Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Динди өзүм тандаймынбы же ата-энемби?

Динди өзүм тандаймынбы же ата-энемби?

Динди өзүм тандаймынбы же ата-энемби?

ПОЛЬШАДА көптөгөн адамдар Жахабанын Күбөлөрүнө: «Мен ушул динде төрөлгөм, ушул динде өлөм»,— деп айтышат. Мындан көрүнүп тургандай, алардын көз карашы боюнча, дин укумдан-тукумга өтө бериши керек. Сен жашаган жерде да адамдар динге карата ушундай көз караштабы? Андай көз карашка кармануунун натыйжасы көп учурда кандай болот? Дин формалдуу нерсеге айланып, тек гана ата-бабалардан калган салт болуп калат. Жахабанын Күбөсү болгон ата-энесинен же чоң ата, чоң энелеринен рухий кенчти мурастаган балдар менен да ушундай болушу мүмкүнбү?

Тиметей менен андай болгон эмес. Кудайдан корккон апасы менен таенеси ага чыныгы Кудайга ишеним өрчүтүүгө, аны сүйүүгө жардам беришкен. Тиметей ыйык жазмаларды «ымыркай кезинен» эле билген. Ал апасы менен таенесинин жардамынын аркасында Исанын жолдоочуларынын чындыкка окутарына ишенген. Тиметей Иса Машаяк тууралуу Жазмадан билгендерине «ынанган» (2 Тим. 1:5; 3:14, 15). Демек, Исаны жолдогон ата-энелер балдарына Жахабанын кызматчысы болууга жардам бериш үчүн колунан келгендин баарын кылса да, балдар Кудайга кызмат кылууга болгон каалоону өздөрү өрчүтүшү керек (Мр. 8:34).

Жахабага сүйүү менен кызмат кылып, анын алдында эч нерсеге карабай актыгын сактагысы келген ар бир киши ынандырарлык далилдердин аркасында ишеним өрчүтүшү керек. Ошондо анын ишеними терең тамыр алып, бекем болот (Эф. 3:17; Кол. 2:6, 7).

Балдардын аракети

«Мен Жахабанын Күбөлөрүнүн дини чыныгы дин экенин билчүмүн,— дейт чындыкта өскөн Альберт *.— Бирок мага алардын кандай жашоо өткөрүшүм керектигине байланыштуу айткандарын кабыл алуу кыйын болчу». Эгер жаш болсоң, сен да ушундай ойдо болушуң мүмкүн. Бирок Кудайга жаккыдай жашоо өткөрүү кандай экенин татып көрүүгө жана анын эркин аткаруудан кубаныч алуу деген эмне экенин сезип көрүүгө эмне үчүн болбосун? (Заб. 39:9). «Мен тилене баштадым,— дейт Альберт.— Башында бул мен үчүн кыйынга турду. Өзүмдү кыйнап тиленчүмүн. Бирок көп өтпөй, эгер туура иштерди кылууга аракет кылсам, Кудайдын жактыруусуна ээ боло аларымды түшүндүм. Бул мага зарыл өзгөрүүлөрдү жасоого күч берди». Ооба, Жахаба менен өз ара мамиле өрчүтүүнүн аркасында ал талап кылган нерселерди аткарууга каалооң өсөт (Заб. 24:14; Жкп. 4:8).

Сен шахмат же кайсы бир спорт оюнун ойногонду жакшы көрөсүң дейли. Эгерде оюндун эрежелерин билбесең же жакшы ойной албасаң, ал сен үчүн кызыксыз болушу мүмкүн. Ал эми эрежелерин билип, жакшы ойногонду үйрөнүп алсаң, ойногонго шашып, атүгүл ан үчүн атайын мүмкүнчүлүк издейсиң. Рухий иштер тууралуу да ушуну айтууга болот. Ошондуктан аларга активдүү катыш. Жыйналыш жолугушууларына даярдан. Ошентип, жаш болсоң да, үлгүң менен башкаларды бекемдей аласың (Эвр. 10:24, 25).

Ишенимиңди башкалар менен бөлүшүү жөнүндө да ушуну айтууга болот. Буга кимдир бирөө эмес, жүрөктөн чыккан сүйүү түрткү бериши керек. Андыктан: «Башкаларга Жахаба жөнүндө эмне үчүн айткым келет? Аны эмне себептен жакшы көрөм?» — деп ойлон. Жахабаны мээримдүү Атадай көр. Ал Жеремия аркылуу: «Мени издейсиңер, эгерде Мени чын жүрөктөн издесеңер, табасыңар»,— деп айткан (Жер. 29:13, 14). Ан үчүн сен эмне кылышың зарыл? «Мага ой жүгүртүүмдү өзгөртүш керек болду,— дейт Якуб,— кичине кезимен эле жыйналыштарга барып, кабарга чыкчумун, бирок ал иштер мен үчүн боло жүргөн нерседей эле болчу. Жахаба жөнүндө жакшыраак билип, аны менен тыгыз мамиле өрчүткөндөн кийин гана өзүмдүн чындыкта жүргөнүмө көзүм жете баштады».

Жакшы, бекемдээрлик пикир алышуу кызматтан кубаныч алышыңа шарт түзөт. Рухтун жетеги менен жазылган накыл сөздө: «Акылдуу адамдар менен мамилелешкен адам акылдуу болот»,— делет (Накыл 13:20). Ошондуктан рухий максаттарды көздөгөн жана Жахабага кубаныч менен кызмат кылган досторду тапканга аракет кыл. Йола мындай деп ой бөлүшөт: «Рухийликти чындап баалаган жаш бир туугандар менен пикир алмашуу аябай бекемдээрин баамдадым. Мен кызматка үзгүлтүксүз катышып, чоң кубаныч ала баштадым».

Ата-энелердин жардамы

«Мен ата-энеме Жахаба жөнүндө окутуп-үйрөткөнү үчүн миң мертебе ыраазымын»,— дейт Йола. Чынында эле, ата-энелер балдарынын кандай чечим чыгарарына күчтүү таасир эте алышат. Элчи Пабыл: «Силер болсо, аталар, балдарыңарды... Жахабанын ой жүгүртүүсүн өздөштүрүүгө жардам берип, анын акыл-насааты менен тарбиялагыла»,— деп жазган (Эф. 6:4). Рухтун жетеги менен жазылган бул кеңеш ата-энелердин балдарын өздөрүнүн жолуна эмес, Жахабанын жолуна үйрөтүшү керек экенин көрсөтүп турат. Балдарыңарга силер койгон максаттарга умтулууга түрткү бергенден көрө, аларга Жахабанын ой-ниетине ылайык жашоону максат кылууга жардам бергениңер алда канча жакшы эмеспи?

Жахабанын сөздөрүн үйдө отурганыңарда да, жолдо бара жатканыңарда да, жатканыңарда да, турганыңарда да балдарыңарга кайра-кайра айтып үйрөткүлө (Мыйз. 6:6, 7). Үч баланын ата-энеси Эва менен Ришард: «Биз толук убакыттагы кызматтын ар кайсы түрү жөнүндө көп сүйлөшчүбүз»,— деп эскерет. Мунун натыйжасы кандай болгон? «Уулдарыбыз кичинекейинде эле Теократиялык кызмат мектебине жазылууну каалаарын билдиришти, көп өтпөй жарчы болушту. Анан чөмүлтүлөбүз деп өздөрү чечишти. Кийинчерээк алар Бейтелде, ошондой эле пионер болуп кызмат кыла башташты»,— дейт алар.

Ата-эненин балдарына жакшы үлгү көрсөткөнү абдан маанилүү. Ришард мындай дейт: «Биз эки жүздүү болбогонго, өзүбүздү үйдө бир, жыйналышта башкача алып жүрбөгөнгө чечкиндүү болчубуз». Ата-энелер, өзүңөргө төмөнкү суроолорду берип көргүлө: «Балдарым өткөргөн жашоомон эмнени байкап жатышат? Жахабаны чындап сүйөрүмдү сезип жатышабы? Ал сүйүүнү тиленүүлөрүмдөн жана өздүк изилдөөнү үзгүлтүксүз өткөргөнүмөн байкашабы? Алар кабар айтуу кызматына, көңүл ачууга, материалдык нерселерге болгон көз карашымдан жана жыйналыштагы бир туугандар жөнүндө айткандарымдан Жахабага болгон сүйүүмдү көрүп жатышабы?» (Лк. 6:40). Балдарыңар силердин күнүмдүк жашооңорду байкап, айткан сөздөрүңөр менен кылган иштериңердин бири бирине дал келер-келбесин дароо эле сезишет.

Балдарды чоңойтуп-өстүрүүдө тарбия чоң мааниге ээ. Кудайдын Сөзүндө «баланы башынан түз жолго салуу» керектиги айтылат (Накыл 22:6). Эва менен Ришард: «Ар бир балабыз менен Ыйык Китепти өз-өзүнчө изилдөөгө убакыт бөлчүбүз»,— дейт. Албетте, ата-энелер изилдөөнү ар бир бала менен өз-өзүнчө өтүш керекпи же жокпу, өздөрү чечет. Кандай болбосун, ар бир бала жекече көңүл бурууга муктаж. Бул ийилчээктикти жана акыл-эстүүлүктү талап кылат. Мисалы, балаңарга кайсы бир музыканы жаман деп эле койбостон, ыйык китептик принциптерди кантип колдонсо болоруна жана акылдуу чечим чыгарууга үйрөтүүгө эмне үчүн болбосун?

Балдарыңар алардан эмнени күтүп жатканыңарды жакшы билиши мүмкүн жана силер күткөн нерселерди аткарып жаткандай көрүнүшү ыктымал. Бирок балдарыңардын жүрөгүндө чынында эмне бар экенин баамдай билгиле. Ыйык Китептеги: «Адамдын жүрөгүндөгү ойлор — терең суулар, бирок акылдуу адам алардан сузуп ала берет»,— деген сөздөрдү унутпагыла (Накыл 20:5). Кыраакы болгула, балаңардын жүрөгүнүн түпкүрүндө жашырылган көйгөйдү көрө билип, дароо иш-аракет кылгыла. Эч күнөөлөбөй, тынчсызданып жатканыңарды билдирип, орундуу суроолорду бергиле. Ошол эле учурда өтө көп суроо бербегиле. Балдарыңардын жыргалчылыгына чын ыкластан кызыкдар болсоңор, алардын жүрөгүндө эмне бар экенин аңдап, аларга жардам бере аласыңар.

Жыйналыштын жардамы

Кудайдын кызматчысы катары жыйналыштагы жаштарга рухий мураска ыраазычылыгын арттырууга жардам бере аласыңарбы? Балдарды тарбиялоо ата-эненин милдети болсо да, жыйналыштагы башка бир туугандар, айрыкча, аксакалдар аларга колдоо көрсөтө алат. Мындай жардамга, өзгөчө, диний жактан бөлүнгөн үй-бүлөлөр муктаж.

Аксакалдар жаштарга Жахабаны сүйүүгө жана өзүн керектүү, баалуу сезүүгө кантип жардам бере алышат? Польшадагы бир жыйналышта көзөмөлчү болуп кызмат кылган Мариуш мындай дейт: «Аксакалдар жаштар менен пикирлешиши, пикирлешиши жана дагы да пикирлешиши керек. Алар менен көйгөй пайда болгондо эле эмес, башка учурларда да, мисалы, кызматта жүргөндө, жыйналыштан кийин же бир чыны чайга чакырып баарлашса болот». Балким, алардан жыйналыш жөнүндө кандай ойдо экенин сурап көрөттүрсүңөр. Мындай ачык пикирлешүү жаштарга жыйналышка жакындоого жана өздөрүн анын мүчөсү катары сезүүгө жардам берет.

Эгер аксакал болсоң, жыйналыштагы жаштар менен жакыныраак таанышып жатасыңбы? Азыр аксакал болуп кызмат кылган жогоруда айтылган Альберт өспүрүм курагында көптөгөн сыноолорду башынан өткөргөн. Ал: «Мен бойго жетип калган убагымда аксакалдардын мага жекече көңүл бөлүүсүнө, кайтаруучулук жолугууга муктаж болгом»,— дейт. Аксакалдар жаштардын рухийлиги жөнүндө тиленүү менен да аларга жеке кызыгуу көрсөтө алышат (2 Тим. 1:3).

Жаштардын жыйналыштын иштерине активдүү катышышы абдан маанилүү. Болбосо, алар дүйнөлүк максаттарды көздөп кетиши мүмкүн. Чоңдор, алар менен көбүрөөк кызматташып, достошо аласыңарбы? Жаштар менен чогуу эс алууга убакыт бөлүп, достук маанайда, ачык пикир алышууга аракет кылгыла. Йола мындай деп эскерет: «Бир пионер эже мага жекече көңүл бурчу. Аны менен кызматташканда өмүрүмдө биринчи жолу өзүм каалагандыктан кызматка чыккам».

Жеке чечимиң

Жаштар: «Кандай максаттарым бар? Чөмүлтүлө элек болсом, ошону максат кылып жатамбы?» — деп ойлонуп көргүлө. Чөмүлтүлүүгө үй-бүлөңдүн алдында өзүңдү милдеттүү сезгениң эмес, Жахабага болгон жүрөгүңдөн чыккан сүйүүң түрткү бериши керек.

Жахаба сенин чыныгы досуң, ал эми чындык кенчиң болсун. Ал Ышая пайгамбар аркылуу: «Үрөйүңдү учурба, анткени Мен сенин Кудайыңмын»,— деп айткан. Жахаба, аны менен болгон достугуңду өзүң үзүп салбасаң эле, сенин досуң бойдон кала берет. Ал сени дайыма бекемдеп, өзүнүн адилеттигинин оң колу менен колдойт (Ыш. 41:10).

[Шилтемелер]

^ 6-абз. Айрым ысымдар өзгөртүлүп берилди.

[4-беттеги сүрөт]

Балаңардын жүрөгүндө эмне бар экенин көрө билүүгө аракет кылгыла

[6-беттеги сүрөт]

Чөмүлтүлүүгө Жахабага болгон жүрөктөн чыккан сүйүү түрткү бериши керек