Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Канткенде кызматта туруктуу боло аласың?

Канткенде кызматта туруктуу боло аласың?

Канткенде кызматта туруктуу боло аласың?

КУБАТТАН тайып, көңүлүң чөгүп, кабар айтууну токтоткуң келген учуруң болду беле? Ооба, катуу каршылыктан, тынчсыздануулардан, начар ден соолуктан, теңтуштардын кысымынан же адамдардын кабарыбызга кош көңүл караганынан улам туруктуулугубуз сыналышы мүмкүн. Бирок Исанын үлгүсү тууралуу ойлонуп көрсөң. «Ал алдыда күтүп турган кубанычты ойлоп», оор сыноолорго карабай туруктуу бойдон калган (Эвр. 12:2). Иса Жахабага жабылган жалааны биротоло төгүнгө чыгаруу менен анын жүрөгүн кубантарын билген (Накыл 27:11).

Кызматта туруктуу болуу менен сен да Жахабанын жүрөгүн сүйүнтөсүң. Бирок айрым кыйынчылыктардан улам шайың ооп, кабар айтууга дарманың жоктой сезилсечи? Ден соолугу начар, жашы өр тартып калган Кристина мындай дейт: «Чарчоо, көңүл чөгүү мен үчүн жат нерсе эмес. Карылык менен келүүчү кыйынчылыктардын, мисалы, начар ден соолуктун, күндөлүк жашоого байланыштуу тынчсыздануулардын айынан кээде ындыным өчөт». Ушу сыяктуу кыйынчылыктарга карабай канткенде кызматта туруктуу боло аласың?

Пайгамбарлардан үлгү ал

Кызматта туруктуу болуу үчүн Падышалыктын ишенимдүү жарчылары байыркы убактагы пайгамбарлардыкындай маанайга ээ болууга умтулушат. Мисалга Жеремияны алалы. Ал пайгамбар катары кызмат кылууга чакырылганда дароо эле макул болгон эмес. Ошентсе да Жахабага толугу менен таянууга үйрөнгөндүктөн өзүнө тапшырылган оор тапшырманы 40 жылдан ашуун убакыт бою туруктуулук менен аткарган (Жер. 1:6; 20:7—11).

Жеремиянын үлгүсү Хенрикти бекемдейт. Ал мындай дейт: «Кызмат кылып келатканыма 70 жылдан ашып калды. Адамдардын кабарды кабыл албай каршы болгону же кайдыгер караганы кээде көңүлүмдү чөктүрөт. Ушундай учурларда Жеремиянын үлгүсүн эстейм. Жахабага болгон сүйүүсү жана аны менен болгон ынак мамилеси ага пайгамбар болуп кызмат кыла берүүгө күч берген» (Жер. 1:17). Жеремиянын үлгүсү Рафалга да дем-күч берет. «Жеремия өзүнө жана сезимдерине эле көңүл топтой берген эмес, тескерисинче, Кудайга таянган. Көпчүлүктүн каршылыгына карабай, ал тайманбастык менен кызматын уланта берген. Мен дайыма ушуну эстегенге аракет кылам»,— дейт ал.

Ышаянын үлгүсү да көптөргө туруктуулук менен кызмат кылууга жардам берет. Кудай ага жердештеринин аны укпай турганын айткан. «Бул элдин жүрөгүн май басып калган, кулагын жаап, көзүн жумуп алган»,— деген Жахаба. Анда Ышаянын кызматы куру бекер беле? Кудайдын көз карашы боюнча, андай болгон эмес! Пайгамбар болуп дайындалганда Ышая: «Мына мен, мени жибер»,— деп айткан (Ыш. 6:8—10). Ал тапшырмасын берилгендик менен аткарган. Кабар айтуу тапшырмасына сен да ушундай карайсыңбы?

Адамдардын кош көңүлдүгүнө карабай туруктуулук менен кызмат кылуу үчүн, Ышаяга окшоп, айрымдардын кабарыбызга кулак какпаганына эле көңүл буруудан алыс болушубуз керек. Рафал ошондой учурларда эмне кыларын мындай деп түшүндүрөт: «Мен адамдардын орой сөздөрүнө маани бербегенге аракет кылам. Аймагымдагы адамдар өздөрү каалагандай жооп кайтарууга укуктуу». Ал эми Анна: «Мен жагымсыз же маанайыма терс таасир эте турган нерселерди көңүлгө албоого аракеттенем. Бул жагынан мага кызматка барардын алдында тиленүү жана күндөлүк аятты окуп алуу жардам берет. Ошондо терс ойлор заматта жок болуп кетет»,— деп кошумчалайт.

Жезекиел пайгамбар Бабылда туткунда жүргөн тоң моюн жүйүттөрдүн арасында кызмат кылган (Жез. 2:6). Эгер ал адамдарга Кудайдын сөзүн айтпаса жана ыймансыз кишилерге эскертүү бербесе, алардын канына забын болуп калмак. Жахаба Жезекиелге: «Анын канынын кунун Мен сага төлөтөм»,— деген (Жез. 3:17, 18).

Хенрик Жезекиелдикиндей көз карашка ээ болууга умтулат. «Мен эч кимдин өлүмүнө жооптуу болгум келбейт. Адамдардын кымбат баалуу өмүрү кылдын учунда турат»,— дейт ал (Элч. 20:26, 27). Збигнев да ушундай ойдо. Ал мындай деп ой бөлүшөт: «Башкалар эмне деп ойлобосун, Жезекиел кызматын уланта берген. Бул мага кабар айтуу ишине Жараткандын көз карашы менен кароого жардам берет».

Сен жалгыз эмессиң

Кабар айтуу ишин аткарууда жалгыз эмеспиз. Элчи Пабылга окшоп: «Биз Кудайдын кызматташтарыбыз»,— деп айта алабыз (1 Кор. 3:9). «Мына ошол себептен мен Жахабага дайыма күч сурап тиленем. Ал тиленүүмдү эч качан жоопсуз калтырбайт»,— дейт кээде көңүлү чөгөрүн айткан Кристина. Ооба, биз кызматыбызда Кудайдын рухунун жардамына муктажбыз (Зах. 4:6).

Кабар айтуу кызматында ыйык рух бизге «рухтун жемишине» кирген сапаттарды чагылдырууга көмөк кылат (Гал. 5:22, 23). Мунун аркасында, кандай жагдайларга кабылбайлы, кабар айтуу ишинде туруктуу бойдон кала алабыз. Хенрик: «Кабар айтуу иши мага сапаттарымды жакшыртууга жардам берет. Ал мени чыдамдуу, сылык болууга жана анча-мынча нерсеге көңүлүмдү чөгөрбөөгө үйрөтөт»,— дейт. Түрдүү кыйынчылыктарга карабай, кызматта туруктуулук сактасаң, рухтун жемишин мурдагыдан да көбүрөөк өрчүтө аласың.

Жахаба ушул өзгөчө ишти жетектөөдө периштелерин колдонот (Аян 14:6). Ыйык Китепте «миң-миңдеп, миң-түмөндөп саналган» периштелер бар экени айтылат (Аян 5:11). Алар Исанын жетекчилиги алдында Кудайдын жердеги кызматчыларына колдоо көрсөтүшөт. Кызматта жүргөндө ушуну эстен чыгарба.

«Кызматта периштелердин биз менен болору жөнүндө ой жүгүртүү мени бекемдейт,— дейт Анна.— Алардын Жахаба менен Исанын көзөмөлү алдында көрсөткөн жардамын баалайм». Ишенимдүү периштелер менен кызматташуу кандай зор сыймык!

Ал эми башка жарчылар менен кызматташуу тууралуу эмне дешке болот? Биз үчүн көп сандаган ишенимдүү Күбөлөрдүн арасында кызмат кылуу — чоң бата. Сенин да Ыйык Китептеги: «Темирди темир курчутат, адамды адам курчутат»,— деген сөздөрдүн калетсиздигине өз тажрыйбаңдан улам ынанганың шексиз (Накыл 27:17).

Башкалар менен кызматташканыбызда натыйжалуу жаңы ыкмаларга үйрөнүүгө эң сонун шарт түзүлөт. Эльжбета мындай дейт: «Ар кайсы жарчылар менен кызматташуу ишенимдештериме да, кабарда жолуктурган адамдарга да сүйүү көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет». Кызматка ар башка жарчылар менен чыкканга аракет кыл. Ошондо кызматың кызыктуу болот.

Өзүңө жакшылап кам көр

Ар убак ынтызарлык менен кызмат кылуу үчүн туура пландаштырып, өздүк изилдөөнүн жакшы графигине карманышыбыз жана жетиштүү эс алышыбыз зарыл. Тактап айтканда, өзүбүзгө рухий жактан да, денелик жактан да көм көргөнүбүз абзел.

Ыйык Китепте: «Аракетчилдин ой-максаттары ийгиликке жеткирет»,— делет (Накыл 21:5, «ЖД»). 88 жаштагы Зигмунт мындай дейт: «Графикке кармануу кызматымды жемиштүү кылат. Мен убактымды күбөлөндүрүү ишине жетиштүү катыша алгыдай кылып кылдат бөлүштүрөм».

Ыйык Жазмадан алган терең билим бизди бекемдеп, кызматка жөндөмдүү кылат. Ден соолук чың болушу үчүн тамактануу маанилүү. Анын сыңарындай, кабар айтуу кызматына дайыма катышуу үчүн рухий жаткан үзгүлтүксүз тамактанып турушубуз керек. Кудайдын Сөзүн күн сайын изилдөө жана «өз убагында» берилген рухий тамак менен азыктануу кызматта бизге күч-кубат берет (Мт. 24:45—47).

Эльжбета кызматын жакшыртуу үчүн жашоо мүнөзүн түп-тамыры менен өзгөрткөн. Ал мындай дейт: «Кызматка даярданууга көбүрөөк убакыт бөлүү үчүн телевизор көрүүгө кеткен убактымды бир топ кыскарттым. Күнүгө кечинде Ыйык Китепти окуганда аймакта жолуктурган адамдар жөнүндө ойлоном. Аларга жардам берерлик аяттарды жана макалаларды тапканга аракет кылам».

Туура эс алуу күүлүү-күчтүү жүрүүгө жана кызматка толук кандуу катышууга жардам берет. Бирок өтө көп эс алуу кызматыңдын сапатына терс таасир тийгизиши ыктымал. Анджей аттуу ынталуу жарчы: «Жетиштүү эс албай жүрө берсең, акыры чарчап-чаалыгып, эч нерсеге алың келбей калат. Көңүл чөгөттүк мына ушундан башталат. Буга жол бербеш үчүн колумдан келгендин баарын жасайм»,— дейт (Нас. 4:6).

Чын дилден жасаган аракеттерибизге карабай, жакшы кабарды салыштырмалуу аз эле киши кабыл алат. Ошентсе да Жахаба эмгегибизди эч качан унутпайт (Эвр. 6:10). Көптөр биз менен сүйлөшкүсү келбесе да, үйүнөн узаганыбыздан кийин биздин келип кеткенибиз тууралуу сүйлөшүшү мүмкүн. Натыйжада биз менен да: «[Адамдар] өздөрүнүн арасында пайгамбар болгонун билишет»,— деп Жезекиел жөнүндө айтылгандай болушу ыктымал (Жез. 2:5). Албетте, кызматыбыз оңой-олтоң иштерден эмес, бирок ал өзүбүзгө да, кабарды уккандарга да көп пайда алып келет.

«Кабар айтуу кызматы жаңы табиятка кийинүүгө, Кудайга жана жакындарыбызга сүйүү көрсөтүүгө жардам берет»,— дейт Зигмунт. Анджей болсо мындай деп кошумчалайт: «Өмүр куткаруучу бул ишке катышуу чоң сыймык. Мынчалык деңгээлде жана ушундай шарттарда бул иш эч качан кайталанбайт». Азыр кызматта туруктуу болуу менен сен да мол баталарга ээ болосуң! (2 Кор. 4:1, 2).

[31-беттеги сүрөт]

Өзүбүзгө рухий жана денелик жактан кам көрүү кызматта туруктуу болууга көмөк кылат