Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мына, Жахабанын жакшы көргөн кулу!

Мына, Жахабанын жакшы көргөн кулу!

Мына, Жахабанын жакшы көргөн кулу!

«Мына, Менин Кулум... Аны Менин жаным жакшы көрөт» (ЫШ. 42:1).

1. Эскерүү кечеси жакындап калгандыктан, Жахабанын эли эмнеге чакырылат жана эмне себептен?

МАШАЯКТЫН өлүмүн эскерүү күнү жакындап калгандыктан, Кудайдын эли элчи Пабылдын: «Ишенимибиздин башчысы жана аны жеткилең кылуучу Исадан көзүбүздү албайлы»,— деген кеңешине ылайык иш кылууга чакырылат. Пабыл андан ары: «Чарчап, алдан тайып калбашыңар үчүн, өздөрүнө эле зыян алып келген күнөөкөрлөрдүн каршы айткан сөздөрүнө туруктуулук менен чыдаган Иса жөнүндө терең ойлонгула»,— деп кеңеш кылган (Эвр. 12:2, 3). Машаяктын жердеги жашоосунда көрсөткөн ишенимдүүлүгү жана өз өмүрүн курмандык катары бергени тууралуу терең ойлонуу анын майланган жолдоочуларына да, алардын шериктери башка койлорго да Жахабага ишенимдүү кызмат кылууга жана алдан тайып калбоого жардам берет (Салыштыр: Галатиялыктар 6:9).

2. Ышаянын Кудайдын Уулуна байланыштуу пайгамбарлыктарынан эмнелерди биле алабыз?

2 Жахаба Ышая пайгамбар аркылуу өзүнүн Уулуна түзмө-түз байланышы бар маанилүү пайгамбарлыктарды айткан. Ал пайгамбарлыктар «ишенимибиздин башчысы жана аны жеткилең кылуучу Исадан көзүбүздү албоого» жардам берет *. Аларда Машаяктын сапаттары, анын азап чегери, Падышабыз жана Куткаруучубуз катары даңазаланары айтылган. Ошондой эле ал пайгамбарлыктар Эскерүү кечесинин маанилүүлүгүн түшүнүүгө көмөк кылат. Бул жылы Эскерүү кечеси 9-апрелде, бейшемби күнү, күн баткандан кийин өткөрүлөт.

Кулдун ким экени аныкталган

3, 4. а) Ышайа китебинде «кул» деген сөз кимдерге карата колдонулган? б) Ышайа китебинин 42, 49, 50, 52 жана 53-бөлүмдөрүндө айтылган Кулдун ким экени Ыйык Китептин өзүндө кандайча ачылып берилет?

3 Ышайа китебинде «кул» деген сөз көп жолу кездешет. Кээде ал сөз пайгамбардын өзүнө карата айтылат (Ыш. 20:3; 44:26). Айрым учурда болсо Жакыпка, тагыраак айтканда, бүтүндөй ысрайыл элине карата колдонулат (Ыш. 41:8, 9; 44:1, 2, 21). Ал эми 42, 49, 50, 52 жана 53-бөлүмдөрдөгү Кул тууралуу пайгамбарлыктар кимге тиешелүү? Бул бөлүмдөрдө сөз кылынган Кулдун ким экени Грек Жазмаларында ачык-айкын көрсөтүлөт. Кызыктуусу, Элчилер китебинде айтылган эфиопиялык төрөгө жакшы кабар таратуучу Филип ыйык рух аркылуу жиберилгенде, ал Ышаянын пайгамбарлыктарынын бирин окуп жаткан эле. Ал окуганын (бүгүнкү күндө Ышайа 53:7, 8-аяттар) түшүнө албай, Филипке: «Суранам, айтчы, пайгамбар бул жерде ким тууралуу айтып жатат? Өзү жөнүндөбү же башка бирөө жөнүндөбү?» — деп кайрылган. Филип Ышаянын ал пайгамбарлыгы Иса Машаякка тиешелүү экенин дароо эле түшүндүрүп берген (Элч. 8:26—35).

4 «Ымыркай Исаны» көргөн Шымон аттуу бир адил киши да ыйык рухтун жетеги менен, Ышайа 42:6да жана 49:6да алдын ала айтылгандай, Исанын «элдерди каптап турган караңгылыкты жок кылуучу жарык» болорун айткан (Лк. 2:25—32). Андан сырткары, Ышайа 50:6—9-аяттарда Исанын өлөр алдындагы түнү басынтылары пайгамбарлык кылынган (Мт. 26:67; Лк. 22:63). Б.з. 33-жылы болуп өткөн Элүүнчү күн майрамынан кийин элчи Петир дагы Исаны Жахабанын Кулу, башкача айтканда, «Кызматчысы» экенин айкын көрсөткөн (Ыш. 52:13; 53:11; оку: Элчилер 3:13, 26). Машаякка тиешелүү ал пайгамбарлыктарды карап чыгуу биз үчүн эмнеси менен пайдалуу?

Кул Жахабанын өзүнөн таалим алат

5. Кул кимден таалим алган?

5 Ышайа китебиндеги Кудайдын Кулуна тиешелүү пайгамбарлыктардын биринде Исанын жерге келгенге чейин Атасы менен ынак мамиледе болгону айтылат (Оку: Ышайа 50:4—9). Кулдун: «Ал... Мен шакиртке окшоп угушум үчүн, кулагымды ойготот»,— деген сөздөрүнөн Жахаба аны дайыма окутуп турганын билүүгө болот (Ыш. 50:4). Ошол убакыт бою Кул Атасын угуп, андан көп нерселерге үйрөнүп, анын тил алчаак шакирти болгон. Кул ааламдын Жаратканынын өзүнөн таалим алган. Бул кандай гана чоң артыкчылык!

6. Кулдун бардык жагынан Атасына баш иерин эмнеден көрүүгө болот?

6 Ушул эле пайгамбарлыкта Кул Атасын «Кудай-Теңир» деп атап, анын ээлеген абалын — Ааламдын Эгедери — экенин кабыл аларын көрсөткөн. Атасына бардык жагынан баш иери анын: «Кудай-Теңир Менин кулагымды ачты, Мен каршылык кылган жокмун, артка кетенчиктеген жокмун»,— деген сөздөрүнөн көрүнүп турат (Ыш. 50:5). Жахаба ааламды жана адам баласын жаратып жатканда, Кул «Анын жанында сүрөтчү болгон». Ошол убак тууралуу ал «сүрөтчү»: «Анын [Жахабанын] алдында ар дайым кубанып турчумун. Анын жараткан жер шарында кубанып турчумун, менин кубанычым адам баласы менен бирге болгон»,— деген (Накыл 8:22—31).

7. Сыноолорго туш болгондо Кулдун Атасынын колдоосуна шектенбегенин эмнеден көрүүгө болот?

7 Кулдун алган таалими жана адамзатка болгон назик сүйүүсү ага жерге келгенде жана катуу каршылыктарга дуушар болгондо баарын көтөрүүгө жардам берген. Иса катуу куугунтуктарга туш болгондо да, Атасынын эркин аткаруудан кубаныч ала берген (Заб. 39:9; Мт. 26:42; Жкн. 6:38). Жерде жүргөндө, кандай гана сыноолорго туш болбосун, ал Атасынын жактыруусуна жана колдоосуна ээ экенине эч качан күмөн санаган эмес. Ышаянын пайгамбарлыгында Иса тууралуу: «Мени актоочу жакын: Мени менен ким тартышкысы келет?.. Кудай-Теңир Мага жардам берип жатат»,— деп айтылган (Ыш. 50:8, 9). Ышаянын дагы бир пайгамбарлыгында көрсөтүлгөндөй, Жахаба өзүнүн ишенимдүү Кулуна жердеги кызматын аткарууга көмөк кылган.

Кулдун жердеги кызматы

8. Ышайа 42:1де айтылган Жахабанын «тандап алганы» Иса экенин эмнеден көрүүгө болот?

8 Б.з. 29-жылы Иса чөмүлтүлгөндө кандай окуя болгону Ыйык Китепте мындайча баяндалат: «Ыйык рух... анын үстүнө түштү. Ошондо асмандан: „Сен менин сүйүктүү Уулумсуң. Мен сени колдойм“,— деген үн угулду» (Лк. 3:21, 22). Муну менен Жахаба Ышайа китебинде айтылган өзүнүн «тандап алганы» ким экенин айкын көрсөткөн (Оку: Ышайа 42:1—7). Исанын жердеги кызматынан ал пайгамбарлыктын көрүнүктүү түрдө аткарылганын көрүүгө болот. Матай дагы өзүнүн Инжилинде Ышайа 42:1—4-аяттарынан цитата келтирип, ал сөздөрдүн Исага тиешелүү экенин айткан (Мт. 12:15—21).

9, 10. а) Ышайа 42:3төгү Исага тиешелүү пайгамбарлык кандайча аткарылган? б) Машаяк жерде жүргөндө сотту кандайча «чындык боюнча жүргүзгөн» жана ал «жер үстүндө акыйкаттыкты» качан орнотот?

9 Исанын күндөрүндө жүйүт эли диний жетекчилер тарабынан басынтылып келген (Жкн. 7:47—49). Орой мамилеге туш болуп келген эл «чала сынган камышка» же «түтөп жаткан чырактын билигине» окшош эле. Диний жетекчилерден айырмаланып, Иса кедей-кембагалдарга, кыйналгандарга боор ооруу менен мамиле кылган (Мт. 9:35, 36). Ал андай адамдарды: «Мээнеттенгендер жана түйшүк тарткандар, баарыңар мага келгиле. Мен силерди сергитем»,— деп чакырган (Мт. 11:28). Андан тышкары, Иса Жахабанын эмне туура, эмне туура эмес экенине байланыштуу нормаларына ылайык окутуу менен «сотту чындык боюнча жүргүзгөн» (Ыш. 42:3). Иса Кудайдын Мыйзамы эстүүлүк жана кайрымдуулук менен бирге аткарылышы керек экенин баса белгилеген (Мт. 23:23). Ал «сотту чындык боюнча жүргүзөрүн» жакшы кабарды адамдардын баарына — байларга да, кедейлерге да — айтуу менен көрсөткөн (Мт. 11:5; Лк. 18:18—23).

10 Ышаянын пайгамбарлыгында Жахабанын «тандап алганы» «жер үстүндө акыйкаттык орнотору» да алдын ала айтылган (Ыш. 42:4). Иса жакында өзү башкарган Падышалыктын Падышасы катары жердеги бардык бийликтерди жок кылып, өзүнүн адилеттүү башкаруусун орнотот. Анын башкаруусу астында «адилдик өкүм сүрөт» (2 Пет. 3:13; Дан. 2:44).

«Жарык» жана «Келишим»

11. Иса биринчи кылымда кандай мааниде «элдер үчүн жарык» болгон жана кандайча ал бүгүнкү күндө да «элдер үчүн жарык»?

11 Ышайа 42:6да айтылгандай, Иса «бутпарастар үчүн жарык» болгон. Жерде кызмат кылып жүргөндө ал рухий жарыкты биринчи кезекте жүйүттөргө алып келген (Мт. 15:24; Элч. 3:26). Бирок Иса: «Мен дүйнөнүн жарыгымын»,— деп айткан (Жкн. 8:12). Ал жүйүттөргө да, башка элдерге да рухий билим берүү менен эле эмес, өзүнүн жеткилең өмүрүн бүткүл адамзат үчүн кун катары берүү менен да «жарык» болгон (Мт. 20:28). Тирилтилгенден кийин Иса шакирттерине «жердин учу-кыйырына чейин» анын күбөлөрү болушун буйруган (Элч. 1:8). Пабыл менен Барнаба «элдер үчүн жарык» тууралуу пайгамбарлыктын алардын жүйүт эместердин арасында аткарып жаткан кабар айтуу иши менен байланышы бар экенин айтышкан (Элч. 13:46—48; салыштыр: Ышайа 49:6). Бул ишти азыркы күнгө чейин Исанын жердеги майланган биртуугандары менен алардын шериктери бардык элдерге рухий жарыкты жеткирип, аларга «элдер үчүн жарык» болгон Исага ишенүүгө жардам берүү менен улантып жатышат.

12. Жахаба кандайча өзүнүн Кулун элдерге «келишим» катары берген?

12 Ошол эле пайгамбарлыкта Жахаба өзүнүн тандап алган Кулуна: «Сени сактап жүрөм, Сени эл үчүн келишим кылып коём»,— деп айтканы жазылат (Ыш. 42:6). Иса жердеги кызматын аягына чыгара албай калыш үчүн, Шайтан аны жок кылууга болушунча күч жумшаган. Бирок Жахаба Исанын өлө турган убагы келгенге чейин аны коргогон (Мт. 2:13; Жкн. 7:30). Иса өлгөндөн кийин Жахаба аны тирилтип, аны элдерге «келишим» же убада катары берген. Ал убада Кудайдын ишенимдүү Кулунун андан ары да «бутпарастар үчүн жарык» болуп, рухий караңгылыкта жүргөндөрдү эркиндикке чыгара берерине кепилдик болгон (Оку: Ышайа 49:8, 9) *.

13. Иса «караңгыда отургандарды» кандайча бошоткон жана дагы деле ал ишти кандайча улантууда?

13 Ал убадага ылайык, Жахабанын тандап алган Кулу «сокурлардын көзүн ачып», «туткундарды камактан чыгарып», «караңгыда отургандарды» бошотмок (Ыш. 42:7). Буларды Иса жерде жүргөндө жалган диндин каада-салттарын ашкерелеп, Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялоо менен аткарган (Мт. 15:3; Лк. 8:1). Ошентип, ал жүйүттөрдөн чыккан шакирттерин рухий кулчулуктан бошоткон (Жкн. 8:31, 32). Иса азыркы күндө да миллиондогон жүйүт эместерди рухий жактан эркиндикке чыгарууда. Ал өзүнүн жолдоочуларына «бардык элдерден шакирт даярдоону» буйруп, алар менен «дүйнө түзүлүшү аяктаганга чейин» болорун убадалаган (Мт. 28:19, 20). Учурда Иса Машаяк асмандан бүткүл дүйнө жүзү боюнча жүргүзүлүп жаткан кабар айтуу ишин көзөмөлдөөдө.

Жахаба «Кулун» жогору көтөрөт

14, 15. Жахаба өзүнүн Кулун кандайча жогору көтөргөн жана эмне үчүн?

14 Дагы бир пайгамбарлыкта Жахаба өзүнүн майланган Кулу жөнүндө: «Менин кулум ийгиликке жетишет, көтөрүлөт, көкөлөйт, даңазаланат!» — деп айткан (Ыш. 52:13). Иса Жахабанын эгедерлигин берилгендик менен жактап, абдан оор сыноолордо да ага ишенимдүү бойдон калганы үчүн, Атасы аны даңазалаган.

15 Элчи Петир Иса жөнүндө: «Асманга көтөрүлгөндөн кийин Машаяк Кудайдын оң жагына отурган. Кудай ага периштелерди, бийликтерди жана күчтөрдү баш ийдирген»,— деп жазган (1 Пет. 3:22). Элчи Пабыл да мындай деген: «Ал... өзүн басынткан жана өлгөнгө чейин, жаза устунунда өлгөнгө чейин тил алчаак болгон. Ошондуктан Кудай аны ого бетер жогорулатып, ага бардык ысымдардан жогору турган ысым берди. Исанын ысмынын алдында асмандагылардын, жердегилердин жана жер астындагылардын баары тизе бүгүшү үчүн жана ар бир адам Иса Машаяктын Мырзабыз экенин ачык таанып, Кудай Атабыз даңкталышы үчүн ошондой болду» (Флп. 2:8—11).

16. Иса 1914-жылы кандайча мурункудан да жогору көтөрүлүп «даңазаланган» жана ошондон тартып эмне кылууда?

16 1914-жылы Жахаба Исаны падыша кылып дайындап, аны мурункудан да жогору көтөрүп «даңазалаган» (Заб. 2:6; Дан. 7:13, 14). Ошондон тартып Машаяк душмандарынын арасында бийлик жүргүзө баштаган (Заб. 109:2). Алды менен ал Шайтанды жана анын жин-перилерин жердин айланасына кууп түшүргөн (Аян 12:7—12). Андан соң Машаяк Улуу Кореш катары өзүнүн жердеги майланган биртуугандарынын калдыгын «Улуу Бабылдын» кулчулугунан бошоткон (Аян 18:2; Ыш. 44:28). Ал эми бүгүнкү күндө ал бүткүл дүйнөлүк кабар айтуу ишин жетектеп, калган рухий биртуугандарын жана аларга берилгендик менен колдоо көрсөтүп жаткан миллиондогон «башка койлорду» чогултууда (Аян 12:17; Жкн. 10:16; Лк. 12:32).

17. Ышаянын «Кулга» тиешелүү пайгамбарлыктарынан эмнелерди билдик?

17 Ышайа китебинде жазылган бул пайгамбарлыктарды изилдеп чыгуу бизге Падышабыз жана Куткаруучубуз Иса Машаякка болгон ыраазычылыгыбызды арттырганы шексиз. Биз анын жерге келгенге чейин Атасынан алган таалим-насаатын жердеги кызматында, тил алчаак уул катары, толугу менен колдонгонун көрдүк. Андан сырткары, ал кызматы менен жана азыркы күнгө чейин кабар айтуу ишин көзөмөлдөп жатканы менен өзүнүн «элдер үчүн жарык» экенин көрсөткөнүн билдик. Кийинки макалада болсо Жахабанын майланган Кулу биз үчүн азап тартып, өз өмүрүн берери тууралуу алдын ала айтылган дагы башка пайгамбарлыктарды карап чыгабыз. Эскерүү кечеси жакындап келаткандыктан, алар жөнүндө «терең ойлонуу» абдан маанилүү (Эвр. 12:2, 3).

[Шилтемелер]

^ 2-абз. Бул пайгамбарлыктар Ышайа 42:1—7; 49:1—12; 50:4—9 жана 52:13—53:12-аяттарда жазылган.

^ 12-абз. Ышайа 49:1—12-аяттарындагы пайгамбарлык тууралуу көбүрөөк маалымат алуу үчүн «Ышайанын пайгамбарлыгы — бүт адамзат үчүн жарык» (ор.) аттуу китептин 2-томунун 136—145-беттерин карагыла.

Кайталоо үчүн суроолор

• Ышаянын пайгамбарлыгында айтылган «Кул» ким жана муну кайдан билебиз?

• Кул Жахабадан кандай таалим алган?

• Иса кандайча «элдер үчүн жарык»?

• Кул кандайча даңазаланган?

[Изилдөө суроолору]

[21-беттеги сүрөт]

Филип Ышая айткан «Кул» Иса Машаяк экенин дароо эле айта алган

[23-беттеги сүрөт]

Жахабанын Кулу кедей-кембагалдарга жана кыйналгандарга боор орууган

[24-беттеги сүрөт]

Жахаба Исаны жогору көтөрүп, падышалык такка отургузган