Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын сени куткаруу үчүн көргөн чарасын баалайсыңбы?

Жахабанын сени куткаруу үчүн көргөн чарасын баалайсыңбы?

Жахабанын сени куткаруу үчүн көргөн чарасын баалайсыңбы?

«Ысрайылдын Кудайы Жахабага алкыш! Анткени ал өз элине назарын салып, аны куткарып алды» (ЛК. 1:68).

1, 2. Биздин абалыбыздын оор экенин кандай мисал менен түшүндүрүүгө болот жана кайсы суроолорду карап чыгабыз?

ООРУКАНАДА жатканыңды элестетсең. Сен жаткан бөлүмдө өлүмгө дуушар кыла турган айыккыс илдетке чалдыккандар жатат. Ал дарттын дабасын эч ким билбейт. Бирок кайсы бир доктурдун демилгени колго алып, ал дарттын дабасын табууга киришкенин билгениңде, сенде үмүт пайда болот. Ал доктурдун изилдөөлөрүндө кандай жылыштар болуп жатканын билүүгө аябай ынтызарсың. Анан бир күнү эле ал ооруну айыктыруунун жолу табылганын угасың! Доктур аны табуу үчүн чоң курмандыктарга барган. Ошондо кандай сезимде болот элең? Албетте, сени жана башка көптөгөн адамдарды ажалдан алып калуунун жолун тапкан ал кишиге чексиз ыраазы болуп, аны аябай кадырлап калмаксың.

2 Бул мисал өтө эле күчөтүп айтылгандай сезилиши мүмкүн, бирок бул бардыгыбыз кабылган жагдайды таамай сүрөттөйт. Чын-чынында, ар бирибиздин абалыбыз жогорудагы мисалдагы адамдардын абалынан алда канча оор. Биз куткаруучуга аябай муктажбыз (Оку: Римдиктер 7:24). Бизди куткарыш үчүн Жахаба да, анын Уулу да чоң курмандыктарга барган. Келгиле анда, төмөнкү төрт негизги суроону карап чыгалы: куткарылууга эмне үчүн муктажбыз? Бизди куткаруу үчүн Иса кандай курмандыктарга барган? Жахаба кандай курмандыктарга барган? Куткаруу чарасын баалаарыбызды кантип көрсөтө алабыз?

Биз куткарылууга эмне үчүн муктажбыз?

3. Күнөөнү кандай жугуштуу ооруга салыштырууга болот?

3 Жакында эле жүргүзүлгөн бир изилдөөгө ылайык, адамзат тарыхындагы эң эле кеңири кулач жайган жугуштуу оорулардын бири болуп 1918-жылы он миллиондогон адамдын өмүрүн алып кеткен «испанка» эпидемиясы эсептелет. Бирок адамдардын өмүрүнө андан да чоң коркунуч туудурган оорулар бар. Андай ооруларга салыштырмалуу азыраак киши чалдыкса да, аларды жуктургандардын көбү өлүмгө учурайт *. Эгер күнөөнү жугуштуу ооруга салыштыра турган болсок, ал канчалык кулач жайган? Римдиктер 5:12деги сөздөрдү эстесеңер. Ал аятта: «Бир киши аркылуу дүйнөгө күнөө, күнөө аркылуу өлүм кирген, өлүм болсо бардык адамдарга өткөн, себеби баары күнөө кетирген»,— деп айтылган. Ооба, күнөөнү адамдардын 100 пайызы «жугузуп» алган деп айтууга болот, анткени жеткилеңсиз адамдардын бардыгы күнөө кетирет (Оку: Римдиктер 3:23). Ал эми ал канча кишинин өмүрүн кыят? Пабыл жазгандай, күнөөнүн айынан «бардык адамдар» өлөт.

4. Жахаба канчалык узак жашашыбызды ниет кылган жана анын көз карашы көптөгөн адамдардыкынан эмнеси менен айырмаланат?

4 Бүгүнкү күндө көптөр күнөө менен өлүмдү боло жүргөн нерседей эле кабыл алышат. Алар мезгилсиз өлүмгө дуушар болуудан коркушса да, карылык менен келүүчү өлүмдү «табигый» эле нерсе катары көрүшөт. Бирок Жараткандын бизди кандай ой-ниет менен жаратканын баамдашпайт. Биздин өмүр жашыбыз Кудай ниет кылгандан аябай эле кыска. Чынында, эч бир киши, Жахабанын көз карашы боюнча, жадагалса «бир күн» да жашаган эмес (2 Пет. 3:8). Ошондуктан Кудайдын Сөзүндө адам бир азга гана пайда болуп, жок болуп кетчү бууга жана өсүп чыгып, тез эле куурап калчу чөпкө салыштырылат (Жкп. 4:14; 1 Пет. 1:24). Биз Кудайдын адамдарды кандай ой-ниет менен жаратканын эстен чыгарбашыбыз керек. Эмне үчүн? Эгер бизди жабыркаткан «дарттын» канчалык залакалуу экенин түшүнсөк, анын «дабасын» — куткаруу чарасын — көбүрөөк баалайбыз.

5. Күнөөнүн айынан ар бирибиз эмнелерден айрылганбыз?

5 Күнөөнүн жана анын бизге тийгизген таасиринин канчалык залакалуу экенин билүү үчүн анын айынан эмнелерден айрылганыбызды түшүнүшүбүз керек. Бул оңой болбошу мүмкүн, анткени биз күнөөлүү болуп төрөлгөндүктөн, түпкү ата-энебизде болгон нерселерди эч качан татып көргөн эмеспиз. Башында Адам менен Обо жеткилең жашоодон ырахат алышкан. Акыл-эси, денеси жеткилең болгондуктан, алар ойлорун, сезимдерин жана иш-аракеттерин башкара алышкан. Ошол себептен Жахаба Кудайдын кызматчылары катары эң сонун сапаттарды оңой эле өрчүтө алышмак. Тилекке каршы, алар андай асыл белекти четке кагышкан. Биринчи түгөй Жахабага каршы күнөө жасоо менен өздөрүн эле эмес, урпактарын да Кудай башында ниет кылган жашоодон кол жуудуртушкан (Башт. 3:16—19). Ал эле эмес, өздөрү чалдыккан коркунучтуу «ооруну» бизге да жугузушкан. Жахаба аларга тийиштүү жазасын берген. Ал эми бизге куткарылууга үмүт берген (Заб. 102:10).

Бизди куткаруу үчүн Иса кандай курмандыктарга барган?

6, 7. а) Жахаба бизди куткаруу үчүн чоң курмандык талап кылынарын башында эле кантип көрсөткөн? б) Абылдын жана Мыйзам берилгенге чейин жашаган уруу аксакалдарынын курмандык чалганынан эмнени көрүүгө болот?

6 Жахаба Адам менен Обонун урпактарын куткаруу үчүн чоң курмандыктарга барарын билген. Башталыш 3:15теги пайгамбарлыктан анын бизди куткарыш үчүн кандай курмандыктарга барганын биле алабыз. Жахаба Шайтанды жок кыла турган «тукумду», башкача айтканда, куткаруучуну бермек. Ал куткаруучу катуу азап тартмак, каймана мааниде согончогу чагылмак. Адатта, жылан чакканда, адамдын жаны сыздайт, алсырайт. Бирок Исанын согончогунун чагылышы эмнени билдирген? Жахабанын Тандалганы эмнени башынан өткөрмөк?

7 Адамзатты күнөөнүн кулчулугунан бошотуу үчүн куткаруучу күнөөнүн кесепеттерин жоюп, адамдарга Кудай менен элдешүүгө жол ачмак. Ан үчүн эмне талап кылынмак? Кудайдын байыркы учурдагы кызматчыларынын иш-аракеттеринен көрүнүп тургандай, курмандык талап кылынмак. Эң биринчи ишенимдүү киши Абыл жаныбардан курмандык чалып, Жахабанын жактыруусуна ээ болгон. Кийинчерээк Нух, Ыбрайым, Жакып, Аюб сыяктуу Кудайдан корккон уруу аксакалдары да жаныбарларды курмандыкка чалуу менен Кудайдын ырайымына ээ болушкан (Башт. 4:4; 8:20, 21; 22:13; 31:54; Аюб 1:5). Кылымдар өткөндөн кийин Мусанын мыйзамында курмандык чалуунун маанилүүлүгү баса белгиленген.

8. Күнөөдөн арылуу күнү башкы дин кызматчы эмне кылчу?

8 Күнөөдөн арылуу күнү чалынган курмандыктар Мыйзам талап кылган эң маанилүү курмандыктардын бири катары эсептелчү. Ошол күнү башкы дин кызматчы келечекте боло турган нерселерди символдоштурган иш-аракеттерди кылган. Ал Жахабага, күнөөлөр жуулушу үчүн, биринчиден, дин кызматчылар тобу үчүн, анан дин кызматчылар тобуна кирбеген уруулар үчүн курмандыктарды чалган. Башкы дин кызматчы жыйын чатырынын же ибадаткананын Ыйыктын ыйыгы деген бөлүгүнө жылына бир эле жолу өзү гана кирчү. Анан курмандыкка чалынган малдын канын келишим сандыгынын алды жагына чаччу. Ыйык сандыктын үстүндө пайда болуп турган жаркыраган булут Жахабанын катышуусун билдирген (Чыг. 25:22; Леб. 16:1—30).

9. а) Күнөөдөн арылуу күнүндө башкы дин кызматчы кимдин прообразы болгон жана ал чалган курмандыктар эмнени билдирген? б) Башкы дин кызматчынын Ыйыктын ыйыгына киргени эмнени символдоштурган?

9 Элчи Пабыл башкы дин кызматчынын иш-аракеттеринин маанисин ачып берген. Пабыл башкы дин кызматчынын Иса Машаяктын прообразы болгонун, ал чалган курмандыктар болсо Машаяктын курмандыгын билдиргенин айткан (Эвр. 9:11—14). Ал жеткилең курмандык эки топту — Машаяктын 144 000 майланган бир туугандарынан турган дин кызматчылар тобун жана «башка койлорду» — күнөөдөн биротоло арылтмак (Жкн. 10:16). Ал эми башкы дин кызматчынын Ыйыктын ыйыгына киргени Исанын асмандын өзүнө кирип, Жахаба Кудайга куткаруу курмандыгынын баасын тапшырганын символдоштурган (Эвр. 9:24, 25).

10. Ыйык Китептеги пайгамбарлыктарга ылайык, Машаяк эмнелерди башынан өткөрмөк?

10 Ооба, Адам менен Обонун урпактарын куткаруунун баасы абдан кымбатка турган: Машаяк өз өмүрүн курмандыкка чалышы керек болгон! Эврей Жазмаларын жазган пайгамбарлар бул тууралуу майда-чүйдөсүнө чейин ачып беришкен. Алсак, Даниел пайгамбар «мыйзамсыздыктар өчүрүлүшү үчүн» Машаяктын «жок кылынарын», башкача айтканда, өлүмгө кыйыларын ачык-айкын айткан (Дан. 9:24—26). Ал эми Ышая пайгамбар Машаяктын жеткилеңсиз адамдардын күнөөсүн өзүнө алыш үчүн четке кагыларын, куугунтукталарын жана «жарадар болорун», атап айтканда, өлүмгө дуушар болорун пайгамбарлык кылган (Ыш. 53:4, 5, 7).

11. Жахабанын Уулунун бизди куткаруу үчүн өз өмүрүн даярдуулук менен бергенин эмнеден билүүгө болот?

11 Жерге келгенге чейин эле Кудайдын жалгыз Уулу бизди куткаруу үчүн кандай курмандыктарга барарын жакшы билген. Ал катуу азап чегип, өлүмгө кыйылмак. Атасы бул тууралуу айтканда, ал андан баш тартты беле же каршы болду беле? Жок. Тескерисинче, Атасынын көрсөтмөлөрүнө даярдуулук менен баш ийген (Ыш. 50:4—6). Иса жерде жүргөндө да Атасынын тилин алып, анын эркин аткарган. Ага эмне түрткү берген? Бул суроого Исанын өзүнүн сөздөрүнөн жооп алууга болот. Ал: «Мен Атамды жакшы көрөм»,— деген. Ошондой эле: «Ким достору үчүн өз жанын берсе, аныкынан өткөн сүйүү жок»,— деп айткан (Жкн. 14:31; 15:13). Ырас, биздин куткарылуубуз Жахабанын Уулунун сүйүүсүнүн аркасында мүмкүн болгон. Бизди куткаруу үчүн жеткилең өмүрүнөн айрылууга туура келсе да, Иса муну кубаныч менен кылган.

Бизди куткаруу үчүн Жахаба кандай курмандыктарга барган?

12. Куткаруу курмандыгы кимдин эрки боюнча караштырылган жана ал эмнеден улам кунду караштырган?

12 Куткаруу курмандыгы Исанын демилгеси менен караштырылган эмес. Ал Жахабанын эң негизги ой-ниеттеринин бири болгон. Элчи Пабыл ибадатканадагы курмандык жайда курмандыктардын чалынышы Жахабанын эркин чагылдырганын айткан (Эвр. 10:10). Демек, Машаяктын курмандыгынын негизинде куткарылганыбыз үчүн эң биринчи кезекте Жахабага милдеттүүбүз (Лк. 1:68). Кун Жахабанын жеткилең эркин жана адамдарга болгон күчтүү сүйүүсүн айгинелейт (Оку: Жакан 3:16).

13, 14. Ыбрайым менен болгон окуя Жахабанын биздин жыргалчылыгыбыз үчүн кылган нерселерин баалоого кандайча жардам берет?

13 Жахабага бизге сүйүүсүн ушундай жол менен көрсөтүү канчалык кыйынга турган? Муну элестетүү биз үчүн оңой эмес. Ошентсе да Ыйык Китептеги бир окуя муну тереңирээк түшүнүүгө жардам берет. Жахаба ишенимдүү кызматчысы Ыбрайымга ал үчүн аябай оор нерсени кылууну — уулу Ыскакты курмандыкка чалууну — буйруган. Бизге Ыбрайымдын мээримдүү ата болгону белгилүү. Жахаба ага Ыскак жөнүндө: «Жакшы көргөн жалгыз уулуң...» — деп айткан (Башт. 22:2). Бирок ал Жахабанын эркин уулуна болгон сүйүүсүнөн да маанилүү деп эсептеген. Ошондуктан эч олку-солку болбостон Жахабага тил алып, анын айткандарын кылган. Анткен менен Жахаба Ыбрайымдын өзү келечекте кыла турган нерсени кылышына жол берген эмес. Ыбрайым уулун курмандыкка чалайын дегенде, Ал периштесин жиберип, аны токтотуп калган. Ыбрайым уулун тирилүү аркылуу кайра көрөрүнө бекем ишенгендиктен, ошол оор сыноодо Кудайга тил алчаак болууга чечкиндүү болгон. Ал Кудайдын тирилтүүгө кудурети жетерине эч шектенген эмес. Пабыл айткандай, Ыбрайым уулун каймана мааниде тирилүү аркылуу «кайра алган» (Эвр. 11:19).

14 Өз уулун курмандыкка чалууга даярдык көрүп жатканда Ыбрайымдын жан дүйнөсү канчалык кыйналганын элестетсең. Аны менен болгон окуя Жахабанын «Менин сүйүктүү Уулум» деп атаган Уулун курмандыкка чалганда кандай сезимде болгонун түшүнүүгө көмөк кылат (Мт. 3:17). Жахабанын жүрөгү Ыбрайымдыкынан да көбүрөөк сыздаганы шексиз. Анткени Ал өзүнүн Уулу менен миллиондогон, балким, миллиарддаган жылдар бою ынак мамиледе болгон. Уулу Атасы менен чогуу анын «сүрөтчүсү», ошондой эле «Сөзү» же Өкүлү катары кубаныч менен эмгектенген (Накыл 8:22, 30, 31; Жкн. 1:1). Уулунун азап чеккенин, шылдыңдалганын жана кылмышкер катары өлүмгө кыйылганын көрүү Жахаба үчүн биз элестеткенден алда канча кыйын болгон. Ооба, биздин куткарылуубуз Жахабага аябай кымбатка турган! Анда сен куткаруу чарасын баалаарыңды кантип көрсөтө аласың?

Куткаруу чарасын баалаарыңды кантип көрсөтө аласың?

15. Иса адамзатты күнөөдөн куткаруу ишин кантип аягына чыгарган жана бул эмнеге жол ачкан?

15 Иса тирилтилип, асманга баргандан кийин адамзатты күнөөдөн куткаруу ишин аягына чыгарган. Ал сүйүктүү Атасына барып, курмандыгынын баасын тапшырган. Ошондон кийин адамзатка мол бата төгүлгөн. Алгач Машаяктын майланган бир туугандарынын, андан кийин «бүт дүйнөнүн» күнөөлөрүнүн толугу менен кечирилишине жол ачылган. Бүгүнкү күндө ал курмандыктын аркасында күнөөлөрү үчүн чын ниеттен өкүнүп, Исанын чыныгы жолдоочусу болгондордун баары Жахаба Кудай менен тыгыз мамиле өрчүтө алышат (1 Жкн. 2:2). Бул сага кандай таасир этиши керек?

16. Куткарылышыбызга чара көргөн Жахабага канчалык ыраазы болушубуз керектигин кайсы мисал менен түшүндүрүүгө болот?

16 Макаланын башындагы мисалга кайра кайрылалы. Оорунун дабасын тапкан доктур сен жаткан бөлүмгө келип, бейтаптарга: «Мен айткан ыкма боюнча дарыланып, көрсөтмөлөргө кармангандардын баары сөзсүз айыгат»,— деп айтат дейли. Эгер бейтаптардын көпчүлүгү доктурдун көрсөтмөлөрүнө кармануу өтө эле оор деп, андан баш тартса, эмне кылат элең? Доктурдун дарылоо ыкмасынын чынында эле жардам берерине жүйөлүү далилдер бар болсо да, аларга окшоп, сен да баш тартат белең? Албетте, жок! Тескерисинче, доктурга ыраазы болуп, анын көрсөтмөлөрүнө так карманмаксың. Атүгүл ал тууралуу башкаларга да айтмаксың. Анда өзүнүн Уулун курмандыкка берип, биздин куткарылышыбызга жол ачкан Жахаба Кудайга канчалык ыраазы болушубуз керек?! (Оку: Римдиктер 6:17, 18).

17. Жахабанын сени куткарыш үчүн көргөн чарасына ыраазы экениңди кантип көрсөтө аласың?

17 Эгер Жахабанын жана анын Уулунун бизди күнөө менен өлүмдөн куткаруу үчүн эмнелерди кылганын бааласак, аны иш жүзүндө көрсөтөбүз (1 Жкн. 5:3). Биз күнөө кылууга жакын болсок да, ага каршы күрөшөбүз. Ошондой эле эч качан билип туруп күнөө жасагыбыз жана эки жүздүү жашоо өткөргүбүз келбейт. Антсек, кунду баалабай турганыбызды көрсөтмөкпүз. Кудайдын көз алдында таза болууга бүт күч-аракетибизди жумшоо менен кунга терең ыраазы экенибизди көрсөтөбүз (2 Пет. 3:14). Андан тышкары, ыраазычылыгыбызды айгинелеп, башкаларга, алар да Жахаба менен тыгыз мамиле өрчүтүп, түбөлүк өмүр сүрүү үмүтүнө ээ болушу үчүн, ал кереметтүү үмүт тууралуу айтабыз (1 Тим. 4:16). Арийне, Жахаба менен анын Уулу ар бир мүнөт убактыбызды, бүт күчүбүздү аларды даңктоого арнашыбызга татыктуу! (Мр. 12:28—30). Ойлоп көрсөңөр, бизде күнөөдөн толугу менен арылууга үмүт бар! Биз Кудай башында ниет кылгандай жеткилең болуп, түбөлүк өмүр сүрөбүз! Мунун баары Жахабанын бизди куткаруу үчүн көргөн чарасынын аркасында ишке ашат (Рим. 8:21).

[Шилтемелер]

^ 3-абз. «Испанка» эпидемиясына ошол учурдагы дүйнө калкынын 20—50 пайызы чалдыкканы маалымдалат. Ал ооруну жуктургандардын 1—10 пайызы өлүмгө дуушар болгон. Ал эми Эбола вирусу сейрек кездешкени менен, ал күч алган учурларда ага чалдыккандардын 90го жакын пайызы өмүрү менен кош айтышкан.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Куткарулууга эмне үчүн абдан муктажбыз?

• Исанын сен үчүн өз жанын аябаганы сага кандай таасир этет?

• Жахабанын кунду караштырганы сага кандай таасир этет?

• Жахабанын сени куткарыш үчүн көргөн чарасына жооп кайтаруу үчүн эмне кылууга түрткү алдың?

[Изилдөө суроолору]

[27-беттеги сүрөт]

Күнөөдөн арылуу күнү Ысрайылдагы башкы дин кызматчы Машаяктын прообразы болгон

[28-беттеги сүрөт]

Ыбрайымдын өз уулун курмандыкка чалууга даяр болгонунан Жахабанын улуу курмандыгы тууралуу көптү билүүгө болот