Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Сөөк коюу каадасынын Кудайга жаккыдай өткөрүлүшү

Сөөк коюу каадасынын Кудайга жаккыдай өткөрүлүшү

Сөөк коюу каадасынын Кудайга жаккыдай өткөрүлүшү

КАЙГЫ тарткандардын жоктогон ыйы, армандуу үнү айылдын тиги четинен бу четине угулат. Жакынын жоготкондор кара чүмкөнүп, боорун жерден албай ыйлап жатышат. Тигил жердегилер ойноп жаткан музыкага шайкеш ары-бери термелишет. Ары жактагылар болсо ичип-жеп, күлүп-жайнап, тойдо отургандай өздөрүнчө көңүлдүү. Айрымдары суудай аккан шарап менен сырага тоюп алып, узунунан сулап жатышат. Бул жерде деги эмне болуп жатат? Дүйнөнүн айрым жерлеринде сөөк коюу каадасы, адатта, ушундайча өткөрүлөт. Андайда маркум менен коштошуу үчүн жүздөгөн кишилер чогулушат.

Жахабанын көптөгөн Күбөлөрүнүн тууган-туушкандары же кошуна-колоңдору өлгөндөрдөн корккондуктан ар кандай ырым-жырымдарга карманышат. Миллиондогон адамдар өлгөн киши арбакка айланып, тирүүлөргө же жардам берет, же зыян келтирет деп ишенишет. Сөөк коюудагы толгон-токой каада-салттардын келип чыгышынын себеби мына ушунда. Албетте, жакынынан айрылган кишинин кайгыга батканы табигый нерсе. Иса да, анын шакирттери да жакындарын жоготкондо күйүт тартышкан (Жкн. 11:33—35, 38; Элч. 8:2; 9:39). Анткен менен алар, өздөрүнүн замандаштарындай болуп, өтө эле өзөлөнүп-өксөй беришкен эмес (Лк. 23:27, 28; 1 Тес. 4:13). Себеби алар өлүм жөнүндөгү чындыкты билишкен.

Ыйык Китепте өлгөндөрдүн абалы тууралуу: «Тирүүлөр өлө турганын билишет, ал эми өлгөндөр эч нерсе билишпейт... Алардын сүйүүсү да, жек көрүүсү да, кызганчаактыгы да жок болду... Сен бара турган мүрзөдө [адамзаттын жалпы мүрзөсүндө] жумуш да, ой жүгүртүү да, билим да, акылмандуулук да жок»,— деп ачык эле айтылат (Нас. 9:5, 6, 10). Бул аяттарга ылайык, өлгөн адам эч нерсе билбейт: ал ойлоно да, сүйлөшө да, эч нерсени сезе да, түшүнө да албайт. Ыйык Китептеги бул маанилүү чындыкты билүү Кудайдын кызматчыларынын сөөк коюу каадасынын өткөрүлүшүнө кандай таасир этиши керек?

«Арам нерсеге жолобогула»

Жахабанын Күбөлөрү кандай чөйрөдө чоңоюшпасын, кандай маданиятта тарбияланышпасын, адам өлгөндөн кийин жашай берет, тирүүлөргө таасирин тийгизе алат деген ишенимге байланышы бар үрп-адаттардын эч бирине карманышпайт. Сөөк коюудагы той-топурлар, аш өткөрүү, маркумга багыштап мал союу, жесирлик салты сыяктуу каада-салттар жиндердин окууларына — жан же рух өлбөйт деген окууларга — негизделгендиктен, Кудайдын алдында арам деп эсептелет (Жез. 18:4). Исанын чыныгы жолдоочулары «бир эле учурда „Жахабанын дасторконунан“ да, жиндердин дасторконунан да тамактана алышпасын» билгендиктен, андай салттарга катышышпайт (1 Кор. 10:21). Алар Кудайдын: «Алардын арасынан... бөлүнгүлө... арам нерсеге жолобогула»,— деген буйругуна ылайык иш кылышат (2 Кор. 6:17). Бирок мындай кылуу дайыма эле оңойго тура бербейт.

Африкада жана башка жерлерде сөөк коюудагы үрп-адаттарга карманбагандарды ата-бабалардын арбагы урат деген ишеним кеңири таралган. Ошондой эле андай салттарды бузуу элди каргышка калтырат же кырсыкка учуратат деп эсептелинет. Ыйык Жазмага карама-каршы келген андай салт-санааларга иришпегендиктен, Жахабанын көптөгөн кызматчылары сынга алынып, жек көрүндү болуп, айылынан куулуп чыгарылат, жада калса үй-бүлөсү алар менен катташпай, кол үзүп коёт. Айрымдарын элден четтеген, өлгөндөрдүн арбагын сыйлабаган адамдар деп айыпташат. Кээде ишенимдеш эмес туугандар сөөктү өзүбүздүн салтыбыз боюнча коёбуз деп өзүнүкүнө туруп алышат. Алар менен талашып-тартышуудан канткенде кача алабыз? Андан да маанилүүсү, Жахаба менен болгон мамилебизге доо кетире турган ыпылас үрп-адаттардан оолак болуу үчүн эмне кыла алабыз?

Көз карашыңарды айкын билдиргиле

Дүйнөнүн айрым жерлеринде сөөк коюу каадасын өткөрүүдө уруу башчыларынын же жакынын жоготкондордун алысыраак туугандарынын айткандары да салмактуу болот. Андыктан тууган-уруктарыбызга сөөк коюу каадасын ыйык китептик принциптерге ылайык кандайча уюштурулуп, кандайча өткөрүлөрүн ачык-айкын түшүндүрүп коюшубуз абзел (2 Кор. 6:14—16). Кандай болбосун, сөөк коюуда ишенимдештерибиздин абийирин эске алышыбыз жана эмнелерге ишенип-карманарыбызды, өлгөндөрдүн абалы тууралуу окууларыбызды билгендерге кедерги болуудан сак болушубуз керек.

Жакынын жоготкон ишенимдешине сөөк коюу каадасын өткөрүүгө жыйналыштагылар жардам бере турган болсо, аксакалдар анын ыйык китептик принциптерге ылайык өткөрүлүшү үчүн пайдалуу кеңештерди берип, рухий жактан колдоо көрсөтүшөт. Эгер Күбө эмес туугандар Кудайга жакпаган каада-салттарды аткарууга мажбурласа, туруктуу болуп, Ыйык Китепке негизделген көз карашыбызды кайраттуулук менен, ошол эле учурда жумшактык жана терең урмат-сый менен түшүндүрүп берүү маанилүү (1 Пет. 3:15). Бирок туугандарыбыз Жазмага карама-каршы келген каада-салттарды аткарыш керек деп өздөрүнүкүн бербей койсочу? Андай учурда Жахабанын Күбөлөрү сөөк коюу каадасы өткөрүлүп жаткан жерден кетүүнү чечиши мүмкүн (1 Кор. 10:20). Мындайда жергиликтүү Падышалык залында же башка ылайыктуу жерде жолугушуу уюштурулуп, жакынын жоготкондор Ыйык Жазмадан сооронуч алыш үчүн, баяндама айтылышы ыктымал (Рим. 15:4). Маркумдун сөөгү жок болсо деле, аны татыктуу жана орундуу түрдө өткөрүлгөн каада деп айтууга болот (Мыйз. 34:5, 6, 8). Кээде өзүбүз кыйналып жатканда, чындыкта эмес туугандардын түшүнбөстүгү өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып, жагдайды ого бетер оорлотот. Ошентсе да Ыйык Китептеги принциптерге бекем карманууга аракет кылып жатканыбыз «адаттан тышкаркы күч» бере ала турган Кудайдын көз жаздымында калбасын билүү бизди абдан сооротот (2 Кор. 4:7).

Каалооңорду кагаз жүзүндө жазуунун пайдасы

Адатта, көзү өтүп кеткен кишинин айткан керээзине олуттуу маани берилет. Ошондуктан сөөк коюу каадасына байланыштуу каалоо-өтүнүчтөр кагаз жүзүнө түшүрүлүп коюлса, кийин үй-бүлөнүн Күбө эмес мүчөлөрү менен бир пикирге келүү оңоюраак болот. Катка сөөк коюу каадасы кандай, каерде, кайсы убакта өткөрүлүшү керектигин, ошондой эле аны уюштурууга ким жооптуу болорун жана башка ушул сыяктуу маанилүү нерселерди жазып коюу кажет (Башт. 50:5). Кат күчкө ээ болушу үчүн, анда жазган кишинин жана күбөлөрдүн колу турушу керек. Ыйык китептик принциптерди билүүнүн аркасында келген акылмандык менен кыраакылыкка керээзди карылык жетип калганда же ооруу менен алпурушуп өлүм алдында жатканда эмес, ага чейин эле жазып коюуга түрткү берет (Накыл 22:3; Нас. 9:12).

Анткен менен айрымдарга тирүү туруп, керээз кат жазуу өөн учурашы мүмкүн. Бирок бул Исанын жолдоочусунун жетилгендигин, жакындарына болгон камкордугун айгинелейт (Флп. 2:4). Сөөк коюуга байланыштуу суроолорду үйүңдөгүлөргө артып койгондон көрө, көзүң тирүү кезиңде ал суроолорду өзүң алдын ала чечип койгонуң оң. Антпесе, кийин, эгер көзүң өтүп кетсе, тууган-туушкандарың аларга өзүң ишенбеген же колдобогон ырым-жырымдарга карманууну таңуулашы мүмкүн.

Татыктуу түрдө өтүшүнө кам көргүлө

Африканын көптөгөн жерлеринде өлгөн кишинин арбагын ыраазы кылыш үчүн, көп эл чакырылып, чоң азем өткөрүлүп, маркум өзгөчө нарк менен көмүлүшү керек деген түшүнүк кеңири таралган. Кээ бирөөлөр болсо сөөк коюу каадасын байлык-мансабы менен мактануу мүмкүнчүлүгү катары көрүшөт (1 Жкн. 2:16). Алар маркумду «эл катары» ардактап көмүү үчүн көптөгөн убактысын, күч-аракетин, акча-каражаттарын сарпташат. Мисалы, көп адамдын көңүлүн бурдуруш үчүн, маркумдун сүрөтү тартылган чоң плакаттарды ар кайсы жерлерге илишип, сөөк коюу каадасы өткөрүлөрүн жар салышат. Ошондой эле маркумдун сүрөтүн футболкаларга түшүрүп, аларды көңүл айтып келгендерге таратышат. Андан тышкары, айрымдар атагын чыгарыш үчүн маркумду асемделген, кымбат баалуу табытка салып көмүшөт. Дагы бирөөлөр башкалардан айырмалануу максатында табытты машине, самолёт, кайык жана башка ушул сыяктуу нерселерге окшоштуруп жасатышат. Кээде өлгөн кишини табыттан чыгарып, кооздоп жасалгаланган керебетке жаткызып коюшат. Эгер аял киши өлсө, ага үйлөнүү тоюнда кийиле турган ак көйнөк кийгизип, аны асыл таштардан жасалган шуру, зергер буюмдар менен жасалгалап, жүзүн сулуулап коюшат. Кудайдын эли мындай каадаларга кандай карайт?

Исанын жетилген жолдоочулары ыйык китептик принциптерди билбеген, билгиси да келбеген кишилердин көңүлү үчүн туура эмес иштерди жасашпайт. Биз жалган окуулар менен байланышы бар ырым-жырымдар жана каада-салттар «Атадан эмес», өтүп кете турган бул дүйнөдөн экенин билебиз (1 Жкн. 2:15—17). Ошондой эле атаандашуу рухунан, башкалардан ашып түшүүгө умтулуудан качабыз (Гал. 5:26). Тажрыйба көрсөтүп тургандай, өлгөндөрдөн коркуу жергиликтүү маданиятка, адамдардын кан-жанына сиңип калган жерлерде сөөк коюу каадасы чоң аземге айланып, аны көзөмөлдөө кыйын болуп калат. Өлгөндөрдү аздектөө сезими Күбө эмес туугандарыбызды орунсуз иштерди кылууга түртүшү мүмкүн. Алар, маселен, маркумдун алдында буркан-шаркан түшүп ыйлап, өкүрүп-бакырып, өлүктү кучактап, аны менен тирүү киши менен сүйлөшкөндөй сүйлөшүп, табытына акча же дагы башка нерселерди ташташы ыктымал. Исанын жолдоочуларынын сөөк коюу каадасында мындай нерселердин болушу Жахабанын ысмына жана анын элине шек келтирет (1 Пет. 1:14—16).

Өлгөндөрдүн абалы тууралуу чындыкты билгендиктен, сөөк коюу каадасын өткөрүүдө бул дүйнөгө мүнөздүү жол-жоосундардын баарынан оолак болобуз (Эф. 4:17—19). Иса тарыхтагы эң улуу адам болсо да, анын сөөгү аздектелип, чоң азем менен коюлган эмес (Жкн. 19:40—42). Андыктан «Машаяктын акылына» ээ болгондор сөөк коюу каадасын жөнөкөй өткөрүүдөн намыстанышпайт (1 Кор. 2:16). Анын үстүнө, сөөк коюу каадасы жөнөкөй өткөрүлсө, Ыйык Жазмага карама-каршы келген иштерге, үрп-адаттарга бөгөт коюлуп, анын татыктуу түрдө, уюшкандыкта, Кудайдан корккондорго мүнөздүү өтүшүнө шарт түзүлөт.

Тойго айландыруу орундуубу?

Айрым жерлерде сөөктү жерге жашыргандан кийин маркумдун тууган-туушкандары, кошуна-колоңдору жана курбу-курдаштары чогулуп, чоң майрам уюштуруп, музыканы катуу коюп бийлешет. Андай «той-топурларда», адатта, арак-шарап берилип, адеп-ахлаксыз иштер жасалат. Айрымдар муну күйүттү басуунун айласы деп ырасташса, башкалары өздөрүнүн маданиятынын бир бөлүгү катары көрүшөт. Ошентсе да көпчүлүк мындай шаан-шөкөттү маркумга урмат көрсөтүү үчүн жана анын жаны ата-бабаларынын арбактарына кошулушу үчүн өткөрүлүүгө тийиш болгон азем деп эсептешет.

Исанын чыныгы жолдоочулары Ыйык Жазмадагы: «Күлкүгө караганда кайгы жакшы, анткени адам кайгырганда, жүрөгү жакшы болуп калат»,— деген сөздөрдүн төгүнсүз экенине кошулушат (Нас. 7:3). Чынында эле, сөөк коюу каадасында өмүрдүн кыскалыгы, тирилүүгө болгон үмүт тууралуу ой жүгүртүү пайдалуу. Ырас, Жахаба менен ынак мамиледе болгондорго «өлгөн күн туулган күндөн артык» (Нас. 7:1). Исанын чыныгы жолдоочулары сөөк коюлгандан кийин уюштурулган той-топурлардын жалган окуулар менен байланышы бар экенин жана адеп-ахлаксыздык менен коштолорун билгендиктен, андай шаан-шөкөттөрдү уюштурушпайт да, аларга катышышпайт. Ошондой той-топурларга аралашуу Жахабаны сыйлабастыкка жана ишенимдештердин абийирин эске албагандыкка жатып калмак.

Башкаларга айырмабыз көрүнүп турсун

Рухий караңгылыкта жүргөндөрдөн айырмаланып, өлгөндөрдүн абалы тууралуу чындыкты билгенибизге кандай гана ыраазыбыз! (Жкн. 8:32). Биз «жарыктын балдары» катары ыйык китептик билимге жана тирилүүгө болгон үмүткө ээ болгондуктан, өлгөн жакыныбызды жоктоп ыйлаганда сабыр кылып, кайраттуулук көрсөтөбүз (Эф. 5:8; Жкн. 5:28, 29). Тирилүү болоруна бекем ишенгендиктен, «үмүтү жок башка адамдарга окшоп», күйүткө жеңдирип, кайгыга батып кетпейбиз (1 Тес. 4:13). Ошондой эле үмүтүбүз бизге чыныгы сыйынууну кайраттуулук менен жактоого жана адамдардан коркуу сезимине алдырбоого жардам берет (1 Пет. 3:13, 14).

Жазмадагы принциптерге ишенимдүүлүк менен кармансак, башкалар «Кудайга кызмат кылган адам менен кызмат кылбаган адамдын ортосундагы айырманы» айкын көрө алышат (Мал. 3:18). Жакында өлүм жок болот (Аян 21:4). Ал кереметтүү убада аткарыла турган убак келгиче Жахабанын алдында таза, кемчиликсиз бойдон калууга, Шайтандын дүйнөсүнө аралашпоого жана Жахабага жакпаган иштердин баарынан оолак болууга умтула берели (2 Пет. 3:14).

[30-беттеги сүрөт]

Сөөк коюуга байланыштуу керээзди кагаз жүзүндө жазып коюу акылдуулукка жатат

[31-беттеги сүрөт]

Кудайдын кызматчыларынын сөөк коюу каадасы татыктуу түрдө өткөрүлүүгө тийиш