Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Теңирдин периштеси Кудайдан корккондорду курчап турат»

«Теңирдин периштеси Кудайдан корккондорду курчап турат»

«Теңирдин периштеси Кудайдан корккондорду курчап турат»

Айтып берген: Кристабел Коннелл

Кристофердин берген суроолоруна ушунчалык кызыгуу менен жооп берип жатып, кантип кеч кирип кеткенин да, анын кооптонуп улам-улам терезени карай бергенин да байкабай калыптырбыз. Бир маалда ал: «Эми кете берсеңер болот»,— деди. Анан велосипеддерибиз турган жерге чейин узатып барып, биз менен коштошту. Ал улам-улам терезени карагыдай сыртта эмне болуп жаткан эле?

МЕН, Кристабел Эрл, 1927-жылы Англиянын Шеффилд шаарында төрөлгөм. Экинчи дүйнөлүк согуш маалында үйүбүзгө бомба түшүп талкаланып калгандыктан, мектепти бүткүчө таенемдикинде жашап турдум. Католик чиркөөсүнө караштуу мектепте окуп жүргөндө ал жердеги кечил аялдардан эмне үчүн жамандык менен зордук-зомбулук мынчалык көп деп сураар элем. Бирок алар да, башка динчил кишилер да ушул суроомо канааттандырарлык жооп бере алышкан эмес.

Экинчи дүйнөлүк согуш бүткөндөн кийин медайымдын окуусун окудум. Анан Лондонго көчүп барып, Паддингтон борбордук ооруканасында иштеп калдым. Лондон да зордук-зомбулукка жык толгон шаар экен. Бир жолу мен иштеген оорукананын жанынан бир кишини сабап кетишкенин көрдүм. Ал кишиге эч ким жардам берген жок. Абдан катуу таяк жегендиктен, көзү да көрбөй калыптыр. Ал окуя улуу агам Кореяга согушка кеткенинен көп өтпөй эле болгон эле. Ошол учурларда мен апам менен көзү ачыктардын жолугушууларына барып жүргөм. Ал жактан да жамандыктын эмне үчүн болуп жатканына жооп ала алган эмесмин.

Ыйык Китепти изилдөөгө түрткү алдым

Бир күнү эле агам Жон үйгө келип калды. Ал Жахабанын Күбөсү болчу. Ал менден: «Эмне үчүн дүйнөдө жамандык ушунчалык көп экенин билесиңби?» — деп сурады. «Жок, билбейм»,— деп жооп бердим. Агам Ыйык Китебин ачып, Аян китебинин 12-бөлүмүндөгү 7—12-аяттарды окуп берди. Ошондо дүйнөдө болуп жаткан жамандыктарга Шайтан жана жин-перилер жооптуу экенин түшүндүм. Көп өтпөй эле анын кеңеши менен Ыйык Китепти изилдей баштадым. Бирок адамдардан корккондуктан көпкө чейин чөмүлтүлбөй жүрдүм (Накыл 29:25).

Кийинчерээк эжем Дороти да Жахабанын Күбөсү болду. Ал сүйлөшкөн жигити Билл Робертс менен Нью-Йоркто 1953-жылы болуп өткөн эл аралык жыйындан кайтып келгенде, мен аларга Ыйык Китепти изилдеп бүткөнүмдү айттым. Ошондо Билл менден: «Көрсөтүлгөн аяттардын баарын ачып карадыңбы? Суроолорго ошол китептин негизинде жооп бере аласыңбы?» — деп сурады. Мен: «Жок»,— деп жооп бердим. Ошондо ал: «Сен Ыйык Китепти такыр изилдеген эмес турбайсыңбы. Сени менен китеп өткөн эжени таап, аны менен кайрадан изилдей башта»,— деди. Ошол убактарда мени жин-перилер кыйнай баштаган. Ошондуктан Жахабадан мени алардын таасиринен бошотушун, коргошун сурап көп тиленер элем.

Шотландияда жана Ирландияда пионер болуп кызмат кылып жүргөндө...

Мен 1954-жылы 16-январда чөмүлтүлдүм. Ошол жылдын май айында жумуштан бошоп, июнь айынан тартып пионердик кызматты баштадым. Сегиз айдан кийин эле Шотландиянын Грейнжмаут шаарына атайын пионер болуп дайындалдым. Ушундай алыс жерде кызмат кылып жүрүп, Жахабанын периштелери мени «курчап турганына» ынандым (Заб. 33:8).

Ал эми 1956-жылы Ирландиянын Голуэй деген шаарына дайындалдым. Ал жакка мени менен чогуу дагы эки эже дайындалды. Голуэйге келген күнү эле кабар айтып жүрүп, католик чиркөөсүнүн диний жетекчисинин үйүнө барып калдык. Ал эшигин жаап кирип кеткенден бир аз убакыт өткөндөн кийин, полиция кызматкери келип, шеригим экөөбүздү полиция участогуна алып кетти. Биздин аты-жөнүбүздү, дарегибизди сурап-билери менен телефон чалып: «Ата, (католик чиркөөсүнүн диний жетекчисин ушинтип аташат) алардын каякта жашаарын билдим»,— деди. Көрсө, аны баягы биз жолуктурган диний жетекчи жибериптир. Анан алар биз жашаган батирдин кожоюнун бизди үйдөн чыгарууга мажбурлашты. Ошондуктан филиал бизге ал жерден башка жакка кетүүнү сунуш кылды. Голуэйден кетер күнү темир жол станциясына он мүнөт кечигип келдик. Барсак, поезд кете элек экен. Бир киши биздин поездге түшүп кеткен-кетпегенибизди текшериш үчүн карап турду. Ошентип, Голуэйге келгенибизге үч жума болгондо эле ал жактан жөнөп кеттик.

Биз католик чиркөөсүнүн таасири күчтүү болгон Лимерик шаарына дайындалдык. Ал жактан топ кишилер бизди көрсө эле шылдыңдап, кыйкыра беришчү. Көптөр эшигин ачып биз менен сүйлөшүүдөн да коркушчу. Анын үстүнө, бир жыл мурун Лимериктен алыс эмес жайгашкан Клунлара деген чакан шаардан биздин бир тууганыбызды сабап кетишкен эле. Ошондуктан сөзүмдүн башында кеп кылган Кристоферди жолуктурганыбызга абдан кубанганбыз. Ал ыйык китептик суроолоруна жооп алуу үчүн бизден дагы келишибизди суранган болчу. Ага экинчи жолу барганыбызда, ал жердеги диний жетекчи келип, Кристоферден бизди үйүнөн кетиришин талап кылды. Бирок Кристофер: «Буларды мен өзүм чакыргам. Алар үйгө кирерден мурун эшикти тыкылдатышты. Ал эми сизди мен чакырган эмесмин, сиз эшикти да тыкылдатпай кирип келдиңиз»,— деп кесе жооп берди. Мындай сөздү уккан диний жетекчи ачууланган бойдон чыгып кетти.

Анын бир топ кишини чогултуп келип, бизди эшиктин алдында күтүп турганын билген эмеспиз. Чогулган элдин ачууланып, тишин кайрап турганын байкаган Кристофер, башында айтып өткөндөй, кооптонуп улам-улам терезени карап жаткан эле. Алар тарап кеткиче, Кристофер бизди үйүнөн кетирген жок. Ошол окуядан кийин аны үй-бүлөсү менен ал шаардан кетүүгө мажбур кылышкандыктан, ал Англияга көчүп кетиптир.

Гилат мектебине чакырылдым

1958-жылы Нью-Йоркто өткөрүлө турган «Кудайдын эрки» деп аталган эл аралык жыйынга барууга даярданып жатканда Гилат мектебинин 33-классына чакырылып калдым. Мектеп 1959-жылы башталмак. Бирок жыйындан кийин үйүмө кайтып барбай, Коллингвудда, Онтариодо (Канада) кызмат кылып калдым. Ошол жыйында Эрик Коннелл деген жигит менен таанышкан элем. Ал 1957-жылы чындыкты угуп, кийинки эле жылы пионердик кызматты баштаптыр. Мен Канадада жүргөндө жана Гилат мектебинде окуп жүргөн учурларда, ал мага күн сайын кат жазчу. Экөөбүздүн мамилебиз окуум бүткөндөн кийин кандай болот болду экен деп ойлонуп жүрдүм.

Гилат мектебинде окуган убак жашоомдун эң сонун учуру болду. Эжем Дороти жана жездем менен бирге бир класста окуп калдым. Алар Португалияга дайындалышты. Мен болсо Ирландияга дайындалдым. Чынын айтсам, ал жакка дайындалам деп күткөн эмес элем. Эжем менен чогуу бир өлкөгө дайындалбаганыма капа болдум. Гилат мектебинде сабак берген бир тууганга кайрылып: «Мен бир нерсени туура эмес кылып алдымбы?» — деп сурадым. Ал: «Жок, сен шеригиң Айлин Маони менен кайсы өлкөгө болбосун барууга макул болбодуңар беле»,— деп жооп берди. Ал эми Ирландия ошол өлкөлөрдүн бири болчу.

Кайрадан Ирландияга

1959-жылдын август айында кайрадан Ирландияга кайтып келип, Дан-Лэри шаарындагы жыйналышта кызмат кылып калдым. Ал ортодо Эрик Англияга кайтып келген эле. Ага жакын жерге дайындалганыма ал аябай сүйүндү. Ал да миссионер болгусу келчү. Ирландияда жарчыларга муктаждык көбүрөөк болгондуктан, ошол жакта пионер болуп кызмат кылууну чечип, Дан-Лэриге көчүп келди. Биз 1961-жылы баш коштук.

Үйлөнгөнүбүзгө алты ай болгондо, Эрик мотоцикл менен кетип баратып жол кырсыгына учурап, башынан катуу жаракат алды. Догдурлар анын аман каларына күмөн санашкан эле. Ал ооруканада үч жума жатты. Анан үйгө чыгарып келип, жакшы болуп кеткиче, беш ай бою өзүм карадым. Ошол учурда да кызматымды колуман келишинче уланта бердим.

Эрик экөөбүз 1965-жылы түндүк-батыш жээкте жайгашкан Слайго шаарындагы сегиз жарчыдан турган жыйналышка дайындалдык. Үч жыл өткөндөн кийин түндүктөгү Лондондерри шаарындагы чакан жыйналышка жиберилдик. Бир күнү кызматтан келе жатып биз жашаган көчөнү экиге бөлүп, тикенектүү зым менен тосуп коюшканын көрдүк. Ошол учурда Түндүк Ирландияда кырдаал курчуп турган эле. Жаштардын тобу машинелерди өрттөп, шаар протестанттар жана католиктер болуп экиге бөлүнүп калган. Ошондуктан шаардын бир бөлүгүнөн экинчи бөлүгүнө өтүү абдан кооптуу эле.

Коогалаңдуу мезгилдерде да кызматыбызды уланттык

Каерде болбойлу, кабар айтууну токтоткон жокпуз. Дагы да болсо периштелердин бизди курчап турганына ынандык. Биз жашаган жерде козголоң башталганда, тезинен ал жерден кетип калчубуз да, тынчтанып калганда кайра келчүбүз. Бир жолу биз жашаган үйдүн жанында кагылышуу болуп, сыр-боёк сатылган дүкөн жарылып, сыныктары терезебизге тийген. Өрт биз турган үйдү да каптап кетеби деп, түнү менен уктабай чыкканбыз. Кийин, 1970-жылы, Белфастка көчүп кеттик. Ошондо мурун биз жашаган үйдүн жанындагы дүкөндү күйүүчү зат толтурулган бөтөлкөнү ыргытып өрттөп жиберишкенин, аны менен кошо биз турган үй да өрттөнүп кеткенин билдик.

Дагы бир жолу бир эже менен кызматта жүрүп, бир үйдүн терезесинде таң калыштуу түтүк жатканын көрдүк. Биз ары басарыбыз менен эле ал жарылып кетти. Үйлөрүнөн чуркап чыккан кишилер ал үйгө жасалма бомбаны бизди таштады деп ойлошту. Бирок ошол жерде жашаган ишенимдеш эже бизди үйүнө кирүүгө чакырды. Ошондо кошуналары буга биздин эч кандай тиешебиз жок экенин түшүнүштү.

1971-жылы Эрик экөөбүз Лондондерриде жашаган ишенимдеш эженикине бардык. Биз кайсы жол менен келгенибизди, кайсы тосмолордон өткөнүбүздү айтсак, ал: «Жолдогу тосмолордо эч ким жок бекен?» — деп сурады. «Бар экен, бирок алар бизге тийген жок»,— десек, ал аябай таң калды. Көрсө, бир нече күн мурун эле биз келген жолдо бир догдур менен полиция кызматкеринин машинелерин тартып алышып, өрттөп жиберишкен экен.

1972-жылы Корк шаарына көчүп бардык. Кийинчерээк Нейс, Арклоу шаарларында кызмат кылдык. 1987-жылы болсо Каслбар шаарына дайындалдык; азыркыга чейин ушул жерде кызмат кылабыз. Ал жерден Падышалык залын курууга катышууга жакшы мүмкүнчүлүк болду. Өкүнүчтүүсү, 1999-жылы Эрик катуу ооруп калды. Жахабанын жардамы жана жыйналыштагылардын колдоосу менен кыйынчылыктарды көтөрүп, ал айыккыча аны карадым.

Эрик экөөбүз пионерлер мектебине эки жолу бардык. Жолдошум азыркыга чейин аксакал болуп кызмат кылат. Тилекке каршы, менин ден соолугум начар; артриттин оор түрү менен ооруйм. Эки бутумдун тең жамбаш жана тизе муундарын операция жолу менен алмаштырууга туура келди. Башыман эмнелер гана өтпөдү: динге байланыштуу катуу каршылыктарга дуушар болдум, саясий жана социалдык жактан оор күндөрдү баштан өткөрдүм. Бирок мен үчүн эң оор болгон кыйынчылык деп машине айдай албай калганымды эсептейм. Бул, чынында эле, мен үчүн чоң сыноо болду, анткени каалаган жагыма баштагыдай бара албай калдым. Жыйналыштагылар мага абдан чоң колдоо көрсөтүшөт. Азыр мен таяк менен басам. Ал эми алысыраак жактарга болсо батарея менен жүргөн үч дөңгөлөктүү велосипед менен барам.

Эрик экөөбүздүн атайын пионер болуп кызмат кылган жылдарыбызды эсептегенде, баш-аягы 100 жылдан ашат. Анын 98 жылы Ирландияда өттү. Ушул сыймыктуу кызматыбызды токтотуу оюбузга да келбейт. Албетте, биз кереметке таянбайбыз, бирок Жахабанын күчтүү периштелери андан корккондорду жана ага ишенимдүүлүк менен кызмат кылгандарды «курчап турарына» ишенебиз.