Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Күйөөлөр, сүйүү көрсөтүүдө Машаякты туурагыла!

Күйөөлөр, сүйүү көрсөтүүдө Машаякты туурагыла!

Күйөөлөр, сүйүү көрсөтүүдө Машаякты туурагыла!

ЖЕРДЕГИ жашоосунун эң акыркы түнүндө Иса ишенимдүү элчилерине мындай деген: «Силерге жаңы осуят берем: бири-бириңерди сүйгүлө. Мен силерди сүйгөндөй, силер да бири-бириңерди сүйгүлө. Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр, баары силердин менин шакирттерим экениңерди билишет» (Жкн. 13:34, 35). Ооба, Исанын чыныгы жолдоочулары бири-бирин сүйүүгө чакырылат.

Пабыл Машаякты жолдогон күйөөлөргө мындай деп жазган: «Күйөөлөр, аялыңарга болгон сүйүүңөрдү муздатпагыла. Машаяк да жыйналышты сүйүп, ал үчүн өмүрүн берген» (Эф. 5:25). Исаны жолдогон күйөө, өзгөчө, анын жубайы Жахабанын арналган кызматчысы болсо, канткенде Жазмадагы ушул чакырыкка ылайык иш кылган болот?

Машаяк жыйналышты бапестеген

«Күйөөлөр аялдарын өз денесин сүйгөндөй сүйүшү керек,— деп айтылат Ыйык Китепте.— Аялын сүйгөн эркек өзүн сүйөт. Анткени эч ким эч качан өз денесин жек көрбөйт, тескерисинче, аны азыктандырып, бапестейт. Машаяк да жыйналышка ушундайча кам көрөт» (Эф. 5:28, 29). Иса шакирттерин аябай жакшы көргөн, аларды баалаган, бапестеген. Жеткилеңсиз болушса да, аларга жумшактык жана боорукердик менен мамиле кылган. «Жыйналыш... кооздукка бөлөнүп» турушун каалагандыктан Иса шакирттеринин жакшы сапаттарына көбүрөөк көңүл бурган (Эф. 5:27).

Күйөөлөр жарларына болгон сүйүүсүн, Машаяк жыйналышка болгон сүйүүсүн көрсөткөндөй, сөзү менен да, иши менен да көрсөтүшү керек. Күйөөсүнүн сүйүүсүнөн өксүбөгөн, анын сүйөрүн ар дайым угуп, сезип турган зайып өзүн керектүү жана бактылуу сезет. Ал эми материалдык жактан бардык муктаждыктары канааттандырылганы менен, күйөөсүнүн сүйүүсүн сезбеген аял көлөкөдөгү гүлдөй болуп соолуйт.

Аялыңды бапестеп сүйөрүңдү кантип көрсөтө аласың? Мисалы, башкалардын алдында анын кадыр-баркын сыйлап, кылган иштери үчүн мактоо менен. Эгерде аялың үй-бүлөңөрдүн бактылуу болушуна чоң салым кошуп жатса, ал тууралуу башкаларга айтууга эмне үчүн болбосун? Өздөрүңөрчө жүргөндө да аялыңа сүйөөрүңдү билдирип турганың маанилүү. Колунан назик кармап, жылуу жылмайып, кыса кучактап, жакшы сөздөрдү айтып, мактап туруу, кичинекей нерселерден болсо да, аялыңдын ичин жылытып, көңүлүн эргитет.

«„Биртуугандарым“ дегенден уялбайт»

Машаяк Иса майланган жолдоочуларын «„биртуугандарым“ дегенден уялбайт» (Эвр. 2:11, 12, 17). Эгер сен Исаны жолдогон күйөө болсоң, аялың сенин рухий бир тууганың экенин унутпа. Ал сага турмушка чыкканга чейин чөмүлтүлгөнбү же кийинби, анын Жахабага арналып жатканда берген убадасы нике убадасынан алда канча маанилүү. Аялың жыйналыштан жооп бергенде, жолугушууну алып барган ишенимдешибиз ага «бир тууган» деп кайрылат. Аялың сенин да бир тууганың болгондуктан, Падышалык залында ага кандай мамиле кылсаң, үйдө да ошондой жылуу-жумшак, сылык-сыпаа мамиле кылганың абзел.

Эгер жыйналышта кандайдыр бир жоопкерчиликтериң бар болсо, балким, жыйналыштагы жана үй-бүлөңдөгү милдеттериңди өз ара тең салмакташтыруу кыйынга туруп жаткандыр. Анда аксакалдар жана кызмат жардамчылары менен жакшы кызматташып, жоопкерчиликтерди туура бөлүштүрүү менен сенин көңүл бурушуңа абдан муктаж болгон бир тууганыңа — аялыңа — убакыт таба аласың. Жыйналыштагы сага тапшырылган иштерди башка бир туугандар деле аткара алышы мүмкүн, бирок аялыңа көңүл буруу милдетин сенин ордуңа башка эч ким аткара албайт.

Андан тышкары, сен аялыңдын башчысысың. Ыйык Китепте: «Ар бир эркектин башчысы Машаяк, аялдын башчысы эркек»,— делет (1 Кор. 11:3). Башчылыкты кандай жүргүзүш керек? Башчылык жүргүзүү деген ушул аяттагы сөздөрдү кайра-кайра баса белгилеп, аялыңдан урматтоону талап кыла берүүнү билдирбейт. Күйөө аялына сүйүү менен башчылык кылышы керек. Башчылык жүргүзүүнүн эң туура жолу — Иса Машаякты тууроо (1 Пет. 2:21).

«Менин досторумсуңар»

Иса шакирттерин досторундай көргөн. Ал аларга: «Эми силерди кул деп атабайм, анткени кул кожоюнунун эмне кылып жатканын билбейт. Мен силерди досторум деп атадым, себеби силерге Атамдан уккандарымдын баарын ачып бердим»,— деген (Жкн. 15:14, 15). Иса шакирттери менен пикир алмашууга жетиштүү убакыт бөлчү. Ал алар менен бир нерселерди чогуу жасачу. Иса Каанадагы үйлөнүү тоюна да шакирттери менен чогуу барган (Жкн. 2:2). Ошондой эле алардын Гетсемани багы сыяктуу жакшы көргөн жерлери болгон. Ыйык Китепте Исанын «ал бакта шакирттери менен көп жолу болгону» айтылат (Жкн. 18:2).

Аял өзүн күйөөсүнүн эң жакын досу экенин сезгидей болушу керек. Ал үчүн жубайлардын бир нерселерди чогуу кылышы абдан маанилүү. Кудайга чогуу кызмат кылгыла. Ыйык Китепти чогуу изилдөөдөн кубаныч алгыла. Деги эле чогуу убакыт өткөргүлө: сейилдегиле, пикир алмашкыла, чогуу тамактангыла. Жубайлардан эле эмес, эң жакын достордон болгула.

«Аларды акырына чейин сүйгөн»

Иса шакирттерин «акырына чейин сүйгөн» (Жкн. 13:1). Өкүнүчтүүсү, бардык эле күйөөлөр бул жагынан Машаякты туурай беришпейт. Айрымдар «жаш чагында» алган аялын таштап, жашыраак бирөөгө кетип калышат (Мал. 2:14, 15).

Бирок Машаякты туураган күйөөлөр да аз эмес. Мисалга Уиллди алалы. Анын жубайынын ден соолугу начар болгондуктан, көп жылдан бери бирөөнүн кам көрүүсүнө муктаж болуп келет. Бул Уиллдин жубайына болгон мамилесине кандай таасир эткен? Ал мындай дейт: «Мен жубайымды ар дайым Кудайдын мага берген белеги деп эсептейм жана аны жогору баалайм. Анын үстүнө, мен ага 60 жыл мурун жакшылыкта да, жамандыкта да дайыма жанында болуп, ага кам көрөм деп убада бергем. Мен ал убадаман эч качан тайбайм».

Исаны жолдогон күйөөлөр, сүйүү көрсөтүүдө Машаякты туурагыла. Кудайдан корккон аялыңарды — бир тууганыңарды жана досуңарды — бапестеп сүйгүлө!

[20-беттеги сүрөт]

Аялың сенин жакын досуңбу?

Аялыңа болгон сүйүүңдү муздатпа