Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Өзүбүзгө жакканды гана кыла бербейли

Өзүбүзгө жакканды гана кыла бербейли

Өзүбүзгө жакканды гана кыла бербейли

ЭКИ кичинекей бала ойноп жатып, бир маалда бирөөсү чаңыра: «Апкел, меники!» — деп, экинчисинин колунан өзүнүн жакшы көргөн оюнчугун жулуп алат. Ооба, жеткилеңсиз адамдар бала кезинен эле өзүмчүл келишет (Башт. 8:21; Рим. 3:23). Анын үстүнө, азыркы дүйнө адамдарды өз керт башын гана ойлоого түртөт. Андыктан өзүмчүлдүк рухун өрчүтүп албашыбыз үчүн дайыма күрөш жүргүзүшүбүз керек. Антпесек, башкалардын мүдүрүлүшүнө себеп болушубуз жана Жахаба менен болгон мамилебизди бузуп алышыбыз мүмкүн (Рим. 7:21—23).

Жасаган иш-аракетибиздин башкаларга таасир этери жөнүндө ойлондуруу үчүн элчи Пабыл: «Баарын кылууга болот, бирок баары эле пайдалуу эмес. Баарын кылууга болот, бирок баары эле бекемдей бербейт... Эч кимисинин мүдүрүлүшүнө себепкер болбогула»,— деп жазган (1 Кор. 10:23, 32). Андыктан ар бирибиз: «Кайсы бир иштерди жасоодон, аларга укугум бар болсо да, жыйналышта тынчтык сакталыш үчүн баш тартууга даярмынбы? Ыйык китептик принциптерге кармануу үчүн өз кызыкчылыктарыман кечүүгө даярмынбы?» — деп ойлонуп көргөнүбүз абзел.

Жумуш тандоодо

Көптөр жумуш тандоого байланыштуу чечимин башкаларга таасирин деле тийгизбеген өздөрүнүн жеке иши катары эсептешет. Түштүк Америкадагы бир ишкердин окуясын карап көрөлү. Ал өзү жашаган шаарчада кумарпоз жана аракеч катары таанымал болчу. Бирок ал Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдегендин аркасында рухий жактан өсүп, бара-бара жашоосун өзгөрткөн (2 Кор. 7:1). Убакыттын өтүшү менен ал киши жыйналыш менен кабар айтуу ишине катышкысы келерин билдирген. Бирок аксакал сылыктык менен ага жумушу тууралуу ойлонуп көрүүнү кеңеш кылган. Анткени ал бир канча убакыт бою бүт шаарчаны бал камыштан алынган таза спирт менен камсыз кылып турчу. Бал камыштын спирти тиричиликте ар кандай максатта колдонулганы менен, ал аймактагылар аны, адатта, суусундуктарга кошуп, ичимдик катары гана колдонушчу.

Ал киши кабар айтып, ошол эле учурда спирт сатканын уланта берсе, жыйналыштын жакшы атына шек тууларын жана Жахаба менен болгон мамилесине доо кетерин түшүнгөн. Мойнунда чоң үй-бүлөсүн багуу милдети болсо да, ал буйдалбастан ошол ишин токтоткон. Ал азыр Ыйык Китепке карама-каршы келбеген жумушта иштеп, үй-бүлөсүнө кам көрөт. Учурда өзү, жубайы жана беш баласынын экөөсү чөмүлтүлүп, баары тең жакшы кабарды таза абийир менен ынталуу жарыялап жатышат.

Дос тандоодо

Ишенимдеш эместер менен мамилелешүү ар кимдин өз ишиби же бул жактан да ыйык китептик принциптерди эске алуу керекпи? Исаны жолдогон бир жаш кыз менен болгон окуяны карап көрөлү. Аны ишенимдеши болбогон бир жигит отурушка чакырат. Башкалар эскертсе да, жаш ишенимдешибиз отурушка барууну өз иши катары эсептеп, кетип калат. Ал жактан ага күчтүү уктатуучу дары кошулган ичимдик беришет. Бир нече сааттан кийин катуу уйкудан ойгонуп, дос болумуш болуп жүргөн жигитинин аны зордуктап койгонунун билет (Салыштыр: Башталыш 34:2).

Албетте, ишенимдеш эместер менен мамилелешүү дайыма эле ушундай каргашалуу натыйжаларга алып келе бербеши мүмкүн, бирок Ыйык Китеп: «Акылдуу адамдар менен мамилелешкен адам акылдуу болот, ал эми акылсыз адамдар менен достошкон адам бузулат»,— деп эскертет (Накыл 13:20). Ооба, жаман чөйрө менен байланышуу кесепеттүү! Ошондуктан Накыл сөздөр 22:3төгү: «Акылдуу адам кырсыкты көрүп жашынат, ал эми тажрыйбасыздар түз барып кырсыкка учурашат»,— деген сөздөрдү эске туюп жүрүү маанилүү. Арийне, кимдер менен мамилелешерибиз өзүбүзгө да, Жахаба менен болгон мамилебизге да таасир этет (1 Кор. 15:33; Жкп. 4:4).

Сырткы көрүнүшкө байланыштуу суроодо

Мода бат-баттан өзгөрө берет, ал эми сырткы көрүнүшкө байланыштуу ыйык китептик принциптер эч качан өзгөрбөйт. Пабыл Исаны жолдогон аялдарды өздөрүн «тыкан кийими менен, уят-сыйыттуулук жана акыл-эстүүлүк менен» жасалгалоого үндөгөн. Бул принцип эркектерге да тиешелүү (1 Тим. 2:9). Пабыл ишенимдештерине өтө эле жупуну же баары эгиз козулардай окшош кийиниши керектигин айтканбы? Жок. Анда уят-сыйыттуулук деген эмнени билдирет? Бир сөздүккө ылайык, уят-сыйыттуулук деген сөз «кийинүүдө, сүйлөгөн сөздөрдө же жүрүм-турумда адептүүлүктү чагылдырууну» билдирет.

Укугум бар деп, өтө эле көзгө урунган кийим кийип жатсак, уят-сыйыттуулук менен кийинип жүрөбүз деп таза абийир менен айта алабызбы? Кийген кийимибиз башкаларда биз жөнүндө же адеп-ахлактыгыбыз тууралуу туура эмес ойлорду туудурбайбы? Ушул сыяктуу суроолордун үстүнөн ой жүгүртүп, өзүбүздү текшерип турганыбыз абзел. Өзүбүздүн эле эмес, «башкалардын да кызыкчылыктарын ойлоо» менен эч кимдин «мүдүрүлүшүнө эч бир жагынан себепкер болбойбуз» (2 Кор. 6:3; Флп. 2:4).

Ишкердик мамилелерде

Биринчи кылымда Корунт жыйналышындагылар бири-бирин алдап, куулук-шумдук кылгандыктан, ортолорунда олуттуу көйгөйлөр пайда болгон. Ошондо Пабыл аларга: «Соттошкондон көрө, адилетсиздикке чыдаганыңар жакшы эмеспи? Соттошкондон көрө, алданып калганыңар жакшы эмеспи?» — деп жазган. Пабыл Исанын жолдоочуларына бири-бирин сотко бергенден көрө, бир нерседен кол жууп калуу артыгыраак экенин айткан (1 Кор. 6:1—7). АКШдагы бир ишенимдешибиз ушул кеңештин тууралыгына өз тажрыйбасынан ынанган. Анын жумуш берүүчүсү өзүнүн ишенимдеши эле. Ал экөөнүн ортосунда эмгек акысы тууралуу келишпестик пайда болгон. Ыйык Китептеги тартипке ылайык, алар бир нече ирет жолугушуп, жекеме-жеке сүйлөшүшкөн, бирок бир пикирге келе албай коюшкан. Акыр-аягы, алар көйгөйүн жыйналыштын аксакалдарына билдиришкен (Мт. 18:15—17).

Тилекке каршы, көйгөй ошондо да чечилген эмес. Жахабага көп ирет тиленгенден кийин доосу бар биртууган тийиштүү эмгек акысын доолабай эле коёюн деген бүтүмгө келген. Эмне себептен? Кийинчерээк ал: «Ошол пикир келишпестиктин айынан кубанычымды жоготуп, рухий иштерге жумшай турган канча деген убактымды текке кетирдим»,— деген. Ушундай чечим чыгаргандан кийин ал кайрадан кубанычка ээ болуп, Жахабанын анын кызматына батасын берип жатканын сезген.

Кичинекей нерселерде

Башкалардын кызыкчылыгын, атүгүл кичинекей нерселерде да ойлоо көптөгөн баталарды алып келет. Пионер болуп кызмат кылган жубайлар облустук жыйындын биринчи күнүндө стадионго эртерээк барып, ыңгайлуу жерден орун алышат. Программа башталганда жык-жыйма толгон стадионго бала-чакалуу бир чоң үй-бүлө шашып-бушуп кирип келет. Алардын орун таппай жатканын байкаган жубайлар өздөрүнүн орундарын бошотуп беришет. Мунун аркасында үй-бүлө программаны чогуу отуруп уга алышкан. Жыйын бүткөндөн бир нече күн өткөн соң пионер болуп кызмат кылган жубайлар ал үй-бүлөдөн кат алышат. Ал катта үй-бүлө ыраазычылыгын билдирип, жыйынга кечигип келгендерине кыжалат болуп жатканда жубайлардын аларга кылган жакшылыгы көңүлдөрүн көтөргөнүн жазышыптыр.

Келгиле, ар дайым башкалардын кызыкчылыгын өзүбүздүкүнөн жогору коюуга умтулалы. «Өз кызыкчылыгын көздөбөгөн» сүйүү көрсөтүү менен жыйналышта тынчтыктын өкүм сүрүшүнө салым кошуп, жакындарыбыз менен жакшы мамиледе болобуз (1 Кор. 13:5). Баарынан маанилүүсү, Жахаба менен болгон достугубузду сактайбыз.

[20-беттеги сүрөт]

Кийим тандоодо өз кызыкчылыгыңдан кечүүгө даярсыңбы?

[21-беттеги сүрөт]

Башкалардын камын ойлоп, орун бошотуп бересиңби?