Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Тиленүүлөрүң Исанын айткандарына ылайык келеби?

Тиленүүлөрүң Исанын айткандарына ылайык келеби?

Тиленүүлөрүң Исанын айткандарына ылайык келеби?

«Иса сөзүн аяктаганда, эл анын окутуусуна абдан таң калды» (МТ. 7:28).

1, 2. Эл Исанын окутуусуна эмне үчүн таң калган?

БИЗ Кудайдын жалгыз тун Уулу Иса Машаяктын сөздөрүнө кулак кагып, аларды жашообузда колдонушубуз керек. Чынында, бир да адам Исадай сүйлөгөн эмес. Ооба, адамдар Исанын тоодо айткан насааттарына таң беришкен (Оку: Матай 7:28, 29).

2 Жахабанын Уулунун окутуусу фарисейлердин окутуусунан айырмаланган, анткени фарисейлер окутууларын жеткилеңсиз адамдардын сөздөрүнө негиздеген. Ал эми Иса «бийлиги бар адамдай» окуткан, себеби ал Кудайдын сөздөрүн айткан (Жкн. 12:50). Ошондуктан, келгиле, Исанын тоодо айткан насааттары биздин тиленүүлөрүбүзгө кандайча таасир эте аларын жана кандай таасир этиши керектигин карап чыгалы.

Эч качан эки жүздүүлөрдөй болуп тиленбегиле

3. Исанын Матай 6:5теги сөздөрү эмнени билдирет?

3 Тиленүү — чыныгы сыйынуунун бир бөлүгү. Ошондуктан Жахабага үзгүлтүксүз тиленишибиз керек. Бирок биздин тиленүүлөрүбүз Исанын тоодо айткан насааттарына ылайык келиши зарыл. Ал: «Тиленип жатканыңарда эки жүздүүлөрдөй болбогула, анткени алар башкаларга көрүнүш үчүн синагогаларда жана чоң көчөлөрдүн кесилишинде туруп алып тиленгенди жакшы көрүшөт. Ишенип койгула, алар өз сыйлыгын толугу менен алышты»,— деген (Мт. 6:5).

4—6. а) Фарисейлер эмне үчүн синагогаларда жана чоң көчөлөрдүн кесилишинде туруп алып тиленгенди жакшы көрүшчү? б) Андай эки жүздүүлөр кандайча сыйлыгын толугу менен алышкан?

4 Исанын шакирттери тиленип жатканда өздөрүн адил эсептеген эки жүздүү фарисейлердей болбошу керек эле. Анткени фарисейлер элге адилсинип көрүнүүгө аракет кылышчу (Мт. 23:13—32). Андыктан «башкаларга көрүнүш үчүн синагогаларда жана чоң көчөлөрдүн кесилишинде туруп алып тиленгенди жакшы көрүшчү». Негизинен, биринчи кылымда жүйүттөр ибадатканада бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар чалынып жатканда чогуу тиленишчү (эртең менен саат тогуздарда жана түштөн кийин үчтөрдө). Ошондой эле Иерусалимдин көптөгөн тургундары да сыйынганы келгендер менен бирге ибадаткананын короосунда тиленишчү. Ал эми шаардын сыртында жашаган Кудайдан корккон жүйүттөр сыйынуу үчүн синагогага күнүнө эки жолу келип кетишчү (Салыштыр: Лука 18:11, 13).

5 Синагогадан алыс жашагандардын көпчүлүгү сыйынууга күнүнө эки жолу келе албагандыктан, сыйынуу убагы келгенде кайсы жерде болсо, ошол жерде туруп сыйынышчу. Айрымдары «чоң көчөлөрдүн кесилишинде турганда» сыйынуу убактысынын келип калышын каалашчу. Алар ошол көчөлөрдүн кесилишинде өтүп бараткандарга көрүнүүнү эңсешчү. Ары-бери өткөндөр аларды макташы үчүн, ошол сопусунган эки жүздүүлөр «узакка тиленишчү» (Лк. 20:47). Биз алардай болбошубуз керек.

6 Иса андай эки жүздүүлөрдүн «өз сыйлыгын толугу менен алышканын» айткан. Алар адамдардын жактыруусуна ээ болуп, даңкталып-даңазаланганды абдан каалашкан. Фарисейлер үчүн андан өткөн чоң сыйлык жок эле. Анткени Жахаба алардын эки жүздүүлөнүп тиленгенине жооп берген эмес. Ал эми Исанын кийинки сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, Кудай өзүнүн кызматчыларынын тиленүүлөрүнө жооп берчү.

7. Исанын «өз бөлмөңө кирип» тилен деген кеңеши эмнени билдирет?

7 «Сен болсо тиленерде өз бөлмөңө кирип, эшикти жап да, көрүнбөгөн жайдагы Атаңа тилен; ошондо көрүнбөгөн жайдан баарын көрүп турган Атаңдан сыйлык аласың» (Мт. 6:6). Исанын бул кеңеши жыйналышта эл алдында тиленбөө керек дегенди эмес, элдин көңүлүн өзүнө бурдуруп, башкалардын мактоосуна ээ болуш үчүн тиленбөө керек дегенди билдирет. Бизге Кудайдын элинин алдында тиленүү артыкчылыгы берилгенде ушуну эске алганыбыз оң. Келгиле, Исанын тиленүүгө байланыштуу дагы кандай кеңеш бергенин карап көрөлү.

8. Матай 6:7ге ылайык, тиленүүгө байланыштуу эмнеден качышыбыз керек?

8 «Бирок тиленгенде, дүйнөнүн адамдарындай болуп, окшош эле нерселерди кайра-кайра кайталай бербе, себеби алар көп сөздөрдү айтканда тиленүүлөрү угулат деп ойлошот» (Мт. 6:7). Иса тиленүүгө байланыштуу дагы бир жаңылыштыкты баса белгилеген. Ал кайра-кайра кайталоонун туура эмес экенин айткан. Бирок Иса бул сөздөрү менен чын жүрөктөн чыккан тиленүүлөрдү жана ыраазычылыктарды кайра-кайра айтпаш керек деп айткысы келген эмес. Маселен, ал өзү да өлөр түнү Гетсемани багында «ошол эле сөздөрдү» кайра-кайра айтып тиленген (Мр. 14:32—39).

9, 10. Тиленүүлөрүбүздү кандай мааниде кайра-кайра кайталай бербешибиз керек?

9 Кудайга кайрылууда «дүйнөнүн адамдарын» туурап, тиленүүлөрдү жаттап алып айтканыбыз туура эмес болуп калар эле. Алар жаттап алган маңызы жок сөздөрүн «кайра-кайра кайталап» тиленишет. Баалга — жалган кудайга — сыйынгандар да таң аткандан түшкө чейин: «Баал, бизди ук!» — деп кыйкырышкан, бирок эч жыйынтык чыккан эмес (1 Пад. 18:26). Бүгүнкү күндө да миллиондогондор тиленүүлөрүбүз угулат деген ойдо көп сөздөрдү кайра-кайра айтып тиленишет. Бирок Исанын сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, Жахабанын көз алдында «көп сөздөрдү» кайталап айтып, узакка тиленүүнүн эч маңызы жок экени түшүнүктүү. Исанын андан аркы сөздөрүнө көңүл буралы.

10 «Силер алардай болбогула, анткени Кудай, асмандагы Атаңар, эмнеге муктаж экениңерди сурай элегиңерде эле билет» (Мт. 6:8). Көптөгөн жүйүт диний жетекчилери тиленгенде, бутпарастарга окшоп, ашыкча көп сөздөрдү айтышчу. Ал эми биз Кудайды даңктап, ага ыраазычылыгыбызды билдирип, өтүнүчүбүздү айтып тиленсек, Кудайга туура сыйынган болобуз (Флп. 4:6). Өзүбүздүн муктаждыктарыбыз тууралуу Кудайга, унутуп калат деген ойдо, кайра-кайра кайталап айтуу зарыл деп ойлоо жаңылыштык болуп калар эле. Ооба, тиленип жатканда эмнеге муктаж экенибизди сурай электе эле билген Кудайга кайрылып жатканыбызды эстен чыгарбашыбыз керек.

11. Эгер бизге эл алдында тиленүү сыймыгы берилсе эмнени эске алышыбыз керек?

11 Исанын тиленүүгө байланыштуу айткандарынан белгилүү болгондой, кооздолуп, көркөмдөлгөн ашыкча сөздөр менен Кудайды таасирленте албайбыз. Ошондой эле эл алдында тиленгенде адамдарды таасирлентүүгө аракет кылып же башкалардын: «Тиленүүсүн эртерээк бүтүрбөйбү»,— деп ойлошуна себеп болгудай узак тиленбешибиз керек. Тиленүү учурунда бир нерсени кулактандыруу же элге кеңеш берүү да Исанын тоодо айткан сөздөрүнө ылайык келбейт.

Иса кантип тиленүү керектигин үйрөткөн

12. «Ысмың ыйыкталсын» деген өтүнүчтүн маанисин кантип түшүндүрүп берет элең?

12 Иса шакирттерине тиленүүгө байланыштуу жаңылыштыктарды айтуу менен бирге эле кантип тиленүү керектигин да үйрөткөн (Оку: Матай 6:9—13). Бирок анын үлгү катары калтырган тиленүүсүн жаттап алып, кайра-кайра кайталоонун кажети жок. Ал тиленүүдө жөн гана кантип тиленишибиз керектигине байланыштуу жетекчилик камтылган. Мисалы, Иса ошол тиленүүсүн «Асмандагы Атабыз, ысмың ыйыкталсын» деген сөздөр менен баштайт (Мт. 6:9). Ооба, биз Жахабага «Атабыз» деп кайрылабыз, анткени ал «асманда» жашаган биздин Жаратуучубуз (Мыйз. 32:6; 2 Жылн. 6:21; Элч. 17:24, 28). Ошондой эле «Атабыз» деп айтылганы башка ишенимдештерибиз да аны менен тыгыз мамиледе экенин көрсөтүп турат. «Ысмың ыйыкталсын» деп тиленүү менен Жахабадан Эйден багындагы козголоңдун айынан караланган өз ысмын ар кандай жалаадан арылтышын сурап тиленген болобуз. Кудай тиленүүбүзгө жооп кылып жер бетинен жамандыкты жоёт. Ошентип, өз ысмын ыйыктайт (Жез. 36:23).

13. а) «Падышалыгың келсин» деген өтүнүч кандайча аткарылат? б) Кудайдын эркинин жерде аткарылышын сурап тиленүү деген эмнени билдирет?

13 «Падышалыгың келсин. Сенин эркиң, асмандагыдай эле, жерде да аткарылсын» (Мт. 6:10). Үлгү катары калтырылган бул тиленүүгө ылайык, «Падышалык» бул Машаякка жана анын тирилген «ыйыктарына» берилген асмандагы өкмөт экенин унутпашыбыз керек (Дан. 7:13, 14, 18; Ыш. 9:6, 7). Ошол Падышалыктын келиши жөнүндө тиленүү менен Кудайдан анын өкмөтүнө каршы чыккандардын баарын жок кылуусун суранган болобуз. Алар жакында жок кылынып, бүт жер жүзү адилеттүүлүк, тынчтык жана жыргалчылык өкүм сүргөн бейишке айланат (Заб. 71:1—15; Дан. 2:44; 2 Пет. 3:13). Жахабанын эрки азыр асманда аткарылып жатат. Ал эми анын эркинин жерде да аткарылышын сурап тиленүү деген Жахабанын жерге карата болгон ой-ниетинин ишке ашышын, ошондой эле ага каршы чыккандарды, байыркы убактардагыдай эле, жок кылышын сурап тиленүүнү билдирет (Оку: Забур 82:1, 2, 14—19).

14. «Бүгүнкү күнгө наныбызды бере көр»,— деп тиленүү эмне үчүн орундуу?

14 «Бүгүнкү күнгө наныбызды бере көр» (Мт. 6:11; Лк. 11:3). Биз Кудайга ушундай өтүнүч менен кайрылып, андан «бүгүнкү күнгө» керектүү тамак-аш менен камсыз кылышын суранабыз. Мындай тиленүү Жахабанын биздин муктаждыктарыбызды канааттандыра аларына ишенерибизди көрсөтөт. Бирок бул ашыкча бир нерселерди суроо дегенди билдирбейт. Ошондой эле Жахабанын ысрайылдыктарга маннаны «бир күнгө жеткидей» эле өлчөмдө жыйнап алууга карата берген буйругун эске салат (Чыг. 16:4).

15. «Бизге жамандык кылгандарды кечиргенибиздей, Сен да биздин күнөөлөрүбүздү кечире көр»,— деген сөздөрдүн маанисин түшүндүрүп бер.

15 Исанын үлгү катары калтырган тиленүүсүнөн дагы бир нерсени биле алабыз. Ал: «Бизге жамандык кылгандарды кечиргенибиздей, Сен да биздин күнөөлөрүбүздү кечире көр»,— деген (Мт. 6:12). Ооба, бизге каршы күнөө кылгандарды кечиргенде гана Жахабанын бизди кечирерине үмүттөнө алабыз (Оку: Матай 6:14, 15). Ошол себептүү башкаларды айкөлдүк менен кечиришибиз керек (Эф. 4:32; Кол. 3:13).

16. «Азгырылышыбызга жол бербе жана Карөзгөйдөн сакта»,— деп тиленүү эмнени билдирет?

16 «Ошондой эле азгырылышыбызга жол бербе жана Карөзгөйдөн сакта» (Мт. 6:13). Исанын үлгү катары калтырган тиленүүсүндөгү бул эки өтүнүчтү кандай түшүнсөк болот? Чынында, Жахаба бизди эч кандай күнөөгө азгырбайт (Оку: Жакып 1:13). Анык «Азгыруучу» — бул «Карөзгөй» Шайтан (Мт. 4:3). Анткен менен Ыйык Китепте Жахабанын кандайдыр бир иштерге жол берери айтылат (Рут 1:20, 21; Нас. 11:5). «Азгырылышыбызга жол бербе» деп сурануу Жахабадан анын тилин албай, азгырыктарга берилип кетишибизге жол бербе деп тиленгенибизди билдирет. Ал эми «Карөзгөйдөн сакта» деп тиленүү менен туура эмес иш жасап алуудан сакташын суранган болобуз. Андыктан Кудай биздин алыбыз жеткис азгырыктарга кабылышыбызга жол бербээрине ишенсек болот (Оку: 1 Корунттуктар 10:13).

«Сураганыңарды... издегениңерди... тыкылдатканыңарды токтотпогула»

17, 18. «Сураганыңарды... издегениңерди... тыкылдатканыңарды токтотпогула» деген сөздөр эмнени билдирет?

17 Элчи Пабыл ишенимдештерин: «Тиленгениңерди токтотпогула»,— деп үндөгөн (Рим. 12:12). Иса да: «Сураганыңарды токтотпогула, ошондо силерге берилет; издегениңерди токтотпогула, ошондо табасыңар; тыкылдатканыңарды токтотпогула, ошондо силерге эшик ачылат. Анткени ар бир сураган адам алат, издеген табат жана тыкылдатканга эшик ачылат»,— деген сөздөрү менен ошол эле ойду айткан (Мт. 7:7, 8). Ооба, Кудайдын эркине ылайык келген кандай гана нерсе болбосун, сураганыбызды токтотпогонубуз орундуу. Тиленүүгө байланыштуу элчи Жакан да: «Кудайга кайрылганда биз бул нерседен шектенбейбиз: анын эркине ылайык эмне сурабайлы, ал бизди угат»,— деген (1 Жкн. 5:14).

18 Исанын: «Сураганыңарды... издегениңерди токтотпогула»,— деген кеңеши токтотпостон, тырышчаактык менен тиленүү дегенди билдирет. Ошондой эле Кудайдын Падышалыгынын башкаруусу алдында боло турган жыргал жашоого жетүү үчүн, «тыкылдатканыбызды» токтотпогонубуз маанилүү. Кудай биздин тиленүүлөрүбүздү угарына ишенсек болобу? Албетте, эгер биз Жахабага берилген бойдон калсак, ал биздин тиленүүлөрүбүздү сөзсүз угат, анткени Иса: «Ар бир сураган адам алат, издеген табат жана тыкылдатканга эшик ачылат»,— деген. Кудайдын, чынында эле, «сыйынууну угарына» анын кызматчылары өз тажрыйбаларынан ынанып келишет (Заб. 64:3).

19, 20. Исанын Матай 7:9—11деги сөздөрүнө ылайык, Жахаба кандайча мээримдүү атага окшош?

19 Иса Жахабаны балдарын жакшы нерселер менен камсыз кылган мээримдүү атага салыштырган. Сен Тоодогу насаатты угуп отурганыңды, ошондо Исанын мындай дегенин элестетсең: «Араңарда нан сураган уулуна таш берген адам барбы? Же балык сураган уулуна жылан берген адам барбы? Силер жаман болуп туруп, балдарыңарга жакшы нерселерди бергенди билсеңер, анда Асмандагы Атаңар Өзүнөн сурагандарга жакшы нерсени берери анык» (Мт. 7:9—11).

20 Жеткилеңсиз ата салыштырмалуу «жаман» болсо да, балдарын жакшы көрбөй койбойт. Ал балдарын алдабайт, тескерисинче, аларды «жакшы нерселер» менен камсыз кылууга аракет кылат. Асмандагы мээримдүү Атабыз да бизге «жакшы нерсени» — ыйык рухун — берет (Лк. 11:13). Анын руху бизге «жакшы нерсе, ар кандай жеткилең белектерди» Берүүчү Жахабага ага жаккандай кызмат кылууга жардам берет (Жкп. 1:17).

Исанын сөздөрүнөн көптөгөн пайдаларды ала бер

21, 22. Тоодогу насааттын кандай өзгөчөлүгү бар жана ага карата сенин көз карашың кандай?

21 Исанын Тоодогу насааты тарыхтагы эң таасирдүү насаат болгон. Анда Кудай жөнүндө билим камтылган жана ойлор абдан түшүнүктүү берилген. Бул катар макалаларда Исанын ошол насааты талкууланды. Аны жашообузда колдонуу менен көптөгөн пайдаларды алабыз. Ооба, Исанын сөздөрү бизди азыр да бактылуу кылат жана келечектеги бактылуу жашоого да үмүт берет.

22 Бул макалаларда Исанын рухий кенчке салыштырылган Тоодогу насаатынын бир азына гана токтолдук. Элдин Исанын сөздөрүн угуп «анын окутуусуна абдан таң калганы» шексиз (Мт. 7:28). Жүрөгүбүздү жана акылыбызды Улуу Окутуучу Иса Машаяктын ушул жана башка асыл сөздөрү менен толтурсак, анын окутуусу бизди да таасирлентет.

Эмне деп жооп бересиңер?

• Иса эки жүздүүлөнүп тиленгендер жөнүндө эмне деген?

• Тиленгенде эмне үчүн сөздөрүбүздү кайра-кайра айтып кайталай бербешибиз керек?

• Исанын үлгү катары калтырган тиленүүсүндө кандай өтүнүчтөр камтылган?

• Канткенде сураганыбызды, издегенибизди жана тыкылдатканыбызды токтотпойбуз?

[Изилдөө суроолору]

[15-беттеги сүрөт]

Иса элге көрүнүш үчүн эле тиленген эки жүздүүлөрдү айыптаган

[17-беттеги сүрөт]

Күнүмдүк наныбызды сурап тиленүү эмне үчүн орундуу?