Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Унчукпай турган убак»

«Унчукпай турган убак»

«Унчукпай турган убак»

«СҮЙЛӨӨ — күмүш, ал эми унчукпоо — алтын». Чыгыш элдеринин байыркы бир макалында ушундай делген. Кыргыздарда да: «Көп сөз — көмүр, аз сөз — алтын»,— деген макал бар. Байыркы Ысрайылдын акылман падышасы Сулайман болсо мындай деп жазган: «Бардык нерсенин өз убагы бар, асман астындагы ар бир нерсенин өз убагы бар... Унчукпай турган убак бар, сүйлөй турган убак бар» (Нас. 3:1, 7).

Бирок сүйлөгөнгө караганда унчукпоо кайсы учурда орундуу? Ыйык Китепте «унчукпоо», «үндөбөө» деген сөздөр көп жолу кездешет. Бул сөздөр колдонулган аяттардын контекстинен унчукпоонун, жок эле дегенде, үч учурда орундуу экенин көрүүгө болот. Келгиле анда, унчукпоо кандайча урмат көрсөтүүнүн, эстүүлүк менен кыраакылыктын белгиси болорун жана ой жүгүртүүгө жардам берерин карап көрөлү.

Сый-урматтын белгиси

Унчукпоо — кадырлап сыйлоонун белгиси. Хабакук пайгамбар: «Теңир болсо Өзүнүн ыйык ийбадатканасында. Анын алдында бүт жер жүзү үндөбөсүн!» — деген (Хаб. 2:20). Кудайдын чыныгы кызматчылары Ыйык Китептеги: «Теңирдин [Жахабанын] жүзүнүн алдында эч бир адам унчукпасын! Анткени Ал Өзүнүн ыйык турагынан туруп келе жатат»,— деген сөздөргө ылайык иш кылышат (Зах. 2:13). Забурчу мындай деп ырдаган: «Теңирди унчукпай күт, Андан үмүттөн. Өз жолунда ийгиликке жеткен... адамга атаандашпа» (Заб. 36:7).

Жахабаны үнсүз эле даңктоо мүмкүнбү? Алсак, кээде табияттын кооздугуна байкоо салганда ушунчалык таасирленип, сөз менен айтып жеткире алгыс сезимде болобуз. Кереметтүү жаратуулар тууралуу ой жүгүрткөнүбүздө Жаратканды жүрөгүбүздө даңктайбыз. Жаратылган нерселер жөнүндө забурчу мындай деген: «Күн менен ай, Аны мактагыла; жаркыраган бардык жылдыздар, Аны мактагыла. Асмандын асманы, асмандан жогору турган суулар, Аны мактагыла. Бардыгы Теңирдин ысымын макташсын, анткени Ал буйруганда, бардыгы жаралган» (Заб. 148:3—5).

Жахаба өзү да, анын сөздөрү да урматташыбызга татыктуу. Маселен, Кудайдын пайгамбары Муса ысрайыл элине керээзин айткан соң дин кызматчылар менен бирге элди: «Унчукпа... Кудайың Жахабанын сөзүнө кулак сал»,— деп үндөгөн. Ысрайылдыктар Кудайдын мыйзамын окуу үчүн чогулганда, атүгүл алардын балдары да кунт коюп угушу керек эле. «Элиңди: эркектер менен аялдарды, балдарды... чогултуп кел. Алар бул мыйзамды угуп... үйрөнүшсүн»,— деген Муса (Мыйз. 27:9, 10, «ЖД»; 31:11, 12).

Бүгүнкү күндө Жахабанын кызматчыларынын жыйналыштарда, анын ичинде чоң жыйындарда берилген көрсөтмөлөрдү дит коюп угуп отурганы кандай гана орундуу! Сахнада ыйык китептик маанилүү чындыктар айтылып жатканда, бири-бирибиз менен жөнү жок сүйлөшкөнүбүз Кудайдын Сөзүн жана анын уюмун урматтабагандыкка жатпайбы? Ооба, программа учуру — унчукпай турган, уга турган убак.

Атүгүл кимдир бирөө менен пикир алышууда да жакшы угуучу болсок, аны сыйлаарыбызды көрсөтөбүз. Мисалы, уруу аксакалы Аюб аны айыптагандарга: «Үйрөткүлө, мен унчукпай калайын»,— деген. Алар сүйлөп жатканда, Аюб үн катпай угууга даяр болгон. Анан ага сөз кезеги келгенде: «Менин алдымда унчукпай тургула... мен сүйлөйүн»,— деп суранган (Аюб 6:24; 13:13).

Эстүүлүктүн жана кыраакылыктын белгиси

Ыйык Китепте мындай делген: «Тилин тыя билген эстүүлүк кылат». «Кыраакы унчукпайт» (Накыл 10:19; 11:12, «ЖД»). Унчукпоо менен Иса эстүүлүктү жана кыраакылыкты кандай сонун чагылдырганын карап көрөлү. Бир жолу ал кас маанайдагы душмандарына жооп берүүдөн эч майнап чыкпай турганын билгендиктен унчукпай койгон (Мт. 26:63). Кийинчерээк Пилаттын алдында суракка алынганда да Иса такыр жооп берген эмес. Ал эстүүлүк кылып, унчукпай эле коюуну чечкен (Мт. 27:11—14).

Биз да, өзгөчө кимдир бирөө ачуубузга тийгенде, тилибизди тыя билсек, акылдуулук кылган болобуз. «Сабырдуу адамдын акылы мол,— делет накыл сөздө,— ал эми ачуусу чукул адам өзүнүн акылсыздыгын көрсөтөт» (Накыл 14:29). Оор жагдайга кабылганда ачууга алдырып, ойлонбой сүйлөп алсак, кийин бармагыбызды тиштеп калышыбыз мүмкүн. Андайда акылсыз сүйлөп алышыбыз ыктымал, натыйжада жан дүйнөбүздүн тынчтыгы бузулат.

Ыймансыз кишилердин алдында ойлонуп сүйлөгөнүбүз эстүүлүккө жатат. Ошондой эле кимдир бирөө бизди кызматта жүргөндө шылдыңдаса, унчукпай эле койгонубуз орундуу болушу мүмкүн. Андан сырткары, классташтарыбыз же чогуу иштешкендерибиз орунсуз тамашаларды, адепсиз сөздөрдү айтып жатканда, аларды колдогондой болбош үчүн унчукпай эле койгонубуз акылдуулук болбойбу? (Эф. 5:3). Забурчу: «Кудайсыз жанымда турганда, оозумду ооздуктайын»,— деп жазган (Заб. 38:2).

Кыраакы киши купуя сырды ачпайт (Накыл 11:12). Исанын чыныгы жолдоочусу алды-артты ойлобой сүйлөп алып, купуя маалыматты айтып койбойт. Айрыкча аксакалдар жыйналыштагылардын ишеничинен кетпеш үчүн, бул жагынан сак болушу керек.

Унчукпоо менен жакшы натыйжага жетүүгө болот. 19-кылымдын англис жазуучусу Сидни Смит өзүнүн бир замандашы тууралуу мындай деп жазган: «Ал пикир алышып жатканда мезгил-мезгили менен унчукпай угуп турат. Мунун аркасында пикир алмашуу аябай жагымдуу болот». Арийне, достордун бири-бири менен пикирлешүүсү бир тараптуу эле болбошу керек. Жакшы пикирлешүү үчүн жакшы угуучу болуу маанилүү.

«Көп сүйлөгөн адам күнөөгө батпай койбойт,— деп эскерткен Сулайман.— Тилин тыйган адам — акылдуу адам» (Накыл 10:19). Демек, канчалык аз сүйлөсөң, ошончолук аз жаңыласың. Чынында, «акылсыз адам унчукпай турганда акылдуу адам болуп көрүнөт. Адамдар ооз ачпаган кишини акыл-эстүү деп эсептешет» (Накыл 17:28, «Биздин мезгилдин котормосу»). Келгиле анда, Жахабага: «Оозумдун каалгасын кайтар»,— деп тиленели (Заб. 140:3).

Ой жүгүртүүгө жардам

Адил киши тууралуу Ыйык Китепте: «Анын [Кудайдын] мыйзамы тууралуу күнү-түнү ойлонот»,— деп айтылган (Заб. 1:2). Ой жүгүртүүгө кандай жер ылайыктуу болот?

Уруу аксакалы Ыбрайымдын уулу Ыскак «кечке жуук... ой жүгүртүү үчүн талаага чыккан» (Башт. 24:63, «ЖД»). Ал ой жүгүртүүгө тынч убакты, ээн жерди тандаган. Дөөтү падыша да түн ичинде, баары тынчып калганда, ой жүгүртчү (Заб. 62:6). Атүгүл жеткилең адам Иса жалгыз болууга жана ой жүгүртүүгө болгон муктаждыгын канааттандырууга олуттуу караган. Ан үчүн ал калың элден тынчыраак жерлерге: тоолорго, чөлдөргө жана башка ээн жерлерге бара турган (Мт. 14:23; Лк. 4:42; 5:16).

Унчукпоонун биз үчүн чоң пайдасы бар. Ал өзүбүздү текшерүүгө эң сонун шарт түзөт. Ал эми өзүбүздү текшерүү жакшырышыбыз үчүн абдан маанилүү. Ошондой эле унчукпоо жан дүйнө тынчтыгына өбөлгө түзөт. Андан тышкары, тынч убактарда ой жүгүртүү бизге жөнөкөйлүктү, момундукту өрчүтүүгө жардам берет жана жашоодо чынында эле маанилүү болгон нерселерге ыраазычылыгыбызды арттырат.

Унчукпоо жакшы, бирок «сүйлөй турган убак» да бар (Нас. 3:7). Кудайдын чыныгы кызматчылары учурда «дүйнө жүзү боюнча» анын Падышалыгы жөнүндө жакшы кабар таратуу менен алек (Мт. 24:14). Алардын саны күн санап өскөн сайын, кубанычтуу үндөрү уламдан улам катуулап жатат (Мих. 2:12). Эмесе, келгиле, Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды ынталуулук менен айтып, Кудайдын кереметтүү иштерин жар салып жаткандардын арасында бололу. Бул маанилүү ишке катышкандан сырткары, жашоо мүнөзүбүз да кээде «унчукпоо — алтын» экенин түшүнөрүбүздү көрсөтө берсин.

[3-беттеги сүрөт]

Жыйналыш учурунда кунт коюп угуп, үйрөнүшүбүз керек

[4-беттеги сүрөт]

Кызматта кимдир бирөө тилдегенде, унчукпай эле койгонубуз туура болушу мүмкүн

[5-беттеги сүрөт]

Унчукпоо ой жүгүртүүгө шарт түзөт