Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Берилгендик көрсөткөн Итайдан үлгү алгыла

Берилгендик көрсөткөн Итайдан үлгү алгыла

Берилгендик көрсөткөн Итайдан үлгү алгыла

«КУДУРЕТТҮҮ Жахаба Кудай, сенин иштериң улуу жана кереметтүү. Түбөлүктүктүн Падышасы, сенин жолдоруң адил жана туура. Сенден ким коркпойт жана ысмыңды ким даңктабайт, Жахаба? Анткени берилгендикти бир гана сен сактайсың!» «Жырткычты» жана «анын сөлөкөтүн... жеңип жаткандардын» бул ырында Жахабанын берилгендикти сактаган Кудай экени баса белгиленет (Аян 15:2—4). Жахаба өзүнүн кызматчыларынын да бул баалуу сапатты чагылдырышын каалайт (Эф. 4:24).

Шайтан Ибилис Кудайдын жердеги кызматчыларын Анын сүйүүсүнөн айрылтууга бүт күч-аракетин жумшап келет. Бирок көптөр оор сыноолорго дуушар болушса да, Кудайга болгон берилгендигин сакташууда. Жахабанын мындай берилгендикти жогору баалаарына кандай гана ыраазыбыз! Ооба, «Теңир чындыкты сүйөт, Өзүнүн ыйыктарын [«Өзүнө берилгендигин сактагандарды», «ЖД»] таштабайт» (Заб. 36:28). Берилгендигибизди сактап жашоого жардам болушу үчүн, Жахаба өзүнүн Сөзүнө берилгендигин сактаган көптөгөн адамдар тууралуу жаздырып койгон. Алардын бири — Гаттык Итай.

Бөтөн жерлик жана келгин

Итай, сыягы, Голийат жашаган Пелишти жериндеги белгилүү Гат шаарынан жана ысрайылдыктардын башка каардуу душмандарынын мекенинен болгон. Ыйык Китепте ал дасыккан жоокер тууралуу эң биринчи жолу Абышалом Дөөтү падышага каршы козголоң чыгаргандагы окуяларда айтылат. Итай менен анын 600 пелиштилик жан-жөкөрү Иерусалимдин чет-жакасында жашаган келгин болушчу.

Бөтөн жерде жүргөн Итай менен анын кишилерин көргөндө Дөөтү өзүнүн да бир кездерде 600 ысрайылдык жоокери менен Пелишти жериндеги Гаттын падышасы Акиштин ээлигинде качкын болуп жүргөн күндөрүн эстеген болуш керек (1 Шем. 27:2, 3). Дөөтүгө өзүнүн уулу Абышалом каршы козголоң чыгарганда, Итай жана анын кишилери эмне кылышкан? Алар Абышалом тарапка ооп кетишкенби же бейтараптуулукту сакташканбы? Же Дөөтү менен анын кишилерине өбөк болуп, аларды колдошконбу?

Окуянын кандайча өрчүгөнүн карап көрөлү. Дөөтү жанындагылары менен Иерусалимден шашылыш түрдө чыгып, «алыскы үй» деген маанини билдирген Бейт-Амеркакка келип токтойт. Алар токтогон жер, сыягы, Иерусалимдин четиндеги Зайтун тоосу тараптагы Кидрон өрөөнүнө чектеш жайгашкан акыркы үй болгон (2 Шем. 15:17). Ошол жерден Дөөтү андан ары жолун улаар алдында согушка жарактуу кишилерин санап чыгат. Мына кызык! Дөөтү жоокерлеринин арасынан аны берилгендик менен колдогон ысрайылдыктарды эле эмес, бир топ керейликтер менен пелейликтердин жана гаттык Итай менен анын 600 кишисинин жүргөнүн көрөт (2 Шем. 15:18).

Ошондо Дөөтү чын ниет менен Итайга мындай дейт: «Эмнеге сен да биз менен бара жатасың? Кайткын да, тиги падыша [кыязы, Абышалом] менен кал, анткени сен бөтөн жерликсиң, бул жерде сен келгинсиң. Сен кечээ эле келсең, бүгүн мен сени биз менен кетүүгө зордомок белем? Мен башым оогон жакка бара жатам. Кайткын, бир туугандарыңды да ала кет. Ырайым жана чындык сени менен болсун!» (2 Шем. 15:19, 20).

Бирок Итай Дөөтүгө: «Теңир тирүү, мырзам падыша жашасын. Өлсө да, жашаса да, мырзам падыша кайда болбосун, кулуң да сени менен ошол жерде болот»,— деп чечкиндүү жооп берип, ага болгон берилгендигин көрсөтөт (2 Шем. 15:21). Итайдын бул сөздөрүн укканда Дөөтү өзүнүн чоң атасынын энеси Руттун сөздөрүн эстесе керек (Рут 1:16, 17). Итайдын айтканына жүрөгү жылыган Дөөтү ага: «Болуптур, мени менен бирге жүр»,— дейт. Ошентип, Дөөтү, анын кишилери, «Итай жана анын бардык адамдары, балдарынын баары» Кидрон өрөөнү менен жөнөшөт (2 Шем. 15:22).

«Бизге насаат катары жазылган»

Римдиктер 15:4тө айтылгандай, «буга чейин жазылгандын баары... бизге насаат катары жазылган». Андыктан: «Итайдын үлгүсүнөн эмнеге үйрөнө алам?» — деп ойлонуп көргөнүбүз дурус. Гаттык Итайга Дөөтүгө берилгендик көрсөтүүгө эмне түрткү берген? Итай бөтөн жерден, Пелиштиден, келсе да, Жахабанын тирүү Кудай экенине ишенген жана Дөөтүнү Жахабанын майланганы катары кабыл алган. Ошондой эле анын эли менен ысрайылдыктардын ортосундагы касташуу анын көз карашына таасир эткен эмес. Ал Дөөтүнү алардын Голийат аттуу чыгаан баатырын, дагы башка көптөгөн мекендештерин өлтүргөн душман катары көргөн эмес (1 Шем. 18:6, 7). Итай Дөөтүнү Жахабаны сүйгөн, жакшы сапаттарга ээ адам катары көргөн. Дөөтү да Итайдын ага берилгендик көрсөткөнүн жогору баалаган. Ошол себептүү Абышаломго каршы салгылашта аны аскеринин үчтөн бир бөлүгүн баштап барууга дайындаган (2 Шем. 18:2).

Биз дагы, Итайдан үлгү алып, башкаларга кылган мамилебизге маданияттык, расалык, улуттук, уруулук айырмачылыктардын таасир этишине жол бербегенибиз кажет. Ошондой эле башкалардын жакшы сапаттарын көрө билүүгө умтулушубуз керек. Дөөтү менен Итайдын достугунан көрүнүп тургандай, Жахаба тууралуу билим жана ага болгон сүйүү бизге жогорудагы айырмачылыктардан улам пайда болгон жолтоолорду жеңүүгө жардам берет.

Андан тышкары, ар бирибиз: «Мен да, Итайдай болуп, Чоң Дөөтүгө — Иса Машаякка — берилгендик көрсөтүп жатамбы? Берилгендигимди Падышалык тууралуу кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишине ынталуу катышуу менен көрсөтөмбү? (Мт. 24:14; 28:19, 20). Берилгендигимди далилдеш үчүн кандай курмандыктарга барууга даярмын?» — деп ойлонуп көргөнүбүз маанилүү.

Үй-бүлө башчылары да Итайды тууроодон чоң пайда ала алышат. Итайдын Дөөтүгө көрсөткөн берилгендиги жана Кудайдын майланганын коштоп жүрүүгө болгон чечкиндүүлүгү анын жоокерлерине айрым кыйынчылыктарды туудурган. Анын сыңарындай, кээде үй-бүлө башчыларынын чыныгы сыйынууну колдош үчүн чыгарган чечимдери алардын үй-бүлөсүн убактылуу кыйынчылыктарга дуушар кылышы мүмкүн. Бирок Жахабанын «берилгендигин сактаганга... берилгендик менен мамиле кыларына» шектенбесек болот (Заб. 17:26, «ЖД»).

Дөөтү менен Абышаломдун согушу жөнүндөгү билдирүүдөн кийин Жазмада Итай тууралуу башка эч нерсе айтылбайт. Ыйык Китепте Итай жөнүндө бир аз эле айтылса да, Дөөтүнүн башына мүшкүл түшкөндө ага жөлөк болгонунан ал тууралуу көп нерсе билүүгө болот. Рухтун жетеги менен жазылган Ыйык Жазмага Итай тууралуу билдирүүнүн да камтылып калганы Жахабанын берилгендик көрсөткөндөрдү сөзсүз байкап, аларга сыйлык берерин тастыктап турат (Эвр. 6:10).