Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Шакирт даярдоо ишине катышуудан кубаныч ал

Шакирт даярдоо ишине катышуудан кубаныч ал

Шакирт даярдоо ишине катышуудан кубаныч ал

«Ошондуктан баргыла да... шакирт даярдагыла» (МТ. 28:19).

1—3. а) Көптөр ыйык китептик изилдөө өткөрүүгө кандай карашат? б) Биз кайсы суроолорду карап чыгабыз?

«МЕН акыркы он бир жуманын ичинде Пакистандан келген бир үй-бүлө менен Ыйык Китепти изилдедим»,— деп жазган Кошмо Штаттарда хинди тилиндеги топто кызмат кылып жаткан бир эже. «Мунун аркасында биз ынак достордон болуп калдык,— деп сөзүн улайт ал.— Ал үй-бүлөнүн жакында кайра Пакистанга кетерин ойлосом, көзүмө жаш тегеренет. Бирок мен алар менен коштошууга туура келгендиктен эле эмес, аларга Жахаба жөнүндө билим алууга жардам берип кубангандыктан да көзүмө жаш алып жатам».

2 Сенин да, бул биртуугандай болуп, кимдир бирөө менен Ыйык Китепти изилдөөдөн кубаныч тапкан учуруң болду беле? Иса жана анын биринчи кылымдагы жолдоочулары шакирт даярдоо ишине катышуудан чоң кубаныч алышкан. Иса өзү үйрөткөн 70 шакирти кабардан кубаныч менен кайтып келишкенде, ал да «ыйык рухка толуп, кубанган» (Лк. 10:17—21). Ошо сыяктуу эле, бүгүнкү күндө көптөр шакирт даярдоодон зор кубаныч алууда. Алсак, 2007-жылы күжүрмөн эмгектенген, кубанычтуу кызмат кылган жарчылар ай сайын орто эсеп менен алты жарым миллион ыйык китептик изилдөө өткөрүшкөн!

3 Анткен менен азыркы учурда кээ бир жарчылар ыйык китептик изилдөө өткөрүшпөйт. Башкалары, балким, бир нече жылдан бери изилдөө өткөрө электир. Ыйык китептик изилдөө өткөрүүгө эмнелер тоскоолдук кылышы мүмкүн? Ал тоскоолдуктарды кантип жеңсек болот? Исанын: «Баргыла да... шакирт даярдагыла»,— деген буйругуна ылайык иш кылуу үчүн колубуздан келгенди кылсак, кандай пайдаларды алабыз? (Мт. 28:19).

Кубаныч алууга тоскоолдук кылган нерселер

4, 5. а) Дүйнөнүн айрым бөлүктөрүндө көптөр кабарды кандай кабыл алышат? б) Башка жактарда жарчылар кандай кыйынчылыктарга туш болушат?

4 Дүйнөнүн айрым бөлүктөрүндө адамдар адабияттарыбызды сүйүнүп кабыл алып, биз менен Ыйык Китепти изилдөөгө макул болушат. Замбияда убактылуу кызмат кылып келген австралиялык жубайлар мындай деп жазат: «Замбия жөнүндө айтылгандар чын болуп чыкты. Ал жер аябагандай жемиштүү аймак экен. Көчөдө кабар айтуу ушунчалык жагымдуу! Адамдар өздөрү бизге кайрылып, атүгүл кээ бирөөлөр журналдардын кайсы бир сандарын сурап жатышты». Былтыр Замбиядагы биртуугандар 200 000ден ашуун ыйык китептик изилдөө өткөрүшкөн, башкача айтканда, ар бир жарчы орто эсеп менен бирден көп изилдөө өткөргөн.

5 Бирок башка жерлерде жарчыларга адабият таратуу жана ыйык китептик изилдөөнү үзгүлтүксүз өткөрүү кыйынга турат. Эмне үчүн? Көбүнчө адамдарды үйүнөн жолуктуруу оңой эмес, үйүндө болгондору болсо дин жөнүндө сүйлөшүүнү каалабашы ыктымал. Анткени алар эч кайсы динди тутпаган үй-бүлөдө чоңоюшу мүмкүн же жалган диндин эки жүздүүлүгүнөн улам динден көңүлү калышы этимал. Көптөр жалган диний жетекчилердин айынан рухий жактан алсырап, «койчусу жок койлордой чачырап, жүдөп калышкан» (Мт. 9:36). Ошондуктан андай адамдар Ыйык Китеп тууралуу сүйлөшүүдөн чочулашат.

6. Айрым жарчыларга изилдөө өткөрүүгө эмнелер тоскоолдук кылат?

6 Кээ бир ынталуу жарчылар кубаныч алууга тоскоолдук кылган башка да кыйынчылыктарга кабылышат. Алар бир кездерде шакирт даярдоо ишине жигердүү катышышчу, бирок учурда ал ишке мурункудай катышууга начар ден соолугу же карылыгы жолтоо болот. Ошондой эле кээде өзүбүзгө өзүбүз эле чектөөлөрдү коюп алабыз. Алардын айрымдарын карап көрөлү. Мисалы, сен өзүңдү ыйык китептик изилдөө өткөрүүгө жөндөмсүз сезесиңби? Балким, өзүңдү Жахабадан фараондун алдында сүйлөөгө тапшырма алган Мусадай сезеттирсиң. Ал мындай деген: «О, Теңир! Мен мурун эле сөзгө чечен эмес болчумун. Сен Өзүңдүн кулуң — мени менен сүйлөшүп жаткан учурда да, мен ошондой элемин» (Чыг. 4:10). Биз өзүбүздү жөндөмсүз сезгенден тышкары, окутуучу катары жакшы натыйжага жетерибизге шектенип чочулай беришибиз ыктымал. Ошондой эле: «Мен чебер окутуучу эмесмин, ошондуктан башкаларды шакирт кыла албайм го»,— деп тынчсызданышыбыз этимал. Ошол себептен изилдөө өткөрбөй эле коюуну чечишибиз мүмкүн. Айтылып өткөн бул кыйынчылыктарды кантип жеңсек болот?

Жүрөгүңдү даярда

7. Кабар айтууга Исага эмне түрткү берген?

7 Алгач биз жүрөгүбүздү даярдашыбыз керек. Иса: «Адамдын жүрөгү эмнеге толсо, оозу ошону сүйлөйт»,— деген (Лк. 6:45). Чын дилден адамдардын жыргалчылыгын көздөгөндүктөн Иса аларга кабар айтууга түрткү алган. Мисалы, ал жүйүттөрдүн рухий жактан кейиштүү абалда экенин байкаганда, «боору ачыган». Анан шакирттерине: «Түшүм көп... оруп-жыюуга жумушчуларды жибериши үчүн, оруп-жыюу ишинин Кожоюнуна жалынгыла»,— деп айткан (Мт. 9:36—38).

8. а) Эмнелер жөнүндө ойлонуп көргөнүбүз дурус? б) Бир кызыгуучунун сөздөрүнөн эмнени билүүгө болот?

8 Шакирт даярдоо ишине катышып жатып, кимдир бирөөгө ыйык китептик изилдөө өткөрүү өзүбүзгө канчалык пайдалуу болору тууралуу терең ойлонуп көргөнүбүз дурус. Ошондой эле кызматта жолуктура турган адамдар жөнүндө жана айткан кабарыбызды кабыл алуу менен алар кандай пайда алары жөнүндө ой жүгүрткөнүбүз оң. Бир аял өзү жашаган өлкөдөгү филиалга мындай деп жазган: «Мени үйүмө келип окуткан Күбөлөргө терең ыраазычылык билдиргим келет. Суроолорум аябай көп болгондуктан, кээде аларды тажатып жиберем жана дайыма көп убактысын алып коём. Бирок алар мага чыдамдуулук менен мамиле кылышат жана билгендери менен бөлүшүүгө ынтызар. Мен аларды жолуктурганым үчүн Жахабага жана Исага ыраазымын».

9. Иса көңүлүн эмнеге бурган жана биз аны кантип туурай алабыз?

9 Албетте, Исанын жардам берүү максатында кылган аракетин баары эле баалай берген эмес (Мт. 23:37). Кээ бирөөлөр анын жолун убактылуу жолдошсо да, кийинчерээк ал үйрөткөн окууларды четке кагып, аны менен «бирге жүрбөй калышкан» (Жкн. 6:66). Бирок Иса айрымдардын чындыкты кабыл албаганынан улам айтып жаткан кабарынын баалуулугу кемип калбасын билген. Сепкен «үрөндөрүнүн» көбү жемиш бербесе да, ал көңүлүн өзү жасаган жакшы иштерге бурган. Иса эгиндин орууга даяр болуп, бышып калганын байкаган жана оруп-жыюу ишине өз салымын кошуудан чоң кубаныч тапкан (Оку: Жакан 4:35, 36). Биз да эгин талаасындагы түшүмсүз такыр жерди эле көргөндүн ордуна, Исадай болуп, аймагыбыздагы бышып калган түшүмгө көңүл бурабызбы? Келгиле, бизге оң маанай сактоого эмне жардам берерин карап көрөлү.

Изилдөө баштоо максатында кабар айт

10, 11. Кубанычыңды жоготпоо үчүн эмне кылсаң болот?

10 Дыйкан түшүм алам деп үрөн себет. Анын сыңарындай, биз ыйык китептик изилдөө баштоо максатында кабар айтышыбыз керек. Бирок кабар айтуу ишине дайыма катышсаң да, көптөрдү үйүнөн табуу кыйын болуп жатса же адамдарга кайра жолугуу мүмкүн эместей сезилсе, эмне кылсаң болот? Ооба, ушулардан улам көңүлүң чөгүшү мүмкүн. Бирок ошон үчүн эле үймө-үй кабар айтпай коёсуңбу? Албетте, жок! Кабар айтуунун убакыт сынагынан өткөн бул ыкмасы аркылуу дагы деле көптөгөн адамдар чындыкка келүүдө.

11 Анткен менен кубанычыңды жоготпоо үчүн кабар айтуунун башка ыкмаларын да колдоно аласыңбы? Балким, адамдар менен байланышуунун башка жолдорун издеп көрөттүрсүң. Аларга көчөдөн же иштеген жеринен күбөлөндүрүүгө аракет кылып көрдүң беле? Мүмкүн, адамдар менен телефон аркылуу байланышсаң же өзүң кабар айткан кишилер менен сүйлөшүп туруу үчүн алардын телефон номурун алсаң болоттур. Кызматыңда тырышчаактык жана ийилчээктик көрсөтүү менен жакшы кабарга кулак кага турган адамдарды таап, кубанарың шексиз.

Кош көңүлдүккө багынба

12. Аймагыбызда көптөр динге кош көңүл караса, эмне кылсак болот?

12 Ал эми сенин аймагыңда көптөр динге кош көңүл карасачы? Алардын кызыгуусун туудуруу үчүн сунуштооңду ылайыкташтыра аласыңбы? Элчи Пабыл Корунттагы ишенимдештерине мындай деп жазган: «Алар [жүйүттөр] үчүн жүйүттөй болдум... Кудайдын алдында мыйзамды билбеген адам болбосом да... алар [мыйзамды билбегендер] үчүн мыйзамды билбегендердей болдум». Пабыл эмне себептен мындай кылган? «Айрымдарды кандайдыр бир жол менен болсо да куткарып калыш үчүн, бардыгы үчүн бардыгы болдум»,— деген ал (1 Кор. 9:20—22). Биз да, Пабылды туурап, аймагыбыздагы адамдар менен болгон жалпылыкты таба алабызбы? Дин тутпаган көптөгөн адамдар үй-бүлөсүнүн ынтымактуу болушун каалайт. Ошондой эле алар жашоонун маңызын издеп жүрүшү да мүмкүн. Андай адамдарга Падышалык жөнүндөгү кабарды алардын кызыгуусун туудургудай кылып айтып бере алабызбы?

13, 14. Шакирт даярдоо ишине катышууда кубанычыбызды кантип арттыра алабыз?

13 Ар кайсы өлкөлөрдө, атүгүл адамдардын көбү кошкөңүл болгон жерлерде да, шакирт даярдоо ишине катышуу менен барган сайын көп жарчылар кубанычын арттырууда. Кандайча? Чет тилин үйрөнүү менен. 60тан ашып калган жубайлар жыйналышынын аймагында үй-бүлөлөрү менен миңдеген кытайлык студенттердин жашашарын байкашкан. «Мына ошондуктан биз кытай тилин үйрөнүүгө түрткү алдык»,— дейт үй-бүлө башчысы. Анан: «Тил үйрөнүү үчүн күн сайын убакыт бөлүү талап кылынса да, күч-аракетибиздин акыбети кайтып, аймагыбыздагы көптөгөн кытайлар менен ыйык китептик изилдөө өткөрө баштадык»,— деп кошумчалайт.

14 Чет тилин үйрөнө албасаң да, бөтөн тилде сүйлөгөн адамдарды жолуктурганда «Ар улуттагы адамдар үчүн жакшы кабар» (ор.) деген китепчени колдоно аласың. Ошондой эле алар сүйлөгөн тилде адабият алып алсаң болот. Албетте, тили, маданияты башка адамдар менен сүйлөшүү көбүрөөк убакытты жана күч-аракетти талап кылат. Бирок Кудай Сөзүндөгү: «Көп сепкен көп жыйнайт»,— деген принципти унутпа (2 Кор. 9:6).

Бүтүндөй жыйналыштын салымы

15, 16. а) Шакирт даярдоо бүтүндөй жыйналыштын иши деп эмне үчүн айта алабыз? б) Шакирт даярдоо ишинде улгайган биртуугандар кандай роль ойнойт?

15 Анткен менен шакирт даярдоо бир эле кишинин колунан келчү иш эмес. Буга бүтүндөй жыйналыш салым кошот. Эмне себептен минтип айтууга болот? Иса: «Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр, баары силердин менин шакирттерим экениңерди билишет»,— деген (Жкн. 13:35). Жыйналыш жолугушууларына келген кызыгуучуларга көп учурда Кудайдын элинин арасында өкүм сүргөн жагымдуу маанай күчтүү таасир этет. Бир кызыгуучу: «Мага жыйналыш жолугушууларына баруу аябай жагат. Ал жактагы адамдар ушунчалык меймандос келишет!» — деп жазган. Иса анын жолдоочусу болгондорго өз үйүндөгүлөрү каршы чыгышы мүмкүн экенин айткан (Оку: Матай 10:35—37). Бирок ал алардын жыйналыштан көптөгөн рухий «ага-иниге, эже-карындашка, энеге, балага» ээ болорун убадалаган (Мр. 10:30).

16 Ыйык Китепти изилдеп жаткандарга ийгилик кылууга жардам берүүдө биздин улгайган биртуугандарыбыз өзгөчө чоң роль ойношот. Кандайча? Алардын айрымдары ыйык китептик изилдөө өткөрө алышпаса да, жыйналышта берген бекемдээрлик жооптору менен уккандардын баарынын ишенимин бекемдешет. Алардын «чындык жолунда жүргөнү» жыйналышка көрк кошуп, жүрөгү таза кишилердин Кудайдын уюмуна тартылышына өбөлгө түзөт (Накыл 16:31).

Коркуу сезимин жеңүү

17. Өзүбүздү изилдөө өткөрүүгө жөндөмсүз сезип жатсак, эмне кылсак болот?

17 Эгер өзүңдү изилдөө өткөрүүгө жөндөмсүз сезип жатсаң, эмне кылсаң болот? Анда Жахабанын Мусага ыйык рух аркылуу жана анын агасы Арун аркылуу жардам бергенин эсте (Чыг. 4:10—17). Иса Кудайдын рухунун биз жүргүзүп жаткан күбөлөндүрүү ишине колдоо көрсөтөрүн убада кылган (Элч. 1:8). Андан тышкары, ал шакирттерин кабар айтууга эки-экиден жиберген (Лк. 10:1). Ошондуктан изилдөө өткөрүү сен үчүн кыйын болсо, Кудайга руху аркылуу акылмандык беришин сурап тилен жана өзүңдү ишенимдүү сезүүгө жардам бере турган тажрыйбалуу жарчылар менен кызматташ. Жахаба бул маанилүү ишти аткарууга жөнөкөй эле адамдарды — «дүйнөдө алсыз деп эсептелгендерди» — тандап алганын эстен чыгарбоо ишенимибизди бекемдейт (1 Кор. 1:26—29).

18. Акыр-аягы жакшы натыйжага жетерибизге шектенип жатсак, эмне кылсак болот?

18 Акыр-аягы жакшы натыйжага жетерибизге шектенип тынчсыздана берсекчи? Мындай сезимди жеңүүгө шакирт даярдоо ишинин тамак жасоого окшош эмес экенин түшүнүү жакшы жардам берет. Тамактын жакшы болор-болбосу көбүнесе бир эле кишиден — ашпозчудан — көз каранды. Ал эми шакирт даярдоо, бери дегенде, үч тараптуу кызматташтыкты камтыйт. Жахаба адамдарды өзүнө жакындатып, бул кызматташтыкта башкы орунду ээлейт (Жкн. 6:44). Ал эми биз жана жыйналыштагы башка ишенимдештерибиз окутуу чеберчилигин колдонууга колубуздан келишинче аракет кылып, кызыгуучуга ийгилик кылууга жардам беребиз (Оку: 2 Тиметей 2:15). Кызыгуучу болсо үйрөнүп-билгендерин иш жүзүндө колдонушу зарыл (Мт. 7:24—27). Эгер ал Ыйык Китепти изилдөөнү токтотуп койсо, көңүлүбүз чөгүшү мүмкүн. Биз кызыгуучулардын туура чечим чыгарарына үмүттөнөбүз, ошентсе да ар ким өзү үчүн «Кудай алдында жооп берет» (Рим. 14:12).

Изилдөө өткөрүүнүн пайдалары

19—21. а) Ыйык китептик изилдөө өткөрүүдөн кандай пайдаларды алабыз? б) Жахаба кабар айтуу ишине катышып жаткандардын баарына кандай карайт?

19 Ыйык китептик изилдөө өткөрүү бизге Падышалыктын кызыкчылыктарын дайыма башкы орунга коюуга жардам берет. Ошондой эле Кудайдын Сөзүндөгү чындыктардын акылыбызда жана жүрөгүбүздө терең орун алышына өбөлгө түзөт. Кандайча? Барак деген бир пионер муну мындайча түшүндүрөт: «Ыйык китептик изилдөөлөрдү өткөрүү Кудай Сөзүн тереңирээк изилдөөгө түрткү берет. Мен кимдир бирөөнү тийиштүү түрдө окута алышым үчүн алгач өз ишенимимди бекемдешим керек экенин байкадым».

20 Эгер сен ыйык китептик изилдөө өткөрбөсөң, Кудайдын алдында сенин кызматың эч нерсеге татыбайт дегенди билдиреби? Албетте, жок! Жахаба аны даңктоо үчүн кылып жаткан аракеттерибизди жогору баалайт. Кабар айтуу ишине катышып жаткандардын бардыгы «Кудайдын кызматташтары» болуп эсептелет. Ошентсе да изилдөө өткөрүп жатып, сепкен үрөнүбүздү Кудай кандайча өстүрүп жатканын көргөндө, кубанычыбыз ого бетер артат (1 Кор. 3:6, 9). «Кызыгуучунун рухий жактан ийгилик жасап жатканын көргөндө,— дейт Эми деген пионер,— Жахабага ал адамга кереметтүү белекти — Аны таанып-билүү жана түбөлүк өмүр сүрүү мүмкүнчүлүгүн — берүү үчүн сени колдонуп жатканына ушунчалык ыраазы болосуң».

21 Ыйык китептик изилдөөлөрдү баштап, аларды өткөрүү үчүн колубуздан келгенди жасоо азыр алаксыбай Кудайга кызмат кыла берүүгө жана жаңы заманда жашоого болгон үмүтүбүздү бек сактоого жардам берет. Ошондой эле биз Жахабанын колдоосу менен бизди угуп жаткандарга куткарылууга жардам бере алабыз (Оку: 1 Тиметей 4:16). Бул кубанууга кандай сонун себеп!

Эсиңердеби?

• Айрымдарга ыйык китептик изилдөө өткөрүүгө эмнелер тоскоолдук кылышы мүмкүн?

• Аймагыбызда көптөр кабарга кош көңүл карагандай көрүнсө, эмне кылсак болот?

• Ыйык китептик изилдөө өткөрүүдөн кандай пайдаларды алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[9-беттеги сүрөт]

Жүрөгү таза кишилерди табуу үчүн кабар айтуунун башка ыкмаларын да колдоно аласыңбы?