Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Сергек болгула»

«Сергек болгула»

«Сергек болгула»

«Бардык нерсенин аягы жакын... тиленүү үчүн сергек болгула» (1 ПЕТ. 4:7).

1. Иса эмне жөнүндө окуткан?

ИСА жерде жүргөндө Кудайдын Падышалыгы жөнүндө окуткан. Жахаба ошол Падышалык аркылуу өз ысмын ыйыктап, ааламдын Эгедери экенин далилдейт. Иса шакирттерине: «Падышалыгың келсин. Сенин эркиң, асмандагыдай эле, жерде да аткарылсын»,— деп тиленүүнү үйрөткөн (Мт. 4:17; 6:9, 10). Кудайдын ошол өкмөтү жакынкы арада Шайтандын дүйнөсүн жок кылып, Жахабанын жерге карата болгон эркин аткарат. Даниел пайгамбар алдын ала айткандай, Кудайдын Падышалыгы бүгүнкү күндөгү «бүт падышачылыктарды кыйратат, талкалайт, өзү болсо түбөлүк турат» (Дан. 2:44).

2. а) Исанын жолдоочулары Исанын бийликти колго алганын жана башкарып жатканын кайдан билишмек? б) Белги дагы эмнеден кабар бермек?

2 Исанын шакирттери үчүн Кудайдын Падышалыгынын келиши абдан маанилүү болгондуктан, алар Исадан: «Сенин катышууңдун убагын жана бул дүйнө түзүлүшүнүн аяктап баратканын кайсы белгиден билүүгө болот?» — деп сурашкан (Мт. 24:3). Исанын Падышалык бийликти колуна алып, башкарып жатканы жердегилерге көрүнбөгөндүктөн, анын башкарып жатканын айгинелеген кандайдыр бир белги болмок. Ал белги, Ыйык Жазмада алдын ала айтылгандай, өз ичине ар кандай пайгамбарлыктарды камтыйт. Демек, ошол белги аркылуу Исанын жолдоочулары анын асманда башкарып жатканын аңдай алышмак. Ошондой эле белги Ыйык Китептеги «акыркы күндөр» деп аталган мезгилдин, тактап айтканда, азыркы бузулган дүйнөнүн акыры келип калганынан кабар бермек (2 Тим. 3:1—5, 13; Мт. 24:7—14).

Акыркы күндөрдө сергек болгула

3. Исанын жолдоочулары эмне үчүн сергек болушу керек?

3 Элчи Петир: «Бардык нерсенин аягы жакын. Ошондуктан акыл-эстүү болгула жана тиленүү үчүн сергек болгула»,— деп жазган (1 Пет. 4:7). Биз сергек болуп, Исанын асманда бийлик жүргүзүп жатканын көрсөткөн дүйнөдөгү окуяларды баамдай билишибиз керек. Бузулган дүйнөнүн акыры жакындап калгандыктан, азыр сергек болуу өзгөчө маанилүү. Иса шакирттерине: «Сергек болгула, анткени үй ээсинин [Шайтандын дүйнөсүнө сот өкүмүн чыгаруу үчүн] качан келерин билбейсиңер»,— деген (Мр. 13:35, 36).

4. Шайтандын бийлиги астында жаткан адамдар Жахабанын кызматчыларына салыштырмалуу эмнени билишпейт? (Кутучадагы ойлорду да айтып өт.)

4 Адамзат коому жалпы жонунан Шайтандын бийлиги астында жаткандыктан, дүйнөдө болуп жаткан окуялардын маанисин баамдабай келет. Ошондой эле Машаяктын Падыша катары башкарып жатканын сезбейт. Ал эми Исанын чыныгы жолдоочулары акыркы кылымда болуп өткөн окуялардын маанисин түшүнүп, сергек турушат. Алар Машаяктын 1914-жылдан тартып асманда Падыша катары башкарып жатканына Биринчи дүйнөлүк согуш жана башка окуялар далил экенин 1925-жылдан бери эле билишет. Ооба, Иса такка отургандан бери адамзат Шайтандын бийлиги астында жаткан бузулган дүйнөнүн акыркы күндөрүндө жашап жатат. Көптөгөн баамчыл адамдар дүйнөдөгү окуялардын маанисин түшүнө беришпесе да, Биринчи дүйнөлүк согушка чейинки мезгил менен андан кийинки мезгилдин кескин айырмаланарын четке кагышпайт. («Коогалаңдуу доордун башталышы» деген кутучаны кара.)

5. Мындан ары да сергек болуу эмне үчүн маанилүү?

5 Акыркы жүз жылдын ичинде дүйнө жүзүндө болуп жаткан төбө чачты тик тургузган окуялар акыркы күндөрдө жашап жатканыбызды далилдейт. Жакында Жахаба Исага кубаттуу периштелери менен бирге Шайтандын дүйнөсүнө сокку урууга буйрук берет (Аян 19:11—21). Андыктан Исанын чыныгы жолдоочулары сергек болууга чакырылат. Бул дүйнөнүн акыры жакындап калгандыктан, сергек болуу болуп көрбөгөндөй зарыл (Мт. 24:42). Биз сергек болуп, бүткүл дүйнө жүзүндө жүргүзүлүп жаткан эң маанилүү ишти Машаяктын жетеги астында аягына чыгарышыбыз керек.

Бүткүл дүйнөлүк иш

6, 7. Акыркы күндөрү Падышалык жөнүндөгү кабар айтуу ишинде кандай өсүштөр болгон?

6 Жахабанын кызматчылары жакшы кабарды жарыялаары бузулган дүйнөнүн акыркы күндөрүндө жашап жатканыбызды билдирген белгини түзгөн окуялардын бири болуп эсептелет. Иса акыркы күндөрдө боло турган окуяларды айтып келип, сөзүнүн акырында дүйнө жүзү боюнча жүргүзүлө турган иш жөнүндө кеп кылган. Ал пайгамбарлык төмөнкү сөздөр менен берилген: «Падышалык жөнүндөгү бул жакшы кабар дүйнө жүзү боюнча бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат. Ошондон кийин дүйнө түзүлүшүнүн акыры келет» (Мт. 24:14).

7 Исанын ошол пайгамбарлыгына байланышы бар айрым өзгөчөлүктөргө токтололу. 1914-жылы, акыркы күндөр башталганда, жакшы кабар айткандар саналуу гана болчу. Ал эми азыр алар абдан көп. Бүткүл дүйнө жүзү боюнча 100 000ден ашуун жыйналыштарда 7 000 000дон ашык Жахабанын Күбөлөрү кабар айтышууда. 2008-жылы Исанын өлгөн күнүн эскерүү кечесине Жахабанын Күбөлөрүнөн тышкары 10 000 000дой киши келген. Башкача айтканда, Эскерүү кечесине келгендердин саны былтыркыга караганда кыйла көп болгон.

8. Эмне үчүн каршылыктар кабар айтуу ишинин ийгиликтүү болушуна тоскоолдук кыла албайт?

8 Бул дүйнөнүн бүтөрүнө аз калганда Кудайдын Падышалыгы жөнүндө бардык элдерге кандай гана зор күбөлөндүрүү болууда! Мындай иш «бул дүйнөнүн кудайы» Шайтан болгонуна карабастан жүрүп жатат (2 Кор. 4:4). Бул дүйнөнүн саясий, диний, коммерциялык түзүлүштөрү, ошондой эле массалык маалымат каражаттары Шайтандын колунда. Анда кандайча күбөлөндүрүү иши ушунчалык ийгиликтүү жүрүүдө? Албетте, Жахабанын колдоосу менен. Ошондуктан Падышалык жөнүндө кабар айтуу иши Шайтандын токтотууга жасаган аракетине карабастан мындан ары да тездик менен алдыга илгерилей бермекчи.

9. Биздин рухий жактан гүлдөп-өсүшүбүздү эмне үчүн керемет дешке болот?

9 Кабар айтуу ишинин ийгиликтүү болушун жана Кудайдын элинин рухий жактан гүлдөп-өсүшүн керемет дешке болот. Кудай өз элин колдобосо, жетекчилик кылбаса же коргобосо, кабар айтуу иши мүмкүн болмок эмес (Оку: Матай 19:26). Кызмат кылууга дилгир болгон сергек адамдардын жүрөгүнө таасир эткен Кудайдын ыйык рухунун жардамы менен кабар айтуу иши ийгиликтүү аяктаарына, «ошондон кийин дүйнө түзүлүшүнүн акыры келерине» шектенбесек болот. Ал убак өтө тездик менен жакындап келе жатат.

«Улуу алаамат»

10. Келе жаткан улуу алааматты Иса кандайча сүрөттөгөн?

10 Азыркы бузулган дүйнөнүн бүтөр алдында «улуу алаамат» болот (Аян 7:14). Ыйык Китепте анын канча убакытка созулары айтылбайт, бирок Иса: «Ошондо дүйнөнүн башталышынан бери болбогон жана кийин да болбой турган улуу алаамат болот»,— деген (Мт. 24:21). 50—60 миллион кишинин өмүрүн алып тынган Экинчи дүйнөлүк согушта болгон кыргынга салыштырмалуу келе жаткан улуу алаамат, чынында эле, катуу болот. Ал алаамат Армагедон согушунда туу чокусуна жетет. Ошондо Жахаба Шайтандын жердеги түзүлүшүн түп-тамыры менен жок кылыш үчүн сот өкүмүн ишке ашыруучуларды коё берет (Аян 16:14, 16).

11, 12. Улуу алааматтын башталганынан кабар берген кандай өзгөчө окуя болот?

11 Ыйык Китепте улуу алааматтын биринчи баскычы кайсы күнү башталары айтылбайт. Бирок кандай өзгөчө окуя анын башталганынан кабар берери баяндалат. Башкача айтканда, саясий күчтөр бардык жалган диндерди жок кылат. Аян китебинин 17, 18-бөлүмдөрүндө жалган дин саясий түзүлүштөр менен ойноштук кылган сойку аялга салыштырылат. Аян 17:16да саясий күчтөрдүн жакында «сойкуну жек көрүп, талап-тоноору» жана «жылаңачтап... этин жеп, өзүн өрттөп жиберери» айтылат.

12 Өз убагы келгенде бардык жалган диндерди жок кылуу үчүн «Кудай өзүнүн оюн аткарууну... [саясий жетекчилердин] жүрөктөрүнө салат» (Аян 17:17). Ошондуктан ал кыйратууну Кудайдан дешке болот. Жахаба жалган динди көп убакыттан бери анын эркине каршы келген окутууларды жайылтканы жана анын кызматчыларын куугунтуктаганы үчүн жоопко тартат. Бирок жакында жалган диндин жок болору дүйнөдөгү адамдардын оюна да келбейт. Ал эми Жахабанын ишенимдүү кызматчылары анын жок болоруна толук ишенишет. Алар азыркы учурда ал тууралуу бардык адамдарга эскертишүүдө.

13. Жалган диндин тез убакыттын ичинде жок кылынарын эмне айгинелеп турат?

13 Жалган диндин жок болгонун көргөндө адамдар көргөн көзүнө ишенишпей таң калышат. Ыйык Китепте атүгүл «жер жүзүнүн [айрым] падышалары» ошол кыйроо жөнүндө: «Каран күн! Башыңа каран күн түштү... анткени сага чыгарылган өкүм бир сааттын ичинде ишке ашты»,— деп кыйкырышары айтылат (Аян 18:9, 10, 16, 19). Аяттагы «бир сааттын ичинде» деген сөз ал окуянын тез убакыттын ичинде болуп өтөрүн айгинелеп турат.

14. Жахабанын душмандары анын кызматчыларына кол салганда, Жахаба кандай жооп кайтарат?

14 Жалган дин жок кылынгандан көп өтпөй Жахабанын кызматчыларына Кудайдын сот өкүмдөрүн жарыялап жүрүшкөнү үчүн кол салынарын билебиз (Жез. 38:14—16). Ошондо Кудайдын элин куугунтуктагандар өз элин коргоону убадалаган Жахабага каршы чыккан болушат. Жахаба бул тууралуу: «Өзүмдүн кызганычым менен, Өзүмдүн каарым күйүп турганда, мындай деп айткам... ошондо Менин Теңир экенимди билишет»,— дейт (Оку: Жезекиел 38:18—23). Ошондой эле Ыйык Китепте: «Силерге [анын ишенимдүү кызматчыларына] ким тийсе, ал Анын көзүнүн карегине тийген болот»,— деп айтылат (Зах. 2:8). Ошондуктан душмандар бүткүл дүйнө жүзү боюнча анын кызматчыларына кол салганда, Жахаба аларга жооп кайтарып, улуу алааматтын акыркы баскычында боло турган Армагедон согушун баштайт. Исанын жетекчилиги астында кубаттуу периштелер Жахабанын Шайтандын дүйнөсүнө чыгарган өкүмүн ишке ашырышат.

Бизге кандай таасир этиши керек?

15. Бул дүйнөнүн акыры жакындап келе жатканын билүү бизге кандай таасир этиши керек?

15 Бул дүйнөнүн акыры тездик менен жакындап келе жатканын билүү бизге кандай таасир этиши керек? Элчи Петир: «Баары ушинтип кыйратыла турган болсо, анда силер жүрүм-туруму ыйык жана Кудайга берилген адамдардан болушуңар керек эмеспи!» — деп жазган (2 Пет. 3:11). Бул сөздөр жүрүм-турумубуз Кудайдын талаптарына ылайык келерине, жашоодо кылып жаткан иштерибиз Жахабага болгон берилгендигибизди жана ага болгон сүйүүбүздү көрсөтүп турарына ынангыдай болушубуз керек экенин баса белгилеп турат. Андай иштерге дүйнөнүн акыры келгиче Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялоого бардык күчүбүздү жумшоо кирет. Элчи Петир: «Бардык нерсенин аягы жакын... тиленүү үчүн сергек болгула»,— деп жазган (1 Пет. 4:7). Биз Жахабадан ыйык руху жана жыйналышы аркылуу жетекчилик беришин сурап үзгүлтүксүз тиленүү менен ага жакындап, аны сүйөрүбүздү көрсөтө алабыз.

16. Эмне себептен Кудайдын кеңешине бекем карманышыбыз керек?

16 Азыркы кооптуу учурда Кудайдын Сөзүндөгү: «Ошентип, кандай жашап жатканыңарга жакшылап көңүл буруп, акылсыздардай эмес, акылдуулардай жашагыла. Убакытты пайдалана билгиле, анткени катаал күндөрдө жашап жатабыз»,— деген кеңешке бекем карманышыбыз кажет (Эф. 5:15, 16). Жер жүзү бүгүн адам тарыхында болуп көрбөгөндөй жамандыкка толду. Шайтан адамдарга Жахабанын эркин аткарууга тоскоолдук кылуу үчүн же аларды алаксытуу үчүн көптөгөн нерселерди ойлоп табууда. Кудайдын кызматчылары катары биз муну жакшы түшүнөбүз жана эч бир нерсенин Кудайга болгон берилгендигибизди солгундатышына жол бербейбиз. Ошондой эле жакында эмне болорун билебиз, Жахабага жана анын убадалары сөзсүз аткарыларына да ишенебиз (Оку: 1 Жакан 2:15—17).

17. Армагедондон аман өткөндөр тирилгендер менен жолукканда кандай сезимде болушарын сүрөттөп бер.

17 Кудайдын өлгөндөрдү тирилтүүгө болгон кереметтүү убадасы аткарылат, анткени Ыйык Китепте «адил жана адил эмес адамдардын тирилери» айтылган (Элч. 24:15). Ооба, өлгөн адамдар тирилтилет. Бул кандай гана күчтүү айтылган убада! Буга эч күмөн саноого болбойт, анткени муну Кудай өзү убадалаган! Ышайа 26:19да: «Сенин өлгөндөрүң тирилишет... Топуракта жаткандар, ойгонгула да кубангыла... Жер өлгөндөрдү бүркөт»,— делет. Бул сөздөр алгач каймана мааниде Кудайдын байыркы эли өз жерине кайтып келгенде аткарылган. Ал эми жаңы дүйнөдө болсо бул убада түзмө-түз аткарылат. Элестетсең, өлгөндөр кайра тирилип сүйгөн жакындарына жолукканда, жер бети кандай гана кубанычка бөлөнөт! Ооба, Шайтандын дүйнөсү жок болоруна аз калды, ал эми Кудай убадалаган жаңы дүйнө босогодо турат. Ошондуктан азыр сергек болгонубуз кандай гана маанилүү!

Эсиңердеби?

• Иса жерде жүргөндө эмне жөнүндө окуткан?

• Кабар айтуу иши бүгүнкү күндө канчалык кеңири кулач жаюуда?

• Сергек болуу эмне үчүн маанилүү?

Элчилер 24:15теги убада сени кандайча бекемдейт?

[Изилдөө суроолору]

[16-беттеги кутуча]

КООГАЛАҢДУУ ДООРДУН БАШТАЛЫШЫ

2007-жылы Алан Гринспандын «Коогалаңдуу доор. Дүрбөгөн жаңы дүйнө» аттуу китеби жарыкка чыккан («The Age of Turbulence: Adventures in a New World»). Автор 20 жылга чукул Кошмо Штаттардын Федералдык резерв системасын жетектеп келген. Аталган мекеме АКШнын борбордук банк системасын көзөмөлдөйт. Гринспан ошол китебинде 1914-жылга чейинки мезгилди жана андан кийинки дүйнөдөгү кырдаалды төмөндөгүдөй сүрөттөйт:

«Ошол убактагы булактарга ылайык, 1914-жылга чейин дүйнөдө ыймандуулук, адамгерчилик өкүм сүрүп, коом гүлдөп-өсүүнүн туу чокусуна жетчүдөй сезилген. Ырайымсыздык менен коштолгон кул сатуучулук 19-кылымда жоюлган. Инсандык кадыр-баркты тебелеп-тепсеген зордук-зомбулук жокко эсе болуп калган... 19-кылымда илим жана техника өнүгүп, темир жол, телефон, электр жарыгы, кино, жеңил машине жана үй тиричилигине керектүү миң түркүн буюмдар жаралган. Медицина тармагындагы жетишкендиктер, тамак-аштын жакшырышы, калкты таза суу менен камсыз кылуу өмүрдүн узарышына шарт түзгөн... Ошол учурда коомдогу жетишкендиктердин андан ары да улана берерине эч ким күмөн санаган эмес».

Бирок... «Биринчи дүйнөлүк согуш Экинчи дүйнөлүк согушка салыштырмалуу азыраак адамдын өмүрүн кыйса да, ал адамдардан ыймандуулуктун, адамгерчиликтин кетишине алып келип, коомдун өнүгүп-өсүүсүнө залакасын тийгизген. Ал согушта идея талкаланган. Адамдар жаркын келечекке үмүт арткан прогресс чексиз улана берчүдөй сезилген Биринчи дүйнөлүк согушка чейинки жылдарды такыр унута албайм. Бүгүн биздин көз карашыбыз бир кылым мурун жашагандардыкынан кескин айырмаланат. Балким, биз жашоого реалдуураак карайттырбыз. Терроризм, жер бетинде жылуулуктун жогорулашы жана кайра жаралган популизм жашоо деңгээлин жакшыртууга багытталган азыркы глобализация дооруна Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда дүйнөгө таасир эткендей таасир эте алабы? Бул суроого эч ким туура, так жооп бере албайт».

Гринспан студент болуп жүргөн кезиндеги экономика илиминин профессору Бенжамин М. Андерсондун (1886—1949) сөздөрүн эстейт. Ал профессор мындай деген эле: «Биринчи дүйнөлүк согушка чейинки доорду көрүп калган киши ошол мезгилди эстеп куса болот. Ал мезгилде чыныгы бейкуттук өкүм сүрүп турчу. Андан бери заман такыр башка» («Economics and the Public Welfare»).

Ушундай эле ой Г. Ж. Мейердин 2006-жылы басылып чыккан «Кулаган дүйнө» деген китебинде айтылат («A World Undone»). Ал китепте: «Тарыхый окуялар „бүт баарын өзгөртөт“ дешет эмеспи. Ооба, бул Улуу согуш (1914—1918) да баарын өзгөрттү. Ал согушта жеке эле чек ара, улуттардын, мамлекеттердин тагдыры эмес, адамдардын өздөрү жана алардын дүйнөгө болгон көз карашы өзгөргөн. Ал согуш тарыхтын башка бир да мезгилине окшобогон өзгөчө дүйнөнү жараткан»,— делет.

[18-беттеги сүрөт]

Армагедондо Жахаба күчтүү периштелерин коё берет