Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Кудайдын... ырайымын» чагылдырып жатасыңбы?

«Кудайдын... ырайымын» чагылдырып жатасыңбы?

«Кудайдын... ырайымын» чагылдырып жатасыңбы?

«Биртуугандык сүйүүңөрдү назиктик менен көрсөткүлө. Бири-бириңерге урмат көрсөтүүдө демилгени колго алгыла» (РИМ. 12:10).

1. Кудайдын Сөзү бизди эмнеге ынандырат?

КУДАЙДЫН СӨЗҮ бизди көңүлүбүз чөгүп, жүрөгүбүз жараланып турганда Жахабанын сөзсүз жардамга келерине ынандырат. Мисалы, бул жубатарлык сөздөргө көңүл бурсаңар: «Теңир жыгылып бараткандарды сүйөйт, кулагандардын баарын тургузат». «Ал жүрөгү жаралангандарды айыктырат, аларды кайгысынан арылтат» (Заб. 144:14; 146:3). Андан тышкары, асмандагы Атабыз өзү: «Мен сенин Кудай-Теңириңмин. Сени оң колуңдан кармап, сага мындай дейм: „Коркпогун, Мен сага жардам берип жатам“»,— дейт (Ыш. 41:13).

2. Жахаба кызматчыларына кантип жардам берет?

2 Бирок көзгө көрүнбөгөн чөйрөдө жашаган Жахаба бизди кандайча «колубуздан» кармайт? Жан дүйнөбүз кыйналгандыктан «кулаганыбызда», ал бизди кантип тургузат? Жахаба Кудай бизге ар кандай жолдор менен колдоо көрсөтөт. Алсак, ал өз элине ыйык руху аркылуу «адаттан тышкаркы күч» берет (2 Кор. 4:7; Жкн. 14:16, 17). Ошондой эле Кудайдын кызматчылары анын рухунун жетеги менен жазылган Сөзүнөн, Ыйык Китептен, күч-кайрат алышат (Эвр. 4:12). Жахаба бизди дагы кантип бекемдейт? Бул суроонун жообун Петирдин биринчи катынан табабыз.

«Кудайдын ар кандай жолдор менен көрсөтүлгөн ырайымы»

3. а) Элчи Петир сыноолорго байланыштуу эмне деген? б) Петирдин биринчи катынын акыркы бөлүгүндө эмне талкууланат?

3 Элчи Петир рух менен майланган ишенимдештерине жазган катында аларды баа жеткис сыйлык күтүп турарын, андыктан аларда кубанууга чоң себеп бар экенин билдирген. Анан ал: «Азыр силерге ар кандай сыноолордон улам бир аз убакытка кайгырууга туура келет»,— деп кошумчалаган (1 Пет. 1:1—6). Бул жердеги «ар кандай» деген сөзгө көңүл бурсаңар. Ал сыноолордун ар түрдүү болорун көрсөтүп турат. Бирок Петир муну менен биртуугандардын ар кандай сыноолорду көтөрүп кете алар-албасын айтып, аларды тынчсыздандыргысы келген эмес. Тескерисинче, ал Исанын жолдоочулары кандай гана сыноолорго туш болушпасын, алардын баарын Жахабанын жардамы менен көтөрүп кете алышарына ынандырган. Петир бул бекемдээрлик сөздөрдү катынын аяк жагында, «бардык нерсенин аягына» байланыштуу нерселерди талкуулаганда, айткан (1 Пет. 4:7).

4. 1 Петир 4:10до жазылгандар бизди эмне себептен сооротот?

4 Петир мындай деген: «Кудайдын ар кандай жолдор менен көрсөтүлгөн ырайымынын жакшы башкаруучулары катары баарыңар Андан алган жөндөмүңөргө жараша бири-бириңерге кызмат кылгыла» (1 Пет. 4:10). Петир бул аятта да «ар кандай» деген сөздү колдонгон. Мындайча айтканда, ал: «Сыноолор ар кандай жолдор менен келет, бирок Кудайдын ырайымы да ошого жараша ар кандай жолдор менен көрсөтүлөт»,— деген. Бул билдирүү бизди эмне үчүн сооротот? Анткени ал, кандай гана сыноого кабылбайлы, дайыма Кудайдын ырайымы ошол сыноого жараша көрсөтүлөрүн, бизге аны көтөрүп кетүүгө жардам берерин айгинелеп турат. Бирок Петирдин айткандарынан Жахабанын ырайымы бизге кантип көрсөтүлөрүн байкадыңарбы? Кудайдын ырайымы бизге ишенимдештерибиз аркылуу көрсөтүлөт.

«Бири-бириңерге кызмат кылгыла»

5. а) Исанын ар бир жолдоочусу эмне кылышы керек? б) Буга байланыштуу кандай суроолор туулат?

5 Жыйналыштагылардын баарына Петир: «Баарынан мурда бири-бириңерди жан-дилиңер менен сүйгүлө»,— деп айткан. Анан сөзүн улап: «Баарыңар Андан алган жөндөмүңөргө [«белегиңерге», шилтеме] жараша бири-бириңерге кызмат кылгыла»,— деген (1 Пет. 4:8, 10). Демек, жыйналыштын ар бир мүчөсү ишенимдештерин бекемдөөгө умтулушу керек. Бизге Жахабага таандык болгон баалуу нерсе ишенип тапшырылган жана аны башкалар менен бөлүшүүгө милдеттүүбүз. Бизге эмне тапшырылган? Петир бизге «белек» берилгенин айткан. Ал эмне болгон белек эле? Бири-бирибизге кызмат кылууда аны кантип колдоно алабыз?

6. Исанын жолдоочуларына берилген белектердин айрымдары кайсылар?

6 Кудайдын Сөзүндө: «Жакшы, жеткилең белектердин баары жогорудан келет»,— деп айтылган (Жкп. 1:17). Ооба, Жахабанын өз элине берген белектеринин баары анын ырайымынын белгиси болуп эсептелет. Жахаба бизге берген өзгөчө белектердин бири — ыйык рух. Ал белектин аркасында сүйүү, жакшылык кылуучулук, жумшактык сыяктуу Кудайга жаккан сапаттарды өрчүтө алабыз. Мындай сапаттар бизге ишенимдештерибиз менен ынак мамиледе болууга жана аларга даярдуулук менен колдоо көрсөтүүгө түрткү берет. Чыныгы акылмандык менен билим да биз ыйык рухтун жардамы менен ээ болуп жаткан жакшы белектерге кирет (1 Кор. 2:10—16; Гал. 5:22, 23). Чынында, күчүбүздүн, шык-жөндөмдүүлүктөрүбүздүн баарын асмандагы Атабызды мактап-даңктоодо колдоно турган белектер катары көрсөк болот. Биз Кудайдын алдында жөндөмдүүлүктөрүбүздү, сапаттарыбызды ишенимдештерибиздин жыргалчылыгы үчүн колдонууга милдеттүүбүз. Мунун аркасында аларга Кудайдын ырайымы көрсөтүлгөн болот.

Белектерибизди кызмат кылууда кандайча колдоно алабыз?

7. а) «Жараша» деген сөз эмнени көрсөтүп турат? б) Өзүбүзгө кандай суроолорду берип көрүшүбүз керек жана эмне үчүн?

7 Бизге берилген белектерге байланыштуу Петир: «Алган жөндөмүңөргө [«белегиңерге», шилтеме] жараша... кызмат кылгыла»,— деп айткан. «Жараша» деген сөз адамдын шык-жөндөмдүүлүктөрү менен сапаттары табиятынан ар кандай болорун эле эмес, ар кандай өлчөмдө чагылдырыларын да көрсөтүп турат. Ошондой болсо да Петир ар бирибизди: «Белегиңерге жараша бири-бириңерге кызмат кылгыла»,— деп чакырган. Анын үстүнө, бул сөздөр буйрук иретинде айтылган. Ошондуктан өзүбүзгө төмөнкү суроолорду берип көрүшүбүз керек: «Мен чынында эле мага берилген белектерди ишенимдештеримди бекемдөө үчүн колдонуп жатамбы?» (Салыштыр: 1 Тиметей 5:9, 10). «Же Жахабадан алган шык-жөндөмдүүлүктөрүмдү көбүнчө өз кызыкчылыгым үчүн, балким, байлыкка же коомдо көрүнүктүү абалга ээ болуу үчүн колдонуп жатамбы?» (1 Кор. 4:7). Белектерибизди бири-бирибизге кызмат кылуу үчүн колдонсок, Жахабанын жактыруусуна ээ болобуз (Накыл 19:17; оку: Эврейлер 13:16).

8, 9. а) Исанын дүйнө жүзүндөгү жолдоочулары кандай жолдор менен ишенимдештеринин жыргалчылыгы үчүн кызмат кылышат? б) Жыйналышыңардагы биртуугандар бири-бирине кантип жардам көрсөтүшөт?

8 Кудайдын Сөзүндө Исанын биринчи кылымдагы жолдоочуларынын ар кандай жолдор менен бири-бирине кызмат кылгандыгы айтылып өтөт (Оку: Римдиктер 15:25, 26; 2 Тиметей 1:16—18). Ошол сымал, бүгүнкү күндө да Исанын чыныгы жолдоочулары белектерин ишенимдештеринин жыргалчылыгы үчүн колдонууга байланыштуу буйрукка чын дилден баш ийишүүдө. Муну алар кандай жолдор менен кылып жатышканын карап көрөлү.

9 Көптөгөн эркек биртуугандар жыйналыштын бөлүктөрүн даярдоого ай сайын бир нече саат жумшашат. Алардын жыйналыш жолугушууларында өз алдынча Ыйык Китепти изилдөөнүн аркасында тапкан баалуу ойлор менен бөлүшкөнү, жүрөккө жеткире айткан сөздөрү жыйналыштагылардын баарына туруктуу болууга түрткү берет (1 Тим. 5:17). Канчалаган биртуугандарыбыз ишенимдештерге көрсөткөн жылуу мамилеси, боорукердиги менен белгилүү (Рим. 12:15). Кээ бирөөлөр болсо көңүлү чөккөндөрдүн үйүнө дайыма барып, алар менен тиленишет (1 Тес. 5:14). Башкалар сыноолорду баштан кечирип жаткан биртуугандарды чын жүрөктөн жазылган каттары менен бекемдешет. Дагы бирөөлөр ден соолугу начар ишенимдештерибизге жыйналыш жолугушууларына барууга даярдуулук менен жардам беришет. Миңдеген Күбөлөр жабыр тарткандарга жардам берүү ишине катышып, ишенимдештерибиздин табигый кырсыктан улам зыянга учураган үйлөрүн оңдоого көмөктөшөт. Мындай камкор биртуугандардын сүйүү менен кылган мамилеси, иш жүзүндөгү жардамы «Кудайдын ар кандай жолдор менен көрсөтүлгөн ырайымынын» белгиси болуп саналат (Оку: 1 Петир 4:11).

Кайсынысы маанилүүрөөк?

10. а) Кудайга кызмат кылууда Пабыл кайсы эки тармакка өзгөчө көңүл бурган? б) Бүгүнкү күндө биз Пабылды кантип туурай алабыз?

10 Кудайдын кызматчыларына ишенимдештеринин пайдасы үчүн колдоно турган белектер эле эмес, башкаларга кабар айтуу тапшырмасы да берилген. Элчи Пабыл Жахабага кызмат кылууда ушул эки тармак тең маанилүү экенин жакшы түшүнгөн. Ал Эфестеги жыйналышка «Кудайдын ырайымына байланышкан башкаруу иши» ага алардын пайдасы үчүн тапшырылганын жазган (Эф. 3:2). Ошондой эле: «Кудай бизди сынап көрүп, жакшы кабарды жарыялоого жарактуу деп тапкан»,— деген (1 Тес. 2:4). Биз да, Пабылга окшоп, бизге Кудайдын Падышалыгынын жарчылары катары кызмат кылуу тапшырмасы берилгенин түшүнөбүз. Андыктан кабар айтуу ишине жигердүү катышуу менен жакшы кабарды талыкпастан жарыялаган Пабылды тууроого умтулабыз (Элч. 20:20, 21; 1 Кор. 11:1). Биз Падышалыктын кабарын жарыялоо адамдардын өмүрүн сактап кала аларын билебиз. Бирок ошол эле учурда, Пабылдан үлгү алып, ишенимдештерибиз менен «рухий белек менен бөлүшүүгө» мүмкүнчүлүк издейбиз (Оку: Римдиктер 1:11, 12; 10:13—15).

11. Кабар айтуу тапшырмасына жана биртуугандарды бекемдөөгө кандай карашыбыз керек?

11 Ишенимдештерибизге колдоо көрсөтүү маанилүүбү же Падышалык жөнүндөгү кабарды жарыялообу? Мындай суроо кайсы бир деңгээлде: «Чымчыктын эки канатынын кайсынысы маанилүүрөөк?» — дегенге эле окшош. Ооба, бул суроонун жообу айтпаса да түшүнүктүү. Учуш үчүн чымчыкка эки канаты тең керек. Ошо сыяктуу эле, Исанын жолдоочулары катары милдетибизди толугу менен аткара алышыбыз үчүн, Кудайга кылган кызматыбыздын бул эки тармагына тең катышышыбыз зарыл. Ошондуктан биз жакшы кабарды жарыялоо тапшырмасын жана ишенимдештерибизди бекемдөөнү эки бөлөк нерсе катары эсептебей, элчи Петир менен элчи Пабылдай болуп, аларды бири-бирин толуктап туруучу милдет катары көрөбүз. Муну кандай жолдор менен көрсөтөбүз?

12. Канткенде биз Жахабанын колундагы курал катары кызмат кыла алабыз?

12 Жарчылар катары биз Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү кубанычтуу кабарды айтууда окутуу чеберчилигин колдонуп, адамдардын жүрөгүн козгоого аракет кылабыз. Мындай кылуу менен аларга Машаяктын шакирти болууга жардам беребиз. Бирок ошол эле учурда Кудайдын ырайымынын көрсөтүлүшү болуп эсептелген шык-жөндөмдүүлүктөрүбүздү жана башка белектерибизди колдонуп, жагымдуу сөздөрүбүз, көрсөткөн жардамыбыз менен ишенимдештерибизди бекемдей алабыз (Накыл 3:27; 12:25). Ошентүү менен аларга Исанын шакирти бойдон калууга жардам берген болобуз. Эки учурда тең — адамдарга кабар айтууда жана ишенимдештерибизге кызмат кылууда — биз Жахабанын колундагы курал катары кызмат кылуу сыймыгына ээ болобуз (Гал. 6:10).

«Сүйүүңөрдү назиктик менен көрсөткүлө»

13. Бири-бирибизге кызмат кылбай калсак, мунун натыйжасы кандай болот?

13 Пабыл ишенимдештерин: «Биртуугандык сүйүүңөрдү назиктик менен көрсөткүлө. Бири-бириңерге урмат көрсөтүүдө демилгени колго алгыла»,— деп үндөгөн (Рим. 12:10). Биртуугандарга болгон назик сүйүү бизге Кудайдын ырайымын чагылдырып, аларга чын жүрөктөн кызмат кылууга түрткү берет. Эгерде Шайтан бири-бирибизге кызмат кылууга бөгөт коё алса, биримдигибизге доо кетерин жакшы түшүнөбүз (Кол. 3:14). Натыйжада биримдиктин жетишсиздиги кабар айтуу ишинде ынталуу болбой калышыбызга алып келмек. Шайтан, мындайча айтканда, уча албай калышыбыз үчүн канатыбыздын бирине эле зыян келтирүү жетиштүү экенин жакшы билет.

14. Бири-бирибизге кызмат кылуудан кимдер пайда алышат? Мисал келтир.

14 Бири-бирибизге кызмат кылуу Кудайдын ырайымынын чагылдырылышын көргөндөргө эле эмес, аны көрсөткөндөргө да пайда алып келет (Накыл 11:25). Мисалга Иллинойсто (АКШ) жашаган жубайлар Райен менен Ронини алалы. Алар «Катрина» бороон-чапкынынын айынан жүздөгөн ишенимдештеринин үйлөрү талкаланганын угуп-билишкен. Ошондуктан биртуугандык сүйүү аларга жумушунан бошонуп, үй-жайын калтырууга жана колдонулган авточиркеме сатып алып, аны жашаса болгудай кылып оңдоп, 1 400 километр алыс жайгашкан Луизиана штатына көчүп барууга түрткү берген. Ал жерде алар убактысын, күчүн, каражатын биртуугандарга жардам берүүгө жумшап, бир жылдан ашык убакыт жашашкан. «Жабыр тарткандарга жардам берүү ишине катышуу мени Кудайга көбүрөөк жакындатты,— дейт 29 жаштагы Райен.— Мен Жахабанын өз элине кандайча кам көрөрүн көрдүм». Ал минтип кошумчалайт: «Жашы улуураак биртуугандар менен бирге иштөөдөн ишенимдештерибизге кантип кам көрүү керектигине байланыштуу көп нерсеге үйрөндүм. Ошондой эле биз, жаштар, Жахабанын уюмунда көптү кылсак болорун түшүндүм». Ал эми 25 жаштагы Рони мындай дейт: «Мен башкаларга жардам бере алганыма абдан кубанычтамын. Өзүмдү буга чейин мынчалык бактылуу сезген эмесмин. Ал жактан көргөн-билгендеримдин кийин да пайдасы тиерине толук ишенем».

15. Кудайдын ырайымынын жакшы башкаруучулары катары кызмат кыла берүүгө бизде кандай жакшы себептер бар?

15 Чынында эле, жакшы кабарды таратууга жана ишенимдештерибизге колдоо көрсөтүүгө байланыштуу Кудайдын буйругуна баш ийүү баарыбызга пайда алып келет. Биз жардам берген биртуугандар рухий жактан бекемделет, өзүбүз болсо берүүнүн аркасында гана болуучу чоң кубанычка ээ болобуз (Элч. 20:35). Жыйналыштын ар бир мүчөсү бири-бирине чын дилден көңүл буруп, сүйүү көрсөткөндө, бүтүндөй жыйналышта жылуу маанай өкүм сүрөт. Андан тышкары, бири-бирибизге көрсөткөн сүйүүбүз менен ынактыгыбыз Исанын чыныгы жолдоочулары экенибизди далилдеп турат. Иса: «Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр, баары силердин менин шакирттерим экениңерди билишет»,— деп айткан (Жкн. 13:35). Баарынан маанилүүсү, мунун аркасында асмандагы камкор Атабыз Жахаба даңкталат, анткени ал жердеги кызматчыларынын муктаж болгон ишенимдештерин бекемдешин абдан каалайт. Андыктан белектерибизди «Кудайдын... ырайымынын жакшы башкаруучулары катары» бири-бирибизге кызмат кылууда колдонгонубуз кандай гана маанилүү! Сен мындан ары да ошенте бересиңби? (Оку: Эврейлер 6:10).

Эсиңердеби?

• Жахаба кызматчыларын кандай жолдор менен бекемдейт?

• Бизге эмне ишенип тапшырылган?

• Ишенимдештерибизге кызмат кылуунун айрым жолдору кайсылар?

• Белектерибизди бири-бирибизге кызмат кылуу үчүн колдонууга бизге эмне түрткү берет?

[Изилдөө суроолору]

[13-беттеги сүрөт]

«Белегиңди» башкаларга кызмат кылуу үчүн колдонуудасыңбы же өз пайдаң үчүнбү?

[15-беттеги сүрөт]

Биз башкаларга жакшы кабар айтабыз жана ишенимдештерибизге колдоо көрсөтөбүз

[16-беттеги сүрөт]

Жабыр тарткандарга жардам көрсөткөндөр жан аябастык рухун чагылдырганы үчүн мактоого татыктуу