Жоопкерчиликтер менен бөлүшүү
Жоопкерчиликтер менен бөлүшүү
Эмне себептен маанилүү жана аны кантип кылууга болот?
ЖООПКЕРЧИЛИКТЕРДИ ыйгаруу жер каймактаганга чейин эле башталган. Жахаба эң алгач Уулун жаратып, андан соң аны «сүрөтчү» катары колдонуп, ааламды жараткан (Накыл 8:22, 23, 30; Жкн. 1:3). Биринчи түгөйдү жаратканда да аларга «жер жүзүн толтуруп, жерди ээлөөнү» буйруган (Башт. 1:28). Кудай түпкү ата-энебизге Эйден багын кеңейтип, жер бетин толугу менен бейишке айландыруу ишин тапшырган. Ооба, башкаларга милдеттерди тапшыруу Жахабанын уюмунда башынан эле чоң мааниге ээ.
Жоопкерчиликтер менен бөлүшүүгө эмнелер кирет? Аксакалдардын жыйналыштагы кандайдыр бир жоопкерчиликтерди башкаларга тапшырышы эмне себептен маанилүү? Алар аны кантип кыла алышат?
Жоопкерчиликтерди тапшыруу деген эмнени билдирет?
Бир сөздүккө ылайык, «жоопкерчиликтерди тапшыруу» деген «башка бирөөгө кайсы бир ишти табыштоо; кимдир бирөөнү өкүл катары дайындоо; кимдир бирөөгө жоопкерчиликти же укукту ыйгаруу» деген маанини туюнтат («Merriam-Webster’s Collegiate Dictionary», 11-басылыш). Демек, жоопкерчиликтерди тапшыруу кайсы бир
ишке башкаларды катыштырууну талап кылат. Ал үчүн башкалар менен жоопкерчиликтерди бөлүшүү керек.Кандайдыр бир жоопкерчилик берилген бир туугандан тапшырманы толук аткарышы, тапшырманы берген бир тууганга анын кандайча аткарылып жатканын билдирип турушу жана аны менен кеңешип турушу күтүлөт. Анткен менен иштин аткарылышына, негизинен, тапшырманы берген бир тууган жооптуу. Ал бир тууган иштин кандайча аткарылып жатканына көз салып, зарыл болсо, кеңеш берип турушу керек. Бирок айрымдар: «Өзүм эле кыла ала турган жумушту башкаларга тапшыруунун зарылдыгы барбы?» — деп ойлошу мүмкүн.
Жоопкерчиликтер менен бөлүшүү эмне себептен маанилүү?
Тун Уулун жараткан соң Жахабанын аны калган нерселерди жаратууга катыштырганы тууралуу ойлонуп көрсөңөр. Ооба, «асмандагы жана жердеги калган нерселердин баары, көзгө көрүнгөн жана көрүнбөгөн нерселер... ал аркылуу жаратылган» (Кол. 1:16). Кудай бардыгын өзү эле жарата алмак, бирок ал Уулунун да эмгегинин үзүрүн көрүп, кубаныч алышын каалаган (Накыл 8:31). Жаратуу ишине катышуу менен Уулу Атасынын сапаттары тууралуу көбүрөөк биле алган. Атасы болсо ал учурда Уулун окутуп-үйрөткөн.
Иса Машаяк жерде жүргөндө Атасынан үлгү алып, башкаларга жоопкерчиликтерди тапшырган. Ал шакирттерин акырындык менен окутуп-үйрөткөн. Өзүнөн мурун 12 элчисин, кийинчерээк 70 башка шакиртин жиберүү менен Иса аларды кабар айтуу ишинде жетекчиликти колго алууга даярдаган (Лк. 9:1—6; 10:1—7). Мунун аркасында Исанын ал жерлерде кабар айтуусуна жакшы негиз түзүлгөн. Асманга кетерде ал шакирттерине андан да маанилүү жоопкерчиликтерди, анын ичинде дүйнө жүзү боюнча кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишин тапшырган (Мт. 24:45—47; Элч. 1:8).
Жоопкерчиликтерди бөлүшүү жана окутуп-үйрөтүү кийин Исанын жолдоочуларынын жыйналыштарында да маанилүү орунду ээлеген. Элчи Пабыл Тиметейге: «Менден... уккандарыңды башкаларды үйрөтүүгө жарактуу боло турган ишенимдүү адамдарга айт»,— деп жазган (2 Тим. 2:2). Арийне, тажрыйбалуулар башкаларды окутуп-үйрөтүшү, ал эми үйрөнгөндөр билгендерин дагы башкалар менен бөлүшүшү абзел.
Аксакалдар жоопкерчиликтерди бөлүшүү менен башкалардын да окутуу жана оторду кайтаруу ишинде кубаныч алышына шарт түзө алат. Адамдын мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болгондуктан, аксакалдар жыйналыштагы жоопкерчиликтерди аркалоодо башкалардын жардамына муктаж экенин түшүнүшү керек. «Момундарда акылмандык»,— делет Ыйык Китепте (Накыл 11:2). Момун адам өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелүү экенин моюнга алат. Эгер аксакал баарын өзү эле кылууга аракет кыла берсе, ал өзү да кыйналат, үй-бүлөсүнө да көңүл бурууга убактысы калбай калат. Андыктан жоопкерчиликтерди башкалар менен бөлүшүү акылдуулукка жатат. Маселен, аксакалдар кеңешинин координатору башка аксакалдардан жыйналыштын эсеп-кысабын текшерип чыгууну суранышы мүмкүн. Эсеп-кысап кагаздарын карап чыгып, жыйналыштын финансылык абалы менен ал аксакалдар өздөрү эле таанышып алышат.
Жоопкерчиликтерди бөлүштүрүүнүн аркасында башкаларга жаңы бир нерсеге үйрөнүүгө жана тажрыйба топтоого шарт түзүлөт. Ошондой эле тапшырма алган бир тууганды байкоого мүмкүнчүлүк болот. Ошентип, аксакалдар кызмат жардамчысы боло ала турган бир туугандарды да аныктай алышат (1 Тим. 3:10).
Андан тышкары, жоопкерчиликтерди тапшыруу менен аксакалдар башкаларга ишенерин көрсөтөт. Пабыл Тиметей менен миссионердик кызматта жүргөндө аны көп нерсеге окутуп-үйрөткөн. Ошондон улам ал экөөнүн ортосунда ынак мамиле өрчүгөн. Пабыл Тиметейди «ишеним жолундагы чыныгы уулум» деген (1 Тим. 1:2). Жахаба менен Исанын да ынак мамилеси чогуу эмгектенүүнүн аркасында өрчүгөн. Анын сыңарындай, аксакалдар да башкаларга кайсы бир иштерди тапшырып, алар менен жакын боло алышат.
Эмне себептен айрымдар жоопкерчиликтер менен бөлүшкүсү келбейт?
Жоопкерчиликтер менен бөлүшүүнүн көп жакшы жактары бар экенин билишсе да, айрым аксакалдар, сыягы, мурункудай кадыр-баркка ээ болбой калам деп тынчсыздангандыктан, антүүнү каалашпайт. Мындайча айтканда, алар тизгин дайыма өзүмдүн колумда болушу керек деп ойлошу мүмкүн. Бирок Исанын асманга көтөрүлөр алдында шакирттерине олуттуу тапшырма бергенин эстесеңер: ал аларга өзү кылгандан алда канча чоң ишти аткарууну тапшырган (Мт. 28:19, 20; Жкн. 14:12).
Кээ бир аксакалдар, балким, берилген тапшырманын көңүлүндөгүдөй аткарылбай калганынан улам башкаларга көп ишенбей калгандыр. Алар жумушту өзүм эле жакшыраак да, батыраак да кылам деп ойлошу мүмкүн. Бирок Пабылдын үлгүсүнө көңүл бурсаңар. Ал жоопкерчиликтер менен бөлүшүү маанилүү экенин билген, ошол эле учурда тапшырма алгандар кайсы бир ишти дайыма эле ал күткөндөй аткара бербеши мүмкүн экенин да түшүнгөн. Мисалы, ал биринчи миссионердик сапарында Марк аттуу жаш шеригин окутуп-үйрөткөн. Бирок Марк дайындоосун таштап, үйүнө кетип калган. Буга Пабыл аябай капа болгон (Элч. 13:13; 15:37, 38). Ошентсе да ал башкаларды окутуп-үйрөтүүнү уланта берген. Жогоруда айтылгандай, ал Исанын жаш жолдоочусу Тиметейди тандап, аны миссионердик кызматында шерик болууга чакырган. Тиметей көбүрөөк жоопкерчиликтерди аркалоого даяр болуп калганда, Пабыл аны Эфестеги жыйналышка калтырып, ага аксакалдар менен кызмат жардамчыларын дайындоону тапшырган (1 Тим. 1:3; 3:1—10, 12, 13; 5:22).
Ошо сыяктуу эле, бүгүнкү күндө аксакалдар башкалардын берилген тапшырманы ойдогудай аткара албай калгандыгы үчүн эле аларды окутуп-үйрөтүүнү токтотуп койбошу керек. Ооба, башкаларга ишеним артуу жана аларды окутуу маанилүү да, акылдуулукка да жатат. Жоопкерчиликтерди тапшырууда аксакалдар эмнелерди эске алышы керек?
Эмнелерди эске алуу керек?
Жоопкерчиликтерди тапшырууда бир туугандардын жөндөмдүүлүктөрүн эске алуу зарыл. Иерусалимде күнүмдүк тамак-ашты бөлүштүрүүгө байланыштуу маселе пайда болгондо, элчилер ал ишти «ыйык рухка толгон, сыналган», акылдуу кишилерге табыштаган (Элч. 6:3). Эгер тажрыйбасыз бир тууганга кайсы бир олуттуу жумушту тапшырсаң, ал аны аткара албай калышы ыктымал. Андыктан, балким, адегенде ага жеңилирээк иштерди аткарууну тапшыраттырсың. Анан анын ишеничтүү болуп калганына көзүң жеткенде көбүрөөк жоопкерчиликтерди береттирсиң.
Андан тышкары, дагы башка нерселерди эске алуу керек. Ар кимдин мүнөзү жана шык-жөндөмү ар башка болот. Маселен, жароокер, мүнөзү жумшак бир тууган тескөөчү болууга, ал эми уюшулгандыкта, так жүргөн бир тууган жыйналыштын катчысынын жардамчысы болууга ылайыктуу болушу мүмкүн. Кооздоп-жасалгалоо жагынан жөндөмдүү эже-карындаштарга Эскерүү кечеси өтө турган жайдын сахнасын жасалгалоону тапшырууга болоттур.
Кимдир бирөөгө кайсы бир ишти табыштаганда, ага эмнелерди кылуу керектигин так-таасын түшүндүрүү маанилүү. Алсак, Чөмүлдүрүүчү Жакан шакирттерин Исага жибергенде аларга эмнелерди сурап-билип келүү керектигин ачык-айкын түшүндүргөн (Лк. 7:18—20). Анткен менен Исанын керемет жолу менен элди тойгузгандан кийин калган нанды шакирттерине чогултууну буйруганынан айрым нерселерди майда-чүйдөсүнө чейин түшүндүрө берүүнүн кажети жок экенин көрүүгө болот (Жкн. 6:12, 13). Демек, көп нерсе берилген тапшырмадан жана аны аткара турган кишинин жөндөмдүүлүгүнөн көз каранды. Ошондой эле тапшырманы берген бир тууган аны алган ишенимдеши менен иштин жыйынтыгы кандай болушу керектигин жана анын кандай жүрүп жатканын канча убакыт сайын билдирип туруу керектигин жакшылап сүйлөшүп алганы дурус. Андан тышкары, тапшырма алган кишиге ишти аткарууда канчалык деңгээлде эркиндик берилерин экөө тең макулдашып алышы керек. Эгер берилген ишти белгилүү бир мөөнөттө бүтүрүү керек болсо, аны: «Иши кылса, бүтөт да»,— деп койбой, алдын ала бир күндү белгилеп алган оң.
Кайсы бир ишти аткаруу тапшырылган бир тууганга акча-каражат, шаймандар же дагы башка жардам керек болоттур. Иса Петирге «асман падышалыгынын ачкычтарын берерин» айтканда, ал тууралуу башка шакирттери да уккан (Мт. 16:13—19). Ошол сыңары, айрым учурларда кайсы ишке ким жооптуу экенин жыйналыштагылардын да билгени жакшы.
Белгилей кетчү нерсе, жоопкерчиликтерди бөлүшүүдө тең салмактуулук керек. Кимдир бирөөгө кайсы бир ишти табыштап коюп, бирок кайра-кайра эле кийлигише берүү: «Сага көп ишене албай турам»,— деп айтканга барабар болуп калат. Ооба, кээде иштин жыйынтыгы ойдогудай болбой калышы мүмкүн. Ошентсе да аксакал тапшырма алган бир тууганга ишти өз алдынча аткарууга мүмкүнчүлүк берүү менен ага өзүн ишенимдүү сезүүгө жана тажрыйба топтоого жардам берет. Анткен менен бир тууганга ишти тапшырып коюп, бейкапар жүрө берүү туура эмес болуп калар эле. Жахаба Уулуна жаратуу маалында чоң иштерди тапшырса да, ал өзү да аны менен кошо эмгектенген. Ал Уулуна: «Биздин бейнебиз боюнча... адам жараталы»,— деп айткан (Башт. 1:26). Демек, тапшырма берген бир туугандын сөзүнөн жана ишинен тапшырманы аткарууга көмөктөшкүсү келгени көрүнүп турушу керек. Ошондой эле анын ишенимдешин күч-аракет жумшап жатканы үчүн мактап турганы маанилүү. Берилген тапшырма аткарылып бүткөндөн кийин анын кандай аткарылганына көңүл буруп коюу кажет. Эгер жумуш тийиштүү түрдө аткарылбаса, балким, кеңеш же кошумча жардам берүүгө болоттур. Кандай болбосун, ошол ишке, негизинен, аны табыштаган бир тууган жооптуу (Лк. 12:48).
Көптөр аксакалдардын чын жүрөктөн кызыгуу көрсөтүп, аларга жыйналыштагы ар кайсы жоопкерчиликтерди тапшырганынан чоң пайда алышууда. Ырас, бардык аксакалдар жоопкерчиликтер менен бөлүшүү жагынан Жахабадан үлгү алууга тийиш.
[29-беттеги кутуча]
ЖООПКЕРЧИЛИКТЕРДИ БӨЛҮШҮҮ МЕНЕН
• башкаларга аткарган ишинен кубаныч алууга өбөлгө түзөсүң,
• көбүрөөк иш аткарууга жетишесиң,
• акылдуулукту жана момундукту чагылдырасың,
• башкаларды окутуп-үйрөтөсүң,
• башкаларга ишеним артарыңды айгинелейсиң.
[30-беттеги кутуча]
ЖООПКЕРЧИЛИКТЕРДИ ТАПШЫРЫП ЖАТКАНДА
• кайсы ишке ким ылайыктуу болорун аныкта,
• так-даана түшүндүр, ачык сүйлөш,
• иштин кандай аткарылышы керектигин так сүйлөшүп ал,
• керектүү нерселер менен камсыз кыл,
• тапшырманын аткарылышына өзүң да кызыкдар бол жана ал бир тууганга ишенип жатканыңды көрсөт,
• негизги жоопкерчилик өзүңдө экенин унутпа.
[31-беттеги кутуча]
Тапшырманы берген соң, анын аткарылышына кызыкдар бол