Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Шайтан асмандан жерге качан куулуп түшүрүлгөн? (Аян 12:1—9).

Ыйык Китепте Шайтандын качан куулуп түшүрүлгөнү так айтылбайт. Бирок бир катар окуяларды карап чыгуу менен анын качан куулуп түшүрүлгөнүн аныктаса болот. Алгач Машаяк башкарган Падышалык орнотулган. Андан кийин «асманда согуш чыгып», Шайтан жеңилген соң жерге куулуп түшүрүлгөн.

Ыйык Китептен «башка элдерге белгиленген убакыт» аяктап, Падышалык орнотулган убакыт 1914-жылга дал келерин айкын көрүүгө болот * (Лк. 21:24). Ошондон канча убакыт өткөндөн кийин асманда согуш чыгып, Шайтан жерге куулуп түшүрүлгөн?

Аян 12:4төн: «Аял төрөгөндө, баласын жутуп алыш үчүн ажыдаар төрөгөнү жаткан аялдын алдында турду»,— дегенди окуйбуз. Мындан көрүнүп тургандай, Шайтан жаңы орнотулган Падышалыкты мүмкүн болушунча тез эле жалмап жок кылгысы келген. Жахаба кийлигишкендиктен, Шайтан ойлогон арамза оюн жүзөгө ашыра алган эмес. Бирок ошого карабастан жаңы орнотулган Падышалыкка зыян келтирүү үчүн бүт күчүн жумшаган. Ошондуктан «ажыдаар... өзүнүн периштелери менен» Падышалыкка зыян келтирбеши үчүн, «Микеил жана анын периштелери» создуктурбастан аларды асмандан кууп түшүрүшкөн. Демек, 1914-жылы Падышалык орнотулары менен Шайтан жеңилип, жерге куулуп түшүрүлгөн деп айтууга болот.

Ошондой эле Исанын майланган жолдоочуларынын тирилтилишин да айта кетүү маанилүү. Ыйык Китепке ылайык, алар Падышалык орнотулгандан көп өтпөй эле тирилтиле башташкан * (Аян 20:6). Бирок алардын биринин да Исага кошулуп ажыдаар жана анын периштелери менен болгон салгылашууга катышканы айтылбайт. Демек, Машаяктын майланган бир туугандары тирилтилгенге чейин эле асманда согуш чыгып, Шайтан периштелери менен жерге куулуп түшүрүлгөн.

Ооба, Ыйык Китепте Шайтан жана анын периштелери жерге качан куулуп түшүрүлгөнү так айтылбайт. Бирок бул окуя Иса Машаяк 1914-жылы такка отургандан көп өтпөй эле болуп өткөн деп айтууга толук негиз бар.

[Шилтемелер]

^ 4-абз. Кара: «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китеби, 215—218-бб.