Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Иса бүт Ысрайыл жергесин кыдырып, кабар айткан. Анда эмне үчүн элчи Петир жүйүт элинин жана алардын башчыларынын Исанын өлүмүнө «билбестиктен улам» себепкер болгонун айткан? (Элч. 3:17).

Элчи Петир жүйүттөрдүн тобуна алардын Машаяктын өлүмүнө катыштыгы бар экенин айтып: «Башчыларыңар сыяктуу эле силердин да ал ишти билбестиктен улам кылганыңарды билем»,— деген (Элч. 3:14—17). Кээ бир жүйүттөр, кыязы, Исанын ким экенин жана анын окууларын түшүнгөн эмес. Башкалар болсо Кудайга жагууга умтулбагандыктан жана бет карамалык, көрө албастык, жек көрүүчүлүк деген терс сапаттарынан улам Машаякты четке каккан.

Көптөрдүн Жахабага жагууга умтулбаганы Исанын окууларына болгон көз карашына кандай таасир эткенин карап көрөлү. Иса көп учурда мисалдар менен окуткан жана анын айткандарын тереңирээк түшүнгүсү келгендердин баарына алардын маанисин чечмелеп берген. Бирок айрымдар түшүнүүгө күч-аракет жумшагысы келбегендиктен, Исаны жолдобой калышкан. Бир жолу атүгүл кээ бир шакирттер да Исанын каймана мааниде айткан сөздөрүнө теригишкен (Жкн. 6:52—66). Алар Исанын мисалдары аркылуу ой жүгүртүүсүн жана иштерин өзгөртүүгө канчалык даяр экени сыналып жатканын баамдашкан эмес (Ыш. 6:9, 10; 44:18; Мт. 13:10—15). Ошондой эле алар Машаяктын мисалдар менен окутары тууралуу пайгамбарлыкты көңүлгө алышкан эмес (Заб. 77:2).

Дагы башкалар бет карамалыктан улам Исанын окууларын четке каккан. Бир жолу Иса өзүнүн туулуп-өскөн жеринде, Назаретте, синагогада элди окутуп жатканда, көптөр «таң калышкан». Алар Исанын Машаяк экенин кабыл алуунун ордуна, анын кандай үй-бүлөдөн келип чыкканын териштирип: «Мунун баарын бул кайдан билет?.. Бул Жакыптын, Жусуптун, Жүйүттүн жана Симондун биртууганы, Мариямдын уулу жыгач уста эле эмеспи. Карындаштары деле арабызда жүрүшөт го»,— деп айтышкан (Мр. 6:1—3). Назареттиктер Исанын жөнөкөй үй-бүлөдөн чыкканынан улам анын окууларын кабыл албай коюшкан.

Ал эми диний жетекчилер тууралуу эмне дешке болот? Алардын көбү ушу сыяктуу себептерден улам Исанын кабарына кулак кагышкан эмес (Жкн. 7:47—52). Диний жетекчилердин Исанын окууларын кабыл албаганынын дагы бир себеби алардын көрө албастыгында эле. Алардын элдин ага өтө эле көп көңүл бурганына ичи күйгөн (Мр. 15:10). Анын үстүнө, каада күткүсү келген ал кишилерге Исанын алардын эки жүздүү, алдамчы экенин ачык айтканы жаккан эмес (Мт. 23:13—36). Иса алардын билип туруп аны четке какканын айыптап: «Мыйзам билермандары, силерге кайгы! Анткени билимдин ачкычын алып алып, [Падышалыкка] өзүңөр да кирбей, кирүүнү каалагандарга да тоскоолдук кылдыңар»,— деген (Лк. 11:37—52).

Иса жакшы кабарды Ысрайыл жергесинде үч жарым жыл бою жарыялаган. Ошондой эле ал ишке башкаларды да үйрөткөн (Лк. 9:1, 2; 10:1, 16, 17). Исанын жана анын шакирттеринин иши ушунчалык ийгиликтүү болгондуктан, фарисейлер өз ара: «Көрдүңөрбү... Бүт дүйнө анын артынан баратат!» — деп тынчсызданышкан (Жкн. 12:19). Ооба, жүйүттөрдүн көбү Иса Машаяк тууралуу бир топ эле билишкен. Ошентсе да алар Исанын Машаяк экенин аныктап көрүүгө дитин бурган эмес. Алар билимин тереңдетип, Машаякка болгон сүйүүсүн өрчүтө алышмак, бирок алар антишкен эмес. Айрымдар атүгүл Исанын өлүмүнө забын болушкан. Ошондуктан элчи Петир жүйүттөргө: «Күнөөлөрүңөр кечирилиши үчүн, өкүнгүлө, Кудайга кайрылгыла. Ошондо Жахабанын өзүнөн жандандыра турган убак келет жана Ал силерге дайындалган Машаякты, атап айтканда, Исаны жиберет»,— деп кайрылган (Элч. 3:19, 20). Белгилей кетчү нерсе, ошондон тартып миңдеген жүйүттөр, анын ичинде көптөгөн дин кызматчылар да чындык жолуна түшүшкөн. Эми алар билбестиктин ишин кылышкан эмес; алар өкүнүп, Жахабанын жактыруусуна ээ болууга умтула башташкан (Элч. 2:41; 4:4; 5:14; 6:7).