Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Исаны — улук Дөөтүнү жана улук Сулайманды — баалайлы

Исаны — улук Дөөтүнү жана улук Сулайманды — баалайлы

Исаны — улук Дөөтүнү жана улук Сулайманды — баалайлы

«Бирок бул жерде Сулаймандан да улук бирөө бар» (МТ. 12:42).

1, 2. Адамдык көз караш менен караганда, Шемуелдин Дөөтүнү падышалыкка майлаганы эмне үчүн таң калыштуу болгон?

АНЫ эч ким падыша болот деп ойлогон эмес. Ал Шемуел пайгамбар үчүн, болгону, кой кайтарган боз улан болчу. Ал төрөлгөн Бейт-Лехем шаары да анча деле атагы чыкпаган, чакан шаар эле. Ал шаар, Ыйык Китепте айтылгандай, «Жүйүттүн миңдеген урууларынын ичинен кичине болгон» (Мих. 5:2). Бирок Шемуел пайгамбар ошол чакан шаардан чыккан жөнөкөй баланы Ысрайылга болочок падыша кылып майлашы керек эле.

2 Шемуел Жышайдын уулдарынын бирин падышалыкка майлаганы келгенде, Жышай ага дароо эле Дөөтүнү көрсөткөн эмес. Дөөтү Жышайдын сегиз уулунун эң кенжеси эле. Анын үстүнө, ал ошол учурда үйдө эмес болчу. Бирок, кандай болбосун, Жахаба Дөөтүнү падышалыкка эчак эле тандап койгон (1 Шем. 16:1—10).

3. а) Жахаба адамдын эмнесине карап баа берет? б) Дөөтү майланганда ага эмне берилген?

3 Шемуел көрө албаган нерсени Жахаба көргөн. Ооба, Ал Дөөтүнүн жүрөгүнүн абалын көрүп жактырган. Кудай үчүн адамдын сырткы көрүнүшү эмес, ички дүйнөсү маанилүү (Оку: 1 Шемуел 16:7). Шемуелге Жахабанын Жышайдын жети уулунун бирин да тандабаганы айкын болгондо ал алардын эң кенжесин кой кайтарып жүргөн жеринен чакырып келүүгө киши жиберет. Ыйык Китепте: «Жышай киши жиберип, аны [Дөөтүнү] алдырды. Ал кызыл жүздүү, көздөрү жайнаган, сүйкүмдүү жигит эле. Теңир Шемуелге: „Тур, ушуну майла, анткени ал — ушул“,— деди. Шемуел зайтун майы куюлган мүйүздү алып, бир туугандарынын ичинен аны майлады. Ошол күндөн тартып Теңирдин Руху Дөөт менен болду»,— делет (1 Шем. 16:12, 13).

Дөөтү Машаяктын прообразы

4, 5. а) Дөөтү менен Исанын жашоосундагы бири-бириникине окшогон айрым окуяларды айтып бер. б) Исаны эмне үчүн Улук Дөөтү деп айтууга болот?

4 Дөөтүнүн учурунан болжол менен 1 100 жылдай өткөндөн кийин Иса да Бейт-Лехемде төрөлөт. Ал да көптөргө падыша болчудай көрүнгөн эмес. Башкача айтканда, ысрайылдыктар андай адамды падыша болот деп күткөн эмес. Бирок ал да, Дөөтүгө окшоп, Жахаба тарабынан тандалган. Ошондой эле, Дөөтүдөй болуп, Жахабанын жүрөгүнө жаккан адам болгон * (Лк. 3:22). Жахаба Исаны да руху менен колдоп турган.

5 Иса менен Дөөтүнүн жашоосунда бири-бириникине окшогон окуялар болгон. Алсак, Дөөтүнү өзүнүн эле кеңешчиси Акитопел сатып жиберсе, Исаны элчилеринин бири, Жүйүт Искариот, сатып жиберген (Заб. 40:10; Жкн. 13:18). Иса да, Дөөтү да Кудайдын үйүн абдан сүйүшкөн (Заб. 26:4; 68:10; Жкн. 2:17). Ошондой эле Иса Дөөтүнүн тукумунан чыккан. Муну Иса төрөлө электе эле периштенин анын энесине: «Жахаба Кудай ага атасы Дөөтүнүн тактысын берет»,— деген сөздөрүнөн билебиз (Лк. 1:32; Мт. 1:1). Бирок Машаяк жөнүндө айтылган пайгамбарлыктар Исага тийиштүү болгондуктан, ал Дөөтүдөн алда канча улук. Кудай дайындаган ошол падышаны ысрайылдыктар кылымдар бою күтүп келишкен (Жкн. 7:42).

Кайтаруучу Падышаны ээрчигиле

6. Дөөтү кандайча жакшы койчу болгон?

6 Ошондой эле Иса — кайтаруучу. Жакшы кайтаруучу кандай болот? Ал малын карайт, азыктандырат, оттуу жерлерге айдап барып жаят (Заб. 22:2—4). Дөөтү жаш кезинде койчу болгон. Ал атасынын койлорун жакшы баккан. Койлоруна арстан же аюу кол салганда, өмүрүн тобокелге салып, аларды куткарып калчу (1 Шем. 17:34, 35).

7. а) Дөөтү жоопкерчиликтүү милдеттерди аткарууга качан үйрөнгөн? б) Иса кандайча эң мыкты кайтаруучу?

7 Дөөтү талаада жана адырларда кой кайтарып жүргөн кезинде ысрайыл элин кайтарганга керек боло турган сапаттарды өрчүтүп, жоопкерчиликтүү милдеттерди аткарууга үйрөнгөн * (Заб. 77:70, 71). Иса да жакшы кайтаруучу катары эң сонун үлгү калтырган. Ал «кичине оторду» жана «башка койлорду» Кудайдын күчү менен жана жетекчилиги менен кайтарат (Лк. 12:32; Жкн. 10:16). Ошондуктан Иса — эң мыкты кайтаруучу. Ал койлорун абдан жакшы билет; ар бирин атынан чакырат. Иса койлорун ушунчалык жакшы көргөндүктөн, жерде жүргөндө өз өмүрүн алардын жыргалчылыгы үчүн берген (Жкн. 10:3, 11, 14, 15). Исанын кылган иштерин Дөөтү эч качан жасай алмак эмес. Анын куткаруу курмандыгы адамзатка өлүмдүн кулчулугунан бошонууга жол ачкан. Ага «кичине оторду» асманда өлбөс болуп жашоого, ал эми «башка койлорду» жырткыч сымал адамдардан тазаланган, адилдик өкүм сүргөн жаңы жердеги түбөлүк жашоого жеткирүүгө эч нерсе тоскоолдук кыла албайт (Оку: Жакан 10:27—29).

Жеңилбес Падышаны ээрчигиле

8. Дөөтү кандайча жеңилбес падыша болгон?

8 Дөөтү падыша Кудайдын элин душмандардан коргогон эр жүрөк жоокер болгон жана «кайсы жерге барбасын, Теңир аны бардык жерде сактап жүргөн». Дөөтү башкарып турган убакта ысрайыл элинин чек арасы кеңейип, Мисир дарыясынан Эфрат дарыясына чейин созулган (2 Шем. 8:1—14). Жахабанын күчү менен ал ошол учурдагы эң кубаттуу башкаруучу болгон. Ыйык Китепте: «Ошондо Дөөттүн ысымы бүт жер жүзүнө тарады. Теңир бардык элдерди Дөөттөн корко тургандай кылды»,— делет (1 Жылн. 14:17).

9. Иса кандайча Жеңилбес Падыша экенин түшүндүр.

9 Иса, Дөөтү сыяктуу эле, эр жүрөк болгон. Ал адамдардан жиндерди кууп чыгуу менен жиндердин да үстүнөн бийлиги бар экенин көрсөткөн (Мр. 5:2, 6—13; Лк. 4:36). Атүгүл биринчи душман Шайтан Ибилис да Исага таасир тийгизе алган эмес. Иса Жахабанын жардамы менен Шайтандын бийлиги астында жаткан дүйнөнү жеңген (Жкн. 14:30; 16:33; 1 Жкн. 5:19).

10, 11. Иса асмандагы Жеңилбес Падыша катары эмнелерди кылды жана келечекте эмнелерди жасайт?

10 Иса өлүп асманга тирилтилгенинен алтымыш жылдай өткөндө элчи Жакан анын Жеңилбес Падыша катары асманда баратканын аян аркылуу көргөн. Жакан: «Ак боз атты көрдүм. Үстүндөгү атчандын жаасы бар экен. Ага таажы берилди жана ал жеңиш артынан жеңишке ээ болуп, акыркы жеңишке жетүү үчүн чыкты»,— деп жазат (Аян 6:2). Бул аятта айтылган ак боз ат минген атчан — Иса. Ал 1914-жылы асман Падышалыгында такка отурганда, «ага таажы берилген». Андан кийин ал «жеңиш артынан жеңишке ээ болуу» үчүн чыккан. Ооба, Дөөтүгө окшоп, Иса — жеңилбес Падыша. Ал Кудайдын Падышалыгынын падышасы болуп дайындалары менен Шайтанды жеңип, аны жин-перилери менен бирге жерге кулаткан (Аян 12:7—9). Ал Шайтандын бузулган дүйнөсүн түп-тамыры менен жок кылып, «акыркы жеңишке» жетмейинче согушун уланта берет (Оку: Аян 19:11, 19—21).

11 Ошондой эле Иса да Дөөтүгө окшоп, боорукер падыша. Ал Армагедондо «эбегейсиз көп адамдарды» куткарып калат (Аян 7:9, 14). Андан тышкары, Иса жана анын мурасташтары болгон 144 000 жолдоочусу бийлик жүргүзгөн маалда «адил жана адил эмес адамдар» тирилтилет (Элч. 24:15). Жерде жашоо үчүн тирилтилгендер түбөлүк жашоо үмүтүнө ээ болушат. Аларды кандай гана сонун келечек күтүп турат! Андыктан, келгиле, жер бети Улук Дөөтүнүн адилеттүү, бактылуу элине толгондо, биз да алардын арасында болушубуз үчүн «жакшылык кылууну» уланта берели (Заб. 36:27—29).

Сулайман акыл сурап тиленгенде, Кудай аны уккан

12. Сулайман эмне сурап тиленген?

12 Дөөтүнүн уулу Сулайман да Исанын прообразы болгон *. Сулайман такка отурганда, Жахаба ага сураганынын баарын берерин түш аркылуу айтат. Албетте, Сулайман Кудайдан байлык, күч же узак өмүр сурай алмак. Бирок ал Жахабадан аларды сураган эмес. Ал: «Эми бул элди башкарганга мага акыл менен билим бер, бул элдин алдында чыгып, кирип турайын. Анткени Сенин бул улуу элиңди ким башкара алат?» — деген (2 Жылн. 1:7—10). Жахаба Сулаймандын тилегин орундаткан (Оку: 2 Жылнаама 1:11, 12).

13. Эмне үчүн эч ким Сулаймандай акылдуу болгон эмес дешке болот жана ал акылмандыкты кимден алган?

13 Сулайман Жахабага ишенимдүү болуп жүргөн кезинде замандаштарынын арасында андай акылдуу киши болгон эмес. Ал «үч миң накыл сөз айткан» (1 Пад. 4:30, 32, 34). Алардын көбү кагаз бетине түшүрүлгөн жана акыл издегендер үчүн алар бүгүнкү күндө баа жеткис кенч болуп саналат. Шебалык падыша аял Сулаймандын акылын «табышмак айтып сынаганы» 2 400 километрдей алыс жерден келген. Ал Сулаймандын сөздөрүн угуп, өлкөсүнүн гүлдөп-өсүп жатканын көрүп таң калган (1 Пад. 10:1—9). Ыйык Китепте Сулаймандын акылмандыгы жөнүндө: «Кудай тарабынан берилген Сулаймандын акылмандуулугун угуш үчүн, жер жүзүндөгү бардык падышалар Сулайманды көргүлөрү келген»,— делет (1 Пад. 10:24).

Акылман Падышаны ээрчигиле

14. Иса кандайча «Сулаймандан да улук»?

14 Бир гана адам Сулаймандан акылдуу болгон. Ал — Иса Машаяк. Ал «Сулаймандан да улук» экенин айткан (Мт. 12:42). Иса «түбөлүк өмүргө алып баруучу сөздөрдү» сүйлөгөн (Жкн. 6:68). Мисалы, Сулаймандын айрым накыл сөздөрү Исанын Тоодогу насаатында кененирээк ачылып берилет. Сулайман Жахаба Кудайдын кызматчыларын бактылуу кыла турган нерселердин айрымдарына токтолуп өткөн (Накыл 3:13; 8:32, 33; 14:21; 16:20). Иса да чыныгы бакыт Кудайга сыйынуу менен байланышы бар нерселерден жана Кудайдын убадаларынын аткарылышынан келерин айткан. Ал: «Кудайдын жетекчилигине муктаж экенин түшүнгөндөр бактылуу, анткени асман падышалыгы аларга таандык»,— деген (Мт. 5:3). Иса айткан принциптерди жашоосунда колдонгондор «өмүрдүн булагы» болгон Жахабага жакындашат (Заб. 35:10; Накыл 22:11; Мт. 5:8). Ырас, Иса «Кудайдын... акылмандыгын» чагылдырат (1 Кор. 1:24, 30). Ал Кудай дайындаган падыша болгондуктан анда «акылмандык руху» бар (Ыш. 11:2).

15. Кудайдан келген акылмандыктан канткенде пайда алабыз?

15 Биз, Улук Сулаймандын жолдоочулары, Кудайдан келген акылмандыктан канткенде пайда ала алабыз? Жахабанын акылмандыгын Ыйык Китептен гана табууга мүмкүн болгондуктан, Ыйык Китепти, өзгөчө, Исанын сөздөрүн кылдат изилдөөгө жана окугандарыбыз тууралуу ой жүгүртүүгө күч-аракет жумшашыбыз керек (Накыл 2:1—5). Андан тышкары, Кудайдан дайыма акылмандык сурашыбыз зарыл. Кудай Сөзү бизди Жахабадан жардам сурап чын жүрөктөн тиленсек, ал бизге ыйык рухун берерине ынандырат (Жкп. 1:5). Ал эми ыйык рух жашоодогу кыйынчылыктар менен күрөшүүгө, туура чечим чыгарууга зарыл болгон кеңештерди Кудай Сөзүнөн табууга жардам берет (Лк. 11:13). Ошондой эле Сулайман «насаатчы» болгон, «элге билим... берген» (Нас. 12:9, 10). Иса да жыйналыштын Башчысы катары өз элин насааттайт (Жкн. 10:16; Кол. 1:18). Андыктан бизди билим менен сугарган жыйналыш жолугушууларын калтырбаганыбыз маанилүү.

16. Сулайман менен Исанын иштери кандайча окшош болгон?

16 Сулайман көп иштерди жасаган. Бүт Ысрайыл жеринде курулуш иштерин жүргүзгөн. Ал ак сарайларды, жолдорду, суу сактагычтарды, эгин сактай турган шаарларды, майдан арабалар үчүн, атчан аскерлер үчүн шаарларды курган (1 Пад. 9:17—19). Бүткүл өлкө куруу иштеринен пайда көргөн. Иса да куруучу. Ал жыйналышын «аска таштын үстүнө» курган (Мт. 16:18). Ошондой эле Иса жаңы заманда боло турган курулуш иштерин көзөмөлдөйт (Ыш. 65:21, 22).

Тынчтыктын Падышасын ээрчигиле

17. а) Сулаймандын башкаруусу эмнеси менен өзгөчөлөнгөн? б) Эмнени кылуу Сулаймандын колунан келген эмес?

17 Сулаймандын ысмы «тынчтык» дегенди билдирет. Ошондой эле ал мааниси «кош тынчтыктын орду» дегенди билдирген Иерусалим шаарынан башкарып турган. Ооба, анын 40 жылдык башкаруусунда Ысрайыл жеринде болуп көрбөгөндөй мол тынчтык өкүм сүргөн. Ыйык Китепте ошол жылдар тууралуу: «Сулаймандын көзү өткөнчө, Дандан Бейер-Шебага чейин жаткан Ысрайыл менен Жүйүт эли өздөрүнүн анжыр жыгачынын, жүзүм багынын астында бейкапар жашады»,— деп жазылат (1 Пад. 4:25). Бирок Сулайман канчалык акылдуу болбосун, элди оорудан, күнөөдөн жана өлүмдөн арылта алган эмес. Ал эми Улук Сулайман өз элин ушул нерселердин баарынан арылтат (Оку: Римдиктер 8:19—21).

18. Исанын жолдоочуларынын жыйналышында кандай абал өкүм сүрүүдө?

18 Бүгүнкү күндө да Исанын жолдоочуларынын жыйналышында тынчтык өкүм сүрүүдө. Биз, чынында эле, рухий бейиште жашап жатабыз. Кудай менен жана жакындарыбыз менен тынчтыктабыз. Азыркы учурда алып жаткан баталар жөнүндө Ышая кандай пайгамбарлык кылганына көңүл бурсаңар. Ал мындай деген: «Кылычтарын соко кылып, найзаларын орок кылып кайра согуп иштеп чыгышат. Бир эл бир элге кылыч көтөрбөйт, ошондон кийин согушууга үйрөнүшпөйт» (Ыш. 2:3, 4). Кудайдын рухуна жетектелсек, рухий бейиштин көркүнө көрк кошкон болобуз.

19, 20. Бизде кубанууга бизде кандай себептер бар?

19 Бирок Исанын жолдоочуларын алдыда мындан да сонун келечек күтүп турат. Тил алчаак адамдар Исанын башкаруусунун алдында, тарыхта болуп көрбөгөндөй тынчтык өкүм сүргөн заманда, акырындык менен жеткилеңдикке жетип, «жок болуу кулчулугунан бошотулат» (Рим. 8:21). Миң жылдык башкаруунун акырында боло турган сыноодон өткөндөн кийин «момундар жерди мураска алышат да, тынч турмушка ыракаттанышат» (Заб. 36:11; Аян 20:7—10). Ооба, Машаяк Исанын башкаруусу Сулаймандыкынан канчалык жогору турарын азырынча акыл менен туюп биле албайбыз.

20 Ысрайыл эли Мусанын, Дөөтүнүн жана Сулаймандын башкаруусу алдында кубанычка бөлөнүп жашаган. Биз Машаяктын башкаруусу алдында андан бетер кубанычка бөлөнөбүз (1 Пад. 8:66). Жахабага өзүнүн тун Уулун — Улук Мусаны, Дөөтүнү жана Сулайманды — биздин жыргалчылыгыбыз үчүн жибергенине миң мертебе ыраазыбыз!

[Шилтемелер]

^ 4-абз. Сыягы, Дөөтү деген ысымдын мааниси «Сүйүктүү» дегенди билдирет. Анын сыңарындай, Жахаба эки жолу Исаны: «Менин сүйүктүү Уулум»,— деген (Мт. 3:17; 17:5).

^ 7-абз. Дөөтү ошол эле учурда койчусуна ишеним арткан козуга салыштырылат. Ал Улуу Кайтаруучу Жахабаны баш маана кылып, андан жетекчилик издеген. Ал: «Теңир менин Кайтаруучум. Мен эч нерсеге муктаж болбойм»,— деп ишенимдүү айта алган (Заб. 22:1). Ал эми Исаны болсо чөмүлдүрүүчү Жакан: «Кудайдын Козусу!» — деген (Жкн. 1:29).

^ 12-абз. Кызыктуусу, Сулаймандын экинчи ысмы Жедидия болгон. Ал «Кудайдын сүйүктүүсү» дегенди билдирет (2 Шем. 12:24, 25).

Түшүндүрө аласыңарбы?

• Иса кандайча Улук Дөөтү?

• Иса кандайча Улук Сулайман?

• Улук Дөөтүнү, ошондой эле Улук Сулайманды эмне себептен баалайсың?

[Изилдөө суроолору]

[31-беттеги сүрөт]

Сулаймандын Кудайдан алган акылмандыгы Улук Сулаймандын акылмандыгын чагылдырган

[32-беттеги сүрөт]

Исанын башкаруусу Сулаймандыкынан жана Дөөтүнүкүнөн канчалык жогору турарын элестете албайбыз