Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудай жерде түбөлүк жашоого үмүт берген

Кудай жерде түбөлүк жашоого үмүт берген

Кудай жерде түбөлүк жашоого үмүт берген

«Жаратылган нерселер курулай убаракерчиликке... баш ийген. Ошол эле учурда ага үмүт берилген» (РИМ. 8:20).

1, 2. а) Жер бетинде түбөлүк жашоого болгон үмүт биз үчүн эмне себептен маанилүү? б) Көптөр жер бетинде түбөлүк өмүр сүрүү мүмкүн экенине эмне үчүн ишенишпейт?

ЖАКЫНДА бардык адамдардын картайбай, өлүмгө моюн сунбай жер бетинде түбөлүк өмүр сүрөрүн биринчи жолу укканда сүйүнгөнүңөр эсиңерде чыгар (Жкн. 17:3; Аян 21:3, 4). Башкаларга Ыйык Китепке негизделген ушул үмүт жөнүндө айтып берүүдөн да кубаныч алып жатканыңар шексиз. Ооба, түбөлүк жашоого болгон үмүт биз тараткан жакшы кабардын маанилүү бөлүгү болуп эсептелет. Анын жашоого болгон көз карашыбызга тийгизген таасири да чоң.

2 Христиан дүйнөсүндөгү диндердин басымдуу бөлүгү жер бетинде түбөлүк жашоого болгон үмүттү четке кагышат. Ыйык Китепте жандын өлө турганы айтылса да, чиркөөлөрдүн көбү адамдын өлгөндөн кийин рухий чөйрөдө жашай бере турган өлбөс жаны бар деп, Жазмага негизделбеген окууну жактап келишет (Жез. 18:20). Ошондуктан көптөр жер бетинде түбөлүк өмүр сүрүү мүмкүн экенине ишенишпейт. Ушундан улам бизде: «Ыйык Китепте чынында эле бул үмүт тууралуу айтылабы? Андай болсо, Кудай адамдарга ал тууралуу биринчи жолу качан ачып берген?» — деген суроолор пайда болушу мүмкүн.

«Курулай убаракерчиликке... баш ийген. Ошол эле учурда ага үмүт берилген»

3. Кудайдын адамзатка болгон ой-ниети тээ алмустакта эле кандайча белгилүү болгон?

3 Жахабанын адамзатка болгон ой-ниети тээ алмустакта эле белгилүү болгон. Кудай Адам атага, эгер ал тил алчаак болсо, түбөлүк жашаарын айкын билдирген (Башт. 2:9, 17; 3:22). Адам атанын алгачкы урпактары адамзаттын жеткилеңдиктен ажырап калганын билишкен. Анткени алар Эйден багына кирүүгө тыюу салынганын, адамдардын картайып, акыры өлүмгө дуушар болуп жатканын көрүшкөн (Башт. 3:23, 24). Убакыттын өтүшү менен адамдын өмүрү кыскара берген. Адам ата 930 жыл жашаган. Топон суудан аман өткөн Шем 600 жыл, ал эми анын уулу Арпакшат 438 эле жыл жашаган. Ыбрайымдын атасы Терах 205ке чыгып көз жумган. Ыбрайым 175 жыл, анын уулу Ыскак 180 жыл, Жакып болсо 147 жыл жашаган (Башт. 5:5; 11:10—13, 32; 25:7; 35:28; 47:28). Өмүрдүн кыскарганынан улам көптөр түбөлүк өмүр сүрүү мүмкүнчүлүгүнөн кол жууп калышканын түшүнүшсө керек. Бирок кайрадан түбөлүк жашоого үмүттөнүүгө негиз бар беле?

4. Байыркы ишенимдүү адамдарда Кудайдын Адам ата жоготкон баталарды кайра кайрып берерине ишенүүгө кандай негиз бар эле?

4 Кудайдын Сөзүндө: «Жаратылган нерселер [адамдар] курулай убаракерчиликке... баш ийген. Ошол эле учурда ага үмүт берилген»,— делет (Рим. 8:20). Кайсы үмүт жөнүндө сөз жүрүп жатат? Ыйык Китептеги эң биринчи пайгамбарлыкта жыландын башын жанчый турган «тукум» жөнүндө айтылган (Оку: Башталыш 3:1—5, 15). Тукум жөнүндөгү ал убада ишенимдүү адамдарга Кудайдын адамзатка болгон ой-ниетин сөзсүз аткарарына үмүттөнүүгө негиз берген. Алсак, ал убада Абыл, Нух сыяктуу ишенимдүү кызматчыларды Кудайдын Адам ата жоготкон баталарды кайра кайрып берерине ынандырган. Алар Тукумдун согончогунун чагылышы кандын төгүлүшү менен байланыштуу экенин түшүнүшсө керек (Башт. 4:4; 8:20; Эвр. 11:4).

5. Ыбрайымдын тирилүүгө ишенгени эмнеден көрүнүп турат?

5 Мисалга Ыбрайымды алып көрөлү. Ишеними сыналып жатканда ал өзүнүн жалгыз уулу «Ыскакты курмандыкка чалып койгондой эле болгон» (Эвр. 11:17). Ал эмне себептен андай курмандыкка даяр болгон? (Оку: Эврейлер 11:19). Анткени Ыбрайым тирилүү болоруна ишенген. Анда тирилүүгө ишенүүгө орчундуу негиз бар болчу, себеби Жахаба Ыбрайымды жана анын аялы Саараны улгайып калышканына карабай балалуу болууга жөндөмдүү кылган (Башт. 18:10—14; 21:1—3; Рим. 4:19—21). Андан тышкары, Жахаба ага: «Сенин тукумуң Ыскактан тарайт»,— деп убада берген (Башт. 21:12). Ошол себептен Ыбрайым Жахабанын Ыскакты тирилтерине эч шектенген эмес.

6, 7. а) Жахаба Ыбрайым менен кандай келишим түзгөн? б) Кандайча Жахабанын Ыбрайымга берген убадасы адамзатка үмүт берет?

6 Ыбрайым күчтүү ишенимге ээ болгондуктан, Жахаба аны менен урпагына же «тукумуна» байланыштуу келишим түзгөн (Оку: Башталыш 22:18). «Тукумдун» негизги бөлүгү Иса Машаяк экени айкын болгон (Гал. 3:16). Андан тышкары, Жахаба Ыбрайымга анын «тукумунун» «асмандагы жылдыздардай, деңиз жээгиндеги кумдай» көбөйөрүн айткан. Башкача айтканда, Ыбрайымга тукумунун саны канча болору белгисиз болгон (Башт. 22:17). Бирок кийин ал сан ачылып берилген. «Тукумду» Иса Машаяк жана анын Падышалыгында аны менен кошо башкара турган 144 000 түзөт (Гал. 3:29; Аян 7:4; 14:1). Машаяк башкарган ал Падышалык аркылуу «бүт жер жүзүнүн элдери бата алышат».

7 Ыбрайым аны менен түзүлгөн келишимдин маанисин толук түшүнө алган эмес. Анткен менен, Ыйык Китепте айтылгандай, «ал пайдубалы бекем... болгон шаарды күтүп жүргөн» (Эвр. 11:10). Ал шаар — Кудайдын Падышалыгы. Падышалык алып келе турган баталарга ээ болуш үчүн Ыбрайым кайра жашашы керек. Ал тирилүү аркылуу гана жер үстүндө түбөлүккө өмүр сүрө алат. Түбөлүк өмүргө Армагедондон аман өткөндөр жана өлүм уйкусунан ойгонгондор да ээ болушат (Аян 7:9, 14; 20:12—14).

«Рухум ичиме батпай бара жатат»

8, 9. Аюб китебинде бир кишинин сыноолору тууралуу эле жазылган эмес деп эмне үчүн айта алабыз?

8 Ыбрайымдын чөбөрөсү Жусуп жашаган убак менен Муса пайгамбар жашаган убакыт аралыгында Аюб деген киши жашаган. Сыягы, Муса жазган Аюб китебинде Жахабанын Аюбдун азап тартышына эмне себептен жол бергени жана ал туш болгон кыйынчылыктардын кандайча чечилгени баяндалат. Бирок ал китепте бир кишинин сыноолору тууралуу эле эмес, бүт аң-сезимдүү жаратууларга тиешелүү талаш маселе көтөрүлгөнү тууралуу да айтылат. Аюб китеби Жахабанын адилдик менен башкарарын терең түшүнүүгө көмөк кылат. Анда Кудайдын жердеги бардык кызматчыларынын актыгы жана түбөлүк өмүргө болгон үмүтү Эйден багында көтөрүлгөн талаш маселеге байланышы бар экени ачылып берилет. Аюб ал маселе тууралуу билбесе да, үч шериги эмне дебесин, Кудайдын алдында актыгынан жазбаганына толук ишенген (Аюб 27:5). Бул биздин ишенимибизди бекемдейт жана актыгыбызды сактап, Жахабанын эгедерлигин колдой аларыбызга ынандырат.

9 Аюбду сооротумуш болгон үч киши сүйлөп бүткөндөн кийин, «Буздук Барахел уулу Элийу» сөзүн баштайт. Оюн айтууга ага эмне түрткү берген? Ал: «Айтар сөзүм толтура, рухум ичиме батпай бара жатат»,— деген (Аюб 32:5, 6, 18). Элийунун рухтун жетеги менен айткан сөздөрү, Аюб жоготкон нерселерине кайрадан ээ болгондо, аткарылган. Бирок анын айткандары башка адамдар үчүн да мааниге ээ. Анткени ал сөздөр актыгын сактагандардын баарына келечекке үмүт байлоого негиз берет.

10. Кээде Жахабанын бир эле адамга берген кабары бүт адамзатка тиешелүү болору эмнеден көрүнүп турат?

10 Кээде Жахабанын бир эле адамга берген кабары бүт адамзатка тиешелүү болот. Бул Даниелдин Бабыл падышасы Небухаданасардын түшүнө байланыштуу пайгамбарлыгынан көрүнүп турат. Түшүндө падыша бийик дарактын кыйылганын көргөн (Дан. 4:10—27). Ал түш Небухаданасарга байланыштуу аткарылса да, чынында, андан да көп нерсени билдирет. Анын түшү көрсөтүп тургандай, Дөөтү падышанын тукумунан чыккан падышалардын башкаруусу аркылуу көрсөтүлгөн Кудайдын жер үстүнөн болгон бийлиги б.з.ч. 607-жылдан тартып 2520 жыл өткөндөн кийин кайрадан орномок *. Ооба, 1914-жылы Иса Машаяк асманда падышалык такка отурганда, Кудайдын жер үстүнөн болгон бийлиги кайрадан орнотулган. Жакында ал Падышалык тил алчаак адамдардын үмүтүн ишке ашырат!

«Аны көрдөн куткар»

11. Элийунун сөздөрүнөн Кудай жөнүндө эмнени билүүгө болот?

11 Аюбга берген жообунда Элийу «адамга түз жол көрсөтүүчү, миңдеген периштелердин бири болгон насаатчы периште» тууралуу айткан. Ал «жол көрсөтүүчү» Кудайдан ырайым сурап тиленсе, Кудай кандай жооп кайтарат? Элийу мындай дейт: «Кудай ага боор ооруп: „Аны көрдөн куткар, Мен анын жаны үчүн төлөнүүчү кун таптым“,— дейт. Ошондо анын денеси жаш кезиндегиден да жаш болуп калат. Ал өзүнүн жаш чагына кайрылып келет» (Аюб 33:23—26). Бул сөздөр Кудайдын өкүнгөн адамдар үчүн төлөнө турган «кунду» даярдуулук менен кабыл аларын көрсөтүп турат (Аюб 33:24).

12. Элийунун сөздөрү адамзатка кандай үмүт берет?

12 Пайгамбарлар өздөрүнүн жазгандарынын маанисин айкын түшүнбөгөндөй эле, Элийу да кундун маанисин толук түшүнбөсө керек (Дан. 12:8; 1 Пет. 1:10—12). Бирок анын сөздөрүндө Кудайдын келечекте кунду кабыл аларына, адамзатты карылык менен өлүмдөн куткарарына байланыштуу үмүт камтылган. Ооба, Элийунун сөздөрүнөн түбөлүк жашоого болгон эң сонун үмүт жөнүндө билүүгө болот. Андан сырткары, Аюб китеби тирилүү болорун айкын көрсөтүп турат (Аюб 14:14, 15).

13. Исанын жолдоочулары үчүн Элийунун сөздөрү кандай мааниге ээ?

13 Элийунун сөздөрү азыркы түзүлүш кыйратылганда аман калууга үмүттөнүп жаткан Кудайдын миллиондогон кызматчылары үчүн да чоң мааниге ээ. Аман калгандардын арасындагы кары ишенимдештерибиз кайрадан кырчын курагына кайрылып келишет (Аян 7:9, 10, 14—17). Андан тышкары, тирилтиле тургандардын кайрадан жашарарын билүү ишенимдүү адамдарды кубандырбай койбойт. Исанын майланган жолдоочуларынын асманда өлбөстүккө ээ болушу жана «башка койлордун» жер бетинде түбөлүк жашашы Машаяктын куткаруу курмандыгына ишеним артуудан көз каранды (Жкн. 10:16; Рим. 6:23).

Өлүм жер бетинен жок болот

14. Ысрайылдыктар түбөлүк жашоого үмүттөнө алышы үчүн, Мусанын мыйзамы жетишсиз болгонун эмне көрсөтүп турат?

14 Кудай Ыбрайымдын урпактары менен келишим түзгөндө, алар көз карандысыз эл болуп калышкан. Жахаба аларга Мыйзамын берип жатып: «Менин көрсөтмөлөрүм менен мыйзамдарымды аткаргыла, аларды аткарган адам тирүү болот»,— деген (Леб. 18:5). Бирок ысрайылдыктар Мыйзамдын жеткилең нормаларына ылайык жашай алышпагандыктан, Мыйзам аркылуу айыпталышкан жана ал айыптан арылууга муктаж эле (Гал. 3:13).

15. Дөөтү рухтун жетеги менен келечектеги кайсы бата жөнүндө жазган?

15 Жахаба Мусадан башка кишилерге да Ыйык Китепке түбөлүк өмүргө болгон үмүт тууралуу жаздырган (Заб. 20:5; 36:29). Мисалы, забурчу Дөөтү Сиондогу чыныгы сыйынуучулардын биримдиги жөнүндөгү забурун: «Теңир ал жерде бата жана түбөлүк өмүр берген»,— деп бүтүргөн (Заб. 132:3).

16. Ышая аркылуу Жахаба «бүт жер жүзүнүн» келечеги тууралуу эмнени убада кылган?

16 Жахаба Ышаяны жер үстүндө түбөлүк жашоо болору тууралуу пайгамбарлык кылууга шыктандырган (Оку: Ышайа 25:7, 8). Күнөө менен өлүм адамзатты тумчуктура жапкан «жабуу» сыяктуу кыйнап келет. Бирок Жахаба күнөө менен өлүмдү «бүт жер жүзүнөн» жок кыларына өз элин ынандырат.

17. Машаяктын кайсы пайгамбарлык ролу түбөлүк өмүргө жол ачат?

17 Эми Мусанын мыйзамындагы чөлгө коё берилүүчү текеге байланыштуу көрсөтмөгө токтололу. Жылына бир жолу боло турган Күнөөдөн арылуу күнү башкы дин кызматчы «эки колун тирүү текенин башына коюп, Ысрайыл уулдарынын бардык мыйзамсыздыктарын... ачык айтып, аларды текенин башына жүктөчү». «Теке алардын бардык мыйзамсыздыктарын өзүнө жүктөп, адам бара алгыс жерге алып кетчү» (Леб. 16:7—10, 21, 22). Ышая ушу сыяктуу ролду аткара турган, биздин «кеселдерибизди», «ооруларыбызды» жана «көптөрдүн күнөөсүн» алып кетип, түбөлүк өмүргө жол ача турган Машаяктын келерин пайгамбарлык кылган (Оку: Ышайа 53:4—6, 12).

18, 19. Ышайа 26:19да жана Даниел 12:13тө кайсы үмүт тууралуу айтылат?

18 Жахаба Ышая аркылуу ысрайыл элине мындай деген: «Сенин өлгөндөрүң тирилишет, өлүү денелер кайра турушат! Топуракта жаткандар, ойгонгула да кубангыла! Анткени Сенин шүүдүрүмүң — өсүмдүк шүүдүрүмү. Жер өлгөндөрдү бүркөт» (Ыш. 26:19). Ооба, Эврей Жазмаларында тирилүүгө жана түбөлүк жашоого болгон үмүт тууралуу айтылганын айкын көрүүгө болот. Жүзгө чыгып калган Даниелди Жахаба: «Тынч ал, бирок акыркы күнү өзүңдүн үлүшүңдү алыш үчүн тирилесиң»,— деп ынандырган (Дан. 12:13).

19 Марта да тирилүү болоруна үмүттөнгөн. Ошондуктан каза болгон бир тууганы тууралуу Исага: «Анын акыркы күнү, тирилүү убагында тирилерин билем»,— деп айта алган (Жкн. 11:24). Исанын окутуулары жана анын шакирттеринин рухтун жетеги менен жазган сөздөрү ошол үмүттү өзгөрткөнбү? Жахаба дагы деле адамдарга жер бетинде түбөлүк өмүр сүрүүгө үмүт береби? Бул суроолорго кийинки макаладан жооп алабыз.

[Шилтемелер]

^ 10-абз. «Даниелдин пайгамбарлыгына көңүл бургула!» (ор.) китебинин 6-бөлүмүн карагыла.

Түшүндүрө аласыңарбы?

• Убаракерчиликке баш ийген адамзатка кандай үмүт берилген?

• Ыбрайымдын тирилүүгө ишенгенин эмне көрсөтүп турат?

• Элийунун Аюбга айткан сөздөрү адамзатка кандай үмүт берет?

• Эврей Жазмаларында тирилүүгө жана түбөлүк жашоого болгон үмүт кандайча баса белгиленет?

[Изилдөө суроолору]

[5-беттеги сүрөт]

Элийунун Аюбга айткан сөздөрү адамзаттын карылык менен өлүмдөн арыларына үмүт берет

[6-беттеги сүрөт]

Даниелге акыркы күнү өзүнүн үлүшүн алыш үчүн тирилтилери убадаланган