Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Аян китебиндеги урунттуу ойлор (2-бөлүк)

Аян китебиндеги урунттуу ойлор (2-бөлүк)

Жахабанын Сөзү тирүү

Аян китебиндеги урунттуу ойлор (2-бөлүк)

ЖАХАБА Кудайга сыйынгандарды жана ага сыйынбагандарды алдыда эмне күтүп турат? Шайтан жана анын жин-перилери келечекте эмне болушат? Тил алчаак адамдар Исанын Миң жылдык башкаруусунда кандай баталарды алышат? Ушул жана башка маанилүү суроолорго Аян 13:1—22:21-аяттардан жооп алабыз *. Бул бөлүмдөрдө б.з. биринчи кылымынын аяк ченинде элчи Жаканга берилген 16 аяндын тогузу камтылат.

«Бул пайгамбарлыктагы сөздөрдү үн чыгара окуган киши жана аларды уккандар... Ушул түрмөктөгү пайгамбарлык сөздөрдү аткаргандар бактылуу»,— деп жазат Жакан (Аян 1:3; 22:7). Аян китебинде жазылгандарды окуу жана аларды иш жүзүндө колдонуу жүрөгүбүзгө таасир этип, Кудайга жана анын Уулу Иса Машаякка болгон ишенимибизди бекемдейт. Ошондой эле жаркын келечекке үмүт берет * (Эвр. 4:12).

КУДАЙДЫН КААРЫНЫН ЖЕТИ ЧӨЙЧӨГҮ ЖЕРГЕ ТӨГҮЛӨТ

(Аян 13:1—16:21)

Аян 11:18де: «Элдер ачууланышты; өз каарыңды төгө турган... жерди кыйраткандарды кыйратууга белгилеген убактың келди»,— делет. Жакан алган сегизинчи аяндан «он мүйүздүү, жети баштуу жырткычтын» иш-аракети Жахабаны каардантканын көрүүгө болот (Аян 13:1).

Ал эми тогузунчу аянда Жакан «Сион тоосунда турган Козуну» жана «жүз кырк төрт миң адамды» көрөт. «Алар адамдардын арасынан... сатылып алынгандар» эле (Аян 14:1, 4). Андан соң периште жар салат. Кийинки онунчу аянда Жакан «жети периштенин жети балээ алып келатканын» көрөт. Жахаба периштелерге «каарынын жети чөйчөгүн» Шайтандын дүйнөсүнө төгүүнү буйрат. Ал чөйчөктөрдө Кудайдын ишке ашыра турган сот өкүмдөрү жөнүндөгү эскертүүлөр бар эле (Аян 15:1; 16:1). Бул эки аянда үчүнчү кайгыга жана жетинчи сурнайдын тартылышына байланыштуу Кудайдын Падышалыгынын сот өкүмдөрү жөнүндө толук баяндалат (Аян 11:14, 15).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Аян 13:8 — «Козунун өмүр түрмөгү» деген эмнени билдирет? Бул — Иса Машаяк менен бирге асман Падышалыгында бийлик жүргүзө тургандардын гана ысымдары жазылган каймана маанидеги түрмөк. Ал түрмөктө азырынча жерде жашаган, бирок асманда жашоого үмүттөнгөн майлангандардын да ысымдары жазылган.

Аян 13:11—13 — Эки мүйүздүү жырткыч кандайча ажыдаар сымал иш-аракет кылып, асмандан жерге от түшүрөт? Англия-Америка дүйнөлүк державасын билдирген эки мүйүздүү жырткычтын ажыдаардай сүйлөгөнү анын башкаларды өз бийлигине баш ийдирүү үчүн, коркутуп, кысымга алып жана зордук-зомбулук көрсөткөнүн айгинелеп турат. Анын асмандан жерге от түшүргөнү өзүн пайгамбардай кылып көрсөткөнүн билдирет. Себеби ал 20-кылымда болуп өткөн дүйнөлүк эки согушта жамандыкты жеңгенин жана коммунисттик түзүлүштүн үстүнөн жеңишке ээ болгонун ырастоодо.

Аян 16:17 — Жетинчи чөйчөктүн «абага» төгүлүшү эмнени билдирет? Аба Шайтандын ой жүгүртүүсүн, башкача айтканда, «тил албаган адамдарга таасир этип жаткан рухту [коомдо басымдуулук кылган маанайды]» билдирет. Мындай ууланган аба менен Шайтандын бийлиги астында жаткан каардуу дүйнө дем алып жатат (Эф. 2:2).

Биз алчу сабактар:

Аян 13:1—4, 18. Адамдык өкмөттөрдү билдирген «жырткыч» «деңизден», тактап айтканда, ызы-чуусу тыйылбаган адамзат коомунан чыгат (Ыш. 17:12, 13; Дан. 7:2—8, 17). Бул жырткычты Шайтан жараткан жана ага бийлик берген. Жырткычта анын ушунчалык жеткилеңсиздигин баса көрсөткөн 666 деген сан бар. Эгер жырткычтын эмнени билдирерин түшүнсөк, адамзаттын басымдуу бөлүгүн туурап, жырткычтын артынан суктана ээрчибейбиз жана ага сыйынбайбыз (Жкн. 12:31; 15:19).

Аян 13:16, 17. «Сатып алуу» же «сатуу» сыяктуу күнүмдүк иштерибизде кыйынчылыктарга кабылсак да, жырткычтын бизге бийлик кылышына жол бербешибиз керек. Эгер жырткычтын санын оң колубузга же чекебизге «белги» кылып коюп алсак, анын биздин иштерибизге же ой жүгүртүүбүзгө таасир этишине жол берген болобуз.

Аян 14:6, 7. Биз да, периштеден үлгү алып, асманда орнотулган Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды ынталуулук менен жарыя кылышыбыз абзел. Ошондой эле кызыгуучуларга Кудайдан коркуу сезимин өрчүтүүгө жардам берип, аны даңктоого үйрөтүшүбүз керек.

Аян 14:14—20. «Жердеги түшүм» жыйналганда, башкача айтканда, куткарыла тургандар толугу менен чогултулуп бүткөндө, периште «жердеги жүзүм сабагын кесип», «Кудайдын каарынын улуу жүзүм сыккычына ыргытат». Ошондо жүзүм сабагы өзүнүн «шиңгилдери» менен — адамзаттын үстүнөн бийлик кылган Шайтандын дүйнөсү өзүнүн жаман иштери менен — биротоло жок кылынат. Биз жердеги жүзүм сабагынын таасирине алдырбоого чечкиндүү болушубуз керек.

Аян 16:13—16. «Таза эмес... кабарлар» жердеги падышаларды Кудайдын каарынын жети чөйчөгү жерге төгүлгөндө андан эч зыян тартпаарына ишендирген жана аларды Жахабага каршы тукурган жиндердин кабарын билдирет (Мт. 24:42, 44).

Аян 16:21. Бул дүйнөнүн жок болоруна аз калгандыктан, Жахабанын Шайтандын бузулган дүйнөсүнө каршы чыгарган сот өкүмдөрү дүйнөнү дүңгүрөтө жарыяланып, ал өкүмдөр алп мөндүрлөргө салыштырылат. Ошондо да адамзаттын басымдуу бөлүгү Кудайга акарат келтирүүдөн кайра тартпайт.

ЖЕҢИЛБЕС ПАДЫШАНЫН БАШКАРУУСУ

(Аян 17:1—22:21)

Улуу Бабыл — жалган диндин дүйнөлүк империясы — Шайтандын бузулган дүйнөсүнүн жийиркеничтүү бир бөлүгү болуп эсептелет. Жакан көргөн 11-аянда Улуу Бабыл, «улуу сойку», «кыпкызыл жырткычтын үстүндө отурган» бузулган аял катары сүрөттөлөт. Аны өзү минип бараткан «он мүйүздүү» жырткыч тыткылап жок кылат (Аян 17:1, 3, 5, 16). Кийинки аянда сойкуга салыштырылган «улуу шаардын» кулаары жана Кудайдын элинин андан шашылыш түрдө «чыгышы» керектиги айтылат. Улуу шаардын жок болгонуна көптөр кайгырышат. Ал эми асмандагылар кубанычка бөлөнүшөт, анткени ал жакта «Козунун үйлөнүү» тою болот (Аян 18:4, 9, 10, 15—19; 19:7). 13-аянда «ак боз ат» минген бирөө элдер менен согушууга чыгат. Ал Шайтандын бузулган дүйнөсүн жок кылат (Аян 19:11—16).

«Ибилис жана Шайтан болуп эсептелген байыркы жылан» жөнүндө эмне дешке болот? Ал качан «оттуу... көлгө ыргытылат»? 14-аян ушул жана башка суроолорго жарык чачат (Аян 20:2, 10). Ал эми акыркы эки аян Исанын Миң жылдык башкаруусу алдында боло турган жашоодон кабар берет. Эң акырында Жакан чоң көчөнүн ортосундагы «өмүр суусу аккан дарыяны» көрөт жана «ким суусаса, келсин» деген кереметтүү чакырыкты угат (Аян 1:1; 22:1, 2, 17).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Аян 17:16; 18:9, 10 — Эмне үчүн «жер жүзүнүн падышалары» өздөрү жок кылган нерсе үчүн кайгырышат? Алардын кайгырышына өзүмчүлдүк себеп болот. Улуу Бабыл кыйратылгандан кийин, жер жүзүнүн падышалары анын алар үчүн канчалык пайдалуу болгонун аңдашат. Анткени жалган дин алардын жаман иштерин актап келген. Ошондой эле падышаларга жаштарды согушка катышууга үндөөгө жардам берип келген. Андан сырткары, ал элди баш ийдирүүдө да чоң роль ойногон.

Аян 19:12 — «[Исанын] өзүнөн башка эч ким билбеген, жазылган ысмы бар» дегенди кандай түшүнүүгө болот? Бул ысым, кыязы, Ышайа 9:6да айтылгандай, Исанын «Мырзабыздын күнүндө» ээ боло турган абалын жана аткара турган ролун билдирет. Анткени бир гана Иса өзгөчө абалды ээлейт жана мындай абалды ээлөө эмнени билдирерин өзү гана түшүнөт. Анткен менен Иса колуктуну түзгөн майлангандар тобуна өзүнүн жаңы ысмын жазат. Тактап айтканда, алар менен өз артыкчылыктарын бөлүшөт (Аян 3:12).

Аян 19:14 — Армагедондо Иса менен бирге кимдер аттанып чыгат? Кудайдын согушуна Иса менен бирге периштелерден жана асман сыйлыгын алган майланган жолдоочуларынан турган «асман аскерлери» аттанып чыгат (Мт. 25:31, 32; Аян 2:26, 27).

Аян 20:11—15 — «Өмүр түрмөгүнө [«китебине»]» кимдердин ысымдары жазылган? Бул түрмөккө түбөлүк өмүр ала тургандардын баарынын: майлангандардын, эбегейсиз көп адамдардын жана тириле турган адил адамдардын ысымдары жазылган (Элч. 24:15; Аян 2:10; 7:9). Адил эмес адам катары тириле тургандардын ысымдары болсо «өмүр түрмөгүнө», Миң жылдыкта ачыла турган «китептерде жазылгандарга» ылайык жашаса гана, жазылат. Бирок алардын ысымдары өчүрүлбөс болуп жазылбайт. Ал эми майлангандардын ысымдары, эгер алар өмүрүнүн аягына чейин ишенимдүү бойдон калышса, өчпөс болуп жазылат (Аян 3:5). Белгилей кетчү нерсе, жерде жашай тургандардын ысымдары, миң жылдыктын аягында боло турган акыркы сыноодон өткөндөн кийин гана, өчпөс болуп жазылат (Аян 20:7, 8).

Биз алчу сабактар:

Аян 17:3, 5, 7, 16. «Жогорудан келген акылмандык» бизге «аялдын жана ал минип отурган... [кыпкызыл] жырткычтын сырын» түшүнүүгө жардам берет (Жкп. 3:17). Бул каймана маанидеги жырткыч башында Улуттар Лигасын билдирсе, азыр Бириккен Улуттар Уюмун символдоштурат. Бул сырларды түшүнүү бизге Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды ынталуулук менен таратып, Жахабанын соттой турган күнүн жарыялоого түрткү бербейби?!

Аян 21:1—6. Биз Кудайдын Падышалыгынын бийлиги астында көптөгөн баталарды аларыбызга шектенбесек болот. Эмне үчүн? Анткени Ыйык Китепте: «Алар аткарылды!» — делет.

Аян 22:1, 17. «Өмүр суусу аккан дарыя» Жахабанын тил алчаак адамдарды күнөө менен өлүмдөн куткаруу үчүн караштырган чараларын билдирет. Ал суудан азыр кенен-кесир ичүүгө болот. Андыктан, келгиле, «өмүр суусунан» өзүбүз эле ичпестен, башкаларга да берели!

[Шилтемелер]

^ 3-абз. Аян 1:1—12:17-аяттарды талкуулоо үчүн «Күзөт мунарасындагы» «Аян китебиндеги урунттуу ойлор (1-бөлүк)» деген макаланы кара (2009-ж., 15-янв.).

^ 4-абз. Аян китебин аятма-аят талкуулоо үчүн «Аян. Туу чокусуна жакын калды!» (ор.) аттуу китепти кара.

[5-беттеги сүрөт]

Кудайдын Падышалыгы тил алчаак адамдарга кандай гана кереметтүү баталарды төгөт!