Жахабанын жакшылыктарын кантип актай алам?
Жахабанын жакшылыктарын кантип актай алам?
Айтып берген: Рут Дане
Апам тамашалап, 1933-жылды мүшкүлдүү жыл болгонун айтып калчу: ал жылы Гитлер бийликке келиптир, Рим папасы аны Ыйык жыл деп жарыялаптыр, ошол жылы мен да төрөлүптүрмүн.
АТА-ЭНЕМ Германиянын чек арасына жакын жайгашкан Франциянын Лотарингия деген тарыхый аймагындагы Юц шаарчасында жашачу. Апам өз динине бекем карманган католик эле, атам болсо протестант болчу. Алар 1921-жылы баш кошушкан. 1922-жылы эжем Хелен төрөлгөн. Ата-энем аны ымыркай кезинде эле католик чиркөөсүнө алып барып, чөмүлдүрүп койгон экен.
Бир күнү 1925-жылы атама «Кудайдын арфасы» деген немис тилиндеги китепти беришиптир. Атам китепти окуп чыккандан кийин чындыкты тапканына ынанып, ошол китепти басып чыккан Бибельфоршерлер менен кат аркылуу байланышкан. Ал кезде Германияда Жахабанын Күбөлөрүн ошентип аташчу. Атам окуп-билгендерин башкаларга дароо айта баштаган экен. Апам муну көп жактырбай атама немисче: «Өңгөсү болсо да, ошол Бибельфоршерлерге кошулбачы!» — деп айтат. Бирок атам чыгарган чечимине бек туруп, 1927-жылы чөмүлтүлгөн.
Ошондон улам таенем апамды атам менен ажырашып кетүүгө көкүтө баштайт. Бир күнү Месса учурунда дин кызматчы чиркөөгө келгендерге: «Жанагы Дане деген жалган пайгамбардан сак болгула!» — деген экен. Анан таенем Мессадан үйгө келгенде үйүбүздүн экинчи кабатынан гүл отургузулган карапаны атама ыргытып жиберет. Карапа учуп барып, атамдын ийинине бир тиет, бир аз эле болгондо башы жарылмак экен. Ал окуядан кийин апам: «Киши өлтүрүүгө тукурган дин кантип чыныгы дин болсун?» — деп ойлонуп калыптыр. Ошондон тартып апам Жахабанын Күбөлөрүнүн адабияттарын окуй баштайт да, көп өтпөй чындыкты тапканына көзү жетип, 1929-жылы чөмүлтүлөт.
Ата-энем эжем экөөбүздүн Жахабанын чынында эле тирүү Кудай экенине ишенишибиз үчүн бүт күч-аракетин жумшаар эле. Алар бизге ыйык китептик аңгемелерди окуп берчү да, анан кайсы бир каармандын эмне үчүн тигиндей же мындай кылганын сурашчу. Атам жыйналыштарга, кызматка жана үй-бүлөлүк изилдөөгө көбүрөөк убакыт бөлгүсү келгендиктен, акча жагынан кыйналарыбыз айкын болсо да, кечинде иштей турган жумушунан баш тарткан.
Кыйын-кезең күндөрдүн башталышы
Биз Швейцариядан, Франциядан келген кыдыруучу көзөмөлчүлөр менен бейтелдиктерге меймандостук көрсөтөр элек. Ал бир туугандар жаныбыздагы эле Германиядагы ишенимдештерибиздин башынан өткөрүп жаткан сыноолорун, нацисттердин аларды концлагерлерге айдап, балдарды чыркыратып ата-энесинен ажыратып жатканын айтып беришчү.
Накыл сөздөр 3:5, 6ны эстегиле. Мектептен оор сыноолорго туш болгондо, 1 Корунттуктар 10:13тү эстегиле. Эгер силерди бизден ажыратып салышса, Накыл сөздөр 18:10ду эстегиле»,— деп айтышчу. Мен өзүм да 22 жана 90-забурларды толугу менен жаттап алгам. Бул забурлар мени Жахабанын бардык учурда коргой турганына ого бетер ынандырган.
Хелен экөөбүз алдыда боло турган оор сыноолорго даярдана баштадык. Ата-энебиз бизге кийин жардам боло турган ыйык китептик аяттарды жаттоого көмөк кылды. Алар: «Эгер эмне кыларыңарды билбей жатсаңар,1940-жылы нацисттик Германия Эльзас менен Лотарингия аймагын басып алды. Эми биз жашаган жерде да, нацисттик режимге ылайык, бардыгынан нацисттик партиянын мүчөсү болуу талап кылына баштады. Атам ал талапка баш ийбегендиктен, апам болсо аскерлерге кийим тигүүдөн баш тарткандыктан, гестапо аларды түрмөгө каматарын айтып коркутушчу.
Мен болсо мектебиме заарканып барар элем. Ар бир күн Гитлер үчүн тиленүү менен, «Хайль Гитлер» деген учурашуу менен жана оң колду алдыга сунуп улуттук гимнди ырдоо менен башталчу. Ата-энебиз бизге «Хайль Гитлер» деп учурашууга болбойт деп эле айтып койбостон, абийирибизди туура тарбиялоого жардам беришчү. Андыктан антип учурашуудан баш тартканым жеке өзүмдүн чечимим болчу. Мугалимдер мени жаакка чабышчу, мектептен чыгарып салабыз деп да коркутушчу. Бир жолу жети жашымда мени он эки мугалим ортого алып, «Хайль Гитлер» деп айттырууга аракет кылышкан. Бирок Жахабанын жардамы менен ишенимдүүлүгүмдөн жазган жокмун.
Бир мугалим болсо бал тилге салып, мени алдаганга аракет кылды. Ал мени жакшы окуучу экенимди, мени аябай жакшы көрөрүн, ошондой эле мектептен чыгарылып калсам, өкүнүчтүү болорун айтты. Ал: «Колуңду алдыга соз дебей элебиз, болгону, кичине эле көтөрүмүш болуп койчу. „Хайль Гитлер“ деп да айтпай эле кой, оозуңду кыбыратып, айтып жаткандай түр көрсөтүп койсоң эле болду»,— деп айтты.
Апама келип, мугалимим эмне дегенин айтып берсем, ал Ыйык Китептеги Бабыл падышасы тургузган бурканга сыйынбай койгон үч жаш эврей тууралуу окуяны эсиме салды. Апам: «Алардан эмне талап кылынды эле?» — деп сурады. «Жерге жыгылып, бурканга таазим кылыш керек болчу»,— дедим мен. «Башкалар бурканга таазим кылып жатканда, алардын бут кийиминин боосун байламыш болуп, эңкейип коюшу туура болот беле?» — деди. Анан: «Өзүң чеч, кандай кылууну туура көрсөң, ошондой кыл»,— деп койду. Мен Шадрах, Мейшах жана Абет-Негого окшоп, Жахабага берилгендигимди сактоону чечтим (Дан. 3:1, 13—18).
Мугалимдер мени мектептен бир нече жолу чыгарышкан. Ата-энемден ажыратып салабыз деп да коркутушчу. Мен аябай коркчумун, бирок ата-энем мени дайыма кубаттап турчу. Мектепке жөнөтөрдө апам мени менен отуруп алып, Жахабадан коргоп-колдошун сурап тиленчү. Жахабанын менин чындыкта бекем болушума күч-кубат берерине шектенчү эмесмин (2 Кор. 4:7). Атам кысым аябай күчөп баратса, коркпой эле үйгө келе берсем болорун айтчу. Анын: «Биз сени аябай жакшы көрөбүз. Эмне болсо да, сен биздин кызыбыз бойдон кала бересиң. Бирок Жахабанын алдында өзүң үчүн өзүң жооп берериңди унутпа»,— деген сөздөрүнөн кийин актыгымды сактоого болгон каалоом ого бетер күчөгөн (Аюб 27:5).
Гестапо биздин үйгө адабияттарды издеп, ата-энемди суракка алыш үчүн көп келе турган. Апамды үйдөн, атам менен эжемди болсо иштеп жаткан жеринен эле алып кетип, бир топ убакыт бою суракка алышчу. Мектептен үйгө дайыма: «Апамды алып кетип калышкан жок бекен?» — деген санаа менен келчүмүн. Кээде үйгө келсем, кошунабыз апамды алып кетип калышканын айтчу. Ошондо үйдүн бир бурчуна жашынып алып: «Апамды кыйнап жатышкан жок болду бекен? Аны кайра көрөмбү?» — деп, жүрөгүм сызылып, өзүмчө кыйналар элем.
Кара сүргүн
1943-жылы 28-январда гестапо түнкү саат үч жарымда үйгө келип, нацисттик партияга кошулбай койгонубуз үчүн сүргүнгө айдаларыбызды айтышты. Кийим-кечек, оокатыбызды чогултууга үч саат убакыт беришти. Апам ага чейин эле эки сыйра кийимибиз менен Ыйык Китепти сумкаларга салып даярдап койгондуктан, ал убакытты тиленүүгө жана бири-бирибизди Рим. 8:35—39).
бекемдөөгө жумшадык. Атам бизди Кудайдын сүйүүсүнөн эч ким ажырата албасын эсибизге салды (Белгиленген убакытта гестапо кайра келди. Биз кетип жатканда, улгайып калган Энглейд апанын көз жашын мөлтүлдөтүп, бизди кол булгалап узатканын эч качан унутпайм. Гестапо бизди Мец шаарына кете турган поездге салды. Үч күн жол жүргөндөн кийин Кохловицеге, Польшадагы Аушвицге (Освенцимге) караштуу лагерге, келдик. Эки айдан кийин бизди мурда кечилдер жайы болгон Гливицедеги эмгек лагерине которушту. Нацисттер бизге ишенимибизден баш тартып, кагазга кол койсок, дароо бошотуп, үйлөрүбүзгө жөнөтүшөрүн айтышты. Бирок атам да, апам да антүүдөн баш тартты. Ошондо нацисттик жоокерлер: «Андай болсо, үйгө кайтып барабыз деп ойлобой эле койгула!» — дешти.
Июнь айында бизди Свитокловицеге которушту. Ал жерге барганыбызда азыркыга чейин мени кыйнап келаткан баш ооруга чалдыктым. Анан бир инфекциядан улам манжаларым жабыркады. Доктурга барсам, ооруну басаңдатуучу дары сайбай туруп эле, бир нече тырмагымды жулуп таштады. Ал кездерде мен кайтаруучулардын майда-чүйдө тапшырмаларын аткарчумун, ошон үчүн алар мени наабайканага көп алып барышчу. Наабайканада иштеген аял мага жегенге бирдеме берип турчу. Буга кичине болсо да көңүлүм көтөрүлүп калчу.
Лагерге баргандан тартып биз камактагы башка адамдардан өзүнчө жашачубуз. Бирок 1943-жылы октябрда бизди Забковицедеги лагерге жөнөтүшкөндө, жагдай өзгөрдү. Ал жерде бир үйдүн үстүндө эркеги, аялы, балдары болуп, жалпы жонунан 60ка жакын киши, көп кабаттуу керебеттерде уктачубуз. ССтиктердин (концлагердеги кайтаруучулардын) бизге берген тамагы болсо киши жей алгыс эле.
Бирок андай кыйынчылыктарга карабай, биз үмүтүбүздү эч качан үзчү эмеспиз. Биз «Күзөт мунарасынан» согуштан кийин кабар айтуу ишинин кеңири кулач жаяры тууралуу окучубуз. Ошондуктан эмне себептен азап чегип жатканыбызды жана азап-кайгыларыбыздан жакында арыларыбызды билчүбүз.
Бир нече убакыттан кийин Советтик аскерлердин улам алга жылып, нацисттерди сүрүп келатканын уктук. 1945-жылдын башында ССтиктер лагерди таштап, бизди көчүрүп кетүүнү чечишти. Февралдын он тогузунда лагерден чыктык. ССтиктер бизди 240 километрдей аралыкты зордоп жөө бастырышты. Төрт жумадан кийин Германиядагы Стейнфелс шаарчасына келдик. Нацисттер бизди бир шахтага айдап киргизип салышты. Көптөрдүн ал жерден тирүү чыгарына көзү жетпей калган. Бактыга жараша, так ошол күнү
Советтик аскерлер шаарчага кирип келишти. ССтиктер качып жөнөштү. Ошентип, жан кыйнаган күндөр бүттү.Көздөгөн максаттарымдын ишке ашышы
1945-жылы 5-майда, эки жарым жылдай өткөндөн кийин, үйүбүзгө кирдеп, жүдөп, биттеп кайтып келдик. Февралдан бери которо элек кийимдерибизди өрттөп салдык. Ошондо апамдын: «Бул күн — өмүрүңөрдөгү эң бактылуу күн! Биздин эч нерсебиз жок, жада калса, үстүбүздөгү кийимибиз да өзүбүздүкү эмес. Бирок төртөөбүз тең ишенимдүү бойдон кайтып келдик. Актыгыбызды сактадык»,— дегени эсимде.
Швейцарияда үч ай дарылангандан кийин кайра мектепте окуй баштадым. Эми мектептен мени эч ким чыгарып салмак эмес. Рухий бир туугандарыбыз менен да ээн-эркин жолугуп, ачык кабар айтууга болор эле. 1947-жылы 28-августта, 13 жашымда, Жахабага бир нече жыл мурун берген убадамды эл алдында чөмүлтүлүү менен көрсөттүм. Атам мени Мозель дарыясында чөмүлдүрдү. Мен дароо эле пионер болгум келди, бирок атам адегенде бир кесипти үйрөнүп алышымды кеңеш кылды. Ошентип, тикмечинин окуусун окудум. 1951-жылы, 17 жашымда, Тионвилден анча алыс эмес жерде пионер болуп кызмат кыла баштадым.
Ошол эле жылы Парижде өткөрүлгөн жыйынга катышып, миссионердик кызматка арыз жаздым. Жашым жете элек болгондуктан, Нейтан Норр бир тууган менин арызымды кийинчерээк карай турганын айтты. Кийинки эле жылы, 1952-жылдын июнь айында, Саут-Лансингдеги (АКШ, Нью-Йорк) Күзөт Мунарасынын ыйык китептик Гилат мектебинин 21-классында окууга чакырылдым.
Гилат мектеби жана андан кийинки жашоом
Гилат мектебинде окуп жүргөндө кызыктуу күндөр өттү. Мен үчүн эл алдында өзүмдүн эне тилимде сүйлөө көп учурда кыйынга турчу. Эми болсо англис тилинде сүйлөшүм керек эле. Бирок сабак берген бир туугандар мага сүйүү менен жардам беришти. Алардын бири менин уялганымда жылмая бергенимди байкап, затыма жараша өзүнчө ат да коюп койгон.
1953-жылы 19-июлда Нью-Йорктогу Янки стадионунда биздин класстын бүтүрүү аземи болуп өттү. Мен Ида Кандуссо (кийинчерээк Сеньобос) менен Парижге дайындалдым. Париждиктердин көбү бай тургандыктан, аларга кабар айтуудан коркчумун. Ошентсе да ал шаарда көптөгөн момун адамдар менен ыйык китептик изилдөө баштай алдым. Кийинчерээк Ида турмушка чыгып, 1956-жылы күйөөсү менен Африкага дайындалды. Мен болсо Парижде эле калдым.
1960-жылы Бейтелде кызмат кылган бир тууганга турмушка чыктым. Жолдошум экөөбүз Чаумонтко жана Вишиге атайын пионер болуп дайындалдык. Беш жылдан кийин кургак учук менен ооруп калып, пионердик кызматымды токтотууга туура келди. Бала чагыман бери эле көксөп келаткан өмүр бою толук убакытта кызмат кылсам деген максатыма жетпей калганыма аябай ыза болдум. Көп өтпөй күйөөм мени таштап, башка аялга кетип калды. Ошол оор учурларда рухий бир туугандарымдын колдоосу мага чоң жардам болду. Мында да Жахабанын жүгүмдү көтөрүшкөнүн сездим (Заб. 67:20).
Азыр мен Франциянын филиалынан анча алыс эмес жерде, Нормандия облусуна караштуу Лувьеде, жашайм. Начар ден соолугум менен күрөшүп жатсам да, Жахабанын колдоо-коргоосун дайым сезип келгеним үчүн бактылуумун. Ата-энемдин берген тарбиясы мага азыркыга чейин туура маанай сактаганга жардам берет. Алар мени Жахабаны сүйө аларымды, ага жүрөгүмдөгүнү айта аларымды жана анын тиленүүлөрүмө жооп берген тирүү Кудай экенине ар дайым ынандырчу. Чынында эле, Жахабанын мага кылган бардык жакшылыгын кантип актай алам? (Заб. 115:3).
[5-беттеги сүрөт]
6 жашымда противогаз салынган сумкам менен түшкөндөгүм
16 жашымда Люксембургга миссионерлер жана пионерлер менен кабар айтканы өнөктүккө барганымда
Жыйында ата-энем менен, 1953-жыл
[6-беттеги сүрөт]
«Жахабанын колдоо-коргоосун дайым сезип келгеним үчүн бактылуумун»