Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Миссионерлер Жеремиядай болууга чакырылышты

Миссионерлер Жеремиядай болууга чакырылышты

Гилат мектебинин 125-классы

Миссионерлер Жеремиядай болууга чакырылышты

«ГИЛАТ мектебинин бул классы тарыхтагы өзгөчө класс болду»,— деп билдирди Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Жеффри Жэксон. Бул сөздөр менен ал 2008-жылдын 13-сентябрында болгон Күзөт Мунарасынын ыйык китептик Гилат мектебинин 125-классынын бүтүрүүчүлөрүнө арналган аземге келген 6156 кишиге кайрылды. Ушул класстын 56 бүтүрүүчүсүн кошкондо Гилат мектеби «жердин учу-кыйырына чейин» 8 000ден ашуун миссионерди жиберген! (Элч. 1:8).

Программанын төрагасы Жэксон биртууган бүтүрүүчүлөргө: «Ишеничтүү болуу менен кызматыңарды жакшырта аласыңарбы?» — деген суроо узатты. Анан ал ишеничтүү болууга жардам берген төрт нерсе: туура маанай сактоо, үлгүлүү болуу, Кудай Сөзүнө тыгыз карманып окутуу жана Кудайдын ысмын даңктоону көздөө тууралуу айтып өттү.

Ал эми Окутуу комитети менен кызматташкан Дейвид Шейфер «Бардыгын түшүнөсүңөрбү?» деген темада сөз сүйлөдү. Ал бүтүрүүчүлөрдү эгер алар мындан ары да Жахабаны издешсе, ошондой эле «ишенимдүү жана акылдуу кулга» момундук менен баш ийишсе, миссионердик кызматта зарыл нерселердин «бардыгын түшүнөрүнө» ынандырды (Накыл 28:5; Мт. 24:45).

Андан кийин Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Жон Барр «Силерди Кудайдын сүйүүсүнөн эч нерсе ажыратпасын» деген темада баяндама айтты. Барр биртуугандын аталык мээрими менен берген кеңеши жаңы дайындоодо кездешиши мүмкүн болгон кыйынчылыктарды ойлоп тынчсызданып жаткан миссионерлерди жана алардын ата-энелерин бекемдеди. Ал: «Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбасак, коопсуз, жайлуу жерде жүргөндөй болобуз»,— деп түшүндүрдү. Миссионерлер Кудайдын сүйүүсүнөн өздөрү эле ажырабаса, аларды андан эч нерсе ажырата албайт.

Теократиялык мектептер бөлүмүндө кызмат кылган Сэм Роберсон угуучуларды «эң мыкты кийимди» кийүүгө чакырды. Гилат мектебинин бүтүрүүчүлөрү Исанын кылган иштери жөнүндө изилдеп, аларды жашоодо колдонуу менен Мырзабыз Иса Машаяктын табиятын кие алышат (Рим. 13:14). Андан соң Уильям Сэмюэлсон, Теократиялык мектептер бөлүмүнүн көзөмөлчүсү, адамды эмне кадыр-барктуу кыларын айтты. Адамдардын көз алдында эмес, Кудайдын көз алдында сый-урматка ээ болгон кишини чындап кадыр-барктуу деп айтса болот.

Анан нускоочулардын бири Майкл Бернет бүтүрүүчүлөр менен маек куруп, алардан кабар айтуу кызматында болгон окуялар тууралуу сурады. Бүтүрүүчүлөрдүн көбү Паттерсондо (Нью-Йорк) жайгашкан Гилат мектебинде окуп жаткан учурда жакшы иштетилген аймактарда кабар айтышса да, кызыккан адамдарды табышкан. Жыйындар бөлүмүнүн мүчөсү Жеральд Гризел да Филиал комитетинин мүчөлөрүн окутуу мектебинен билим алган үч биртуугандан дилмаек алды. Алардын айткандары Гилаттын бүтүрүүчүлөрүнө өздөрүн чет тилдүү аймактарда боло турган нерселерге даярдоого көмөк кылды.

Гилат мектебинин 42-классынын бүтүрүүчүсү, Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Дэйвид Сплэйн «Жеремиядай болгула!» деп аталган баяндама менен чыкты. Башында Жеремия дайындоосун ойлоп тынчсызданган, бирок Жахаба аны бекемдеген (Жер. 1:7, 8). Ошо сыяктуу эле, Кудай жаңы миссионерлерге да колдоо көрсөтөт. «Эгер сенде кайсы бир биртууган менен келишпестик пайда болсо,— деди Сплейн биртууган,— отуруп алып, ошол биртуугандын сага жаккан он сапатын кагазга жаз. Эгер жакшы он сапатын таппай жатсаң, бул аны жакшыраак билүүгө аракет кылышың керектигин көрсөтүп турат».

Жеремия жан аябастык менен кызмат кылган. Ал кызматын таштагысы келгенде Жахабага тиленген. Ошондо Жахабанын аны менен экенин сезген (Жер. 20:11). Сплейн биртууган: «Көңүлүңөр чөккөндө, силерди тынчсыздандырган нерсенин баарын Жахабага айткыла, ошондо анын силерге кандайча жардам бергенине таң каласыңар»,— деди.

Аземдин акырында программанын төрагасы бүтүрүүчүлөрдүн ишеничтүүлүктү өрчүтүүнүн бир нече жолун үйрөнүшкөнүн айтып өттү. Эгер миссионерлер жаңы дайындалган жерде кызмат кылууда ишеничтүү болушса, айткан кабары таасирдүү болот (Ыш. 43:8—12).

[22-беттеги кутуча]

КЛАСС ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ

Студенттер келген өлкөлөрдүн саны: 6

Бүтүрүүчүлөр дайындалган өлкөлөрдүн саны: 21

Студенттердин саны: 56

Орточо жашы: 32,9

Чындыкта жүргөн жылдарынын орточо саны: 17,4

Толук убакыттагы кызмат жылдарынын орточо саны: 13

[23-беттеги сүрөт]

Күзөт Мунарасынын ыйык китептик Гилат мектебинин 125-бүтүрүүчү классы

Катарлар төмөндөн жогору карай номурланып, ысымдар солдон оңго саналат.

[23-беттеги сүрөт]

1) Хожсон А.; Уолл А.; Биренс К.; Хортелано М.; Ньюмен Л.; Де Касо Э. 2) Жеңкинс Ж.; Жарземски Т.; Мендес Н.; Корона В.; Каналита Л. 3) Фрайер Х.; Сэвидж М.; Тидуэлл К.; Эриксон Н.; Дик Э.; Макбет Р. 4) Перес Л.; Пьюз Л.; Скидмор А.; Яң Б.; Макбрайд Н.; Рондон П.; Гудман Э. 5) Биренс М.; Фергюсон Ж.; Пирсон Н.; Чапмен Л.; Уордл Ж.; Каналита М. 6) Перес П.; Де Касо Д.; Яң Т.; Рондон Д.; Гудман Г.; Жеңкинс М.; Дик Г. 7) Корона М.; Уолл Р.; Пьюз С.; Мендес Ф.; Жарземски С.; Сэвидж Т. 8) Ньюмен К.; Фергюсон Д.; Скидмор Д.; Эриксон Т.; Макбрайд Ж.; Пирсон М.; Чапмен М. 9) Хожсон К.; Уордл А.; Макбет А.; Тидуэлл Т.; Фрайер Ж.; Хортелано Ж.