Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Дайыма Машаяктай ой жүгүрткүлө

Дайыма Машаяктай ой жүгүрткүлө

Дайыма Машаяктай ой жүгүрткүлө

«Иса Машаяктыкындай ой жүгүртүүгө ээ [болгула]» (РИМ. 15:5).

1. Эмне себептен Машаяктай ой жүгүртүүгө умтулушубуз керек?

«МАГА келгиле... Менден үйрөнгүлө, анткени мен жумшакмын жана жүрөгүм момун. Ошондо жаныңар сергийт» (Мт. 11:28, 29). Иса Машаяктын бул жылуу чакырыгы анын адамдарга сүйүү көрсөтүүгө дайым ынтызар болгонун чагылдырып турат. Эч бир киши Исадай мыкты үлгү боло албайт. Ал Кудайдын күч-кубаттуу Уулу болсо да, бардык адамдарга, өзгөчө, кыйналгандарга боорукердик, назиктик менен мамиле кылган.

2. Исанын ой жүгүртүүсүн чагылдырган кайсы сапаттарын карап чыгабыз?

2 Ушул жана кийинки эки макалада дайыма Исадай ой жүгүртүүгө жана жашообузда «Машаяктын акылына ээ» экенибизди көрсөтүүгө эмне жардам берерин талкуулайбыз (1 Кор. 2:16). Биз беш нерсени: Исанын жумшактыгы менен момундугун, боорукердигин, Кудайга тил алчаактыгын, кайраттуулугун жана туруктуу сүйүүсүн карап чыгабыз.

Исанын жумшак мүнөзүнөн үйрөнөлү

3. а) Иса шакирттерине момундукка байланыштуу кандай сабак калтырган? б) Иса шакирттеринин алсыздыктарына кандай караган?

3 Кудайдын жеткилең Уулу Иса күнөөкөр, жеткилең эмес адамдардын арасында кызмат кылуу үчүн жерге даярдуулук менен келген. Кийин алардын айрымдары аны өлтүрүшмөк. Ошентсе да ал дайыма кубанычын сактап, өзүн башкара билген (1 Пет. 2:21—23). Исанын үлгүсүнөн «көзүбүздү албоо» бизге башкалардын кемчиликтерине, каталарына карабай кубанычыбызды жоготпоого жана өзүбүздү кармай билүүгө жардам берет (Эвр. 12:2). Иса шакирттерин анын «моюнтуругун» алып, андан үйрөнүүгө чакырган (Мт. 11:29). Алар эмнеге үйрөнө алышмак? Алсак, Иса жумшак болгон жана шакирттеринин кемчилик-каталарына карабай аларга чыдамдуулук менен мамиле кылган. Өлөр алдындагы түнү алардын бутун жууп, «жүрөгү момун» болуу жагынан алар өмүр бою унутпай турган сабак калтырган (Оку: Жакан 13:14—17). Кийинчерээк Петир, Жакып, Жакан «сергек турбай» уктап калышканда, Иса алардын алсыз экенин эске алуу менен боорукердик көрсөткөн. Ал: «Симон, уктап жатасыңбы?» — деп сурап, анан: «Азгырыкка алдырбаш үчүн сергек болгула жана тиленгиле. Анткени рух сергек, ал эми дене алсыз»,— деген (Мр. 14:32—38).

4, 5. Исанын үлгүсү бизге ишенимдештерибиздин кемчиликтерине карата туура көз карашта болууга кандайча жардам берет?

4 Эгер ишенимдешибиз атаандашса, бат эле таарына берсе, аксакалдардын же «ишенимдүү жана акылдуу кулдун» кеңешине кулак какпай жатса, ага кандай карайбыз? (Мт. 24:45—47). Шайтандын дүйнөсүндөгү адамдардын кемчиликтерин боло жүргөн нерсе катары көрүп, аларга көз жумуп коюшубуз мүмкүн, бирок ишенимдештерибиздин кемчиликтерин кечирүү кыйынга турушу ыктымал. Бир туугандарыбыздын каталарын көргөндө оңой эле кыжырданып жатсак, анда: «„Машаяктын акылын“ кантип жакшыраак чагылдырсам болот?» — деп ойлонуп көрүшүбүз керек. Иса өзүнүн шакирттеринин алсыздыктарын көргөндө аларга кыжырданбаганын эстен чыгарбагыла.

5 Элчи Петир менен болгон окуяга токтололу. Иса Петирди кайыктан түшүп, аны көздөй суунун үстү менен басууга чакырган. Ал суунун үстү менен бир аз баскандан кийин эле катуу шамалдан коркуп кеткендиктен, чөгө баштаган. Ошондо Иса ага ачууланып: «Ушуну көрмөксүң! Бул сага сабак болсун»,— деди беле? Албетте, жок! Ыйык Китепте мындай делет: «Иса дароо колун сунуп, аны кармап калды да: „Ишеними аз, эмне үчүн шектендиң?“ — деди» (Мт. 14:28—31). Эгер бир тууганыбызга ишеним жетишпей жатканын байкасак, ишенимин бекемдөө үчүн каймана мааниде ага колубузду сунабызбы? Исанын Петирге жасаган жумшак мамилесинен биз көп нерсеге үйрөнө алабыз.

6. Иса элчилерин атак-даңкка умтулбоого байланыштуу эмнеге үйрөткөн?

6 Петир жана башка элчилер кимиси чоң экени жөнүндө өз ара көп талашып-тартышышкан. Алардын арасындагы Жакып менен Жакан Исанын Падышалыгында бири анын оң жагында, экинчиси сол жагында отурууну самаган. Муну укканда Петир менен башка элчилер ачууланышкан. Бирок Иса аларга чоңоюп-өскөн чөйрөсүнүн атаандаштык руху чоң таасир эткенин билген. Ал аларды чакырып алып, мындай деген: «Башкаруучулардын элге үстөмдүк кыларын жана улуу адамдардын элдин үстүнөн бийлик жүргүзөрүн билесиңер. Бирок силердин араңарда андай болбосун. Араңардан ким чоң болгусу келсе, ал силерге кызматчы болсун. Араңардан ким биринчи болгусу келсе, ал силерге кул болсун». Анан алардын көңүлүн өзүнүн үлгүсүнө буруп: «Адам Уулу да өзүнө кызмат кылдыруу үчүн эмес, тескерисинче, өзү кызмат кылып, көптөр үчүн жанын кун катары берүү үчүн келген»,— деген (Мт. 20:20—28).

7. Жыйналыштын биримдигине ар бирибиз кантип салым кошо алабыз?

7 Исанын момундугу жөнүндө ой жүгүртүү бир туугандарыбыздын арасында өзүбүздү «кичүүдөй алып жүрүүгө» жардам берет (Лк. 9:46—48). Бул биримдикке өбөлгө түзөт. Жахаба, чоң үй-бүлөнүн атасы сыяктуу эле, өзүнүн балдарынын биримдикте, ынтымакта жашашын каалайт (Заб. 132:1). Иса Атасына өзүнүн чыныгы жолдоочулары тууралуу: «Алар толук биримдикте болушсун жана дүйнө мени сен жибергениңди, ошондой эле аларды мени сүйгөндөй сүйөрүңдү билсин»,— деп тиленген (Жкн. 17:23). Демек, биздин биримдигибизден Машаяктын жолдоочулары экенибиз айкын көрүнөт. Андай биримдикке ээ болуш үчүн, ишенимдештерибиздин жеткилеңсиздигине карата Машаяктыкындай көз карашта болушубуз керек. Иса кечиримдүү болгон жана башкаларды кечиргенибизде гана күнөөлөрүбүздүн кечирилерин айткан (Оку: Матай 6:14, 15).

8. Кудайга көптөн бери кызмат кылып келаткандардан эмнеге үйрөнө алабыз?

8 Биз көптөгөн жылдардан бери Машаяктын жолун жолдоп келаткан бир туугандардын ишениминен үлгү алуу менен да көп нерсеге үйрөнө алабыз. Исадай болуп, алар башкалардын кемчиликтерине түшүнүү менен мамиле кылышат. Ал бир туугандар Исадай боорукер болуу «алсыздардын алсыз жактарын көтөрүүгө» жардам бергенден тышкары, биримдикке да өбөлгө түзөрүн билишет. Ошондой эле мындай боорукердик бүтүндөй жыйналышка Машаяктын ой жүгүртүүсүн чагылдырууга түрткү берерин түшүнүшөт. Алар, Пабыл сыяктуу эле, ишенимдештеринин Машаяктай ой жүгүртүшүн каалашат. Пабыл Исанын Римдеги жолдоочуларына: «Туруктуулук, сооронуч берүүчү Кудай силерди Иса Машаяктыкындай ой жүгүртүүгө ээ кылсын. Ошондо Мырзабыз Иса Машаяктын Кудайын жана Атасын биримдикте, бир ооздон даңктайсыңар»,— деп жазган (Рим. 15:1, 5, 6). Ырас, бирдикте сыйынганыбыз Жахабага даңк алып келет.

9. Исанын изи менен басышыбыз үчүн эмне себептен бизге ыйык рух керек?

9 Иса «жүрөгү момун» болуунун ыйык рухтун жемишине кирген жумшактык менен тыгыз байланышта экенин көрсөткөн. Ошондуктан Исанын изи менен так басышыбыз үчүн, анын үлгүсү тууралуу терең изилдегенден тышкары, Жахабанын ыйык рухуна ээ болушубуз керек. Биз Кудайга ыйык рух сурап тиленишибиз жана рухтун жемишине кирген сапаттарды — сүйүүнү, кубанычты, тынчтыкты, чыдамкайлыкты, боорукердикти, жакшылык кылуучулукту, ишенимди, жумшактыкты жана өзүн өзү кармай билүүнү — өрчүтүшүбүз зарыл (Гал. 5:22, 23). Исанын момундугун, жумшактыгын чагылдыруу менен асмандагы Атабыз Жахабанын жактыруусуна ээ болобуз.

Иса адамдарга боорукердик менен мамиле кылган

10. Иса боорукердикти кантип көрсөткөн?

10 Боорукердик да ыйык рухтун жемишине кирет. Иса адамдарга дайыма боорукердик менен мамиле кылган. Аны чын ыкластан издеп келгендерди ал «жылуу тосуп алган» (Оку: Лука 9:11). Исанын боорукердигинен эмнеге үйрөнө алабыз? Боорукер киши жароокер, жумшак, кайрымдуу жана мээрман болот. Иса ушундай киши болгон. «Койчусу жок койлордой чачырап, жүдөп калган» элди көрүп, анын боору ачыган (Мт. 9:35, 36).

11, 12. а) Исанын адамдарды аяганы кайсы окуядан көрүнүп турат? б) Ал окуядан эмнеге үйрөнө аласың?

11 Иса адамдарды аярын, алардын кайгысына ортоктош экенин иш жүзүндө көрсөткөн. Бир окуяга токтололу. Бир аял 12 жылдан бери кан агуудан азап чегип келген. Ал Мусанын мыйзамына ылайык, өзүнүн жана ага тийген кишинин таза эмес деп эсептелерин, башкача айтканда, сыйынууга байланышкан иштерге катыша албай турганын билген (Леб. 15:25—27). Ошентсе да ал аял Исанын элге кандай адам катары таанымал болгонун, аларга жасаган мамилесин билгендиктен, Исанын аны айыктыра аларына жана айыктыргысы келерине бекем ишенген. Ал: «Сырт кийимине эле колумду тийгизсем айыгып калам»,— деп ойлоп келаткан. Анан кайрат-күч топтоп, колун Исанын кийимине тийгизген да, ошол замат оорусунан айыкканын сезген.

12 Иса ага кимдир бирөөнүн тийгенин сезип, ким экенин билиш үчүн айлана-тегерегин карайт. Ошондо ал аял, сыягы, Мыйзамды бузганы үчүн айыпталамбы деп корккондуктан, калтырап-титиреп Исанын бут алдына жыгылат да, болгонун болгондой айтып берет. Иса азап тарткан ал байкуш аялды жемеледи беле? Албетте, анткен эмес. Ал: «Кызым, сени ишенимиң айыктырды. Тынчтык менен бара бер»,— деп жубаткан (Мр. 5:25—34). Андай жылуу сөздөр аны кандай сооротконун элестетсеңер!

13. а) Исанын адамдарга жасаган мамилеси фарисейлердикинен эмнеси менен айырмаланган? б) Иса балдарга кандай мамиле кылган?

13 Жүрөгү таш фарисейлерден айырмаланып, Машаяк эч качан өзүнүн бийлигин адамдардын жүгүнө жүк кошуу үчүн колдонгон эмес (Мт. 23:4). Тескерисинче, аларды боорукердик жана чыдамдуулук менен Жахабанын жолдоруна үйрөткөн. Иса өзүнүн жолдоочулары үчүн чыныгы дос болгон: аларга жан тартып, ар дайым сүйүү көрсөтө турган (Накыл 17:17; Жкн. 15:11—15). Атүгүл балдар анын жанында өздөрүн эркин сезишкен; ага да балдар менен чогуу болуу жагымдуу болсо керек. Иса аларга атайын көңүл бөлүү үчүн дайыма убакыт тапчу. Бир жолу анын шакирттери, ошол учурдагы диний жетекчилерге окшоп, дагы деле өздөрү жөнүндө жогору ойдо болгондуктан, башкаларга балдарын Исага алып келүүгө тоскоолдук кылышкан. Иса муну жактырбай, мындай деген: «Балдарды мага коё бергиле, аларга тоскоолдук кылбагыла, анткени Кудайдын падышалыгы ушуларга окшогондорго таандык». Анан шакирттерин маанилүү нерсеге үйрөтүш үчүн балдарды мисал кылып: «Силерге айтып коёюн, ким Кудайдын падышалыгын кичинекей баладай болуп кабыл албаса, ал ага кирбейт»,— деген (Мр. 10:13—15).

14. Балдарга чын дилден көңүл бурулса, алар кандай пайда алышат?

14 Бир саамга ошол балдардын кийин чоңойгондо Исанын аларды кучактаганын, батасын бергенин эстеп, кандай сезимде болгонун ойлоп көрсөңөр (Мр. 10:16). Бүгүнкү күндөгү балдар да кийин артка кылчайып, аларга чын дилден көңүл буруп, жардам берген аксакалдарды жана башка бир туугандарды жылуу сезим менен эскеришет. Андан да маанилүүсү, жыйналыштан ошондой камкордукту сезген балдар жаштайынан эле Жахабанын рухунун анын элин жетектеп жатканын түшүнүшөт.

Катаал дүйнөдө боорукер болгула

15. Бүгүнкү күндө көптөрдүн боорукердик көрсөтпөгөнү бизди эмне үчүн таң калтырбашы керек?

15 Бүгүнкү күндө көптөр башкаларга боорукердик көрсөтүүнү маанилүү деп эсептешпейт. Ошондуктан Жахабанын эли күнүгө мектептен, жумуштан, кызматтан жана башка жактардан катаал мамилеге кабылат. Ооба, башкалардын жаман мамилеси көңүлүбүздү чөктүрүшү мүмкүн, бирок бул бизди таң калтырбашы керек. Себеби Жахаба элчи Пабыл аркылуу өзгөчө оор «акыркы күндөрдө» Исанын чыныгы жолдоочуларына «өзүн өзү сүйүүчү,.. жакындарын сүйбөгөн» адамдар менен мамилелешүүгө туура келерин алдын ала эскерткен (2 Тим. 3:1—3).

16. Жыйналышта Машаяктыкындай боорукердикти кантип көрсөтө алабыз?

16 Бирок бул таш боор, катаал дүйнөдө өкүм сүргөн маанайдан айырмаланып, Исанын жолдоочуларынын жыйналышында жан сергиткен жагымдуу маанай өкүм сүрөт. Исаны тууроо менен жыйналышта андай маанай болушуна ар бирибиз салым кошо алабыз. Кантип? Жыйналыштагы көптөгөн бир туугандар ден соолуктун айынан же башка кыйынчылыктардан улам кыйналып келишкендиктен, биздин жардамыбызга жана бекемдешибизге муктаж. Мындай кыйынчылыктардын ушул «акыркы күндөрдө» көбөйгөндөн көбөйүп жатканы чын, бирок алар мурун да болгон. Байыркы убакта Исанын жолдоочулары ушул сыяктуу кыйынчылыктардан азап тартышкан. Демек, ошол учурдагы Кудайдын кызматчылары кандай жардамга муктаж болгон болсо, биз да ошондой жардамга муктажбыз. Пабыл ишенимдештеринен: «Көңүлү чөккөндөрдү соороткула, алсыздарды колдогула, баарына чыдамкайлык менен мамиле кылгыла»,— деп өтүнгөн (1 Тес. 5:14). Бул сөздөргө ылайык иш кылуу үчүн, Машаяктай болуп, боорукердикти иш жүзүндө көрсөтүү зарыл.

17, 18. Исанын боорукердигин кандай жолдор менен чагылдыра алабыз?

17 Исанын жолдоочулары ишенимдештерин көп жылдан бери тааныйбы же жаңы тааныштыбы, чын дилден көңүл буруп, «жылуу тосуп алууга», аларга Иса кандай мамиле кылмак болсо, ошондой мамиле кылууга милдеттүү (3 Жкн. 5—8). Иса башкаларга биринчи болуп боорукердик көрсөткөндөй эле, биз да аны туурашыбыз керек жана дайым башкаларды сергиткидей болушубуз абзел (Ыш. 32:2; Мт. 11:28—30).

18 Ар бирибиз башкалардын жыргалчылыгына чындап кызыкдар болуу менен аларга боорукердик көрсөтө алабыз. Боорукердик көрсөтүүнүн жолдорун, мүмкүнчүлүктөрүн издегиле. Анан ошого жараша иш-аракет кылгыла! Пабыл: «Биртуугандык сүйүүңөрдү назиктик менен көрсөткүлө»,— деп үндөгөн. Андан кийин: «Бири-бириңерге урмат көрсөтүүдө демилгени колго алгыла»,— деп кошумчалаган (Рим. 12:10). Бул Машаяктын үлгүсүнө карманууну, башкаларга «эки жүздүүлүгү жок сүйүү» көрсөтүп, боорукердик менен, жылуу-жумшак мамиле кылууну билдирет (2 Кор. 6:6). Пабыл Исаныкындай сүйүүнү мындайча сүрөттөгөн: «Сүйүү чыдамкай, боорукер. Сүйүү көралбастык кылбайт, мактанбайт, менменсинбейт» (1 Кор. 13:4). Келгиле, бир туугандарыбызга нааразы болбой же кек сактабай: «Бири-бириңерге кайрымдуу, өзгөчө боорукер болгула. Кудай силерди Машаяк аркылуу айкөлдүк менен кечиргендей, силер да бири-бириңерди айкөлдүк менен кечиргиле»,— деген кеңешке кулак кагалы (Эф. 4:32).

19. Исаныкындай боорукердикти чагылдыруунун натыйжасы кандай болот?

19 Исаныкындай боорукердикти өрчүтүүгө умтулуп, ал сапатты бардык учурда, ар бир жагдайда көрсөткөнүбүз мол баталарды алып келет. Мисалы, Жахабанын руху жыйналышка эч тоскоолдуксуз таасир этип, жыйналыштагыларга рухтун жемишин өрчүтүүгө көмөк кылат. Андан тышкары, Исанын үлгүсүнө карманганыбыз, башкаларга да ошентүүгө жардам бергенибиз Жахабага биримдикте, кубаныч менен сыйынышыбызга өбөлгө түзөт. Ал эми мындай сыйынуу Кудайга кубаныч тартуулайт. Андыктан башкалар менен мамилелешүүдө дайыма Исанын жумшактыгын жана боорукердигин чагылдырууга умтула берели.

Түшүндүрө аласыңарбы?

• Иса жумшак жана жүрөгү момун экенин кантип көрсөткөн?

• Иса боорукердикти кантип чагылдырган?

• Бул катаал дүйнөдө Машаяктыкындай жумшактыкты жана боорукердикти кандай жолдор менен көрсөтө алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[8-беттеги сүрөт]

Бир тууганыбыздын ишеними, Петирдикиндей болуп, алсырай түшсө, ага кол сунууга даярбызбы?

[10-беттеги сүрөт]

Жыйналышта боорукердик өкүм сүрүшүнө кантип салым кошо аласың?