штатына караштуу Су-Фолс шаарынан поезд менен Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн бири Лора Отхаут келет. Апам андан адабияттарды алып, окуп-изилдейт. Ошентип, 1915-жылы окуп-билгендерин башкаларга айтып, Лорадан алган адабияттарды тарата баштайт.

Апам 1916-жылы Айова штатындагы Су-Ситиде өтүлө турган жыйынга Чарлз Тейз Расселлдин келерин угуп, ал жакка абдан баргысы келет. Ошол убакта апамдын бешинчи баласы Марвинге беш эле ай болгон экен. Ошого карабастан бешөөнү тең алып, поезд менен 160 километрдей алыс жайгашкан Су-Ситиге жыйынга барат. Ал жактан Расселлдин баяндамаларын угуп, «Жаратуу фото-драмасын» да көрүп, ошол жыйында чөмүлтүлөт. Кайра шаарга келгенде, «Жаспер журналына» жыйын жөнүндө макала жазып жиберет.

1922-жылы апам Огайо штатындагы Сидар-Пойнтто өткөрүлгөн 18 000дей киши катышкан жыйынга барат. Ал ошол жыйынга баргандан кийин Падышалык жөнүндө кабар айтууну эч качан токтоткон эмес. Анын үлгүсү бизге: «Жол мына, ушул жол менен жүргүлө»,— деген кеңешке ылайык жашоого түрткү берген (Ыш. 30:21).

Падышалык кызматтын жемиштери

Биздин үй-бүлө 1920-жылы Жаспер шаарынын чет-жакасына көчүп кетиптир. Атамдын иши жакшы жүргөндүктөн, үй-бүлөбүз чоң болсо да, бизди эч нерседен кем кылбай баккан. Ал, апамдай болуп, Ыйык Китепти изилдебесе да, кабар айтуу ишине чын дилден колдоо көрсөтчү. Ошондой эле үйүбүздүн эшиги пилигримдер (азыр кыдыруучу көзөмөлчүлөр деп аталат) үчүн ар дайым ачык болчу. Алар келип үйүбүздө баяндама окуганда, жүздүн тегерегиндеги киши баяндаманы конок үйүбүзгө, ашканабызга, уктаган бөлмөбүзгө чогулуп уга турган.

Бир жолу таежем Летти телефон чалып, кошунасы Эд Ларсон жубайы менен Ыйык Китепти изилдегиси келип жатышканын айткан. Анда мен жетиде элем. Алар чындыкты жакшы кабыл алышып, кийинчерээк сегиз баласы бар кошунасы Марта Ван Дааленге да Ыйык Китепти изилдөөнү сунуш кылышат. Ошентип, Марта да үй-бүлөсү менен Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн катарына кошулат *.

Ошол учурларда бизден алыс эмес жашаган Гордон Камеруд аттуу жаш жигит атамдын кол алдында иштеп калат. Гордонго: «Кожоюнуңдун кыздарынан алыс бол, алардын дини башка»,— деп эскертишкен. Бирок Гордон Ыйык Китепти изилдеп, көп өтпөй чындыкты тапканына көзү жетет. Ал үч айдан кийин чөмүлтүлүп, анын ата-энеси да чындыкты тааныйт. Кийин биздин, Камеруддардын жана Ван Даалендердин үй-бүлөсү жакын достордон болуп калдык.

Бекемдээрлик жыйындар

Апам үчүн Сидар-Пойнттогу жыйын ушунчалык бекемдээрлик болгондуктан, ал кийинки жыйындардын бирин да калтыргысы келген эмес. Ошондуктан көп жыйындарга барганыбыз эсимде. 1931-жылы Огайо штатындагы Колумбус шаарында болуп өткөн жыйын тарыхтагы маанилүү жыйындардын бири болгон, анткени ошол жылы уюм Жахабанын Күбөлөрү деген жаңы ысымды кабыл алган (Ыш. 43:10—12). Ошондой эле 1935-жылы Вашингтондо болуп өткөн жыйын да күнү бүгүнкүдөй эсимде. Ал жыйында айтылган баяндамадан Аян китебиндеги «эбегейсиз көп адамдардын» кимдер экени белгилүү болгон (Аян 7:9). Менин эжелерим Лилиан менен Юнис ошол жыйында 800дөн ашуун кишилер менен бирге сууда чөмүлтүлүшкөн.

Биз үй-бүлөбүз менен 1937-жылы Колумбуста (Огайо штаты), 1938-жылы Сиэтлде (Вашингтон штаты), 1939-жылы Нью-Йоркто өткөрүлгөн жыйындарга барганбыз. Биз менен бирге Ван Даалендин, Камеруддун үй-бүлөсү жана башкалар чогуу барышкан. Юнис менен Лео Ван Даален 1940-жылы баш кошуп, пионер болуп дайындалышат. Ошол эле жылы Лилиан менен Гордон Камеруд да баш кошуп, пионердик кызматты башташкан.

1941-жылы Сент-Луисте (Миссури штаты) болуп өткөн жыйын мен үчүн өзгөчө жыйын болгон. Ал жерден миңдеген жаштар «Балдар» деген китепти алышкан. Ошол жыйын менин жашоомду түп-тамыры менен өзгөрттү. Андан көп өтпөй эле 1941-жылы 1-сентябрда мен, агам Марвин жана аялы Жойс болуп пионердик кызматты баштадык. Ошондо мен 15те болчумун.

Биздин айылдагы эркек биртуугандарга жыйындарга баруу кыйын болчу. Анткени жыйындар көбүнчө түшүм жыйноо убагында өткөрүлчү. Ошондуктан бара албай калгандарга жыйында уккандарыбызды айтып берүү үчүн үйүбүздүн короосуна чогулчубуз. Ошондой жолугушуулар баарыбызды бекемдеп, кубаныч тартуулачу.

Гилат мектеби жана чет өлкөгө дайындалуу

Пионерлерди миссионердик кызматка даярдоо максатында 1943-жылы февралда Гилат мектеби уюштурулган. Биринчи класска Ван Даалендин үй-бүлөсүнөн алты киши: Эмиль, Артур, Гомер, Лео жана алардын аталаш тууганы Дональд, ошондой эле Леонун жубайы — менин эжем Юнис — чакырылышкан. Биз аларды кайра качан көрөрүбүздү билбегендиктен же кубанарыбызды, же кайгырарыбызды билбей коштошконбуз. Гилат мектебин бүтүргөндөн кийин алтоо тең Пуэрто-Рикого дайындалышкан. Ошол учурда Пуэрто-Рикодо Жахабанын Күбөлөрү саналуу гана болчу.

Бир жылдан кийин Лилиан менен Гордон жана Марвин менен Жойс Гилат мектебинин үчүнчү классына чакырылышты. Алар да Пуэрто-Рикого дайындалышты. Анан мен да 1944-жылы сентябрда Гилат мектебинин төртүнчү классына чакырылдым. Ошондо 18 жашта болчумун. 1945-жылы февраль айында Мектепти бүтүрүп, мен да биртуугандарымдын аркасынан Пуэрто-Рикого дайындалдым. Ошондо мен үчүн көп жаңы нерселер ачылды! Испан тилин үйрөнүү кыйын болсо да, көп өтпөй ар бирибиз 20дан ашык изилдөө өткөрө баштадык. Жахаба кабар айтуу ишине батасын берип жатты. Бүгүн ал жакта 25 000ге жакын Жахабанын Күбөсү бар.

Үй-бүлөбүздө болгон каргаша

Лео менен Юнис 1950-жылы Марк деген уулдуу болуп, Пуэрто-Рикодо кызмат кылып калышат. 1952-жылы алар эс алуу учурунда туугандарына барып келүүнү чечип, 11-апрелде самолётко отурушат. Бирок самолёт жерден көтөрүлүп бир аз учкандан кийин океандын үстүнө кулап түшүп, Лео менен Юнис каза болуп калат. Ал эми эки жаштагы Маркты аман калгандардын бири таап алат да, аны үйлөмө кайыкка салып, жасалма дем алдыруу менен аман алып калат *.

Ошол каргашалуу окуядан беш жыл өткөндөн кийин, 1957-жылдын 7-мартында, апам менен атам Падышалык залына баратканда машинесинин дөңгөлөгү жарылып калат. Атам жол боюнда дөңгөлөктү алмаштырып жатканда, аны өтүп бараткан машине коюп кетип, ошол замат каза болот. Атамды айылдагылар аябай сыйлашчу. Сөөк коюуда айтылчу сөздү угууга 600дөй киши келип, аларга эң сонун күбөлөндүрүү берилген.

Жаңы дайындоолор

Атам каза болорго жакын Аргентинада кызмат кылууга дайындалган элем. Ал эми 1957-жылдын августунда Анд тоолорунун этегинде жайгашкан Мендоса шаарына келдим. Гилат мектебинин 30-классынын бүтүрүүчүсү Жорж Паппас 1958-жылы Аргентинага дайындалган. Ал экөөбүз бара-бара жакын достордон болуп калдык. Анан 1960-жылы апрелде баш коштук. Кийинки жылы 83 жашында апам каза болду. Ал чындык жолунда бекем жүрүп, көптөргө ошол жолдо жүрүүгө жардам берди.

Жорж экөөбүз он жыл бою ар кайсы жерлерде ар кандай миссионерлер менен жашап, кызмат кылдык. Ошондой эле жети жыл кыдыруучулук кызматта болдук. 1975-жылы, туугандарыбыз ооруп калгандыктан, жардам берүү үчүн Кошмо Штаттарга кайтып келдик. 1980-жылы жолдошум испан тилиндеги жыйналыштарга райондук көзөмөлчү болуп дайындалды. Ошол учурларда Америка Кошмо Штаттарында 600гө жакын испан тилиндеги жыйналыштар бар эле. Жолдошум экөөбүз 26 жылдын ичинде ошол жыйналыштардын көбүн кыдырдык. Бара-бара ал жыйналыштардын саны 3 000ден ашты.

Алар «ушул жол» менен жүрүшкөн

Апам өз неберелеринин да толук убакыттагы кызматты башташканын көрүп кубанчу. Алсак, улуу эжем Эстердин кызы Кэрол 1953-жылы пионердик кызматты баштаган. Ал жолдошу Деннис Трумбор экөө азыркыга чейин пионердик кызматты аркалап келет. Эстердин дагы бир кызы Лоис жолдошу Уэнделл Женсен менен Гилат мектебинин 41-классын бүтүрүп, Нигерияда 15 жыл миссионер болуп кызмат кылышты. Марктын ата-энеси авиакырсыктан каза болгондо, аны Леонун эжеси Рут Ла Лонде менен жолдошу Кертисс багып алышкан. Марк жана жубайы Лавонн бир нече жыл пионердик кызматты аркалашып, төрт баланы чындык «жолунда» чоңойтушту (Ыш. 30:21).

Биртуугандарымдан азыр жалгыз Орлендин көзү тирүү. Ал азыр 90дон ашып калса да, Жахабага берилгендик менен кызмат кылып жатат. Ал эми жолдошум экөөбүз толук убакыттагы кызматты кубаныч менен улантуудабыз.

Апамдан калган мурас

Мен апамдын эң асыл буюмдарынын бирин — анын үстөлүн — сактап жүрөм. Ал үстөлдү үйлөнгөн күнү апама атам белек кылыптыр. Анын суурмаларынын биринде көптөгөн каттар жана Падышалык жөнүндө эң сонун күбөлөндүрүү болгон апамдын гезитке чыккан макалалары сакталып турат. Алардын айрымдары тээ 1900-жылдардын башында эле жазылган. Ошондой эле миссионер балдарынан келген апам үчүн абдан баалуу болгон каттар да бар. Мен ал каттарды кайра-кайра окуудан кубаныч алам. Анын бизге жазган бекемдээрлик каттары мага ар дайым күч-кайрат берип келет. Апамдын миссионер болом деген каалоосу орундалган жок. Бирок анын миссионердик кызматка болгон ынтасы бизге миссионер болууга түрткү берди. Мен ата-энем жана бардык биртуугандарым менен бейиште жолуга турган күндү чыдамсыздык менен күтүп келем (Аян 21:3, 4).

[Шилтемелер]

^ 13-абз. Кара: «Күзөт мунарасы», 1983-жыл, 15-июнь, 27—30-беттер, англ. Эмиль Х. Ван Даалендин өмүр баяны.

^ 24-абз. Кара: «Ойгонгула!», 1952-жыл, 22-июнь, 3, 4-бет, англ.

[17-беттеги сүрөт]

Эмилия Педерсон

[18-беттеги сүрөт]

1916-жыл, апам менен атам (колунда Марвин). Ылдыйкы катарда солдон оңго: Орлен, Эстер, Лилиан, Милдред

[19-беттеги сүрөт]

Лео менен Юнис авиакырсыкка кабылганга чейин

[20-беттеги сүрөт]

1950-жыл, өйдөкү катарда солдон оңго: Эстер, Милдред, Лилиан, Юнис, Рут. Ылдыйкы катарда: Орлен, апам, атам жана Марвин

[20-беттеги сүрөт]

Жорж менен Рут Паппас кыдыруучулук кызматта, 2001-жыл