Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Үй-бүлөлөр, Исадан үлгү алгыла!

Үй-бүлөлөр, Исадан үлгү алгыла!

Үй-бүлөлөр, Исадан үлгү алгыла!

«Машаяк... анын изи менен так жүрүшүңөр үчүн, силерге үлгү калтырган» (1 ПЕТ. 2:21).

1. а) Жаратууда Кудайдын Уулунун ролу кандай болгон? б) Иса адамзатка карата кандай сезимде?

КУДАЙ асман менен жерди жаратып жатканда, тун Уулу анын жанында «сүрөтчү» катары кызмат кылган. Жахаба жер бетине жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн түмөндөгөн түрүн жаратып, адамзаттын үйү боло турган Бейишти даярдап жатканда, Кудайдын Уулу Атасы менен бирге эмгектенген. Кийинчерээк Иса деп белгилүү болгон Кудайдын Уулу адамзатты абдан сүйгөн. Анын кубанычы «адам баласы менен бирге болгон» (Накыл 8:27—31; Башт. 1:26, 27).

2. а) Жахаба күнөөкөр адамзат үчүн эмнелерди караштырган? б) Ыйык Китепте жашоонун кайсы тармагына байланыштуу жетекчилик камтылган?

2 Биринчи түгөй күнөө кетиргенден кийин, күнөөкөр адамзатты куткаруу Жахабанын ой-ниетинде маанилүү орунду ээлеген. Жахаба ан үчүн Машаяктын куткаруу курмандыгын караштырган (Рим. 5:8). Ошондой эле адамдарга тукум кууп өткөн жеткилеңсиздикке карабай ийгиликке жетүүгө көмөк кылган өзүнүн Сөзүн, Ыйык Китепти, берген (Заб. 118:105). Жахабанын Сөзүндө үй-бүлөнү бекемдөөгө жана бактылуу кылууга жардам берген жетекчилик камтылган. Нике тууралуу Башталыш китебинде: «Адам... аялы менен биригет. Ошентип, экөө бир дене болот»,— деп айтылган (Башт. 2:24).

3. а) Иса никеге байланыштуу эмнеге окуткан? б) Бул макалада эмне каралат?

3 Жерде кызмат кылып жүргөндө Иса никенин түбөлүккө созулуучу түзүлүш болушу керектигин баса белгилеген жана үй-бүлөдө колдонорлук принциптерге окуткан. Үй-бүлө мүчөлөрү аларга ылайык иш кылышса, никеге жана үй-бүлөнүн бактысына терс таасир тийгизген маанайдан, жүрүм-турумдан кача алышат (Мт. 5:27—37; 7:12). Бул макалада Исанын окуулары жана жерде жүргөндө көрсөткөн үлгүсү күйөөлөргө, зайыптарга, ата-энелерге жана балдарга бакыт, канааттануу тартуулаган жашоо өткөрүүгө кандайча жардам берери каралат.

Исаны жолдогон күйөө жубайына кантип урмат көрсөтөт?

4. Иса менен аны жолдогон күйөөлөрдүн аткарган ролунун ортосунда кандай окшоштук бар?

4 Кудай күйөөнү, Иса жыйналыштын башчысы болгондой эле, үй-бүлөнүн башчысы кылып дайындаган. Элчи Пабыл мындай деген: «Машаяк жыйналыштын, дененин, куткаруучусу жана башчысы болгондой эле, күйөө — аялынын башчысы. Күйөөлөр, аялыңарга болгон сүйүүңөрдү муздатпагыла. Машаяк да жыйналышты сүйүп, ал үчүн өмүрүн берген» (Эф. 5:23, 25). Ооба, Иса өзүнүн жолдоочуларына жасаган мамилеси менен анын жолун жолдогон күйөөлөргө аялына кандай мамиле кылуу керектиги жагынан үлгү калтырган. Келгиле, Исанын Кудайдан алган бийлигин кандай колдонгонунун кээ бир жактарына токтолуп көрөлү.

5. Иса шакирттерине мамиле кылууда бийлигин кантип колдонгон?

5 Иса жумшак жана жүрөгү момун болгон (Мт. 11:29). Ошону менен бирге керек учурда чечкиндүү иш-аракет кылган. Ал жоопкерчиликтерине эч качан кош көңүл мамиле кылган эмес (Мр. 6:34; Жкн. 2:14—17). Иса шакирттерине жумшактык менен кеңеш бере турган, зарыл болгондо атүгүл аны кайра-кайра кайталаган (Мт. 20:21—28; Мр. 9:33—37; Лк. 22:24—27). Анткен менен аларды урушкан же кемсинткен эмес. Ошондой эле шакирттерине өздөрүн эч кимге кереги жоктой сезүүгө же ал үйрөткөн нерселерди аткарууга жөндөмсүз сезүүгө себеп берген эмес. Кайра аларды мактап, кайраттандырган (Лк. 10:17—21). Исанын өзүнүн шакирттерине сүйүү жана боорукердик менен мамиле кылганынын аркасында алардын сый-урматына татыганы таң калыштуу эмес!

6. а) Исанын шакирттерине жасаган мамилесинен күйөөлөр эмнеге үйрөнө алышат? б) Петир күйөөлөрдү эмне кылууга үндөгөн?

6 Исадан үлгү алып, күйөөлөр башчылык кылууда аялына катаал мамиле кылбашы керек. Тескерисинче, аны кадырлап-сыйлашы, жан аябастык сүйүү көрсөтүшү зарыл. Элчи Петир күйөөлөрдү, шакирттерине сүйүү менен мамиле кылган Исаны туурап, аялдарына «урмат көрсөтүүгө» үндөгөн (Оку: 1 Петир 3:7). Анда күйөөлөр канткенде бийлигин колдонуп, ошол эле учурда аялына сый-урмат менен мамиле кыла алат?

7. Күйөө аялын урматтаарын кантип көрсөтөт? Мисал келтиргиле.

7 Күйөөсү үй-бүлөгө таасир эте турган чечимдерди чыгарардын алдында аялынын көз карашын, сезимдерин эске алуу менен ага урмат көрсөткөн болот. Балким, башка жерге көчүүгө, жумуш алмаштырууга же башка күндөлүк иштерге, мисалы, өргүүнү каякта өткөрүүгө же кымбатчылык маалында үй-бүлөнүн чыгымдарын кантип азайтуу керектигине байланыштуу чечимдерди чыгарууга туура келеттир. Андай чечимдер үй-бүлөгө таасир эте тургандыктан, күйөөсү аялынын оюн эске алганы пайдалуу: бул тең салмактуу, акылдуу чечим чыгарууга өбөлгө түзүшү мүмкүн. Андан сырткары, аялы үчүн күйөөсүнө колдоо көрсөтүү оңой болот (Накыл 15:22). Аялын сыйлаган күйөө өмүрлүк жарынын сүйүүсүнө, урмат-сыйына эле эмес, баарынан маанилүүсү, Жахабанын жактыруусуна ээ болот (Эф. 5:28, 29).

Аялы күйөөсүн терең урматтаарын кантип көрсөтөт?

8. Обо эне жакшы үлгү калтырган эмес деп эмне үчүн айта алабыз?

8 Иса бийликке баш ийүү жагынан аялдарга жеткилең үлгү калтырган. Анын бийликке болгон көз карашы алгачкы аялдыкынан кандай гана айырмаланат! Обо эне аялдарга жакшы үлгү калтырган эмес. Жахаба көрсөтмөлөрдү берип туруу үчүн, ага башчыны дайындаган. Бирок Обо күйөөсүнүн бийлигине урмат көрсөткөн эмес. Ал Адам ата аркылуу берилген көрсөтмөгө баш ийбей койгон (Башт. 2:16, 17; 3:3; 1 Кор. 11:3). Обонун алданганы чын, бирок ал «Кудай... билген» нерселерди билерин ырастаган үнгө ишениш керекпи, жокпу, күйөөсүнөн сурашы керек эле. Анткендин ордуна, ал күйөөсүн башкарууга батынган (Башт. 3:5, 6; 1 Тим. 2:14).

9. Баш ийүү жагынан Иса кандай үлгү калтырууда?

9 Иса, андан айырмаланып, өзүнүн Башчысына баш ийүү жагынан жеткилең үлгү калтырган. Анын маанайы жана жашоо мүнөзү көрсөткөндөй, «Кудайдын абалын ээлеп алуу, атап айтканда, аны менен тең болуу оюна да келген эмес». Тескерисинче, «ал бардык нерсесин калтырган жана... кул кейпин кийген» (Флп. 2:5—7). Бүгүн Падыша катары бийлик жүргүзүп жаткан Исанын маанайы дагы деле ошондой. Ал момундук менен Атасына бардык жагынан баш иет жана Анын башчылыгын колдойт (Мт. 20:23; Жкн. 5:30; 1 Кор. 15:28).

10. Аялы күйөөсүнүн башчылыгын колдоорун кантип көрсөтө алат?

10 Исанын жолун жолдогон аял, андан үлгү алып, күйөөсүнүн башчылыгын колдогону дурус (Оку: 1 Петир 2:21; 3:1, 2). Ал муну кантип кылса болорун көрсөткөн бир жагдайды алып көрөлү. Уулу ата-энесинин уруксаты керек болгон кайсы бир ишке катышуу үчүн апасынан суранат. Апасы ага чейин күйөөсү менен ал тууралуу талкуулабаса, уулунан: «Атаңдан уруксат алдыңбы?» — деп сураганы орундуу болот. Уруксат ала элек болсо, кандайдыр бир чечим чыгарардан мурун күйөөсү менен ал жөнүндө сүйлөшүшү абзел. Андан тышкары, Исаны жолдогон аял балдарынын көзүнчө күйөөсүнүн айткандарына каршы чыкпашы же анын пикирин талашка салбашы керек. Эгер ал кайсы бир нерсеге байланыштуу күйөөсү менен макул болбосо, аны ага өзүнчө айтканы оң (Эф. 6:4).

Исанын ата-энелерге калтырган үлгүсү

11. Иса ата-энелерге кандай үлгү калтырган?

11 Иса эч качан үй-бүлө курбаса же ата болбосо да, ата-энелер үчүн мыкты үлгү калтырган. Кандайча? Ал шакирттерине сүйүү, чыдамдуулук көрсөтүп, аларды сөзү менен да, иши менен да окуткан. Ал аларга өзү берген тапшырманы кантип аткаруу керектигин көрсөткөн (Лк. 8:1). Анын шакирттерине карата кандай көз карашта болгону жана аларга жасаган мамилеси аларды бири бирине кандай мамиле кылуу керектигине үйрөткөн (Оку: Жакан 13:14—17).

12, 13. Ата-энелер балдарын Кудайдан корккон адамдардан кылып чоңойтуу үчүн эмне кылышы керек?

12 Балдар ата-энесин тууроого жакын келишет: алардын жакшы да, жаман да жагын туурашат. Андыктан, ата-энелер, өзүңөргө төмөнкү суроолорду берип көргүлө: «Телевизор көрүүгө, көңүл ачууга, ошондой эле Ыйык Китепти изилдөөгө жана кабар айтууга канча убакыт бөлүү керектигине байланыштуу балдарыбыз бизден эмнеге үйрөнүп жатышат? Үй-бүлөбүздө чынында эмнелер биринчи орунда турат? Өткөргөн жашообуз жана чыгарган чечимдерибиз менен чыныгы сыйынуу көңүлүбүздүн борборунда экенин көрсөтүп, балдарыбызга жакшы үлгү болуп жатабызбы?» Ата-энелер балдарынын Кудайдан корккон адамдардан болуп чоңоюшун каалашса, Кудайдын мыйзамы алгач өздөрүнүн жүрөгүндө болушу керек (Мыйз. 6:6).

13 Эгер ата-энелер күндөлүк иштерде ыйык китептик принциптерди колдонууга аракет кылышса, балдары муну байкабай койбойт. Ошондо ата-энелердин сөздөрү, үйрөткөн нерселери таасирдүү болот. Ал эми балдар ата-энелеринин айтканы — бир, кылганы бөлөк экенин көрсө, ыйык китептик принциптер маанилүү же пайдалуу деле эмес деген жыйынтыкка келиши мүмкүн. Натыйжада алар дүйнөнүн кысымына алдырып коюшу ыктымал.

14, 15. Ата-энелер балдарына эмнелерди баалоого үйрөтүшү керек жана мунун бир жолу кайсы?

14 Исаны жолдогон ата-энелер баланы тарбиялоо деген ага материалдык жактан кам көрүүдөн да көптү билдирерин түшүнүшөт. Ошо себептен баланы материалдык жактан гана пайда алып келген максаттарга умтулууга үндөө акылсыздык болуп калмак (Нас. 7:12). Иса шакирттерин рухий асыл нарктарга умтулуп, аларды жашоодо башкы орунга коюуга үйрөткөн (Мт. 6:33). Андыктан ата-энелер, Исаны туурап, балдарына рухий максаттарды көздөөгө каалоо өрчүтүүгө жардам бериши керек.

15 Мындай кылуунун бир жолу — балдарга толук убакытта кызмат кылган бир туугандар менен баарлашууга мүмкүнчүлүк түзүп берүү. Өспүрүмдөргө пионерлер, райондук көзөмөлчү жана анын жубайы менен таанышуу канчалык бекемдээрлик болорун ойлоп көрсөңөр. Миссионерлер, бейтелдиктер жана эл аралык куруу ишине катышкандар Жахабага кызмат кылуудан кандай кубаныч алып жатканын шыктануу менен айтып бере алышат. Андай бир туугандардын кызыктуу окуялар менен бөлүшөрү шексиз. Алардын жан аябастык менен аткарып жаткан кызматы балдарыңарга акылдуу чечимдерди чыгарууга өбөлгө түзөт. Ошондой эле мактоого татырлык максаттарды коюуга жана толук убакытта кызмат кылуу үчүн өздөрүн камсыз кылып кете алгыдай билим алууга чоң жардам берет.

Балдар, Исаны тууроого силерге эмне жардам берет?

16. Иса жердеги ата-энесин жана асмандагы Атасын урматтаарын кантип көрсөткөн?

16 Балдар, Иса силерге да мыкты үлгү калтырган. Ал аны чоңойтуп-өстүргөн Жусуп менен Мариямдын тилин алган (Оку: Лука 2:51). Иса Кудайдын Жусуп менен Мариямга, алар жеткилеңсиз болушса да, ага кам көрүү жоопкерчилигин бергенин билген. Мына ошо себептен аларды урматташы керек болчу (Мыйз. 5:16; Мт. 15:4). Ал эми чоңоюп эр жеткенде дайыма асмандагы Атасына жакканды кылган. Бул азгырыктарды четке кагууну да билдирген (Мт. 4:1—10). Улан-кыздар, кээде силер да ата-энеңерге баш ийбөөгө азгырылышыңар мүмкүн. Анда Исаны тууроого силерге эмне жардам берет?

17, 18. а) Жаштар мектептен кандай кысымга дуушар болушат? б) Эмнени эстеп жүрүү жаштарга сыноолорго туруштук берүүгө жардам берет?

17 Балким, классташтарыңардын көбү ыйык китептик нормаларга анча деле же такыр маани бербейттир. Алар силерди кандайдыр бир шектүү ишке катыштырууга аракет кылышы ыктымал жана аны четке какканыңар үчүн шылдыңдашы мүмкүн. Классташтарыңар, алар менен бирге кайсы бир ишти кылбаганыңар үчүн, силерге ат коюшту беле? Эгер ошентсе, эмне кыласыңар? Коркунучка алдырып, аларга кошулуп кетсеңер, ата-энеңердин жана Жахабанын жүрөгүн оорутарыңарды унутпагыла. Классташтарыңар кылганды кылсаңар, кесепети кандай болот? Мүмкүн, алдыңарга пионер же кызмат жардамчысы болуу, Падышалыктын жарчыларына муктаждык көбүрөөк болгон жерде же Бейтелде кызмат кылуу сыяктуу максаттарды койгондурсуңар. Классташтарыңар менен тыгыз мамиледе болуу ошол максаттарыңарга жетүүгө жардам береби?

18 Силер, жыйналыштагы жаштар, ишенимиңер сыналган жагдайларга кабылып жатасыңарбы? Андайда эмне кыласыңар? Силерге үлгү калтырган Исаны эстегиле. Ал азгырыкты четке кагып, туура нерсеге бекем карманган. Ушуну дайым эстеп жүрсөңөр, классташтарыңарга алар менен бирге кайсы бир туура эмес ишти кылгыңар келбей турганын ачык айтууга чечкиндүү болосуңар. Исага окшоп, көңүлүңөрдү алдыда күтүп турган кубанычтуу кызматка жана Жахабага тил алчаактык көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө бургула (Эвр. 12:2).

Үй-бүлөлүк бакыттын сыры

19. Жашоодо эмне чыныгы бакыт алып келет?

19 Жахаба Кудай жана Иса Машаяк адамзатка жалаң гана жакшылыкты каалайт. Биз жеткилең эмес болгонубузга карабай, бактылуу боло алабыз (Ыш. 48:17, 18; Мт. 5:3). Иса шакирттерин адамзаттын бактылуу болушуна өбөлгө түзгөн диний чындыктарга окуткан, бирок анын аларга үйрөткөн нерселери ошону менен эле чектелген эмес. Ал өмүр жолунун эң жакшысы кайсы экенин да көрсөткөн. Андан сырткары, тең салмактуу жашоо өткөрүү жана тең салмактуу көз карашта болуу жагынан үлгү калтырган. Баарыбыз, үй-бүлөдөгү ролубуз кандай болбосун, аны тууроодон пайда алабыз. Андыктан, күйөөлөр, зайыптар, ата-энелер жана балдар, Исадан үлгү алгыла! Исанын окууларына жана үлгүсүнө кармансаңар, үй-бүлөлүк жашооңор бактылуу жана канааттандырарлык болот.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Күйөөлөр Кудай берген бийликти кандай колдонушу керек?

• Аялдар Исанын үлгүсүн кантип туурай алышат?

• Исанын шакирттерине кылган мамилесинен ата-энелер эмнеге үйрөнө алышат?

• Жаштар Исадан эмнеге үйрөнө алышат?

[Изилдөө суроолору]

[8-беттеги сүрөт]

Жакшы күйөө үй-бүлөгө таасир эте турган чечим чыгарардан мурун эмне кылат?

[9-беттеги сүрөт]

Аялы кандай жагдайда күйөөсүнүн башчылыгын колдоорун көрсөтө алат?

[10-беттеги сүрөт]

Балдар ата-энесинин жакшы адаттарын туурашат