Дүйнөнүн акыры келгенде, каякта болушуң керек?
Дүйнөнүн акыры келгенде, каякта болушуң керек?
ЖАХАБА Армагедондо азыркы бузулган дүйнө түзүлүшүн жок кылганда, адил адамдар эмне болот? Накыл сөздөр 2:21, 22де мындай делет: «Жерде адил адамдар жашашат, жерде бузулбаган ак ниет адамдар өмүр сүрүшөт. Мыйзамсыздар болсо жер үстүнөн жок кылынышат, ишенимсиздер жер үстүнөн тукум курут болушат».
Бирок кандайча бузулбаган ак ниет адамдар жер бетинде аман калышат? Аларды сактап кала турган атайы жай болобу? Дүйнөнүн акыры келгенде, адил адамдар каякта болушу керек? Ыйык Жазмадагы куткарылууга байланыштуу төрт окуя бул суроолорго жооп алууга жардам берет.
Белгилүү бир жерде болуу маанилүү болгон учур
Уруу аксакалдары Нухтун жана Лоттун куткарылышына байланыштуу 2 Петир 2:5—7-аяттардан мындай дегенди окуйбуз: «[Кудай] байыркы дүйнөнү аябастан, ыймансыздардын дүйнөсүнө топон суу каптаткан. Ал эми адилдиктин кабарчысы болгон Нухту жана аны менен кошо дагы жети адамды сактап калган. Мындан тышкары, ыймансыздарга келечекте эмне болорун көрсөтүү үчүн, ал Содом жана Амор шаарларын күлгө айлантып, аларга чыгарган өкүмүн ишке ашырган. Ал эми мыйзамды тоготпогон адамдардын ооздукталбаган бузуку жүрүм-турумунан улам аябай кыйналган адил Лотту куткарып калган».
Нух Топон суудан кантип аман калган? Кудай ага: «Менин алдымда ар бир жандын күнү бүттү, анткени жер бети алардын жаман иштерине толуп кетти. Эми Мен аларды жер бетинен жок кылам. Сен өзүңө гофер жыгачынан туюк кеме жаса»,— деп айткан (Башт. 6:13, 14). Нух кемени Жахаба кандай буйруса, дал ошондой кылып курган. Топон суу башталарына жети күн калганда, Жахаба ага жан-жаныбарларды чогултуп, бүт үй-бүлөсү менен кемеге кирүүгө көрсөтмө берет. Жети күндөн кийин кеменин эшиги жабылат да, «жер бетине кырк күн, кырк түн жамгыр төгөт» (Башт. 7:1—4, 11, 12, 16). Нух менен анын үй-бүлөсү «суудан аман калат» (1 Пет. 3:20). Алардын куткарылышы кеменин ичинде болушканынан көз каранды болгон. Себеби жер үстүндө башка эч бир жай аларды сактап кала алмак эмес (Башт. 7:19, 20).
Ал эми Лоттун учурунда бир аз башкача көрсөтмө берилген. Эки периште ага кайсы жерде болбошу керектигин билдирген. «Шаарда [Содомдо] кимиң болбосун,— деген эки периште ага,— бардыгын бул жерден алып чык. Анткени биз бул жерди жок кылабыз». Андыктан алар «тоого качышы» керек эле (Башт. 19:12, 13, 17).
Нух жана Лот менен болгон окуялар Жахабанын «Өзүнө берилген адамдарды сыноодон кантип куткарууну, адил эместерди болсо... сот күнүнө чейин кантип сактап турууну билерин» тастыктап турат (2 Пет. 2:9). Ал эки учурда тең алардын куткарылышы белгилүү бир жерде болуудан көз каранды болгон. Нух кеменин ичине кириши керек эле, Лот болсо Содомдон чыгышы керек болчу. Бирок белгилүү бир жерде болуу дайыма эле зарылбы? Жахаба адил адамдарды, алар кайсы жерде болбосун, куткара алабы? Бул суроого жооп алуу үчүн куткарылууга байланыштуу башка эки окуяга көңүл буралы.
Белгилүү бир жерде болуу дайым эле зарылбы?
Жахаба мисирликтерди онунчу жаза менен жазалаардын алдында ысрайылдыктарга Чыг. 12:22, 23, 29).
Пасахка арналган малдын канын эшигинин кашегине сыйпоону буйруган. Эмне үчүн? Анын себебин түшүндүрүп, Муса аларга мындай деген: «Теңир Мисирди кыйратуу үчүн бара жатканда, эшигиңердин маңдайчасы менен эки кашегиндеги канды көрүп, кыя өтүп кетет, кыйратуу үчүн келе жаткан кыйратуучуну силердин үйүңөргө киргизбейт». Ошол түнү Жахаба «Мисир жериндеги бардык тун балдарды: тактыда отурган фараондун тун баласынан баштап зынданда жаткан туткундун тун баласына чейин өлтүргөн». Ошондой эле ал «малдын биринчи төлүнүн баарын кырып салган». Ысрайылдыктардын тун балдары башка бир жерге барбай эле куткарылышкан (Жериходо жашаган сойку аял Рахап менен болгон окуяга да токтолуп көрөлү. Ысрайылдыктар Убадаланган жерди басып алууга даярданып жатышкан. Рахап Жерихонун күнү бүткөнүн билгенде ысрайылдык эки чалгынчыга шаар тургундарынын аларды басып алууга жакындап келаткан ысрайыл элинен үрөйү учуп жатканын билдирет. Ал чалгынчыларды жашырып коёт, анан алардан Жерихо басылып алынганда аны бүт үй-бүлөсү менен сактап калууга ант беришин сурайт. Чалгынчылар Рахапка шаардын дубалындагы үйүнө үй-бүлөсүн чогултуу керектигин айтышат. Алар үйүнөн кетишсе, шаардагылар менен бирге набыт болушмак (Жаш. 2:8—13, 15, 18, 19). Бирок Жахаба Жашыяга «шаардын дубалдары түбүнө чейин урай» турганын айткан (Жаш. 6:4). Чалгынчылар коопсуз жай болот деп убадалаган жер эми коркунуч алдында тургандай сезилген. Анда Рахап жана анын үй-бүлөсү кантип куткарылмак?
Жерихону басып алууга убакыт келип жеткенде, ысрайылдыктар сурнайларын тартып, кыйкырышат. Жашыя 6:19да айтылгандай, «сурнайлардын үндөрүн угар замат, эл [ысрайылдыктар] жер жаңырта жапырт кыйкырат». «Ошондо шаардын дубалдары түбүнө чейин урай» баштайт. Муну бир да киши токтото алмак эмес. Бирок дубалдардын кыйрашы Рахаптын үйүнө жеткенде кереметтүү түрдө токтоп калат. Анан Жашыя эки чалгынчыга мындай буйрук берет: «Бузулган аялга баргыла да, аны жана анын үйүндөгүлөрдү алып чыккыла, анткени силер ага ант берип койгонсуңар» (Жаш. 6:21). Ошентип, Рахаптын үйүндөгүлөрүнүн баары аман калган.
Эмне баарынан маанилүү?
Нухтун, Лоттун, Мусанын күндөрүндөгү ысрайылдыктардын жана Рахаптын куткарылышынан эмнеге үйрөнө алабыз? Ал окуялар бизге бул бузулган түзүлүштүн акыры келгенде каякта болушубуз керектигин аныктоого кандайча жардам берет?
Ырас, Нух кемеге киргендиктен аман калган. Бирок ал эмне үчүн кирген? Ишеними күчтүү жана тил алчаак болгону үчүн Башт. 6:22; Эвр. 11:7). Ал эми биз жөнүндө эмне айтууга болот? Кудай буйруган нерселердин баарын кылып жатабызбы? Нух «адилдиктин кабарчысы» да болгон (2 Пет. 2:5). Ага окшоп, аймагыбыздагылардын кош көңүлдүгүнө карабай, кабар айтуу ишинде дилгирбизби?
эмеспи? «Нух бардыгын жасады: Кудай кандай буйруса, ал так ошондой жасады»,— делет Ыйык Китепте (Лот болсо Содомдон качып, жанын сактап калган. Ал Кудайдын көз алдында адил болгондуктан жана Содом менен Амордун мыйзамсыз тургундарынын бузуку жүрүм-турумунан улам жаны кыйналгандыктан куткарылган. Бүгүнкү күндө кеңири таралган адепсиз жүрүм-турум бизди да чындап капалантабы? Же аны боло жүргөн нерсе катары көрүп, анча деле тынчсызданбай калдыкпы? «Таза, кемчиликсиз жана тынчтыкта» жашоо үчүн бүт күчүбүздү жумшап жатабызбы? (2 Пет. 3:14).
Мисирдеги ысрайылдыктардын жана Жериходогу Рахаптын куткарылышы үйлөрүндө калганынан көз каранды болгон. Ал үчүн ишеним жана тил алчаактык талап кылынган (Эвр. 11:28, 30, 31). Мисир жеринде улам бир үйдөн «катуу өкүрүк чыккан» сайын ысрайылдык ар бир үй-бүлө өзүнүн тун баласынан көзүн албай карап турганын элестетсеңер (Чыг. 12:30). Ошондой эле Жерихонун дубалдарынын урашы уламдан улам жакындап келатканын сезгенде Рахаптын үй-бүлөсү бири-биринин жанынан чыкпай, ыкташып, корголошконун ойлосоңор. Тил алчаактык көрсөтүп, үйүндө калуу үчүн Рахапка бекем ишеним керек болгон.
Жакында Шайтандын бузулган дүйнөсү жок кылынат. Биз Жахабанын үрөй учурган «каары төгүлгөн күнү» өз элин кантип коргоорун азырынча билбейбиз (Сеп. 2:3). Ошентсе да ал учурда кайсы жерде болбойлу жана жагдай-шартыбыз кандай болбосун, куткарылуубуз Жахабага ишеним артканыбыздан жана тил алганыбыздан көз каранды болот. Ал күн келгиче Ышаянын пайгамбарлыгында айтылган «үйүбүзгө» карата туура маанай өрчүтүшүбүз керек.
«Үйүңө кир»
«Бар, элим, үйүңө кир, эшигиңди жап, каар өтүп кеткенче, көз ирмемге жашына тур»,— делет Ышайа 26:20да. Бул пайгамбарлык биринчи жолу, сыягы, б.з.ч. 539-жылы мадайлыктар менен персиялыктар Бабылды басып алганда аткарылган. Болжолу, Персия падышасы Кир Бабылга кирип келгенде баарына үйүнөн чыкпоону буйруган. Себеби анын жоокерлерине эшикте жүргөндөрдү өлтүрүүгө буйрук берилген эле.
Биздин күндөрдө бул пайгамбарлыкта айтылган «үй» менен Жахабанын Күбөлөрүнүн дүйнө жүзүндөгү 100 000ден ашуун жыйналыштарынын ортосунда тыгыз байланыш бар. Жыйналыштар азыр да, «улуу алаамат» учурунда да биз үчүн маанилүү роль ойнойт (Аян 7:14). Кудайдын элине «үйлөрүнө» кирип, «каар өтүп кеткенче» жашынууга буйрук берилген. Андыктан жыйналышка карата туура маанай өрчүтүп, ал маанайды сактаганыбыз жана жыйналыш менен тыгыз байланышта болууга чечкиндүү болгонубуз маанилүү. Биз Пабылдын төмөнкү кеңешине олуттуу караганыбыз дурус: «Сүйүүгө жана жакшы иштерге үндөө үчүн бири-бирибизге көңүл бөлөлү. Кээ бирөөлөр адатка айлантып алгандай, жолугушууларыбызды калтырбайлы, тескерисинче, ал күндүн жакындап келатканын көрүп тургандыктан бири-бирибизди ого бетер бекемдейли» (Эвр. 10:24, 25).
[7-беттеги сүрөт]
Кудайдын куткарууга байланыштуу мурунку иштеринен эмнени биле алабыз?
[8-беттеги сүрөт]
«Үй» биздин күндөрдө эмнени билдириши мүмкүн?