Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Исанын сөздөрү бактылуу болууга кандайча өбөлгө түзөт?

Исанын сөздөрү бактылуу болууга кандайча өбөлгө түзөт?

Исанын сөздөрү бактылуу болууга кандайча өбөлгө түзөт?

«Иса тоого чыкты... [Анын] жанына шакирттери келди. Ошондо ал... насаат айта баштады» (МТ. 5:1, 2).

1, 2. а) Иса Тоодогу насаатын айтканга чейин кандай окуялар болуп өткөн? б) Иса сөзүн эмнеден баштаган?

БИЗДИН замандын 31-жылы Иса Галилеядагы кабар айтуу ишин бир азга токтотуп, Пасах майрамын белгилөө үчүн Иерусалимге жөнөйт (Жкн. 5:1). Кайрадан Галилеяга кайтып келгенде өзүнө 12 элчи тандоо үчүн Кудайдан жетекчилик сурап, түнү бою тиленет. Эртеси чогулган элди ооруларынан айыктырат. Анан тоо бооруна отуруп, шакирттерин жана башкаларды окута баштайт (Мт. 4:23—5:2; Лк. 6:12—19).

2 Иса Тоодогу насаатынын башында чыныгы бакыттын Кудай менен болгон тыгыз мамиледен көз каранды экенин баса белгилеген (Оку: Матай 5:1—12). Бакыт — бул адамдын жүрөгү ыраазычылыкка толуп, кубанычка бөлөнүп турган абалы. Иса насаатында бакытка өбөлгө түзө турган тогуз нерсени айтып өтүп, чыныгы Кудайдын кызматчыларынын эмне себептен бактылуу экенин ачып берген. Анын айткандары мындан 2 000 жылдай мурун кандай пайдалуу болсо, бүгүнкү күндө да ошондой эле пайдалуу. Келгиле анда, Исанын айткандарынын ар бирин өз-өзүнчө талдап чыгалы.

«Кудайдын жетекчилигине муктаж экенин түшүнгөндөр»

3. Кудайдын жетекчилигине муктаж болуу деген эмнени билдирет?

3 «Кудайдын жетекчилигине муктаж экенин түшүнгөндөр бактылуу, анткени асман падышалыгы аларга таандык» (Мт. 5:3). «Кудайдын жетекчилигине муктаж экенин түшүнгөндөр» Кудайдын Сөзүнө жана ырайымына муктаж экенин сезишет.

4, 5. а) Кудайдын жетекчилигине муктаж экенин түшүнгөндөр эмне себептен бактылуу? б) Кудайдын жетекчилигине болгон муктаждыгыбызды кантип канааттандыра алабыз?

4 Ооба, «Кудайдын жетекчилигине муктаж экенин түшүнгөндөр бактылуу, анткени асман падышалыгы аларга таандык». Биринчи кылымдагы шакирттер Исаны Машаяк катары кабыл алгандыктан, Кудайдын Падышалыгында Иса менен бирге башкаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан (Лк. 22:28—30). Биз Иса менен асманда башкаруу үмүтүнө ээбизби, же Падышалыктын башкаруусу алдындагы жер бетиндеги бейиште түбөлүк өмүр сүрүүнү күтүп жатабызбы, Кудайдын жетекчилигине муктаж экенибизди жана Андан көз каранды экенибизди түшүнсөк, бактылуу боло алабыз.

5 Анткен менен баары эле Кудайдын жетекчилигине муктаж экенин сезе беришпейт, себеби көптөрдө ишеним жок жана ыйык нерселерди баалашпайт (2 Тес. 3:1, 2; Эвр. 12:16). Кудайдын жетекчилигине болгон муктаждыгыбызды Ыйык Китепти тырышчаактык менен изилдөө, шакирт даярдоо ишине ынталуу катышуу жана жыйналыштарга үзгүлтүксүз баруу менен канааттандыра алабыз (Мт. 28:19, 20; Эвр. 10:23—25).

«Кайгыргандар бактылуу»

6. Кайгыргандарга кимдер кирет жана алар эмне себептен бактылуу?

6 «Кайгыргандар бактылуу, анткени алар сооронушат» (Мт. 5:4). «Кайгыргандар» да «Кудайдын жетекчилигине муктаж экенин түшүнгөндөрдүн» катарына кирет. Алар өз жашоосуна нааразы болуп кайгырышкандардан эмес. Алар өздөрүнүн күнөөлүү абалы үчүн жана жеткилеңсиздиктин айынан өкүм сүрүп жаткан жагдай-шарттардан улам кайгырышат. Анда алардын «бактылуу» болушуна кандай себеп бар? Алар Кудайга жана Машаякка ишеним артышкандыктан жана Кудай менен тыгыз мамиледе болушкандыктан бактылуу (Жкн. 3:36).

7. Шайтандын дүйнөсүнө кандай карашыбыз керек?

7 Шайтандын дүйнөсүндө өкүм сүргөн адилетсиздиктин айынан жеке ар бирибиз кайгырабызбы? Бул дүйнө сунуш кылган нерселерге чынында кандай карайбыз? Элчи Жакан: «Дүйнөдөгүнүн баары: дене кумары, көз кумары жана колунда болгон нерселери менен мактангандык Атадан эмес, бул дүйнөдөн»,— деп жазган (1 Жкн. 2:16). Эгер биздин рухийлигибизге акырындык менен бул «дүйнөнүн руху», башкача айтканда, Кудайды тааныбаган адамзат коомунда үстөмдүк кылган маанай таасир тийгизип жатса, эмне кылсак болот? Мындайда Кудайга жалындуу тиленүү, Ыйык Китепти изилдөө жана аксакалдарга жардам сурап кайрылуу маанилүү. Биз Жахабага жакындаган сайын көңүлүбүздү чөктүргөн нерселерге карабай «сооронобуз» (1 Кор. 2:12; Заб. 118:52; Жкп. 5:14, 15).

«Жумшак мүнөздүүлөр» кандай гана бактылуу!

8, 9. Жумшак мүнөздүү болуу деген эмнени билдирет жана андай адамдарды эмне себептен бактылуу дешке болот?

8 «Жумшак мүнөздүүлөр бактылуу, анткени алар жерди мурасташат» (Мт. 5:5). «Жумшак мүнөзгө» ээ болуу же жумшак болуу алсыздыкты же жасалма жумшактыкты билдирбейт (1 Тим. 6:11). Эгер жумшак мүнөздүү болсок, Жахабанын жетекчилигине баш ийип, анын эркин аткарабыз. Ошондой эле бул сапат ишенимдештерибизге жана башкаларга жасаган мамилебизден көрүнүп турат. Элчи Пабылдын кеңеши да Исанын айткандарына шайкеш келет (Оку: Римдиктер 12:17—19).

9 Жумшак мүнөздүүлөрдү эмне себептен бактылуу дешке болот? Анткени, Иса айткандай, «алар жерди мурасташат». Иса жердин башкы Мураскору (Заб. 2:8; Мт. 11:29; Эвр. 2:8, 9). «Машаяк менен мурасташ» болгон жумшак мүнөздүү майлангандар да Иса менен чогуу жерди мураска алышат (Рим. 8:16, 17). Ал эми жумшак мүнөздүү көптөгөн адамдар болсо Исанын башкаруусу алдында жерде түбөлүк өмүр сүрүшөт (Заб. 36:10, 11).

10. Жумшактыктын жетишсиздиги кызматтагы сыймыктуу жоопкерчиликтерибизге жана башкалар менен болгон мамилебизге кандай таасир этет?

10 Биз да, Исага окшоп, жумшак мүнөзгө ээ болушубуз керек. Бирок бирөөлөр менен уруша берүүгө жакын болсокчу? Кыялы чорт, ачуусу чукул адамдан башкалар качышы мүмкүн. Эгер жоопкерчиликтерге умтулган эркек биртуугандын ушундай терс сапаттары болсо ал сыймыктуу жоопкерчиликтерге ээ боло албайт (1 Тим. 3:1, 3). Элчи Пабыл Титке Исанын Криттеги жолдоочуларына: «Урушчаак болушпасын. Баарына жумшактык менен мамиле кылып, эстүү болушсун»,— деп эскертүүнү буйруган (Тит 3:1, 2). Ооба, жумшак мүнөздүү адамдар, чынында эле, башкалар үчүн зор бата!

Алар «адилдикти каалашат»

11—13. а) Адилдикти каалоо жана эңсөө деген эмнени билдирет? б) Адилдикти каалап, эңсегендер кандайча канааттанышат?

11 «Адилдикти каалап, эңсегендер бактылуу, анткени алар канааттанышат» (Мт. 5:6). Адил болуу деген Кудайдын эркине жана осуяттарына баш ийип, туура иш кылууну билдирет. Забурчу: «Сенин мыйзамдарыңды эңсегендиктен, жаным кыйналып бүттү»,— деген (Заб. 118:20). Биз да адилдикти жогору баалайбызбы, аны каалап эңсейбизби?

12 Исанын сөзү боюнча, «адилдикти каалап, эңсегендер бактылуу, анткени алар канааттанышат». Бул б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамынан кийин мүмкүн болгон. Анткени Жахабанын ыйык руху ошондо «дүйнөгө... адилдик... деген эмне экенин айкын көрсөткөн» (Жкн. 16:8). Кудай адамдарга ыйык рухун берип, «адилдик жолунда тарбиялоо үчүн пайдалуу» болгон Сөзүн — Грек Жазмаларын — жаздырган (2 Тим. 3:16). Ошондой эле Кудайдын руху анын «эркине ылайык жаратылган жана чыныгы адилдиктин» талаптарына жооп берген жаңы табиятты кийүүгө көмөк кылат (Эф. 4:24). Күнөөлөрү үчүн өкүнүп, Исанын кунунун негизинде Кудайга кечирим сурап кайрылгандар анын көз алдында адил деп эсептелерин билүү кандай гана соороторлук! (Оку: Римдиктер 3:23, 24).

13 Жерде жашоого үмүттөнгөндөрдүн адилдикке болгон каалоосу жана эңсөөсү адилдик өкүм сүргөн дүйнөдө түбөлүк өмүргө жеткенде толугу менен канааттандырылат. Ал эми азырынча, келгиле, Жахабанын талаптары боюнча жашаганга чечкиндүү бололу. Иса: «Биринчи кезекте Кудайдын падышалыгын жана адилдигин издегиле»,— деген (Мт. 6:33). Ошондо биз күчүбүздү жана убактыбызды Кудайдын ишине жумшап, чыныгы канааттануу алабыз (1 Кор. 15:58).

Эмне себептен «кайрымдуулар» бактылуу?

14, 15. Биз кантип кайрымдуулук көрсөтө алабыз жана эмне себептен «кайрымдуулар» бактылуу?

14 «Кайрымдуулар бактылуу, анткени аларга кайрымдуулук көрсөтүлөт» (Мт. 5:7). «Кайрымдуу» адамдар башкаларга боору ооруп, алардын абалын түшүнө билет. Алсак, Иса көптөрдүн азап чегип, кыйналып жатканын көрүп боору ооругандыктан, аларды керемет жолу менен айыктырган (Мт. 14:14). Жахаба өкүнгөндөрдү мээримдүүлүк менен кечиргендей эле, адамдар өзүнө каршы күнөө кылган кишини кечире билүү менен да кайрымдуулук көрсөтүшөт (Чыг. 34:6, 7; Заб. 102:10). Ошондой эле көңүлү чөккөн адамдарды жылуу сөздөрүбүз менен сооротуп, иш жүзүндө да жардам берип, кайрымдуулук көрсөтө алабыз. Кайрымдуулук көрсөтүүнүн эң эле мыкты жолу — башкаларга Ыйык Китептеги чындыктарды айтып берүү. Иса да элге боору ооругандыктан «аларды көп нерсеге окута баштаган» (Мр. 6:34).

15 Бизде Исанын: «Кайрымдуулар бактылуу, анткени аларга кайрымдуулук көрсөтүлөт»,— деген сөздөрүнө кошулууга толук негиз бар. Эгер биз башкаларга кайрымдуу болсок, алар да бизге кайрымдуу болушат. Ошондой эле Кудай да бизге катаал өкүм чыгарбай, кайрымдуулук көрсөтөт (Жкп. 2:13). Ооба, кайрымдуулардын гана күнөөлөрү кечирилип, түбөлүк өмүргө ээ боло алышат (Мт. 6:15).

«Жүрөгү тазалар» эмне себептен бактылуу?

16. «Жүрөгү таза» болуу деген эмнени билдирет жана андай сапатка ээ болгондор кандайча «Кудайды көрө» алышат?

16 «Жүрөгү тазалар бактылуу, анткени алар Кудайды көрүшөт» (Мт. 5:8). Жүрөгүбүздүн тазалыгы эмнелерди жактырып, эмнелерди жактырбасыбыздан, каалоолорубуздан жана ниеттерибизден көрүнүп турат. Ошондой эле жүрөгүбүз таза болсо, башкаларга «чын жүрөктөн» сүйүү көрсөтөбүз (1 Тим. 1:5). Иса айткандай, ички дүйнөсү таза адамдар «Кудайды көрүшөт». Бирок бул сөзсүз эле Кудайды бетме-бет көрүү дегенди билдирбейт, анткени Кудайдын жүзүн көргөн адам тирүү калбайт (Чыг. 33:20). Бирок Иса Атасынын касиет-сапаттарын жеткилең түрдө чагылдыргандыктан: «Мени көргөн адам Атамды да көрдү»,— деген (Жкн. 14:7—9). Биз, Кудайдын жердеги кызматчылары, Жахабаны анын өз элинин жыргалчылыгы үчүн кылып жаткан иштерине байкоо салуу менен көрө алабыз (Аюб 42:5). Ал эми Исанын майланган жолдоочулары рухий денеде тирилгенде асмандагы Атасын сөздүн түз маанисинде көрө алышат (1 Жкн. 3:2).

17. Жүрөгүбүздүн таза болушу өзүбүзгө кандай таасир этет?

17 Жүрөгү таза киши адеп-ахлактык жактан таза жашоо өткөрүп, Жахабанын ырайымына ээ болууга умтулгандыктан, Кудайдын алдында арам деп эсептелинген нерселерден оолак болот (1 Жылн. 28:9; Ыш. 52:11). Жүрөгүбүз таза болсо, сүйлөгөн сөздөрүбүздөн, кылган иштерибизден тазалык чагылдырылып турат жана Жахабага чын ниеттен кызмат кылабыз.

«Тынчтыкка умтулгандар» Кудайдын уулдары болушат

18, 19. «Тынчтыкка умтулгандар» кандай иш-аракет кылышат?

18 «Тынчтыкка умтулгандар бактылуу, анткени алар Кудайдын уулдары деп аталышат» (Мт. 5:9). «Тынчтыкка умтулган» кишини жасаган иштеринен билүүгө болот. Андай киши тынчтыкка умтулуп, «жамандыкка жамандык менен жооп бербейт». «Тескерисинче, дайыма... башкаларга жакшылык кылууга умтулат» (1 Тес. 5:15).

19 Матай 5:9дагы «тынчтыкка умтулгандар» деп которулган грек сөзү түзмө-түз «тынчтык жаратуучулар» дегенди билдирет. Тынчтыкка умтулгандардан болгубуз келсе, тынчтыкка өбөлгө түзүү үчүн колубуздан келишинче аракет кылышыбыз керек. Анткени андай адамдар «досторду ажырата» турган иштерге эч качан барбайт (Накыл 16:28). Ошондой эле «бардык адамдар менен тынчтыкта болуу» үчүн чечкиндүү иш-аракеттерди кылышат (Эвр. 12:14).

20. Азыркы учурда кимдер «Кудайдын уулдары» болуп эсептелет жана дагы кимдер анын уулдары болушат?

20 «Тынчтыкка умтулгандар бактылуу, анткени алар Кудайдын уулдары деп аталышат». Жахаба Исанын ишенимдүү майланган жолдоочуларын асырап алгандыктан, алар «Кудайдын уулдары» деп аталышат. Алар сүйүктүү балдары катары Жахаба менен азыртадан эле ынак мамиледе. Анткени Машаякка ишеним артып, «сүйүүнүн жана тынчтыктын Кудайына» чын жүрөктөн сыйынышат (2 Кор. 13:11; Жкн. 1:12). Ал эми Исанын тынчтыкка умтулган «башка койлору» жөнүндө эмне дешке болот? Алар Исанын Миң жылдык башкаруусунда аны «Түбөлүктүн Атасы» катары кабыл алышат. Ал эми Миң жылдык аяктап, Иса бийликти Атасына өткөрүп бергенде, башка койлор да Кудайдын уулдары болушат (Жкн. 10:16; Ыш. 9:6; Рим. 8:21; 1 Кор. 15:27, 28).

21. «Рухтун жетеги менен жашап жатсак» кандай иш-аракеттерди кылабыз?

21 Эгер «рухтун жетеги менен жашап жатсак», башкаларга тынчтыкка умтулганыбыз оңой эле байкалат. Ошондой эле «бири-бирибизге атаандашпайбыз» (Гал. 5:22—26). Тескерисинче, «бардык адамдар менен тынчтыкта болууга» аракет кылабыз (Рим. 12:18).

Куугунтукталышса да бактылуу!

22—24. а) Адилдик үчүн куугунтукталгандардын бактылуу болушуна кандай себеп бар? б) Кийинки эки изилдөө макаласында эмнелер талкууланат?

22 «Адилдик үчүн куугунтукталгандар бактылуу, анткени асман падышалыгы аларга таандык» (Мт. 5:10). Иса андан ары сөзүн мындай деп улайт: «Мен үчүн кордук көрсөңөр, куугунтукталсаңар жана ар кандай жалган жалаага калсаңар, бактылуусуңар. Кубанып шаттангыла, анткени асмандагы сыйлыгыңар чоң. Силерге чейинки пайгамбарларды да ушинтип куугунтукташкан» (Мт. 5:11, 12).

23 Биз, Исанын жолдоочулары, Кудайдын байыркы замандагы пайгамбарларына окшоп, «адилдик үчүн» кордук көрөрүбүздү, куугунтукталарыбызды жана жалган жалаага каларыбызды билебиз. Бирок мындай сыноолорду туруктуулук менен көтөрүп кетсек, Жахабага урмат-сый көрсөткөн болобуз жана ага жагуудан канааттануу алабыз (1 Пет. 2:19—21). Андыктан учурдагы кыйынчылыктар Жахабага азыр кылып жаткан жана келечекте кыла турган кызматыбыздан кубаныч алууга эч тоскоолдук кыла албайт. Ошондой эле асман Падышалыгында Иса менен бирге башкаруу же жерде түбөлүк өмүр сүрүү кубанычынан да ажырата албайт. Мындай баталар Кудайдын кайрымдуулугун, ырайымдуулугун жана марттыгын далилдеп турат.

24 Исанын Тоодогу насаатынан көп нерсеге үйрөнүүгө болот. Кийинки эки изилдөө макаласында биз үчүн пайдалуу болгон ойлор талкууланат. Келгиле, Исанын ошол макалаларда талкууланчу сөздөрүн жашоодо кантип колдонсок болорун карап көрөлү.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• «Кудайдын жетекчилигине муктаж экенин түшүнгөндөр» эмне себептен бактылуу?

• «Жумшак мүнөздүүлөрдүн» бактылуу болушуна кандай себептер бар?

• Исанын жолдоочулары куугунтукталышса да эмне үчүн бактылуу?

• Исанын сөздөрүнүн кайсынысы сага өзгөчө таасир калтырды?

[Изилдөө суроолору]

[7-беттеги сүрөт]

Исанын айткандары учурунда кандай пайдалуу болсо, бүгүнкү күндө да ошондой пайдалуу

[8-беттеги сүрөт]

Кайрымдуулук көрсөтүүнүн эң мыкты жолу — башкаларга кабар айтуу