Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Сыймыктуу жоопкерчиликтерге кайрадан ээ боло аласыңбы?

Сыймыктуу жоопкерчиликтерге кайрадан ээ боло аласыңбы?

Сыймыктуу жоопкерчиликтерге кайрадан ээ боло аласыңбы?

КАЙСЫ бир кездерде жыйналышта жоопкерчиликтүү кызматты аркаладың беле? Балким, кызмат жардамчысы же аксакал болуп кызмат кылгандырсың? Же толук убакыттагы кызматчы болгондурсуң. Ооба, кызматтын кайсы түрүнөн болбосун терең кубаныч жана канааттануу алганың шексиз. Бирок кандайдыр бир себептерден улам кызматыңды токтотууга туура келгендир.

Балким, буга үй-бүлөңө кам көрүү, ден соолугуңдун начарлашы же карылык себеп болгондур. Андыктан бул сенин кызматта ийгиликсиз болуп калганыңды билдирбейт (1 Тим. 5:8). Алсак, биринчи кылымда Филип миссионер болуп кызмат кылган. Кийинчерээк Кесарияга көчүп барып, үй-бүлөсүнө кам көргөн (Элч. 21:8, 9). Ал эми байыркы ысрайылдын падышасы Дөөтү карып калганда уулу Сулайманды өзүнүн ордуна такка отургузган (1 Пад. 1:1, 32—35). Бирок, кандай болбосун, Филипти да, Дөөтүнү да Жахаба абдан сүйгөн жана баалаган. Аларды биз да баалайбыз.

Эгер сен сыймыктуу жоопкерчиликтерден айрылып калган болсоңчу? Ага жаман жүрүм-турумуң же үй-бүлөңдөгү кыйынчылыктар себеп болгон жокпу? (1 Тим. 3:2, 4, 10, 12). Жоопкерчиликтериңен айрылганыңа, балким, макул болбой, таарынып жүргөндүрсүң.

Жоопкерчиликтерге кайрадан ээ болууга умтула аласың

Жоопкерчиликтерге кайрадан ээ боло аласыңбы? Ооба. Андыктан кайрадан артыкчылыктарга ээ болууга умтулушуң зарыл (1 Тим. 3:1). Эмне үчүн? Анткени Кудайга өзүңдү ага жана анын кызматчыларына болгон сүйүүңдөн улам арнагансың. Так ошол себептен жоопкерчиликтерге умтулуу маанилүү. Эгер ошол сүйүүңдү кайрадан кызмат кылуу менен көрсөтүүнү кааласаң, жоопкерчиликтериңден айрылганга чейин жана кийин топтогон тажрыйбаңды Жахабанын колдонушуна мүмкүнчүлүк берген болосуң.

Ысрайыл эли Жахабанын эли болуу артыкчылыгынан айрылганда, Жахаба аларга эмне дегенине көңүл бурсаң. Анын Сөзүндө: «Мен Теңирмин, Мен өзгөрбөйм. Ошондуктан силер, Жакып уулдары, тукум курут болгон жоксуңар»,— делет (Мал. 3:6). Жахаба ысрайылдыктарды сүйгөн жана аларды өз ишине колдонгусу келген. Жахаба сени да өз ишине колдонгусу келет. Азыркы жагдайыңды эске алганда сен эмне кылсаң болот? Теократиялык иштерди аткарууда жөндөмдүүлүктөр эмес, Жахаба менен болгон мамиле маанилүү. Андыктан азырынча жыйналышта милдеттериң жок болсо, Жахаба менен болгон мамилеңди чыңдоого аракет кыла бер.

«Ишеним жолунда... күчтүү болуу» үчүн «Теңирди жана Анын күчүн изде» (1 Кор. 16:13; Заб. 104:4). Ан үчүн жалындуу тиленүү зарыл. Жагдайың жөнүндө Жахабага айтып жатканда эч нерсени жашырбай жүрөгүңдөгүнү ачык айтып, андан ыйык рух сура. Ошондо Жахабага жакындап, рухий жактан бекемделесиң (Заб. 61:9; Флп. 4:6, 13). Ошондой эле Кудай Сөзүн кылдат изилде. Азырынча жыйналышта жоопкерчиликтериң азыраак болгондуктан, өздүк жана үй-бүлөлүк изилдөөнү жакшыртууга жакшы мүмкүнчүлүктөр болушу мүмкүн. Балким, мурун мындай кылуу кыйынга туруп келгендир.

Албетте, сен жоопкерчиликтерден айрылган күндө да Жахабанын Күбөсү бойдон кала бересиң (Ыш. 43:10—12). Ар бирибиз эң сонун сыймыкка — «Кудайдын кызматташтары» — болуу сыймыгына ээ боло алабыз (1 Кор. 3:9). Кабар айтуу ишине жигердүү катышуу өзүңдүн да, сени менен кызматта чогуу жүргөн ишенимдешиңдин да рухий жактан бекем болушуна шарт түзөт.

Терс сезимдерди жеңүү

Артыкчылыктардан айрылып калганда уялышың же капа болушуң ыктымал. Ошондой эле өзүңдү өзүң актап, аксакалдарга кайрылышың мүмкүн. Бирок алар сени угуп көрүп, жоопкерчиликтериңден айрылганыңды туура деп табышса, эмне кылсаң болот? Бир туугандарга болгон таарыныч өткөн иштен сабак алууга тоскоол болушу мүмкүн. Андыктан артыкчылыктарга кайрадан умтулууга болгон каалооң сууп калышы ыктымал. Кел анда, Аюб, Менаше жана Жусуп менен болгон окуялар терс сезимдер менен күрөшүүгө кандайча жардам берерин карап көрөлү.

Аюб Жахабанын өкүлү катары эл алдында сот иштерин жүргүзчү (Аюб 1:5; 29:7—17, 21—25). Кийинчерээк башына мүшкүл түшүп, бир эле учурда байлыгынан, ден соолугунан жана балдарынан айрылат. Ошондой эле аны башкалар да сыйлабай калышат. Бул туурасында Аюб: «Мени өзүмдөн кичүүлөр шылдың кылып жатышат»,— деген (Аюб 30:1).

Аюб өзүн күнөөсүз эсептеп, Кудайдын алдында актангысы келген (Аюб 13:15). Бирок ал Жахабадан үмүт кылганы үчүн бата алган. Ал башына түшкөн сыноолордо өзүн адил көрсөткөнү үчүн жаза алышы керектигин түшүнгөн (Аюб 40:6—8; 42:3, 6). Ошентип, момундугу үчүн акырында Кудайдан мол бата алган (Аюб 42:10—13).

Эгер туура эмес иш кылгандыктан артыкчылыктардан айрылган болсоң, Жахаба жана ишенимдештерим мени кечирет болду бекен деп ойлошуң мүмкүн. Жүйүт падышасы Менаше менен болгон окуяны эстеп көрсөң. Ал «Теңирди каардантып, Ага жакпаган иштерди көп кылган» (2 Пад. 21:6). Бирок Менаше кийинчерээк Кудайга ишенимдүү болгон падыша катары белгилүү болгон. Кандайча?

Менаше жаман иштери үчүн жазасын алган, бирок оңолууга аракет кылган. Иштин жайы мындайча башталат. Ал эскертүүлөргө кулак какпай койгондо, Жахаба ага каршы ашурлуктарды жиберет. Алар аны байлап, алыскы Бабылга туткунга алып кетет. Андан ары эмне болгон? Ыйык Китептен: «Өз Кудай-Теңирине жалына баштады. Ошентип, ал өз ата-бабаларынын Кудайынын алдында толук моюн сунду. Ага сыйынды»,— дегенди окуйбуз. Ооба, Менаше чын жүрөктөн өкүнгөндүктөн туура иштерди кыла баштаган. Жахаба аны кечирген (2 Жылн. 33:12, 13).

Албетте, жоопкерчиликтерге шар эле ээ боло калуу мүмкүн эмес. Бирок убакыттын өтүшү менен сага аз-аздан артыкчылыктар бериле башташы мүмкүн. Тапшырылган иштер кичинекей болсо да, жан-дилиң менен аткарсаң, бара-бара чоңураак жоопкерчиликтерге ээ болосуң. Анткен менен баары эле ойдогудай, сен күткөндөй боло бербейт. Ошентсе да даярдуулук жана туруктуулук көрсөтсөң, жакшы натыйжаларга жетесиң.

Мисалга Жакыптын уулу Жусупту алалы. Аны 17 жашында бир туугандары кулдукка сатып жиберишет (Башт. 37:2, 26—28). Ал бир туугандарынан мындайды күткөн эмес эле. Жусуп адилетсиз мамилеге кабылса да, момундук көрсөткөндүктөн, Жахаба ага батасын берип, «мисирлик мырзанын үйүндө жашап» калган (Башт. 39:2). Кийинчерээк зынданга отуруп калат. Бирок ал жактан да ал ишенимдүү болгондуктан, Жахаба аны колдогон. Ошондуктан ага зындандагы бардык иштер тапшырылат (Башт. 39:21—23).

Жусуп эмне үчүн адилетсиздикке кабылып жатканын түшүнгөн эмес. Ал колунан эмне келсе, ошону кыла берген. Ошондуктан Жахаба Убадаланган тукум келе турган элди сактап калуу үчүн Жусупту колдонгон (Башт. 3:15; 45:5—8). Албетте, эч кимибизден, Жусуптай болуп, улуу иштерди кылышыбыз талап кылынбайт. Бирок Жусуп менен болгон окуядан көрүнүп тургандай, жоопкерчиликтер Жахаба аркылуу берилет. Андыктан Жусуптан үлгү алып, кызматыңды момундук менен уланта бер.

Баштан өткөн окуялардан сабак алуу

Аюб, Менаше жана Жусуп оор учурларды баштан кечиришкен. Алар Жахаба жол берген нерселерге момундук менен баш ийип, көп нерсеге үйрөнүшкөн. Сен эмнеге үйрөнсөң болот?

Жахаба сени эмнеге үйрөткүсү келип жатканын аңдай бил. Аюб күйүткө баткандыктан маанилүү нерселерди көз жаздымда калтырып, өзүн эле ойлоп калган. Бирок Жахаба анын туура эмес ой жүгүртүп жатканын түшүндүргөндө, Аюб: «Мен өзүм түшүнбөгөн нерселер жөнүндө... айттым»,— деп күнөөсүн мойнуна алып, көз карашын өзгөрткөн (Аюб 42:3). Артыкчылыктардан айрылганыңа көңүлүң чөгүп жатса, өзүң жөнүндө тийиштүүдөн артык ойлобостон, туура ойдо бол (Рим. 12:3). Балким, Жахаба сага толугу менен түшүнүксүз болгон ушул жагдай аркылуу сени бир нерсеге үйрөткүсү келип жаткандыр.

Жазаны туура кабыл ал. Менаше башында адилетсиз жазаланып жатам деп ойлогон. Бирок, кандай болбосун, ал жазаны кабыл алып, өкүнгөн жана жаман иштерин калтырган. Жаза алганыңа канчалык капа болбо, Жахабанын алдында момун болсоң, ал сени жогору көтөрөт (1 Пет. 5:6; Жкп. 4:10).

Чыдамдуу жана үйрөнүүгө даяр бол. Жусуп башынан өткөргөн окуялардан улам жек көрүү сезимин өрчүтүп, башкаларга кек сактап калышы мүмкүн болчу. Бирок ал анткен эмес. Тескерисинче, кыраакылык көрсөтүүгө жана ырайымдуу болууга үйрөнө берген (Башт. 50:15—21). Эгер нааразычылыктарың бар болсо, чыдамдуу болуп, Жахабадан үйрөнүүгө даяр бол.

Качандыр бир убакта жыйналышта сыймыктуу жоопкерчиликтерге ээ болдуң беле? Эгер ошондой болсо, кайрадан Жахабага сени колдонушуна жол бер. Жахаба менен болгон мамилеңди бекемде. Чыдамдуу жана момун болуп, терс сезимдерди жең. Жыйналыштан кандай гана иш тапшырылбасын, даярдуулук менен кабыл ал. «Таза жүргөндөрдү Ал [Жахаба] жакшылыктан ажыратпаарына» эч күмөн санаба (Заб. 83:12).

[30-беттеги сүрөт]

«Ишеним жолунда... күчтүү болуу» үчүн жалындуу тилен

[31-беттеги сүрөт]

Кабар айтуу ишине жигердүү катышуу рухий жактан бекем болууга шарт түзөт

[32-беттеги сүрөт]

Жахабага жоопкерчиликтерди беришине жол бер