Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Табият Жахабанын акылмандыгын чагылдырат

Табият Жахабанын акылмандыгын чагылдырат

Табият Жахабанын акылмандыгын чагылдырат

«Анын көзгө көрүнбөгөн сапаттары[н]... жараткан нерселеринен баамдап билүүгө болот» (РИМ. 1:20).

1. Бүгүнкү күндө дүйнөнүн акылмандыгы көптөргө кандай таасир этүүдө?

БҮГҮНКҮ күндө көптөр «акылмандык» деген сөздү туура эмес түшүнүшөт. Айрымдар адамды билимдүү болгону үчүн эле акылдуу деп ойлошот. Бирок дүйнөдө акылдуу деп эсептелгендер жашоонун чыныгы маңызын табууга көмөк кылган ишенимдүү жетекчилик бере алышпайт. Тескерисинче, андай адамдардын таасирине алдыргандар «ар кандай окуулардын шамалына айдалып, толкун сыяктуу ары-бери чайпалышат» (Эф. 4:14).

2, 3. а) Эмне себептен Жахабаны «жалгыз акылман» деп айта алабыз? б) Кудайдан келген акылмандык дүйнөнүн акылмандыгынан эмнеси менен айырмаланат?

2 Жахаба Кудайдан келген чыныгы акылмандыкка ээ болгондор алардан кандай айырмаланат! Ыйык Китепте Жахабанын «жалгыз акылман» экени айтылат (Рим. 16:27). Ал Аалам тууралуу бардыгын, анын ичинде анын түзүлүшүн жана качан, кантип пайда болгонун билет. Адам баласы канчадан бери изилдеп келаткан жаратылыштын физикалык мыйзамдарынын баары Жахабанын колунан бүткөн. Ошондуктан адамдар ойлоп чыгарган нерселер жана көптөр акылмандык катары көргөн адамдык философия аны кенедей да таң калтырбайт. «Бул дүйнөнүн акылмандыгы — Кудайдын көз алдында акылсыздык» (1 Кор. 3:19).

3 Ыйык Китепте Жахабанын өз кызматчыларына акылмандык берери айтылат (Накыл 2:6). Адамдардын бүдөмүк түшүнүктөргө негизделген философиясынан айырмаланып, Кудайдан келген акылмандык акылга сыярлык жана так билимге, айкын түшүнүккө негизделет (Оку: Жакып 3:17). Элчи Пабыл Жахабанын акылмандыгына суктанып: «Оо, Кудайдын байлыгы кандай түгөнгүс, акылмандыгы, билими кандай терең! Сот өкүмдөрү акыл жеткис, жолдору изилденгис!» — деп жазган (Рим. 11:33). Жахаба чексиз акылман Кудай болгондуктан, анын мыйзамдарынын бизди эң мыкты өмүр жолуна саларына эч шектенбейбиз. Анын үстүнө, бактылуу болушубуз үчүн бизге эмне керектигин Жахаба баарынан жакшы билет (Накыл 3:5, 6).

Иса — «чебер Жардамчы»

4. Жахабанын акылмандыгын баамдоонун бир жолу кайсы?

4 Жахабанын жараткан нерселеринен анын акылмандыгы жана башка теңдешсиз сапаттары даана көрүнөт (Оку: Римдиктер 1:20). Чоңунан кичинесине чейин Жахабанын иштери анын кандай Кудай экенин ачып берет. Каякка көз чаптырбайлы, төбөбүздөгү асмангабы же таман алдыбыздагы жергеби, Жараткандын чексиз акылман, мээримдүү экенинин көптөгөн далилдерин көрө алабыз. Ооба, анын жаратууларын карап чыгуу менен ал жөнүндө көптү билүүгө болот (Заб. 18:2; Ыш. 40:26).

5, 6. а) Жаратуу ишине Жахабадан башка дагы ким катышкан? б) Эмнени карап чыгабыз жана эмне үчүн?

5 Жахаба «асман менен жерди» жалгыз жараткан эмес (Башт. 1:1). Ыйык Китепте көрсөтүлгөндөй, Кудай көзгө көрүнгөн нерселерди жаратканга чейин узак убакыт мурун бир рухий жаратууну жаратып, «калган нерселердин баарын» ал аркылуу жараткан. Ал рухий жаратуу Кудайдын өзү жалгыз жараткан Уулу — «бардык жаратылгандардын тунгучу» — кийин жерде адам болуп жашап кеткен Иса болгон (Кол. 1:15—17). Ал да, Жахабадай эле, акылман. Чынында эле, Накыл сөздөр китебинин 8-бөлүмүндө Иса акылмандык катары сүрөттөлгөн. Ошол бөлүмдө анын Кудайдын «чебер жардамчысы» экени да белгиленген (Накыл 8:12, 22—31, «БМК»).

6 Андыктан жаратылыш Жахабанын да, анын чебер Жардамчысы Исанын да акылмандыгын чагылдырат. Биз табияттан баалуу нерселерге үйрөнө алабыз. Эмесе келгиле, Накыл сөздөр 30:24—28-аяттарда «акылдуулардан да акылдуу» деп сүрөттөлгөн төрт жандык жөнүндө билели *.

Эмгекчил кумурскалардан эмнеге үйрөнөбүз?

7, 8. Кумурскалар жөнүндө билгендериң сага эмнеси менен кызыктуу болду?

7 Биз ал төрт жандыктын кандай жаратылганын жана иш-аракеттерин изилдегенибизде, атүгүл жер үстүндөгү «майда жаныбарлардан» да көп нерсеге үйрөнсөк болорун билебиз. Анда кумурскалардын ички туюм (инстинкт) менен шартталган акылмандыгына токтололу (Оку: Накыл сөздөр 30:24, 25).

8 Кээ бир изилдөөчүлөр ар бир кишиге, бери дегенде, 200 000 кумурска туура келет деп айтышат. Кумурскалардын баары жер бетинде да, жер астында да жаны тынбай эмгектенишет. Кумурскалар топ-тобу менен жашашат жана топтордун көбүндө алардын үч түрү: «каныша», эркек жана жумушчу кумурскалар болот. Алардын ар бири топтун муктаждыктарына кам көрүү үчүн белгилүү бир жол менен салым кошот. Түштүк Америкада алардын өзгөчө бир түрү, кол чатырлуу кумурска, жашайт жана аны мыкты багбан деп атаса болот. Бул кичинекей жандыктар өздөрүнүн козу карын бакчасынан мол түшүм алуу үчүн жерин семиртет, козу карындардын ордун которот жана аларды бутап турат. Окумуштуулар бул мыкты «багбандардын» өз тобундагыларына канча тамак-аш керек болсо, так ошончо күч жумшай турганын байкашкан *.

9, 10. Эмгекчил кумурскаларды кантип туурай алабыз?

9 Биз кумурскалардан эмнеге үйрөнө алабыз? Алар бизди жакшы жемиш алыш үчүн талыкпай эмгектенишибиз керектигине үйрөтөт. Ыйык Китепте мындай делет: «Жалкоо, кумурскаларды кара, алардын иш-аракетин көр, анан акылыңа кел. Алардын башчысы да, көзөмөлчүсү да, өкүмдары да жок. Бирок алар өздөрүнүн нанын жайында камдап алышат, өздөрүнүн азыгын оруу-жыюу маалында жыйнап алышат» (Накыл 6:6—8). Жахаба да, анын чебер Жардамчысы Иса да күжүрмөн эмгектенет. «Атам ушу кезге чейин эмгектенип келатат, мен да эмгектенип жатам»,— деген Иса (Жкн. 5:17).

10 Кудайды жана Машаякты туурап, биз да мээнеткеч болушубуз керек. Кудайдын уюмунда кандай тапшырмаларды аткарбайлы, баарыбыз «Теңирдин ишин аткарууда дайыма көп эмгектенишибиз» зарыл (1 Кор. 15:58). Ошондуктан Пабылдын Исанын Римдеги жолдоочуларына берген кеңешине ылайык иш кылганыбыз дурус. Ал: «Ишиңерди аткарууда жалкоо болбогула. Рух менен жалындагыла. Жахабага кулдары катары кызмат кылгыла»,— деген (Рим. 12:11). Жахабанын эркин аткарууда кылып жаткан күч-аракетибиз куру бекер эмес, анткени Ыйык Китеп бизди: «Кудай... анын ысмына көрсөткөн сүйүүңөрдү жана эмгегиңерди унутуп калгыдай адилетсиз эмес»,— деп ынандырат (Эвр. 6:10).

Өзүбүздү рухий жактан коргоо

11. Тоо даманынын айрым өзгөчөлүктөрүн айтып бер.

11 Дагы бир салыштырмалуу кичинекей жаратуудан, тоо даманынан, маанилүү нерселерге үйрөнө алабыз (Оку: Накыл сөздөр 30:26 *). Ал чоң коёнго окшошуп кетет, бирок кулактары тегерек, буттары кыска келет. Бул кичинекей жаныбар аска-зоолуу жерлерди мекендейт. Тоо даманынын көзүнүн курч болгону жана үңкүрлөрдө, тоонун жаракаларында байырлаганы аны жырткычтардан сактайт. Ал жаныбарлар топ-топ болуп чогуу жашагыдай жаратылган. Бул да аларды коргойт жана кышында жылуулукту сактоого жардам берет *.

12, 13. Тоо даманынан эмнелерге үйрөнө алабыз?

12 Тоо даманынан эмнелерге үйрөнө алабыз? Эң алды, ал жаныбардын душманына оңой эле жем болуп бербестигине көңүл бурсаңар. Көзүнүн курчтугу ага жырткычтарды алыстан эле көрүүгө мүмкүндүк берет, ошондой эле ал өзүнүн коопсуз жайы болгон үңкүрлөрдөн жана тоо жаракаларынан алыс узабайт. Анын сыңарындай, Шайтандын дүйнөсүндөгү анча байкалбаган коркунучтарды аңдап билүү үчүн, биздин да рухий көзүбүз курч болушу керек. Элчи Петир бизге: «Сак жана сергек болгула. Душманыңар Ибилис кимди жутуп жиберсем деп, арылдаган арстан сыяктуу жүрөт»,— деп эскерткен (1 Пет. 5:8). Иса жерде жүргөндө аны актыгынан тайдырууну көздөгөн Шайтандын азгырыктарынын баарына каршы туруу үчүн дайыма сергек болгон (Мт. 4:1—11). Ал өзүнүн жолдоочуларына эң сонун үлгү калтырган!

13 Сергек болуунун бир жолу — Жахабанын бизди рухий жактан коргоо үчүн көргөн чараларынан пайда алуу. Андыктан Кудайдын Сөзүн изилдөөгө жана жыйналыш жолугушууларына катышууга кош көңүл карабашыбыз керек (Лк. 4:4; Эвр. 10:24, 25). Андан сырткары, тоо даманы үйүрү менен чогуу жашагандай эле, биз да «бири-бирибизди бекемдей» алышыбыз үчүн ишенимдештерибиз менен бирге болушубуз зарыл (Рим. 1:12). Жахабанын коргоосуна ээ болууга өбөлгө түзгөн иштерди кылуу менен: «Теңир менин тирегим, баш паанам, куткаруучум; Кудайым менин аска-зоом. Мен Ага гана таянам»,— деп айткан забурчу Дөөтүнүн сөздөрүнө кошуларыбызды көрсөтөбүз (Заб. 17:3).

Каршылыкка карабай туруктуу болуу

14. Бир чегиртке коркунучтуу көрүнбөсө да, чегирткелердин үйүрү тууралуу эмнени айтууга болот?

14 Биз чегирткеден да үйрөнө алабыз. Узундугу 5 эле сантиметрге жеткен бир чегиртке коркунучтуу деле көрүнбөшү мүмкүн, бирок чегирткелердин үйүрү тууралуу мындай деп айтууга болбойт (Оку: Накыл сөздөр 30:27). Ач өзөк келген чегирткелердин үйүрү оруп-жыюуга даяр турган талааны бир заматта жылаңачтап салат. Ыйык Китепте жакындап келе жаткан курт-кумурскалардын, анын ичинде чегирткелердин добушу ат арабалардын дүбүртүнө жана саманды жалмаган жалындаган оттун чартылдаганына салыштырылат (Жоел 2:3, 5). Адамдар чегирткелердин жолуна бөгөт коюу үчүн отту колдонушат, бирок бул көп учурда жакшы натыйжа бербейт. Эмне себептен? Күйүп өлгөн чегирткелердин денеси отту өчүргөндүктөн, үйүрдүн калган бөлүгү жүрүшүнөн жазбай кете берет. Атүгүл падышасы же башчысы жок болсо да, чегирткелердин үйүрү дээрлик бардык тоскоолдуктарды жеңип өтүп, мыкты уюшулган аскерлердей иш-аракет кылышат * (Жоел 2:25).

15, 16. Падышалыктын бүгүнкү күндөгү жарчылары эмнеси менен чегирткелердин үйүрүнө окшош?

15 Жоел пайгамбар Жахабанын кызматчыларынын иш-аракетин чегирткелердикине салыштырган. Ал мындай деп жазган: «Алар жоокерлерге окшоп жүгүрүп келе жатышат, эр жүрөк аскерлерге окшоп дубалдарга чыгып жатышат, ар бири өз жолу менен келе жатат, өз жолунан адашпай келе жатат. Алар бири-бирин жөөлөбөй, ар бири өз жолу менен келе жатат, найзаларга жыгылып жатышат, бирок эч кандай зыянга учурашкан жок» (Жоел 2:7, 8).

16 Бул пайгамбарлык Кудайдын Падышалыгынын бүгүнкү күндөгү жарчыларын кандай таамай сүрөттөйт! Тоскоолдук кылган бир да «дубал» алардын кабар айтуу ишин токтото албайт. Тескерисинче, алар көпчүлүккө жек көрүндү болгонуна карабай, Кудайдын эркин туруктуулук менен аткарган Исаны туурашат (Ыш. 53:3). Ооба, Исанын кээ бир жолдоочулары ишеними үчүн өлүмгө бой сунуп, «найзаларга жыгылып жатышат». Ошентсе да кабар айтуу иши уланууда жана Падышалыктын жарчыларынын саны барган сайын өсүүдө. Чынында, куугунтуктоолор көп учурда жакшы кабардын аны уга элек адамдарга жетишине шарт түзөт. Мындай болбосо, балким, алар кабарды укпай калмак (Элч. 8:1, 4). Кызматыңда башкалардын кабарга кайдыгер караганына, каршы болгонуна карабай, чегирткелерге окшоп, туруктуулук көрсөтүп жатасыңбы? (Эвр. 10:39).

«Жакшыга жабышкыла»

17. Эмне үчүн геккон кескелдириги бир нерсенин жылмакай бетинде да жабышып тура алат?

17 Бир караганда, кичинекей геккон кескелдиригине тартылуу күчү таасир этпечүдөй көрүнөт (Оку: Накыл сөздөр 30:28 *). Чынында эле, бул кичинекей жандыктын дубалдын бети, ал тургай бир нерсенин жылмакай шыбы менен чуркай алгандыгы окумуштууларды таң калтырат. Геккон кескелдириги муну кантип кылат? Мунун сыры буттарында соргучтардын же жабышчаак заттардын болгонунда эмес. Анын ар бир манжасында миңдеген чач сымал бүдүрлөрдү камтыган пластинкалар бар. Ар бир бүдүрдө болсо учу чөйчөккө окшогон жүздөгөн түкчөлөр бар. Геккондун бардык түкчөлөрүнүн молекулярдык өз ара аракеттешүү күчү, атүгүл ал бир нерсенин айнек шыбы менен чуркаганда да, анын салмагын көтөрө алат. Анын жөндөмдүүлүгүнө кызыккан изилдөөчүлөр синтетикалык материалдардын геккондун манжаларынын үлгүсү боюнча жасалса, аябай жабышчаак болмоктугун айтышат *.

18. Биз дайыма «жакшыга жабышып» жатканыбызга канткенде ынана алабыз?

18 Геккон кескелдиригинен эмнеге үйрөнө алабыз? Ыйык Китепте: «Жамандыктан баш тартып, жакшыга жабышкыла»,— делет (Рим. 12:9, «Мукаддас»). Шайтандын дүйнөсүндө кеңири кулач жайган зыяндуу таасирлерден улам Кудайдын принциптерине бекем карманбай калышыбыз ыктымал. Мисалы, мектепте, жумушта же Кудайга жакпаган көңүл ачуунун кайсы бир түрлөрү аркылуу болобу, Жахабанын мыйзамдарына карманбагандар менен мамилелешүү туура иш кылууга болгон чечкиндүүлүгүбүздү солгундатышы мүмкүн. Биз менен андай болушуна эч качан жол бербейли! Кудайдын Сөзү бизди мындай деп эскертет: «Өзүңдү акылман эсептебе» (Накыл 3:7). Тескерисинче, Мусанын байыркы убакта Кудайдын элине берген: «Кудай-Теңириңден корк, жалгыз Ага кызмат кыл, Ага жабыш»,— деген акылман кеңешине кулак төшөгөнүбүз абзел (Мыйз. 10:20). Жахабага жабышуу менен биз «адилдикти сүйүп, мыйзамсыздыкты жек көргөн» Исаны туураган болобуз (Эвр. 1:9).

Табияттан үйрөнүү

19. а) Жаратуулардан жеке сен Жахабанын кайсы сапаттарын байкайсың? б) Кудайдын акылмандыгы бизге кандай пайда алып келет?

19 Жогорудан көргөнүбүздөй, Жахабанын сапаттары анын жараткан нерселеринен айкын көрүнөт жана ал жаратуулар бизди баалуу нерселерге үйрөтөт. Жахабанын иштерин канчалык көп изилдесек, анын акылмандыгына ошончолук таңданабыз. Кудайдын акылмандыгына көңүл буруу бизди мындан да бактылуу кылат жана келечекте өмүрүбүздү сактап калат (Нас. 7:12). Ооба, жеке ар бирибиз Накыл сөздөр 3:13, 18-аяттардагы: «Акылмандыкты издеп тапкан, акылга ээ болгон адам бактылуу! Ага ээ болгондор үчүн ал — өмүр дарагы, аны сактагандар — бактылуу адамдар!» — деген сөздөрдүн калетсиздигине ынанабыз.

[Шилтемелер]

^ 6-абз. Айрыкча жаштар шилтемеде келтирилген булактарды издеп таап, жыйналышта «Күзөт мунарасынын» ушул макаласы талкууланганда окуп-билгендери менен бөлүшүүдөн кубаныч ала алышат.

^ 8-абз. Кол чатырлуу кумурскалар тууралуу көбүрөөк билүү үчүн «Ойгонгула!» журналынын төмөнкү сандарын карагыла: 1997-жыл, 22-март, 31-бет, ор.; 2002-жыл, 22-май, 31-бет, ор.

^ 11-абз. Накыл сөздөр 30:26 («ЖД»): «Тоо дамандары — алсыз „эл“, бирок үйлөрүн аскага салышат».

^ 11-абз. Тоо даманы жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн «Ойгонгула!» журналынын төмөнкү сандарын карагыла: 1990-жыл, 8-сентябрь, 15, 16-бет, англ.; 2005-жыл, октябрь—декабрь, 19-бет.

^ 14-абз. Чегирткелер тууралуу көбүрөөк билүү үчүн 1996-жылдын 15-июлундагы «Күзөт мунарасынын» (ор.) 23-бетин карагыла.

^ 17-абз. Накыл сөздөр 30:28 («ЖД»): «Геккон кескелдириги: ал буттары менен жармашып, падышанын ак сарайында да болот».

^ 17-абз. Геккон кескелдириги жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн «Ойгонгула!» журналынын төмөнкү сандарын карагыла: 2008-жыл, апрель, 26-бет, ор.; 2006-жыл, октябрь—декабрь, 5-бет.

Эсиңердеби?

• Кумурскадан...

• Тоо даманынан...

• Чегирткеден...

• Геккон кескелдиригинен...

эмнеге үйрөнө алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[16-беттеги сүрөт]

Кол чатырлуу кумурскадай күжүрмөн эмгектенесиңби?

[17-беттеги сүрөт]

Коопсуздукта болуш үчүн тоо даманы үйүрү менен жашайт. Сен да ошентесиңби?

[18-беттеги сүрөт]

Исанын жолдоочулары, чегирткелердей болуп, туруктуулук көрсөтүшөт

Геккон бир нерсенин бетине жабышкандай эле, Кудайдын кызматчылары жакшыга жабышышат

Stockbyte/Getty Images