Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Ыйык Жазмада «Адилеттүүнүн китеби» жана «Теңирдин согуштары китеби» жөнүндө сөз кылынат (Жаш. 10:13; Сан. 21:14). Ал эки китеп ыйык китептик канондо кездешпейт. Алар рухтун жетеги менен жазылып, жоголуп кеткен китептер беле?

Ал эки китеп ыйык рухтун жетеги менен жазылган жана кийин жоголуп кеткен деп ойлоого эч кандай негиз жок. Кудайдын рухуна жетектелген Ыйык Китептин жазуучулары андан башка да китептер жөнүндө айтып өтүшкөн. Ал китептердин кээ бирлери, чынында эле, Ыйык Китептин бөлүктөрү болушу ыктымал. Тек гана ал китептердин аталышы учурда жашаган окурмандарга тааныш эмес болушу мүмкүн. Мисалы, 1 Жылнаама 29:29да «көрөгөч Шемуелдин жазуулары», «пайгамбар Натандын жазуулары» жана «көрөгөч Гаттын жазуулары» тууралуу айтылат. Ал үч китеп бизге 1 жана 2 Шемуел деп белгилүү болгон китептерди, балким, Башкаруучулар китебин да билдириши этимал.

Бирок кээ бир китептердин аталышы Ыйык Жазмадагы китептердикине окшош болгону менен, алар, чынында, Ыйык Китептин бөлүгү болуп эсептелбейт. Буга байыркы төрт китеп: «Жүйүт падышаларынын тарых китеби», «Жүйүт менен Ысрайыл падышаларынын китеби», «Ысрайыл падышаларынын китеби» жана «Ысрайыл менен Жүйүт падышаларынын китеби» мисал боло алат. Ал төрт китептин аталышы Ыйык Китептеги 1 Падышалар, 2 Падышалар деген китептердикине окшош болсо да, алар рухтун жетеги менен жазылган эмес жана ыйык китептик канонго кирген эмес (1 Пад. 14:29; 2 Жылн. 16:11; 20:34; 27:7). Кыязы, алар Жеремия пайгамбар менен Эзра Ыйык Китептеги билдирүүлөрдү жазган убакта колдонулган тарыхый жазуулар болгон.

Ырас, Ыйык Китептин айрым жазуучулары ошол учурда болгон, бирок рухтун жетеги менен жазылбаган тарыхый билдирүүлөргө, документтерге шилтеме кылышкан же кайрылышкан. Алсак, Эстер 10:2-аятта «Мадай жана Персия падышаларынын тарых китептерине» шилтеме кылынат. Ошо сыяктуу эле, Лука өзүнүн Инжилин жазардын алдында «бардыгын башынан баштап кылдаттык менен изилдеп чыккан». Демек, ал өзүнүн Инжилинде жазылган Исанын санжырасын түзүүдө ошол учурдагы жазуу түрүндөгү булактарга кайрылса керек (Лк. 1:3; 3:23—38). Лука кайрылган билдирүүлөр рухтун жетеги менен жазылган эмес, бирок ал жазган Инжилдин рухтун жетеги менен жазылганы күмөнсүз. Ал Инжил биз үчүн баалуулугун эч качан жоготпойт.

Жогорудагы суроодо айтылып өткөн «Адилеттүүнүн китеби» жана «Теңирдин согуштары китеби» ошол учурда колдонулган, рухтун жетеги менен жазылбаган документтер болгон көрүнөт. Ошол себептен Жахаба алардын сакталып калышына кам көргөн эмес. Ыйык Жазмада айтылган ал эки китептен келтирилген цитаталардан улам окумуштуулар ал китептер Ысрайыл менен душмандарынын ортосундагы согуштарды сүрөттөгөн поэзиянын же ырлардын жыйындысы болгон деген бүтүмгө келишет (2 Шем. 1:17—27). Ыйык китептик бир энциклопедияда алар «байыркы Ысрайылдын эпикалык, лирикалык салт-санааларын ооздон-оозго өткөрүп сактап келген мыкты ырчылардын белгилүү ырларынын жыйындысы» болгон деп божомолдонот. Атүгүл учурунда Кудайга пайгамбар, көрөгөч катары кызмат кылган кээ бир кишилер да Жахаба руху менен жетектебеген билдирүүлөрдү жазышкан. Бирок алар «окутуу үчүн, ашкерелөө үчүн, оңдоо үчүн, адилдик жолунда тарбиялоо үчүн пайдалуу» болгон Ыйык Жазмага киргизилген эмес (2 Тим. 3:16; 2 Жылн. 9:29; 12:15; 13:22).

Ыйык Китепте кайсы бир китептер жөнүндө айтылып өткөнү жана алардын ошол маалда булак катары колдонулганы алардын рухтун жетеги менен жазылганын билдирбейт. Бирок Жахаба Кудай өзүнүн Сөзү болуп эсептелген жазуулардын баарын сактап келген жана алар «түбөлүк турат» (Ыш. 40:8). Ооба, Жахаба Ыйык Жазманын 66 китебине бизди «ар тараптуу билимге» ээ кылган, «ар бир жакшы ишке толугу менен даярдаган» эң керектүү маалыматтарды жаздырган (2 Тим. 3:16, 17).