Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эсиңердеби?

Эсиңердеби?

Эсиңердеби?

Силерге «Күзөт мунарасынын» акыркы сандары жактыбы? Төмөнкү суроолорго жооп бере аласыңарбы?

• Актыгыбыздан жазбаганыбыз эмне үчүн маанилүү?

Актыгыбыздан жазбаганыбыз Жахабанын эгедерлигин сүйүү менен жактоого жана Шайтандын жалганчы экенин далилдөөгө жардам берет. Ошондой эле Кудай бизди актыгыбызды сактаган-сактабаганыбызга жараша соттойт. Актыгыбыздан жазбасак, келечекке болгон үмүтүбүздү сактай алабыз (15.12. 4—6-бб.).

• Исанын Кудайдын ой-ниетиндеги ролунун өзгөчөлүгүн көрсөткөн айрым наамдары кайсылар?

Кудайдын жалгыз Уулу. Сөз. Оомийин. Жаңы келишимдин Арачысы. Башкы дин кызматчы. Убадаланган Тукум (15.12. 15-б.).

• Илияс пайгамбар Кудайдан жаан жаадырышын сурап тиленип жатканда эмне үчүн кызматчысына: «Деңиз жакты кара»,— деген? (1 Пад. 18:43—45).

Илиястын сөздөрүнөн анын жаратылыштагы суунун айлануусун билгенин көрүүгө болот. Деңизден көтөрүлгөн буу булутка айланып, кийин кайра жерге жаан болуп жаайт (1.1. 15, 16-б., ор.).

• Кызматтан алган кубанычыбызды кантип арттыра алабыз?

Башкаларга кантип жардам берүүнү көздөп, жүрөгүбүздү даярдасак болот. Ошондой эле изилдөө баштоо максатында кабар айтабыз. Аймактагылар айткан кабарыбызга кош көңүл карашса, алардын кызыгуусун туудуруш үчүн сунуштоолорубузду ылайыкташтырсак болот (15.1. 8—10-бб.).

• Ыйык Китепте кеп кылынган пес оорусу азыркы лепра оорусубу?

«Лепра» деп аталган оору козгоочу бактерия Ыйык Китеп жазылып жаткан учурда эле белгилүү болгон (Леб. 13:4, 5). Ыйык Китепте айтылгандай, лепра оорусун козгоочу бактерия кийимдерде жана үйлөрдө пайда болчу. Аны биздин күндөрдө белгилүү болгон жугуштуу ооруларды таратуучу өсүмдүк микроорганизмине (грибок) же көккө окшоштурууга болот (Леб. 13:47—52) (1.2. 19-б., ор.).

• Исанын жолдоочусунун сөөк коюу каадасына жана ага байланыштуу үрп-адаттарга болгон көз карашына Ыйык Китептен алган билими кандай таасир этиши керек?

Исанын жолдоочусу өлгөн жакын адамы үчүн кайгырса да, өлгөндөрдүн кандай абалда болорун билет. Ал атүгүл Жахабанын Күбөсү болбогондор кысым көрсөткөн күндө да, өлгөндөр тирүүлөргө таасир этет деген жалган түшүнүккө негизделген каада-салттарга катышпайт. Көзү өтүп кеткенден кийин сөөк коюу каада-салттарына байланыштуу кыйынчылыктарды алдын алуу үчүн Исанын кээ бир жолдоочулары сөөк коюуга байланыштуу керээзин кагаз жүзүндө жазып коюшат (15.2. 29—31-бб.).

Забур 1:1ге ылайык, бактылуу болуш үчүн кайсы үч нерседен алыс болушубуз керек?

Аятта «кудайсыздардын кеңешмеси», «күнөөкөрлөрдүн жолу» жана «бузулгандардын жыйыны» тууралуу айтылат. Ооба, бактылуу болуш үчүн бузулгандардан, башкача айтканда, Кудайдын мыйзамдарын четке каккандардан алыс болушубуз керек. Тескерисинче, Кудайдын мыйзамынан кубаныч алышыбыз кажет (1.3. 17-б. ор.).

• «Адилеттүүнүн китеби» жана «Теңирдин согуштары китеби» Ыйык Жазманын жоголуп кеткен китептериби? (Жаш. 10:13; Сан. 21:14).

Жок. Сыягы, ал китептер Ыйык Китеп жазылып жаткан маалда болгон, бирок рухтун жетеги менен жазылбаган документтер болсо керек. Аларга Ыйык Китептин жазуучулары кайрылышкан деп божомолдоого болот (15.3. 32-б.).

• Ыйык Китептин азыркы латын тилиндеги котормосунда кандай өзгөрүүлөр болгон?

1979-жылы папа Жон Павел II Ыйык Китептин латын тилине которулган «Жаңы Вульгата» котормосун жактырган. Ошол котормонун биринчи басылышынын айрым жерлеринде Кудайдын ысмы «Яхве» деп берилген (Чыг. 3:14; 6:3). Бирок 1986-жылы чыккан экинчи басылышында «Яхве» деген ысымдын ордуна Доминус (Теңир) деген наамды коюп коюшкан (1.4. 22-б., ор.).