Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Менин жолдоочум бол»

«Менин жолдоочум бол»

«Менин жолдоочум бол»

«Ким менин артымдан ээрчигиси келсе, өзүнөн баш тартып, жаза устунун күн сайын көтөрүп жүрсүн жана дайыма менин жолумду жолдосун» (ЛК. 9:23).

1, 2. а) Иса сүйүү менен эмне кылууга чакырган? б) Исанын чакырыгына сен кандай жооп кайтардың?

ЖЕРДЕГИ кызматынын аяк ченинде Иса Жүйүт аймагынын түндүк-чыгышында, Иордандын аркы өйүзүндөгү Перея деген аймакта, кабар айтып жүргөн. Ошондо ага бир жаш жигит келип, түбөлүк өмүргө ээ болуу үчүн эмне кылышы керектигин сурайт. Иса анын Мусанын мыйзамында жазылгандарды так аткарып жүргөнүн байкаганда, ага көпчүлүккө белгилүү болгон чакырык айтат. Ал: «Бар да, колуңда болгондун баарын сатып, кедей-кембагалдарга таратып бер. Ошондо асманда казынаң болот. Андан кийин келип, менин жолдоочум бол»,— дейт (Мр. 10:21). Ойлоп көрсөң, ал жигит Исанын — Эң Жогорку Кудайдын жалгыз Уулунун — жолун жолдоого чакырылган!

2 Ал жаш жигит Исанын чакырыгын четке каккан, бирок баары эле анткен эмес. Андан мурунураак Иса Филипке: «Менин жолдоочум бол»,— деген (Жкн. 1:43). Филип ал чакырыкты кабыл алып, кийинчерээк элчи болгон. Иса Матайды да өзүнүн жолун жолдоого чакырганда, ал макул болгон (Мт. 9:9; 10:2—4). Ырас, Иса адилдикти сүйгөндөрдүн баарына ушу сыяктуу эле чакырык айтып, мындай деген: «Ким менин артымдан ээрчигиси келсе, өзүнөн баш тартып, жаза устунун күн сайын көтөрүп жүрсүн жана дайыма менин жолумду жолдосун» (Лк. 9:23). Демек, чындап каалагандардын баары Исанын жолдоочусу боло алат. Силерде ошондой каалоо барбы? Көбүбүз Исанын сүйүү менен айткан чакырыгын кабыл алганбыз жана кабар таратуу менен ал чакырыкты башкаларга да жеткиребиз.

3. Исанын жолун жолдобой калбаш үчүн эмне кылганыбыз дурус?

3 Бирок, тилекке каршы, ыйык китептик чындыктарга кызыккандардын айрымдары изилдөөсүн токтотуп коюшат. Алар баштагыдай иш-аракет кылбай, бара-бара Исанын жолун жолдобой калышат (Эвр. 2:1). Биз менен да ушундай болуп калбашы үчүн эмне кылышыбыз керек? Ар бирибиз: «Исанын жолун жолдоону чечкенимдин эң негизги себеби эмнеде? Анын жолун жолдоо деген эмнени билдирет?» — деп ойлонуп көргөнүбүз дурус. Бул эки суроонун жообун дайым эстеп жүрсөк, өзүбүз тандаган эң жакшы жолдон чыкпоого ого бетер чечкиндүү болобуз. Ошондой эле бул бизге башкаларга Исанын жолун жолдоого түрткү берүүгө жардам берет.

Исаны эмне үчүн жолдойбуз?

4, 5. Эмне үчүн Иса Жолбашчы болууга жөндөмдүү?

4 Жеремия пайгамбар: «Теңир, мен адамдын жолу өзүнүн эркинде эмес экенин, өзүнүн бутуна багыт берүү бара жаткандын бийлигинде эмес экенин билем»,— деген (Жер. 10:23). Адамзаттын тарыхы бул сөздөрдүн калетсиз экенин тастыктап турат. Жеткилең эмес адамдардын өздөрүн ийгиликтүү башкара албай турганы барган сайын айкын болууда. Биз Исанын эң эле жөндөмдүү Жолбашчы экенин жана ага бир да киши тең келбей турганын билгендиктен, анын жолун жолдоону чечкенбиз. Келгиле, Исанын анын жолун жолдошубузга татыктуу экенин көрсөткөн айрым өзгөчөлүктөрүн карап көрөлү.

5 Биринчиден, Исаны Жолбашчы кылып Жахаба өзү дайындаган. Бизге кимди Жолбашчы кылып дайындоону Жаратканыбыздан артык ким билет? Экинчиден, Иса бизди суктандырган жана биз чагылдыра ала турган сапаттарга ээ (Оку: Ышайа 11:2, 3). Ал — биз үчүн жеткилең үлгү (1 Пет. 2:21). Үчүнчүдөн, Иса анын жолун жолдогондорго чын дилден кам көрөт. Ал муну биз үчүн өз өмүрүн бергени менен далилдеген (Оку: Жакан 10:14, 15). Ошондой эле бизге азыртадан эле бактылуу жашоо өткөрүүгө жардам берип, түбөлүк өмүргө жетектеп, өзүнүн камкор койчу экенин көрсөтүүдө (Жкн. 10:10, 11; Аян 7:16, 17). Ушул жана башка себептерден улам Исанын жолун жолдоону тандап акылдуу чечим чыгарганбыз. Анда Исанын жолун жолдоо деген эмнени билдирет?

6. Исанын жолун жолдоо деген эмнени билдирет?

6 Машаяктын жолун жолдоо деген өзүбүздү анын жолдоочуларыбыз деп атоодон да көптү билдирет. Бүгүнкү күндө эки миллиардга жакын киши өздөрүн Исанын жолдоочуларыбыз дегени менен, жасаган иштери алардын «мыйзамсыз иш кылгандар» экенин көрсөтүп турат (Оку: Матай 7:21—23). Биз Машаяктын жолун жолдогусу келгендерге Исанын чыныгы жолдоочулары күн сайын жашоосунун бардык тармагында анын окууларына жана үлгүсүнө карманышы керектигин түшүндүрүп беребиз. Бул эмнени билдирерин жакшыраак түшүнүү үчүн биз Иса тууралуу билген кээ бир нерселерди карап чыгалы.

Исадан үлгү алып, акылмандык көрсөт

7, 8. а) Акылмандык деген эмне жана эмне үчүн Иса абдан акылман болгон? б) Иса акылмандыкты кантип чагылдырган жана биз аны кантип туурай алабыз?

7 Иса көптөгөн сонун сапаттарды чагылдырган, бирок биз алардын төртөөнү эле: акылмандыгын, момундугун, ынталуулугун жана сүйүүсүн карап чыгабыз. Адегенде анын акылмандыгына — билимин жана түшүнүгүн иш жүзүндө колдонуу жөндөмдүүлүгүнө — токтололу. Элчи Пабыл: «Машаякта акылмандык менен билимдин бүт кенчи жашырылган»,— деп жазган (Кол. 2:3). Иса андай акылмандыкты кайдан алган? Ал өзү: «Атам кандай үйрөтсө, ошондой сүйлөйм»,— деген (Жкн. 8:28). Иса акылмандыкты Жахабадан алгандыктан, анын дайыма акылдуу чечим чыгарганы таң калыштуу эмес.

8 Маселен, Иса кандай жашоо өткөрүү керектигин тандоодо туура чечим чыгарган. Ал жөнөкөй жашоо өткөрүп, көңүлүн бир эле нерсеге — Кудайдын эркин аткарууга — бурган. Падышалыктын иштерин алдыга жылдыруу үчүн ал убактысын, күчүн акылдуулук менен колдонгон. Биз көзүбүздү «бир эле нерсеге багыттап», күчүбүздү алган жана алаксыткан анча маанилүү эмес иштер менен түйшүктөнбөсөк, Исаны туураган болобуз (Мт. 6:22). Исанын көптөгөн жолдоочулары кызматка көбүрөөк убакыт бөлүү үчүн кайсы бир жактардан жашоосун жөнөкөйлөтүшөт. Айрымдар пионер болуп кызмат кылышат. Эгер сен алардын бири болсоң, анда, чынында эле, мактоого татырлык иш жасап жатасың. Ооба, «биринчи кезекте Кудайдын падышалыгын... издесек», жашоодон кубаныч жана канааттануу алабыз (Мт. 6:33).

Исадай момун бол

9, 10. Иса момундугун кантип көрсөткөн?

9 Исанын биз карап чыга турган сапаттарынын дагы бири — анын момундугу. Жеткилең эмес адамдарга бийлик берилгенде, алар көп учурда текеберденип кетишет. Бирок Иса алардан кандай гана айырмаланган! Жахабанын ой-ниетинде өзгөчө роль ойносо да, Иса эч качан текеберденген эмес. Биз да бул жагынан аны тууроого чакырылабыз. Элчи Пабыл мындай деген: «Ой жүгүртүүңөр Машаяк Исаныкындай болсун. Анын бейнеси Кудайдыкындай болсо да, Кудайдын абалын ээлеп алуу, атап айтканда, аны менен тең болуу оюна да келген эмес. Тескерисинче, ал бардык нерсесин калтырган жана адамдарга окшош болуп, кул кейпин кийген» (Флп. 2:5—7). Бул сөздөр эмнени билдирет?

10 Иса зор артыкчылыкка — асманда Атасы менен болуу сыймыгына — ээ болсо да, даярдуулук менен «бардык нерсесин калтырган». Анын өмүрү жүйүт кыздын жатынына көчүрүлгөн. Ал энесинин жатынында тогуз ай өрчүп, карапайым жыгач устанын үйүндө алсыз ымыркай болуп төрөлгөн. Ошентип, Иса Жусуптун үйүндө чоңоё берген: басканды үйрөнгөн, эс тарткан, анан өспүрүм болгон. Ал күнөөсүз болгонуна карабай, жаш чагында жеткилеңсиз ата-энесине баш ийген (Лк. 2:51, 52). Иса кандай гана момун болгон!

11. Исанын момундугун кандай жолдор менен туурай алабыз?

11 Биз төмөн болгондой көрүнгөн тапшырмаларды даярдуулук менен аткарсак, Исанын момундугун чагылдырган болобуз. Мисалга жакшы кабар айтуу тапшырмасын алалы. Бул иш, өзгөчө, адамдар кабарыбызга кош көңүл караганда, шылдыңдаганда же каршы болгондо, анча маанилүү эместей көрүнүшү мүмкүн. Бирок кабар айтууну токтотпоо менен биз башкаларга Исанын жолун жолдоого жардам беребиз. Ошентип, адамдардын өмүрүн сактап калууга көмөк кылабыз (Оку: 2 Тиметей 4:1—5). Же Падышалык залын күтө билүүгө токтолуп көрөлү. Буга таштандыларды чыгаруу, пол жуу жана даараткананы тазалоо сыяктуу жөнөкөй иштерди аткаруу кирет. Ошентсе да биз Падышалык залын — таза сыйынуунун борборун — күтө билүү ыйык кызматыбыздын бир бөлүгү экенин түшүнөбүз. Анча маанилүү эместей көрүнгөн иштерди даярдуулук менен жасасак, момундук көрсөтөбүз жана Машаяктын изи менен баратканыбызды айгинелейбиз.

Исага окшоп, ынталуу бол

12, 13. а) Иса ынталуулугун кантип көрсөткөн жана ага эмне түрткү берген? б) Кабар айтууда ынталуу болууга бизге эмне түрткү берет?

12 Эми Исанын кызматтагы ынталуулугун карап көрөлү. Жерде жүргөндө ал көптөгөн иштерди аткарган. Башында, кыязы, асырап алган атасы Жусуп менен жыгач уста болуп иштеген. Ал эми кызмат кылып жүргөндө ал кереметтерди жасаган: оорулууларды айыктырган, өлгөндөрдү тирилткен. Бирок анын эң негизги иши жакшы кабарды жарыялоо жана анын сөздөрүнө кулак каккандарды окутуу болгон (Мт. 4:23). Анын жолдоочулары катары биз да ошол ишти аткарып жатабыз. Бул жагынан аны кантип туурай алабыз? Эң алды, биздин ниетибиз Исаныкындай болушу абзел.

13 Исага башкаларга кабар айтууга жана аларды окутууга биринчи кезекте Кудайга болгон сүйүүсү түрткү берген. Ошондой эле ал өзү окуткан чындыктарды да жакшы көргөн. Иса ал чындыктарды кымбат баалуу кенчтей көргөндүктөн, аны башкаларга айтууга куштар болгон. Окутуучулар же «насаатчылар» катары биз да чындыктарды жогору баалайбыз. Кудайдын Сөзүнөн билген баалуу чындыктардын айрымдары тууралуу эле ойлонуп көрөлү. Биз эгедерликке байланыштуу талаш маселени жана анын кантип чечилерин билебиз. Андан сырткары, Ыйык Жазманын өлгөндөрдүн абалына байланыштуу эмнеге окутарын жана Кудайдын жаңы дүйнөсүндө кандай баталар болорун жакшы билебиз. Ал чындыктарды билгенибизге аз болдубу же көппү, алар эч качан баалуулугун жоготпойт. Эскиби же жаңыбы, алар, чынында эле, кымбат баалуу кенч болуп эсептелет (Оку: Матай 13:52). Кабар айтууда ынтызар болуу менен башкаларга Жахаба окутуп жаткан нерселерди сүйөрүбүздү көрсөтөбүз.

14. Башкаларды окутууда Исаны кантип туурай алабыз?

14 Исанын кантип окутканына да көңүл буралы. Ал дайыма угуучуларынын көңүлүн Ыйык Жазмага бурган. Кандайдыр бир маанилүү нерсе жөнүндө сөз кылганда ал: «Деп жазылган»,— деп көп айтчу (Мт. 4:4; 21:13). Ыйык Китепте жазылган сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, ал түз же кыйыр түрдө Эврей Жазмаларындагы китептердин жарымынан көбүнөн цитата келтирген. Исага окшоп, биз да кызматта адамдардын көңүлүн Ыйык Китепке бурабыз жана ыңгайы келгенде, дайым анын өзүнөн окуп берүүгө умтулабыз. Ошентүү менен биз жүрөгү таза адамдарга өзүбүздүн эмес, Кудайдын ойлорун айтып жатканыбызды түшүнүүгө жардам беребиз. Кимдир бирөө Кудайдын Сөзүнөн аят окуп беришибизге жана анын баалуулугу, мааниси тууралуу маектешүүгө макул болгондо, биз кандай гана сүйүнөбүз! Ал эми андай кишилер Исанын жолун жолдоону чечкенде, кубанычыбыз ого бетер артат.

Исанын жолун жолдоо башкаларды сүйүүнү билдирет

15. Исанын эң көрүнүктүү сапаты кайсы жана ал тууралуу ой жүгүртүү бизге кандай таасир этет?

15 Акырында Исанын жүрөк козгоорлук дагы бир сапатына — адамдарга болгон сүйүүсүнө — токтолуп өтөлү. Элчи Пабыл: «Бизге түрткү берген күч — Машаяктын сүйүүсү»,— деп жазган (2 Кор. 5:14). Исанын жалпы адамзатка жана жеке ар бирибизге көрсөткөн сүйүүсү тууралуу ой жүгүртүү жүрөгүбүздү козгоп, анын жолун жолдоого түрткү берет.

16, 17. Иса башкаларга болгон сүйүүсүн кандай жолдор менен көрсөткөн?

16 Иса башкаларга болгон сүйүүсүн кантип көрсөткөн? Адамзаттын жыргалчылыгы үчүн даярдуулук менен өз өмүрүн бергени — анын сүйүүсүнүн эң чоң далили (Жкн. 15:13). Анткен менен кызмат кылып жүргөндө Иса сүйүүсүн башка жолдор менен да көрсөткөн. Алсак, ал азап тарткандарга боору ачыган. Мариямдын жана анын жанындагылардын Лазарды жоктоп күйүт тартып жатканын көргөндө Иса абдан кайгырган. Анын жүрөгү ушунчалык сыздагандыктан, Лазарды тирилтерин билсе да, «көзүнө жаш алган» (Жкн. 11:32—35).

17 Кызматынын башында Исага пес оорулуу бир киши келип: «Кааласаң эле мени айыктыра аласың»,— деген. Иса ага кандай жооп кайтарган? Жазмада Исанын ага «боору ооруганы» айтылат. Анан ал таң калыштуу бир нерсе кылган. Ыйык Китепте андан ары мындай делет: «[Иса] ага колун тийгизди да: „Каалайм. Айык“,— деди. Ал ошол замат пес оорусунан айыгып, таза болуп калды». Мусанын мыйзамы боюнча, пес оорулуулар таза эмес деп эсептелген. Анын үстүнө, Иса аны ага колун тийгизбей эле айыктыра алмак. Бирок пес оорулуу кишиге колун тийгизүү менен Иса ага кимдир бирөөнүн колун тийгизгенин сезүүгө мүмкүнчүлүк берген; балким, ал бир нече жылдан бери андайды сезип көргөн эместир. Иса боорукердикти кандай гана назиктик менен көрсөткөн! (Мр. 1:40—42).

18. Канткенде башкаларга «боор ооруу менен мамиле кылабыз»?

18 Машаяктын жолдоочулары катары биз башкаларга «боор ооруу менен мамиле кылып», сүйүү көрсөтүүгө чакырылабыз (1 Пет. 3:8). Өнөкөт оорудан же өтүшүп кеткен депрессиядан улам кыйналып жүргөн ишенимдешибиздин сезимдерин түшүнүү, айрыкча, өзүбүз эч качан андайды баштан өткөрбөсөк, кыйынга турушу мүмкүн. Бирок Иса өзү эч качан оорубаса да, ооругандардын абалын түшүнө билген. Канткенде биз да Исадай боорукер боло алабыз? Ал үчүн кыйналып жүргөн биртууганды, ички сезимдери менен бөлүшүп жатканда, кунт коюп укканыбыз маанилүү. Ошондой эле: «Эгер мен анын ордунда болсом, өзүмдү кандай сезет элем?» — деп ойлонуп көргөнүбүз дурус. Эгерде башкалардын сезимдерин түшүнүүгө аракет кылсак, «көңүлү чөккөндөрдү соорото» алабыз (1 Тес. 5:14). Ошентүү менен Исанын жолун жолдойбуз.

19. Исанын үлгүсү бизге кандай таасир этет?

19 Иса Машаяктын сөздөрү, иштери жөнүндө изилдөөнүн аркасында биз жүрөк толкуткан көп нерселерди биле алабыз. Ал жөнүндө канчалык көп билген сайын, ошончолук аны туурагыбыз жана башкаларга да аны тууроого жардам бергибиз келет. Анда эмесе, келгиле, Кудайдын Падышалыгынын Падышасы Исанын жолун жолдоп, азыр жана түбөлүккө кубаныч ала берели!

Түшүндүрө аласыңарбы?

• Канткенде биз, Исадай болуп, акылмандык көрсөтөбүз?

• Момундукту кандай жолдор менен көрсөтө алабыз?

• Бизге кызматта ынталуу болууга эмне жардам берет?

• Башкаларга сүйүү көрсөтүүдө Исаны кантип туурай алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[5-беттеги сүрөт]

МАШАЯКТЫ ТУУРООГО ЖАРДАМ БЕРЕ ТУРГАН КИТЕП

2007-жылдагы облустук жыйында 192 беттүү «Менин жолдоочум бол» (ор.) деп аталган китептин чыкканы жарыяланган. Бул адабият көңүлүбүздү Исага, өзгөчө, анын сапаттарына жана жасаган иштерине буруу максатында чыгарылган. Китептин алгачкы эки бөлүмүнөн кийин биринчи бөлүктө Исанын көрүнүктүү сапаттары, алсак, момундугу, кайраттуулугу, акылмандыгы, тил алчаактыгы жана туруктуулугу өз-өзүнчө каралат.

Ал эми андан кийинки бөлүктөрүндө Исанын окутуудагы, жакшы кабар таратуудагы иштери жана кандай жолдор менен сүйүү көрсөткөнү жөнүндө айтылат. Китептин башынан аягына чейин Исаны кантип туурасак болоруна өзгөчө басым жасалат.

Бул китеп баарыбызга өзүбүздү текшерип: «Мен Исанын жолун чынында эле жолдоп жатамбы? Анын жолун канткенде дагы жакшыраак жолдой алам?» — деп ойлонуп көрүүгө түрткү берерине ишенебиз. Ошондой эле ал «түбөлүк өмүргө карата туура көзкарашта болгондордун баарына» Машаяктын жолдоочусу болууга жардам берери шексиз (Элч. 13:48).

[4-беттеги сүрөт]

Иса жерге келүүгө жана адам болуп төрөлүүгө макул болгон. Ал үчүн кайсы сапат талап кылынган?

[6-беттеги сүрөт]

Кызматта ынталуу болууга бизге эмне түрткү берет?

[5-беттеги сүрөт]

«ПРИХОДИ И СЛЕДУЙ ЗА МНОЙ»