Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба аны биримдикте даңкташыбызга татыктуу

Жахаба аны биримдикте даңкташыбызга татыктуу

Жахаба аны биримдикте даңкташыбызга татыктуу

«Теңирди даңктагыла» (ЗАБ. 110:1).

1, 2. «Аллилуя» деген сөз эмнени билдирет жана Грек Жазмаларында ал сөз кандайча колдонулган?

«АЛЛИЛУЯ!» Адатта, бул сөз христиан дүйнөсүнүн чиркөөлөрүндө айтылат. Айрымдар болсо аны күнүмдүк жашоосунда көп колдонушат. Бирок ал сөздүн ыйык маанисин түшүнгөндөр аз жана аны колдонгондордун көбүнүн өткөргөн жашоосу Кудайга даңк алып келбейт (Тит 1:16). Ыйык китептик бир сөздүктө: «„Аллилуя“ деген сөздү көптөгөн забурчулар баарын Жахабаны биримдикте даңктоого чакыруу үчүн колдонушкан»,— деп түшүндүрүлөт. Чынында эле, ыйык китептик окумуштуулар белгилегендей, «аллилуя» деген сөз «Жахты, [башкача айтканда,] Жахабаны даңктагыла» дегенди билдирет.

2 Ошондуктан «Жаңы дүйнө котормосунда» Забур 110:1деги сөздөр: «Жахты даңктагыла!» — деп берилген. Аян 19:1—6-аяттарда жалган дин жок кылынгандагы кубаныч тууралуу айтылган жана ал жерде бул сөз айкашынын грек тилиндеги формасы төрт жолу кездешет. Ооба, жалган дин жок кылынганда, Кудайдын чыныгы сыйынуучуларында чын жүрөктөн «аллилуя» деп айтууга өзгөчө себеп болот.

Жахабанын улуу иштери

3. Дайыма чогулуп турганыбыздын негизги себеби эмнеде?

3 110-забурдун жазуучусу Жахабанын биримдикте даңкташыбызга татыктуу экенин көрсөткөн бир катар себептерди келтирген. 1-аятта мындай делет: «Теңирим, мен Сени чын жүрөгүм менен адил адамдардын кеңешмесинде жана жыйындарда даңктайм». Бүгүнкү күндө Жахабанын Күбөлөрү да дал ушундай ойдо. Биздин жергиликтүү жыйналыштарда жана чоң жыйындарда дайыма чогулуп турганыбыздын эң негизги себеби — Жахабаны даңктоо.

4. Адамдар Жахабанын иштерин кантип изилдей алышат?

4 «Жахабанын иштери улуу, анын иштерин сүйгөндөрдүн бардыгы аларды изилдешет» (Заб. 110:2, «ЖД» [111:2]). Бул жердеги «изилдешет» деген сөзгө көңүл бурсаңар. Бир эмгекке ылайык, ал аятты Кудайдын иштерин «жан дилден, ынтызарлык менен изилдеп, алар тууралуу ой жүгүрткөн» адамдарга карата колдонууга болот. Жахаба бардыгын кереметтүү ой-ниет менен жараткан. Мисалы, Күндү, Жерди, Айды жер бетинде жылуулук, жарык болуп тургудай, күн менен түн жана жыл мезгилдери алмашып тургудай, ошондой эле суунун ташкындашын, тартылышын шарттагыдай кылып жайгаштырган.

5. Адамдар Ааламга байланыштуу эмнелерди түшүнүштү?

5 Окумуштуулар Жердин Күн системасындагы орду, ошондой эле Айдын орбитасы, өлчөмү, массасы жердеги тиричилик үчүн эң эле ыңгайлуу шарттардын болушуна өбөлгө түзгүдөй туура-так экенин көрсөткөн көптөгөн ачылыштарды жасашкан. Бул асман телолорунун жайгашкан орду жана алардын ортосундагы өз ара байланыш жыл мезгилдеринин ажайып кооздук менен үзгүлтүксүз алмашып турушун шарттайт. Андан сырткары, ааламда табият күчтөрүнүн тактык менен жөнгө салынганы жөнүндө да көп нерселер белгилүү болду. Ошондуктан машина куруу боюнча бир профессор «Ойдогудай жаратылган Аалам» деп аталган макалада мындай деп белгилеген: «Акыркы 30 жылдын аралыгында көптөгөн окумуштуулардын Аалам кокустуктан жаралган дегенге ишенүү кыйынга турарын моюнга алып, көз караштарын эмне үчүн өзгөрткөнү таң калыштуу эмес. Чебердик менен жаратылган Жер планетабыз жөнүндө канчалык көп билген сайын, аң-сезимдүү жаратуучунун бар экени ошончолук айкын болууда» («The Designed ‘Just So’ Universe»).

6. Кудайдын адам баласын жаратканына карата кандай ойдосуңар?

6 Кудайдын адам баласын кандайча жаратканы — жаратуудагы улуу иштердин бири (Заб. 138:14). Кудай адамга акыл-эсти, керектүү органдары бар организмди берген жана аны ишке жөндөмдүү кылып жараткан. Ал берген кереметтүү жөндөмдүүлүктөргө сүйлөө, угуу, жазуу жана окуу жөндөмдүүлүктөрү да кирет. Мындай жөндөмдүүлүктөр көбүбүздө бар. Ошондой эле кишинин скелети да укмуштуудай ойлонуштурулган түзүлүштөргө кирет; ал бизге тулку-боюбузду түз кармоого мүмкүндүк берет. Денебиздин түзүлүшү, анын тең салмактуулукту сактай алышы, кыймыл-аракетке жөндөмдүү болушу жана андагы химиялык процесстердин жүрүшү да кастарлоо сезимин туудурат. Андан тышкары, мээнин жана сезүү органдарынын иштешин шарттаган нерв системасына окумуштуулардын жетишкендиктеринин бири да тең келбейт. Чынында, адам баласы Кудай берген акыл-эстин жана сезүү органдарынын жардамы менен гана жетишкендиктерге ээ болууда. Атүгүл эң тажрыйбалуу, жөндөмдүү инженер да укмуштуу жаратылган он манжабыздай болгон пайдалуу, мыкты шайман жасай албайт. Ойлонуп көрсөңөр, Кудай берген манжалар болбосо, адамдар искусство жана курулуш тармагында чебердик менен жасалган, көз жоосун алган эмгектерди жарата алат беле?

Кудайдын улуу иштери жана сапаттары

7. Эмне себептен Ыйык Китепти Кудайдын улуу иштеринин бири катары карашыбыз керек?

7 Ыйык Китепте Жахабанын адамзат үчүн башка да улуу иштерди жасаганы айтылат. Ал китептин өзү да өз ара шайкештиги жагынан теңдешсиз. Чынында эле, «Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган жана окутуу үчүн... пайдалуу» мындай бир да китеп жок (2 Тим. 3:16). Анын биринчи китеби Башталышта Нухтун күндөрүндө Кудайдын жер бетин ыймансыздардан кантип тазалаганы баяндалат. Ал эми экинчи китебинде, Мисирден чыгуу китебинде, Жахабанын ысрайыл элин Мисир кулчулугунан бошотуп, өзүнүн кудуреттүүлүгүн кандайча көрсөткөнү айтылат. Забурчу: «[Жахабанын] иши — даңк жана сулуулук, Анын адилеттиги [«адилдиги», «ЖД»] түбөлүктүү. Ал Өзүнүн кереметтерин унутулгус кылып койгон. Теңир ырайымдуу жана боорукер»,— дегенде ошол окуялар тууралуу айтса керек (Заб. 110:3, 4). Жахабанын тарых бою, анын ичинде жеке силердин жашооңордо жасаган иштери анын даңкын жана сулуулугун чагылдырып турарына кошулбайсыңарбы?

8, 9. а) Кудайдын иштери адамдардыкынан кайсы жактардан айырмаланат? б) Силерге Кудайдын өзгөчө кайсы сапаттары жагат?

8 Ошондой эле забурчунун Жахабанын эң сонун сапаттарын — адилдигин, ырайымдуулугун жана боорукердигин — баса белгилегенине көңүл бурсаңар. Күнөөкөр адамдардын дайыма эле адил иш кылбасы баарыбызга белгилүү. Алар көп учурда ач көз, көрө албас жана бой көтөрчөөк келишет. Бул адамдардын согуш отун тутантып, экономикалык кызыкчылыктарды көздөп, жүрөктүн үшүн алган, миллиондогон бейкүнөө адамдарды азапка салган үрөй учурарлык курал-жарактарды ойлоп чыгарганынан көрүнүп турат. Андан тышкары, адам баласынын иштеринин аркасында көбүнесе кедей-кембагалдар жабыр тартып келет. Буга пирамидаларды курууга кулдардын колдонулганы мисал боло алат. Андай пирамидалар, негизинен, текебер фараондордун мүрзөсү катары пайдаланылчу. Азыркы учурда адамдар жасаган иштери менен карапайым элди эзгенден тышкары, «жерди кыйратып» жатышат (Оку: Аян 11:18).

9 Жахабанын дайыма акыйкаттыкка негизделген иштери адамдардыкынан кандай гана айырмаланат! Анын иштерине күнөөкөр адамзатты куткаруу үчүн ырайымдуулук менен көргөн чарасы кирет. Куткаруу курмандыгын караштыруу менен Кудай «өзүнүн адилдигин көрсөткөн» (Рим. 3:25, 26). Ооба, анын адилдиги түбөлүктүү! Ал эми боорукердигин күнөөкөр адамзатка чыдамдуулук менен мамиле кылып көрсөткөн. Атүгүл кээде аларды туура эмес жолунан бурулуп, жакшы иш кылууга чакырганда өтүнүч иретинде кайрылган (Оку: Жезекиел 18:25).

Жахаба убадаларына бек турат

10. Ыбрайым менен түзгөн келишиминен Жахабанын берилгендиги жөнүндө эмнени биле алабыз?

10 «Теңир Өзүнөн корккондорго тамак берет. Өз келишимин түбөлүккө унутпайт» (Заб. 110:5). Забурчу бул жерде Ыбрайым менен түзүлгөн келишим жөнүндө айткан көрүнөт. Жахаба Ыбрайымдын тукумуна бата берерин убадалап, алардын душмандарынын жерлерин ээлеп аларын айткан (Башт. 22:17, 18; Заб. 104:8, 9). Ал убада биринчи жолу аткарылганда, Ыбрайымдын тукуму ысрайыл эли болгон. Алар узак убакыт бою Мисирде кулчулукта жүрүшкөн, бирок Кудай «Ыбрайым... менен түзгөн келишимин эстеп», аларды кулчулуктан бошоткон (Чыг. 2:24). Жахабанын аларга андан кийин жасаган мамилеси анын канчалык март экенин көрсөткөн. Ал аларды тамак-аш менен камсыз кылган жана анын талаптарына ылайык жашоого көмөк кылган билим берген (Мыйз. 6:1—3; 8:4; Нек. 9:21). Бирок бир нече кылым өткөндөн кийин ысрайыл эли Кудайдан кайра-кайра баш тарткан. Кудай аларды кайрылып келүүгө чакырып пайгамбарларын жөнөтсө да, алар тил албай коюшкан. Ысрайылдыктарды Мисирден бошотконуна 1 500дөн ашуун жыл өткөндө Кудай өзүнүн жалгыз Уулун жерге жиберген. Бирок жүйүттөрдүн көбү Исаны четке кагып, анын өлүм жазасына тартылышына жол беришкен. Ошондо Жахаба жаңы рухий элди, «Кудайдын Ысрайылын», жараткан. Ал эл Машаяк менен бирге Ыбрайымдын каймана маанидеги тукумун — Жахаба адамзатка бата берүү үчүн колдоно турган убадаланган тукумду — түзгөн (Гал. 3:16, 29; 6:16).

11. Жахаба Ыбрайым менен түзгөн келишимин дагы деле унутпайт деп эмне үчүн айта алабыз?

11 Жахаба дагы деле «келишимин... унутпай», өзү убадалагандай, батасын төгүүдө. Мисалы, бүгүнкү күндө ал рухий тамакты 400дөн ашуун тилде мол берип жатат. Ошондой эле: «Бизге ушул күнгө жеткидей нан бере көр»,— деген сөздөргө ылайык, тиленүүлөрүбүзгө жооп берип, бизди күнүмдүк зарыл нерселер менен камсыз кылууда (Лк. 11:3; Заб. 71:16, 17; Ыш. 25:6—8).

Кастарлоо сезимин туудурган Жахабанын күчү

12. Байыркы Ысрайылга «бутпарастардын мурасы» кандайча берилген?

12 «Бутпарастардын мурасын Өз элине берүү үчүн, ага Өз иштеринин күчүн көрсөттү» (Заб. 110:6). Забурчу бул аятта ысрайыл элинин тарыхындагы өзгөчө окуяны, алардын Мисир жеринен кереметтүү түрдө куткарылганын, айтса керек. Кийин Жахаба ысрайылдыктарды Убадаланган жерге алып келип, аларга Иордан дарыясынын чыгыш жана батыш тарабындагы падышалыктарды басып алууга жардам берген (Оку: Некемия 9:22—25). Ооба, Жахаба ысрайылдыктарга «бутпарастардын мурасын» берген. Ошондо Кудай өзүнүн кандай гана кудуреттүү экенин көрсөткөн!

13, 14. а) Забурчу Бабылга карата Кудайдын күчүнүн көрсөтүлүшү тууралуу жазганда, эмнени айткан көрүнөт? б) Жахаба куткарууга байланыштуу дагы кандай улуу иштерди жасаган?

13 Бирок баарыбызга белгилүү болгондой, ысрайыл эли алардын жыргалчылыгын көздөп көп жакшылык кылган Жахаба Кудайга да, өздөрүнүн ата-бабалары Ыбрайым, Ыскак, Жакыпка да урмат көрсөтүшкөн эмес. Алар бабылдыктар аркылуу туткунга алынып кеткенге чейин тоң моюндук кыла беришкен (2 Жылн. 36:15—17; Нек. 9:28—30). Ыйык Китепти изилдеген окумуштуулар айткандай, эгер 110-забурдун жазуучусу ысрайылдыктардын Бабыл кулчулугунан кайтып келгенинен кийин жашаса, Жахабаны берилгендиги, кудуреттүүлүгү үчүн даңктоого анда дагы башка себептер болгон. Кудай жүйүттөрдү, адатта, кулдарын эч убакта боштондукка чыгарбаган Бабыл империясынан куткарып, өз элине болгон берилгендигин жана кудуреттүүлүгүн көрсөткөн (Ыш. 14:4, 17).

14 Беш кылымдай өткөн соң Жахаба зор күчүн көрсөтүп, өкүнгөн жана ага кайрылган адамдарды күнөө менен өлүмдүн кулчулугунан бошоткон (Рим. 5:12). Мунун аркасында 144 000 адамга Машаяктын рух менен майланган жолдоочусу болууга жол ачылган. 1919-жылы Жахаба ошол майлангандардын кичине калдыгын жалган диндин туткунунан куткаруу үчүн күчүн колдонгон. Алардын азыркы акыркы күндөрдө жасап жаткан иштери Кудай күч бергендин аркасында гана ишке ашууда. Алар өмүрүнүн акырына чейин ишенимдүү калуу менен жер бетинде жашай турган өкүнгөн адамдардын пайдасын көздөп, асмандан Иса Машаяк менен бирге башкарышат (Аян 2:26, 27; 5:9, 10). Алар байыркы ысрайылдыктардыкынан алда канча чоң жерге ээлик кылышат (Мт. 5:5).

Түбөлүктүү, ишеничтүү принциптер

15, 16. а) Кудайдын колу менен жасалган иштерге эмнелер кирет? б) Кудай байыркы ысрайыл элине кандай жол-жоболорду берген?

15 «Анын колунун иштери — чындык жана акыйкаттык. Анын осуяттары туура, кылымдан кылымга бекем турат, чындык менен адилеттикке негизделген» (Заб. 110:7, 8). Ысрайыл элине берилген негизги он мыйзам чегилген эки таш лоок Жахабанын «Өз колу менен» жасаган иштеринин бири болуп эсептелет (Чыг. 31:18). Ал он мыйзам жана Мусанын мыйзам келишимин түзгөн башка жол-жоболор түбөлүктүү, ишеничтүү принциптерге негизделген.

16 Ошол эки таш лооктогу талаптардын же мыйзамдардын бири мындай болгон: «Кудай-Теңириң Менмин... кызганчаак [«толук берилгендикти талап кылган», «ЖД»] Кудаймын». Анда Жахабанын аны сүйгөндөргө, осуяттарын сактагандарга «миңинчи тукумуна чейин ырайым кылган Кудай» экени да жазылган. Ошондой эле «ата-энеңди сыйла», «уурдаба» деген сыяктуу эч качан эскирбеген принциптер жана башкаларга таандык нерселерге көз артууга тыюу салган, терең мааниге ээ мыйзам камтылган (Чыг. 20:5, 6, 12, 15, 17).

Биздин «ыйык жана коркунучтуу» Куткаруучубуз

17. Ысрайылдыктарда Кудайдын ысмын ыйык тутууга кандай себептер бар эле?

17 «Ал Өз элине куткаруу жөнөттү. Өз келишимин түбөлүккө сактаганга берди. Анын ысымы ыйык жана коркунучтуу!» (Заб. 110:9). Забурчу, кыязы, бул аятта да Жахабанын Ыбрайымга берген убадасына берилгендик сактаганын айткан. Жахаба ал убадага ылайык иш кылгандыктан, өз элин байыркы Мисир кулчулугунда, кийинчерээк Бабыл туткунунда таштап койгон эмес. Эки жолкусунда тең ал аларды куткарган. Ысрайылдыктар, жок дегенде, ушул себептерден улам Кудайдын ысмын ыйык тутушу керек эле (Оку: Чыгуу 20:7; Римдиктер 2:23, 24).

18. Кудайдын ысмын алып жүрүү эмне үчүн чоң сыймык деп ойлойсуң?

18 Исанын күнөө менен өлүмдүн кулчулугунан куткарылган бүгүнкү күндөгү жолдоочулары тууралуу да ушуну айтууга болот. Биз үлгү иретинде берилген тиленүүдөгү: «Ысмың ыйыкталсын»,— деген сөздөргө ылайык жашоого колубуздан келишинче аракет кылышыбыз керек (Мт. 6:9). Ошондой эле Кудайдын ыйык ысмы жөнүндө ой жүгүртүү менен андан коркууга үйрөнүшүбүз маанилүү. 110-забурдун жазуучусу Кудайдан коркууга карата туура көз карашта болгон. Ал: «Акылмандыктын башталышы — Теңирден коркуу. Анын буйруктарын аткаруучулардын баары акылдуу»,— деген (Заб. 110:10).

19. Эмки макалада эмнени талкуулайбыз?

19 Кудайдын жактыруусунан айрылып калуудан коркуу бизге жамандыкты жек көрүүгө жардам берет. Андан тышкары, ал бизге Кудайдын кереметтүү сапаттарын тууроого көмөк кылат. Алар кийинки макалада талкуулана турган 111-забурда жазылган. Ал забурда Кудайды түбөлүккө даңктай турган миллиондогон адамдардын арасында болуу үчүн эмне кылышыбыз керектиги көрсөтүлөт. Чынында эле, Жахаба — даңкталууга татыктуу Кудай. «Даңк Ага түбөлүккө таандык» (Заб. 110:10).

Ой жүгүртүү үчүн суроолор

• Жахаба аны биримдикте даңкташыбызга эмне үчүн татыктуу?

• Жахабанын иштеринен анын кайсы сапаттарын көрүүгө болот?

• Кудайдын ысмын алып жүрүү сыймыгына сен кандай карайсың?

[Изилдөө суроолору]

[20-беттеги сүрөт]

Дайыма чогулуп турганыбыздын негизги максаты — Жахабаны даңктоо

[23-беттеги сүрөт]

Жахабанын мыйзамдарынын баары түбөлүктүү, ишеничтүү принциптерге негизделет