Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кызматташуу рухий жактан өсүүгө өбөлгө түзөт

Кызматташуу рухий жактан өсүүгө өбөлгө түзөт

Кызматташуу рухий жактан өсүүгө өбөлгө түзөт

ҮЙ-БҮЛӨ рухий жактан өсүшү үчүн кызматташуу абдан маанилүү. Жахаба эң биринчи түгөйдү жаратканда да кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилеген. Ал Обо энени Адам атага «жардамчы» катары жараткан (Башт. 2:18). Андыктан нике бири бирине жөлөк-таяк болгон эркек менен аялдын шериктиги болушу абзел (Нас. 4:9—12). Жахаба тапшырган милдеттерди ата-энелер менен балдар жакшы аткарыш үчүн алардан кызматташуу талап кылынат.

Үй-бүлөлүк изилдөө

Бари менен Хайдинин беш баласы бар. Алар үй-бүлөлүк изилдөө өткөрүүдө кызматташуу рухий жактан өсүүгө бир топ жардам берип жатканын байкашкан. Бари мындай дейт: «Үй-бүлөлүк изилдөөнүн алдында балдарга маал-маалы менен анча чоң эмес тапшырмаларды берем. Мисалы, „Ойгонгула!“ журналынан кайсы бир макаланы окуп чыгып, кызыктуу ойлорду таап келишин суранам. Ошондой эле ар бир балабызга кабар айтууда колдонулчу сунуштоолорду даярдап келүүнү тапшырып, үй-бүлөлүк изилдөө учурунда бири бирибизге көрсөтөбүз». Хайди мындай деп кошумчалайт: «Ар бирибиз алдыбызга койгон рухий максаттарды жазып алганбыз. Анан мезгил-мезгил менен үй-бүлөлүк изилдөөдө кандай ийгиликтерди жасап жатканыбыз тууралуу талкуулашыбыз». Ошондой эле тынч отуруп китеп-журнал окуш үчүн, ал үй-бүлө жуманын кайсы бир кечтеринде таптакыр телевизор көрбөөнү чечишкен.

Жыйналыш жолугушуулары

Майк менен Дениздин төрт баласы бар. Алар кызматташуунун аркасында кандай пайдаларды алышкан? Майк мындай деп ой бөлүшөт: «Баарын жакшы пландаштырган күндө да, үй-бүлөдө кызматташуу болбосо, жыйналыштарга кечикпей баруу кыйынга турарын байкадык». Дениз болсо мындай дейт: «Балдарыбыз чоңойгон сайын, ар бирине өзүнчө милдеттерди тапшыра баштадык. Кызым Ким тамак жасашып, үстөлдүн үстүн даярдашчу». Алардын уулу Майкл мындай деп эскерет: «Шейшемби күнү кечинде биздин үйдө жыйналыш жолугушуусу өткөрүлчү. Ошон үчүн биз үйдү тазалап, чаңын сордуруп, отургучтарды коюштуруп даярдап койчубуз». Дагы бир уулу Мэтью: «Жыйналышка даярдык көрүшүбүз үчүн атам да ошол күнү жумуштан эртерээк келип, жардам берчү»,— деп кошумчалайт. Алардын аракетинин натыйжасы кандай болгон?

Кызматташуунун аркасында келген баталар

Майк мындай дейт: «1987-жылы Дениз экөөбүз пионердик кызматты баштаганбыз. Ал убакта үч балабыз тең биз менен чогуу турчу. Кийинчерээк кызыбыз менен уулубуз пионер болду, ал эми дагы бир уулубуз Бейтелдеги курулуш иштерине катышып жүрдү. Биздин үй-бүлө орто эсеп менен 40 кишиге Жахабага өз өмүрүн арнап, чөмүлтүлүүгө жардам берди. Ошондой эле үй-бүлөбүз менен атүгүл башка өлкөлөргө барып, курулуш иштерине катышуудан чоң кубаныч алдык».

Арийне, үй-бүлө мүчөлөрүнүн кызматташуусу көптөгөн баталарды алып келет. Балким, силер да үй-бүлөңөр менен кайсы бир жактардан кызматташышыңар керек экенин байкагандырсыңар. Кызматташуу үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө рухий жактан өсүүгө жардам берерине шектенбесеңер болот.

[28-беттеги сүрөт]

Сунуштоолорду көрсөтүү натыйжалуу кабар айтууга жардам берет