Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Аюб Жахабанын ысмын ыйык туткан

Аюб Жахабанын ысмын ыйык туткан

Аюб Жахабанын ысмын ыйык туткан

«Теңирдин ысымы даңкталсын!» (АЮБ 1:21).

1. Аюб китебин ким жазышы мүмкүн эле жана качан?

МУСА фараондун колунан каза таппаш үчүн Мисирден качып, Мидианга барганда 40 жаштарда эле (Элч. 7:23). Ал ошол жерден Мидиандан алыс эмес жайгашкан Ус деген жерде жашаган Аюб жөнүндө жана анын башына түшкөн сыноолор тууралуу укса керек. Ал эми бир нече жылдан кийин, ысрайыл эли менен чөл кезүүнүн соңунда Уска жакын жерге келгенде, Аюбдун жашоосунун акыркы жылдары жөнүндө билген көрүнөт. Жүйүт элинин ооздон оозго өтүп келген аңгемелеринде Аюб китебин Аюбдун көз жумганынан көп өтпөй Муса жазганы айтылат.

2. Аюб китеби Жахабанын азыркы учурдагы кызматчыларын кандайча бекемдейт?

2 Аюб китеби Кудайдын азыркы учурдагы кызматчыларынын ишенимин бекемдейт. Кандайча? Анда жазылгандар асманда болуп өткөн зор мааниге ээ окуяларды ачып берет жана Кудайдын эгедерлигине байланыштуу негизги талаш маселени баса белгилейт. Ошондой эле актыкты сактоо деген эмнени билдирерин жана Жахабанын кээде кызматчыларынын азап тартышына эмне үчүн жол берерин түшүнүүгө жардам берет. Андан сырткары, Аюб китебинен Шайтан Ибилистин Жахабанын башкы Каршылашы жана адамзаттын душманы экенин билебиз. Ал китеп Аюбга окшогон жеткилеңсиз эле адамдардын оор сыноолорго карабай Жахабага берилген бойдон кала аларын да көрсөтөт. Келгиле, Аюб китебинде сүрөттөлгөн айрым окуяларды карап көрөлү.

Шайтан Аюбду сынайт

3. Аюб жөнүндө эмнелерди билебиз жана эмне себептен Шайтан аны бутага алган?

3 Аюб бай, кадыр-барктуу, үй-бүлөсүн жакшы башкара билген киши болгон. Анын жардамга муктаж болгондорго жакшылык кылган, көпчүлүк урматтап-сыйлаган кеңешчи болгону күмөнсүз. Баарынан маанилүүсү, ал Кудайдан корккон киши болгон. Аюб «кемчиликсиз, адилеттүү, Кудайдан корккон, жамандыктан алыс жүргөн адам» катары сүрөттөлөт. Ал бай, кадыр-баркка ээ болгондуктан эмес, Кудайга берилген киши болгондуктан, Шайтан Ибилис аны бутага алган (Аюб 1:1; 29:7—16; 31:1).

4. Актык деген эмне?

4 Аюб китебинин биринчи бөлүмүндө асманда периштелердин Жахабанын алдына чогулганы баяндалат. Ал жакка Шайтан да барган жана Аюбга каршы ар кандай айыптарды койгон (Оку: Аюб 1:6—11). Шайтан Аюбдун мал-мүлкү жөнүндө сөз кылса да, негизинен, анын актыгына шек туудурган. «Актык» деген сөз чынчылдык, кемчиликсиздик, адилдик жана айыпсыздык деген маанилерди берет. Ыйык Китепте көрсөтүлгөндөй, актык адамдын Жахабага бүт жүрөгү менен берилгенин билдирет.

5. Шайтан Аюб жөнүндө эмне деген?

5 Шайтан Аюб Кудайга актыгынан эмес, керт башынын кызыкчылыгын көздөгөндүктөн кызмат кылат деп ырастаган. Ал Аюбдун Жахаба батасын берип, коргогону үчүн эле берилгендик көрсөтөрүн айткан. Шайтандын айыптоосуна жооп кайтарыш үчүн Жахаба ага ишенимдүү кызматчысын сыноого жол берген. Ошентип, бир күндүн ичинде Аюбдун мал-жандыгы уурдалган, кырылган, кулдары өлтүрүлгөн жана он баласы өмүрүнөн ажыраган (Аюб 1:13—19). Аюб Шайтандын соккусуна багынып бергенби? Башына түшкөн азапка анын кандай караганын Ыйык Жазмадагы: «Берген да Теңир, алган да Теңир. Теңирдин ысымы даңкталсын!» — деген сөздөрүнөн көрүүгө болот (Аюб 1:21).

6. а) Периштелер асманда кайрадан чогулганда эмне болгон? б) Шайтан Аюбдун эле актыгына шек келтиргенби?

6 Кийинчерээк периштелер кайрадан Кудайдын алдына чогулушат. Анда да Шайтан Аюбду каралап, мындай дейт: «Тери үчүн тери, адам өз жаны үчүн колунда эмне болсо, ошонун бардыгын берет. Бирок Сен анын денеси менен сөөгүнө колуңду тийгизип көрчү, ал Сени даңктаар бекен?» Шайтандын Аюбду эле күнөөлөбөгөнүн байкасаңар. «Адам өз жаны үчүн колунда эмне болсо, ошонун бардыгын берет»,— деп айтуу менен Ибилис жеке эле Аюбдун эмес, Жахабага сыйынган ар бир адамдын актыгын талашка салган. Андан соң Кудай Шайтандын Аюбду сай-сөөктү сыздаткан оору менен сынашына жол берген (Аюб 2:1—8). Бирок Аюбдун сыноолору ушуну менен эле бүтүп калган эмес.

Аюб кандай үлгү калтырган?

7. Аюбдун аялы жана ага келген кишилер аны кандайча кысымга алышкан?

7 Башында Аюб тарткан азапты аялы да тарткан. Балдарынан айрылып, колунда болгонунун баарын жоготкондо анын күйүт чеккени айтпаса да түшүнүктүү. Ошондой эле өмүрлүк жолдошунун жанга баткан илдеттен кыйналганын көргөндө анын жүрөгү оорубай койгон эмес. Ал Аюбга ачуулана: «Сен дагы эле өзүңдүн кемчиликсиздигиңде бек турасыңбы? Кудайга акарат келтир да, өл»,— деп айткан. Анан Аюбду сооротмокчу болуп Элипаз, Билдат, Сопар деген үч киши келет. Бирок алар сооротмок тургай, кайра жалган ойлорду айтып, өздөрүнүн «эч нерсеге жарабаган сооротуучу» экенин көрсөтүшкөн. Алсак, Билдат Аюбдун балдары туура эмес иштерди жасашкан, ошондуктан ошого жараша тиешесин алышты дегендей кылган. Элипаз болсо Аюб мурунку күнөөлөрү үчүн жазаланып жатат деп кыйытып айткан. Атүгүл ал актыгын сактагандарды Кудайдын баалаарына шек санаткан! (Аюб 2:9, 11; 4:8; 8:4; 16:2; 22:2, 3). Ушундай катуу кысымга алынса да, Аюб актыгынан жазган эмес. Ырас, анын «өзүн Кудайга караганда адилеттүү эсептегени» жаңылыштык болгон (Аюб 32:2). Анткен менен ошонун баарына карабай ал ишенимдүү бойдон калган.

8. Бүгүнкү күндө башкаларга кеңеш бере тургандарга Элийу кандай үлгү калтырган?

8 Анан Аюбга келген Элийу тууралуу окуйбуз. Ал адегенде Аюбдун жана анын үч шеригинин келтирген жүйөлөрүн кунт коюп уккан. Төртөөнөн кичүү болсо да, Элийу аларга караганда акылдуулук кылган. Ал Аюбга сый-урмат менен ысмынан кайрылган жана аны түз жүргөнү үчүн мактаган. Бирок Аюбдун өзүнүн кемчиликсиздигин далилдөөгө өтө эле көңүл бурганын да айткан. Анан Аюбду Кудайга берилгендик менен кызмат кылуунун дайым акыбети кайтарына ынандырган (Оку: Аюб 36:1, 11). Элийу бүгүнкү күндө кеңеш бере тургандарга кандай сонун үлгү калтырган! Ал чыдамдуулук көрсөткөн, ыклас коюп уккан, ыңгайы келгенде мактаган жана бекемдээрлик кеңеш берген (Аюб 32:6; 33:32, «ЖД»).

9. Жахаба Аюбга кантип жардам берген?

9 Акырында Аюб кастарлоо сезимин туудурган окуяга күбө болот: Жахаба өзү аны менен сүйлөшөт! Билдирүүдө: «Теңир бороондун ичинен Аюбга... жооп берди»,— делет. Жахаба бир катар суроолорду берип, жумшактык, ошол эле учурда олуттуулук менен Аюбга оюн өзгөртүүгө жардам берген. Аюб катасын дароо моюнга алып: «Мен эч нерсеге арзыбаган адаммын... топурак менен күлгө отуруп алып өкүнөм»,— деген. Жахаба Аюб менен сүйлөшкөндөн кийин анын үч досуна катуу каарданган, себеби алар чындыкты сүйлөгөн эмес. Аюб алар үчүн тилениши керек болгон. «Аюб өз достору үчүн Кудайга сыйынгандан кийин, Теңир Аюбдун жоготууларын кайра берди. Теңир Аюбга мурункусунан эки эсе көп берди»,— делет Ыйык Китепте (Аюб 38:1; 39:34; 42:6—10).

Жахабаны канчалык сүйөсүң?

10. Жахаба эмне үчүн Шайтандын ырастоосун четке кагып же аны жок кылып салган эмес?

10 Жахаба — ааламдын Жаратканы, бардык жаратуунун Эгедери. Анда эмне себептен ал Ибилистин жалаасын четке кагып салган эмес? Кудай Шайтандын ырастоосун жокко чыгарып, аны өлтүрүп салган күндө да, көтөрүлгөн талаш маселенин чечилбей турганын билген. Ибилис эгер Жахабанын ишенимдүү кызматчысы Аюб мал-мүлкүнөн ажыраса, берилгендигин сактабай калат деп ырастаган. Бирок Аюб ал сыноого туруштук берип, ишенимдүү бойдон калган. Андан кийин Шайтан кайсы гана адам болбосун, денелик жактан азап чексе, Кудайдан баш тартып кетет деген. Аюб абдан кыйналса да, актыгынан тайган эмес. Ошентип, ишенимдүү, бирок жеткилеңсиз эле киши Шайтандын жалганчы экенин далилдей алган. Ал эми Кудайдын башка кызматчылары жөнүндө эмне айтууга болот?

11. Шайтан көтөргөн суроого Иса кантип толук жооп берген?

11 Чынында, Кудайдын ар бир кызматчысы, Шайтан кандай гана сыноолорго дуушар кылбасын, актыгын сактоо менен ал таш боор душмандын ырастоолорунун жалган экенин көрсөтөт. Иса жерге келип, Шайтан көтөргөн суроого толук жооп берген. Ал биздин түпкү атабыз Адамдай жеткилең болгон. Иса өмүрүнүн акырына чейин ишенимдүүлүгүн сактап, Шайтандын жалганчы экенин жана анын ырастоолорунун калп экенин биротоло далилдеген (Аян 12:10).

12. Жахабанын ар бир кызматчысында кандай мүмкүнчүлүк жана жоопкерчилик бар?

12 Ошентсе да Шайтан Жахабага сыйынгандарды сынаганын дагы деле токтотпой келет. Жеке ар бирибизде берилген бойдон калуу менен Жахабага өз кызыкчылыгыбызды көздөгөндүктөн эмес, аны сүйгөндүктөн кызмат кыларыбызды көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк да, жоопкерчилик да бар. Биз бул жоопкерчиликке кандай карайбыз? Жахабага ишенимдүү болууну сыймык деп эсептейбиз. Жахабанын туруктуу болууга күч-кубат берерин жана Аюбдун мисалынан көрүнүп тургандай, сыноолордун чеги бар экенин билүү бизди сооротот (1 Кор. 10:13).

Шайтан — Кудайдан баш тарткан текебер душман

13. Аюб китеби Шайтан жөнүндө эмнелерди ачып берет?

13 Эврей Жазмаларында Шайтандын Жахабага карата талаш маселе көтөрүүдө жана адамзатты адаштырууда кандай козголоңчул иштерди жасаганы жөнүндө майда-барат маалыматтар жазылган. Грек Жазмаларынан болсо Шайтандын Жахабага каршы чыкканы тууралуу көбүрөөк билебиз. Маселен, Аян китебинде Жахабанын эгедерлигинин акталышы жана Шайтандын биротоло жок кылынышы баяндалат. Ал эми Аюб китеби Шайтандын козголоңу жөнүндөгү түшүнүгүбүздү тереңдетет. Шайтан башка периштелер менен Кудайдын алдына Жахабаны даңктайын деген ниет менен барган эмес. Ибилистин ою бузук, ниети кара болгон. Аюбга жалаа жаап, аны сыноого уруксат алгандан кийин «шайтан Теңирдин алдынан кеткен» (Аюб 1:12; 2:7).

14. Шайтан Аюбга карата кандай көз карашта болгон?

14 Демек, Аюб китеби Шайтандын адамзаттын ырайымсыз душманы экенин ачып берет. Аюб 1:6да айтылган асмандагы чогулуш менен Аюб 2:1де кеп кылынган чогулуштун ортосунда белгилүү бир убакыт өткөн жана ошол маалда Аюб башынан аябагандай оор сыноону кечирген. Ал ишенимдүүлүгүн сактагандыктан, Жахаба Шайтанга: «[Аюб] ушуга чейин өзүнүн кемчиликсиздигинде бек турат. Сен болсо аны жазыксыз жерден өлтүрүш үчүн, Мени ага каршы тукурдуң»,— деп айта алган. Бирок Шайтан ырастоосунун жалган болуп чыкканын мойнуна алган эмес. Тескерисинче, Аюбду башка жагынан катуу сынап көрүүнү талап кылган. Ошентип, Ибилис аны колунда бар кезде да, баарынан кол жууп калганда да сынаган. Ооба, Шайтандын жардамга муктаж болгондорго же башына мүшкүл түшкөндөргө кымындай да боору ачыбайт. Ал актыгын сактаган адамдарды жек көрөт (Аюб 2:3—5). Кандай болбосун, Аюбдун берилгендиги Шайтандын жалганчы экенин айгинелеген.

15. Бүгүнкү күндө чындыктан чегингендер менен Шайтандын кандай жалпылыгы бар?

15 Шайтан — Кудайдан баш тартып кеткен биринчи жаратуу. Бүгүнкү күндө чындыктан четтегендер Ибилиске мүнөздүү маанай чагылдырышат. Акылы уулангандыктан алар жыйналыштагы бир туугандарга, аксакалдарга же Жетектөөчү Кеңешке карата сын көз карашта. Ишенимден чегингендердин айрымдары Кудайдын ысмын колдонууга каршы чыгышат. Алар Жахаба жөнүндө көбүрөөк билүүнү же ага кызмат кылууну каалашпайт. Атасы Шайтан сыяктуу эле, алар да актыгын сактагандарды ишенимден тайдырууга умтулушат (Жкн. 8:44). Мына ошол себептен Жахабанын кызматчылары алар менен такыр байланышпайт! (2 Жкн. 10, 11).

Аюб Жахабанын ысмын ыйык туткан

16. Аюб Жахабага карата кандай көз карашта болгон?

16 Аюб Жахабанын ысмын колдонгон жана даңктаган. Атүгүл балдарынын өлгөнүн угуп, күйүт тартканда да Кудайга акарат келтирген эмес. Ал жоготууларына Кудай жооптуу деп жаңылыш ойлосо да, Жахабанын ысмын ыйык тута берген. Кийин накыл сөздөрүнүн биринде мындай деген: «Мына, акылмандык деген — Кудайдан коркуу, акыл деген — кыянаттыктан качуу» (Аюб 28:28).

17. Аюбга актыгын сактоого эмне жардам берген?

17 Аюбга актыгын сактоого эмне жардам берген? Анын кайгы-касыреттерге кабылганга чейин эле Жахаба менен ынак мамиле өрчүткөнү шексиз. Аюб Шайтандын Жахабага каршы талаш маселе көтөргөнүн билген деп айта албайбыз. Ошентсе да ал берилген бойдон калууга чечкиндүү болгон. «Өмүрүм өткөнчө өзүмдүн таза экендигимден танбайм»,— деген ал (Аюб 27:5). Аюб андай тыгыз мамилени кантип өрчүтө алган? Ал алыскы туугандары Ыбрайымга, Ыскакка жана Жакыпка Кудайдын кандай мамиле жасаганы жөнүндө уккандарын эсинде бек сактаган деп ишенимдүү түрдө айта алабыз. Ошондой эле Аюб табиятка байкоо салуу менен Жахабанын көптөгөн сапаттарын билсе керек (Оку: Аюб 12:7—9, 13, 16).

18. а) Аюб Жахабага болгон берилгендигин кантип көрсөткөн? б) Аюбдун мыкты үлгүсүн кантип туурай алабыз?

18 Аюбдун үйрөнүп-билгендери Жахабага жагууга болгон каалоосун өстүргөн. Үй-бүлөсүндөгүлөрү Кудайга жакпаган бир нерсе жасап же «Кудайга акарат айтып» койгон жокпу деп ойлогондуктан ал дайыма курмандык чала турган (Аюб 1:5). Оор сыноого дуушар болгондо да Аюб Жахаба жөнүндө жакшы сөздөрдү айткан (Аюб 10:12). Бул биз үчүн кандай сонун үлгү! Биз да Жахаба жана анын ой-ниеттери тууралуу так билим алууну уланта беришибиз керек. Ошондой эле изилдөө, жыйналышка баруу, тиленүү жана жакшы кабар айтуу сыяктуу рухий иштерди аткаруунун жакшы тартибине карманабыз. Андан сырткары, Жахабанын ысмын баары билиш үчүн бүт күчүбүздү жумшайбыз. Аюбдун актыгы Жахабаны кубанткандай, Кудайдын азыркы учурдагы кызматчыларынын актыгы да Анын жүрөгүн кубанычка бөлөйт. Бул тууралуу кийинки макаладан карайбыз.

Эсиңердеби?

• Шайтан Аюбга эмне үчүн көңүл бурган?

• Аюб кандай сыноолорго кабылган жана аларга кандай караган?

• Аюбдай болуп, актыгыбыздан жазбоого эмне жардам берет?

• Аюб китебинен Шайтан жөнүндө эмнелерди билебиз?

[Изилдөө суроолору]

[4-беттеги сүрөт]

Аюб жөнүндөгү билдирүү Кудайдын эгедерлигине байланыштуу талаш маселени эсибизге салат

[6-беттеги сүрөт]

Кандай жагдайларда актыгың сыналышы мүмкүн?