Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Исанын сөздөрү жан дүйнөңө таасир этсин

Исанын сөздөрү жан дүйнөңө таасир этсин

Исанын сөздөрү жан дүйнөңө таасир этсин

«Кудайдан келген Кудайдын сөздөрүн сүйлөйт» (Жкн. 3:34).

1, 2. Исанын Тоодогу насаатында айткан сөздөрүн эмнеге салыштырууга болот жана алар «Кудайдын сөздөрүнө» негизделген деп айтууга кандай негиз бар?

БҮГҮНКҮ күндө «Африка жылдызы» деген бриллиант дүйнө жүзүндөгү эң чоң асыл таштардын бири болуп эсептелет. Анын салмагы 530 карат. Ал, чынында эле, абдан баалуу таш. Бирок Исанын Тоодогу насааты андан да баалуу рухий кенч! Анын Тоодогу насаатында айткан сөздөрү Жахабанын сөздөрү экенине эч шек жок. Анткени Ыйык Китепте Иса жөнүндө мындай делет: «Кудайдан келген Кудайдын сөздөрүн сүйлөйт» (Жкн. 3:34—36).

2 Тоодогу насаат жарым саатка жетпеген убакытта айтылса да, анда Эврей Жазмаларынын сегиз китебинен 21 шилтеме келтирилет. Андыктан ошол насааттын «Кудайдын сөздөрүнө» негизделгени күмөнсүз. Эмесе, келгиле, Кудайдын сүйүктүү Уулунун Тоодогу насаатында айткан көптөгөн баа жеткис кеңештеринин айрымдарын жашообузда кантип колдонсок болорун карап көрөлү.

«Адегенде биртууганың менен элдеш»

3. Каардануунун залакалуу экенин эскерткенден кийин Иса кандай кеңеш берген?

3 Биз, Исанын жолдоочулары, бактылуубуз жана тынчтыкка умтулабыз, анткени бизде өз ичине кубаныч менен тынчтыкты камтыган Кудайдын ыйык руху бар (Гал. 5:22, 23). Иса шакирттеринин өз ара ынтымагы кетип, бактысыз болушун каалаган эмес, ошол себептен каарданууну токтотпоонун арты залакалуу экенин эскерткен (Оку: Матай 5:21, 22). Анан ал: «Курмандык жайына курмандыгыңды алып келгениңде, ал жерден биртууганыңдын сага каршы нааразычылыгы бар экенин эстесең, курмандыгыңды курмандык жайынын алдына калтыргын да, барып, адегенде биртууганың менен элдеш, ошондон кийин гана курмандыгыңды чал»,— деп кеңеш берген (Мт. 5:23, 24).

4, 5. а) Исанын Матай 5:23, 24төгү «курмандык» деген сөзү эмнени билдирген? б) Таарынычы бар биртууган менен элдешүү канчалык маанилүү?

4 Исанын «курмандык» деген сөзү Иерусалимдеги ибадатканага алынып келинүүчү ар кандай курмандыктарды билдирген. Маселен, жаныбарларды курмандыкка чалуу өтө бааланчу, себеби ал Жахабага сыйынуунун ажырагыс бөлүгү болгон. Бирок Иса андан да маанилүү нерсени — Кудайга курмандык алып келерден мурун таарынычы бар биртууган менен элдешүү керектигин — баса белгилеген.

5 «Элдешүү» бул жарашуу дегенди билдирет. Исанын ушул сөздөрүнөн эмнеге үйрөнө алабыз? Башкаларга кандай мамиле кыларыбыз Жахаба менен болгон мамилебизге таасир этпей койбойт (1 Жкн. 4:20). Чынында эле, кимдир бирөөнүн башкалар менен мамилеси келишпесе, байыркы заманда анын Кудайга алып келген курмандыгы жараксыз деп эсептелинчү (Оку: Михей 6:6—8).

Момундуктун маанилүүлүгү

6, 7. Таарынычы бар биртууган менен жарашуу үчүн эмне себептен момундук талап кылынат?

6 Таарынычы бар биртууган менен элдешүүдө, балким, момундугубуз сыналаттыр. Момун киши өз укуктарын жактап, ишенимдештери менен талашып-тартышпайт. Талашып-тартышуу жагдайдын курчушуна алып келиши мүмкүн. Алсак, Исанын байыркы Корунт шаарындагы жолдоочуларынын арасында ушундай жагдай өкүм сүргөн. Ал тууралуу элчи Пабыл аларга ойлондура турган төмөнкү сөздөрдү жазган: «Бири-бириңер менен соттошуп жатканыңардын өзү эле толугу менен жеңилгениңерди билдирет. Соттошкондон көрө, адилетсиздикке чыдаганыңар жакшы эмеспи? Соттошкондон көрө, алданып калганыңар жакшы эмеспи?» (1 Кор. 6:7).

7 Айта кетчү нерсе, Иса бизди биртууганыбызга өзүбүздү актап, анын катасын далилдеш үчүн барышыбыз керектигин айткан эмес. Биздин максат — өткөн-кеткенди сууга салып, биртууганыбыз менен мамилени чыңдоо. Ан үчүн кандай сезимде болуп жатканыбызды жашырбай ачык айтышыбыз керек. Ошондой эле анын да сезимдерин оорутуп койгонубузду моюнга алышыбыз кажет. Эгер ката бизден кетсе, албетте, момундук менен кечирим сурагыбыз келет.

«Эгерде оң көзүң сени күнөөгө түртсө»

8. Исанын Матай 5:29, 30дагы сөздөрүн кыскача түшүндүрүп бер.

8 Иса Тоодогу насаатында адеп-ахлактыкка байланыштуу даанышман кеңеш берген. Ал биздин жеткилеңсиз экенибизди, дене мүчөлөрүбүз өзүбүзгө эле зыян алып келерин билгендиктен мындай деген: «Эгерде оң көзүң сени күнөөгө түртсө, аны оюп алып, ыргытып жибер. Себеби бүт денең гээнага ыргытылгандан көрө, мүчөлөрүңдүн биринен айрылганың жакшы. Ошондой эле оң колуң күнөөгө түртсө, аны кесип сал да, ыргытып жибер. Себеби бүт денең гээнага ташталгандан көрө, мүчөлөрүңдүн биринен айрылганың жакшы» (Мт. 5:29, 30).

9. «Көзүбүз» менен «колубуз» бизди кандайча күнөөгө «түртүшү» мүмкүн?

9 Аяттагы «көз» деген сөз кандайдыр бир нерсени кароого азгырган күчтү билдирет, ал эми «кол» деген сөз колубуз менен жасоого азгырган иштерге байланышы бар нерселерди билдирет. Эгер сак болбосок, дене мүчөлөрүбүз бизди күнөөгө «түртүшү» мүмкүн. Натыйжада «Кудайдын алдында түз жүрбөй» калышыбыз ыктымал (Башт. 5:22; 6:9). Ошондуктан күнөө кылууга азгырык пайда болгондо чечкиндүү иш-аракет кылышыбыз кажет; каймана мааниде көзүбүздү оюп же колубузду кесип салышыбыз зарыл.

10, 11. Адеп-ахлаксыз иштен качууга эмне жардам берет?

10 Адеп-ахлаксыз иштерге азгыра турган нерселерден канткенде көзүбүздү бура алабыз? Кудайдан корккон Аюб: «Кызды карабайм деп, көзүм менен келишим түзгөм»,— деп айткан (Аюб 31:1). Ал Кудайдын адеп-ахлактыкка байланыштуу мыйзамдарын бузбаганга чечкиндүү болуп, үй-бүлөсүнө берилгендигин сактаган киши болгон. Биз да, үй-бүлөлүүбүзбү же бойдокпузбу, Аюбдукундай көз караш өрчүтүшүбүз зарыл. Ошондой эле адеп-ахлаксыздыктан, бузуктуктан алыс болуу үчүн, өзүн өзү кармай билүүгө жардам берген Кудайдын ыйык рухуна жетектелишибиз кажет (Гал. 5:22—25).

11 Адеп-ахлаксыз иштен качыш үчүн: «Китептерден, телевизордон же Интернеттен бузуктукка үндөгөн нерселерди көрүп, туура эмес каалоолордун өрчүшүнө жол берип жаткан жокмунбу?» — деп ойлонуп көрүшүбүз керек. Ошондой эле шакирт Жакыптын айткандарын да эстен чыгарбайлы. Ал: «Ар ким өзүнүн кумарына берилип, азгырылганынын кесепетинен сыналат. Кумар түйүлүп, күнөө туулат. Ал эми кылынган күнөө өлүмгө алып барат»,— деген (Жкп. 1:14, 15). Өзүн Жахабага арнаган адам башка жыныстагы адамды кумарлануу менен «карай берсе», көзүн оюп ыргытып жибергенге тете чечкиндүү иш-аракет кылышы зарыл (Оку: Матай 5:27, 28).

12. Пабылдын кайсы кеңеши денелик туура эмес каалоолорго каршы күрөшүүгө жардам берет?

12 Колубуз менен туура эмес иштерди кылсак, Жахабанын нормаларын бузган болобуз, андыктан адеп-ахлактык жактан таза болууга чечкиндүү болушубуз керек. Ан үчүн Пабылдын: «Бузуктукка, ыпыластыкка, жыныстык кумарларга, зыяндуу каалоолорго жана бурканга табынуучулук болуп эсептелген ачкөздүккө азгырган дене мүчөлөрүңөрдү өлтүргүлө»,— деген кеңешине кулак кагышыбыз абзел (Кол. 3:5). Аяттагы «өлтүргүлө» деген сөз денелик туура эмес каалоолорго каршы чечкиндүү чара көрүүнүн зарылдыгын баса белгилеп турат.

13, 14. Адеп-ахлаксыз ойлордон жана иштерден качуу эмне үчүн абдан маанилүү?

13 Адам өмүрүн сактап калыш үчүн хирургиялык жол менен колун же бутун кестирип салууга макул болушу мүмкүн. Анын сыңарындай эле, рухий жактан өлүмгө алып бара турган туура эмес ойлордон же иштерден качуу үчүн, көзүбүздү же колубузду каймана мааниде «ыргытып жиберүү» өтө зарыл. Биз акыл-ой, адеп-ахлактык жана рухий тазалыгыбызды сактоо менен гана түбөлүк жок кылынуунун символу болгон гээнага ташталбайбыз.

14 Күнөө менен жеткилеңсиздик тукум кууп өткөндүктөн, адеп-ахлактык аруулукту сактоо оңой эмес. Элчи Пабыл: «Башкаларга кабар айтып жүрүп өзүм Кудайдын жактыруусуна татыксыз болуп калбашым үчүн, денемди муштагылап, кулга айландырып жатам»,— деген (1 Кор. 9:27). Андыктан, келгиле, Исанын адеп-ахлаксыздыкка байланыштуу кеңешин колдонууга чечкиндүү болуп, анын куткаруу курмандыгын баалабасыбызды көрсөткөн иштерге эч качан барбайлы (Мт. 20:28; Эвр. 6:4—6).

«Бергиле»

15, 16. а) Берешен болуу жагынан Иса кандай үлгү калтырган? б) Исанын Лука 6:38деги сөздөрү эмнени билдирет?

15 Иса сөздөрү жана эң мыкты үлгүсү менен берешен болууга түрткү берген. Алсак, жеткилеңсиз адамдардын жыргалчылыгын көздөп жерге келүү менен ал зор берешендик көрсөткөн (Оку: 2 Корунттуктар 8:9). Ал адамзат үчүн өз өмүрүн берүү максатында асмандагы даңкын калтырып, адам кейпин кийип жерге өз ыктыяры менен келген. Анын курмандыгынын аркасында айрымдар асман Падышалыгынын мурасташтары катары асмандагы байлыкка ээ боло алышат (Рим. 8:16, 17). Ошондой эле ал төмөндөгү сөздөрдү айтып, берешендикке үндөгөн.

16 «Бергиле, ошондо силерге да берилет: жакшы ченем менен койнуңарга шыкай салып, ыкшап, ашыра толтуруп беришет. Анткени кандай ченем менен өлчөп берсеңер, силерге да ошондой ченем менен өлчөнүп берилет» (Лк. 6:38). Байыркы убактарда айрым сатуучулар сатып алуучунун кур менен курчанган сырт кийиминин этегине саткан нерсесинен толтура салып беришчү. Исанын «койнуңарга шыкай салып» деген сөздөрү ошол сатуучуларды эске салат. Эгер биз берешен болсок, өзүбүз муктаж болгон күнү башкалар да бизге ашыгы менен бериши мүмкүн (Нас. 11:2).

17. Жахабанын берешендиги эмнеден көрүнүп турат жана биз эмнелерди берүүнүн аркасында кубанычка бөлөнөбүз?

17 Жахаба марттык менен бергендерди жакшы көрөт жана аларды сыйлыксыз калтырбайт. Ал өзү да «жалгыз Уулун ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берип», эң сонун үлгү калтырган (Жкн. 3:16). Ал эми Пабыл: «Көп сепкен көп жыйнайт. Ар бир адам кыйылып же аргасыздан эмес, жүрөгүндө кандай чечсе, ошого жараша иш кылсын, анткени Кудай кубаныч менен бергендерди жакшы көрөт»,— деп жазган (2 Кор. 9:6, 7). Ырас, убактыбызды, күчүбүздү жана каражатыбызды чыныгы сыйынууну колдоо үчүн берсек, сөзсүз кубанычка бөлөнүп, сыйлыкка ашыгы менен ээ болобуз (Оку: Накыл сөздөр 19:17; Лука 16:9).

«Элге жарыялап, сурнай тартпа»

18. Асмандагы Атабыздан «сыйлык албай» калышыбызга эмне себеп болушу мүмкүн?

18 «Адамдарга көрүнүү максатында алардын алдында адил болуудан сак болгула. Болбосо асмандагы Атаңардан сыйлык албайсыңар» (Мт. 6:1). Исанын «адил болуу» деген сөздөрү өзүбүздү Кудайдын эркине ылайык алып жүрүү дегенди билдирет. Бул жерде Иса жакшы иштерди элден жашыруун кылуу керектигин айткан эмес, тескерисинче, шакирттерине: «Силердин да жарыгыңар алардын алдында жаркырап турсун»,— деген (Мт. 5:14—16). Бирок театрдагы аткаруучулардай болуп, иштерибизди «адамдарга көрүнүү максатында» же даңкталыш үчүн кылсак, анда асмандагы Атабыздан «сыйлык албайбыз». Ошондой эле Кудай менен жакшы мамиледе боло албайбыз, Падышалыктын башкаруусу алдындагы баталардан да кол жууп калабыз.

19, 20. а) Исанын «кайыр берип жатканыңда... сурнай тартпа» деген сөздөрү эмнени билдирет? б) «Оң колуңдун эмне кылып жатканын сол колуң билбесин» деген сөздөрдүн маанисин түшүндүрүп бер.

19 Эгер Кудайга чын ниеттен кызмат кылсак, Исанын төмөндөгү сөздөрүнө ылайык иш кылган болобуз. Ал: «Ошондуктан кайыр берип жатканыңда, элге жарыялап, сурнай тартпа. Адамдар даңктасын деп, эки жүздүүлөр синагогаларда жана көчөлөрдө ошентишет. Силерге айтып коёюн, алар өз сыйлыгын толугу менен алышты»,— деген (Мт. 6:2). Байыркы учурда ысрайылдыктар муктаж болгондорго «кайыр беришчү» (Оку: Ышайа 58:6, 7). Иса менен анын шакирттери да жакырларга жардам берүү үчүн жалпы казынада акча кармашчу (Жкн. 12:5—8; 13:29). Чын-чынында, кайыр-садага берип жатканда сурнай тартылчу эмес. Иса кайыр берип жатканда «элге жарыялап, сурнай тартпа» деген сөздөрү менен ойду күчөтүп бергиси келсе керек. Биз, фарисейлердей болуп, бергенибизди элге жарыя кылбашыбыз кажет. Иса аларды эки жүздүүлөр деп атаган, себеби алар кайрымдуулук иштерин «синагогаларда жана көчөлөрдө» элге көрсөтүп кылышчу. Ошол эки жүздүү фарисейлер «өз сыйлыгын толугу менен алышкан». Тактап айтканда, элдин урмат көрсөтө учурашуусу, синагогаларда алдыңкы орундарда отуруу алар үчүн чоң сыйлык болгон, бирок Жахаба аларга эч кандай сыйлык берген эмес (Мт. 23:6). Ал эми Исанын шакирттери эмне кылууга тийиш эле? Аны Исанын төмөндөгү сөздөрүнөн билебиз.

20 Ал: «Кайыр бергениңде, оң колуңдун эмне кылып жатканын сол колуң билбесин. Кайыр-садагаңды көрсөтпөй бер, ошондо көрүнбөгөн жайдан баарын көрүп турган Атаңдан сыйлык аласың»,— деген (Мт. 6:3, 4). Адатта, кандайдыр бир ишти эки колубуз менен кылабыз. Ошондуктан оң колубуздун эмне кылып жатканын сол колубузга билдирбөө деген кайрымдуулук иштерди элге, атүгүл сол колубуз оң колубузга кандай жакын болсо, бизге да ошондой жакын адамдарга көрүнүш үчүн эле жасабаш керек экенин билдирет.

21. «Көрүнбөгөн жайдан баарын көрүп турган» Жахабадан сыйлык алуу деген эмнени билдирет?

21 Өзүбүздүн кайрымдуулук иштерибизди айтып мактанбасак, «кайыр бергенибиз» эч кимге билинбей жашыруун бойдон калат. Ошондо «көрүнбөгөн жайдан баарын көрүп турган Атабыз» бизге сыйлык берет. Асманда жашаган Атабыз адамдардын көзүнө көрүнбөйт (Жкн. 1:18). «Көрүнбөгөн жайдан баарын көрүп турган» Жахабадан сыйлык алуу аны менен ынак мамиледе болууну, күнөөлөрүбүздүн кечирилишин жана түбөлүк өмүргө ээ болууну билдирет (Накыл 3:32; Жкн. 17:3; Эф. 1:7). Ооба, бул адамдар тарабынан даңкталууга караганда алда канча жакшы!

Исанын баа жеткис сөздөрүн баалайлы

22, 23. Исанын сөздөрүн эмне үчүн баалашыбыз керек?

22 Исанын Тоодогу насаатын көздүн жоосун алган көп кырдуу рухий бриллиантка салыштырууга болот. Андагы асыл кеңештер бизге азыркы тынчы кеткен дүйнөдө да кубаныч тартуулай алат. Ооба, Исанын сөздөрүн баалап, алардын жан дүйнөбүзгө жана жашообузга таасир этишине жол берсек, чыныгы бакытка жетебиз.

23 Анын айткандарын «угуп, аткарган» ар бир адамга Кудайдын батасы тиет (Оку: Матай 7:24, 25). Андыктан, келгиле, Исанын кеңештерине ылайык жашоого чечкиндүү бололу. Исанын Тоодогу насаатта айткандарынын дагы бир нечеси ушул катар макалалардын акыркысында каралат.

Эмне деп жооп бересиңер?

• Таарынычы бар биртууган менен элдешүү эмне үчүн маанилүү?

• Канткенде «оң көзүбүзгө» бизди күнөөгө түртүүгө жол бербейбиз?

• Берешендикке кандай карашыбыз керек?

[Изилдөө суроолору]

[11-беттеги сүрөт]

Таарынычы бар биртууган менен «элдешүү» кандай жагымдуу!

[13-беттеги сүрөт]

Жахаба марттык менен бергендерге батасын берет