Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Машаяктын сүйүүсү бизге сүйүү көрсөтүүгө түрткү берет

Машаяктын сүйүүсү бизге сүйүү көрсөтүүгө түрткү берет

Машаяктын сүйүүсү бизге сүйүү көрсөтүүгө түрткү берет

«Иса... бул дүйнөдөгү өз шакирттерин сүйдү, аларды акырына чейин сүйдү» (ЖКН. 13:1).

1, 2. а) Исанын көрсөткөн сүйүүсү эмнеси менен өзгөчө? б) Бул макалада сүйүү көрсөтүүгө байланыштуу эмнелерди карап чыгабыз?

ИСА сүйүү көрсөтүү жагынан мыкты үлгү калтырган. Анын сөздөрү, жүрүм-туруму, окутуулары жана өмүрүн курмандыкка бергени — баары анын сүйүүсүн чагылдырат. Иса бардык адамдарга, өзгөчө, өзүнүн шакирттерине жердеги жашоосунун акырына чейин сүйүү көрсөткөн.

2 Биз Исанын сүйүү көрсөтүү жагынан калтырган мыкты үлгүсүнөн башкаларга кантип сүйүү көрсөтүшүбүз керектигин билебиз. Анын үлгүсү ишенимдештерибизге жана башкаларга аныкындай сүйүү көрсөтүүгө түрткү берет. Бул макалада жыйналыштагы аксакалдардын ката кетиргендерге, атүгүл олуттуу күнөө жасагандарга сүйүү көрсөтүү жагынан Исадан эмнеге үйрөнө аларын карайбыз. Андан сырткары, Исанын сүйүүсү бизге кыйынчылыктардын, табигый кырсыктардын жана оорунун айынан кыйналган ишенимдештерибизге жардам берүүгө кандайча түрткү берерин да талкуулайбыз.

3. Петир олуттуу ката кетирсе да, Иса ага кандай мамиле кылган?

3 Исанын өлөр алдындагы түнү өзүнүн элчиси Петир андан үч жолу баш тарткан (Мр. 14:66—72). Анткен менен, Иса алдын ала айткандай, Петир өкүнгөн. Ошондо Иса аны кечирип, ага чоң жоопкерчиликтерди ишенип тапшырган (Лк. 22:32; Элч. 2:14; 8:14—17; 10:44, 45). Исанын олуттуу ката кетиргендерге жасаган мамилесинен эмнеге үйрөнөбүз?

Күнөө кетиргендерге карата Машаяктыкындай көз карашта бололу

4. Өзгөчө кайсы учурда Исаныкындай көз караш чагылдыруу талап кылынат?

4 Биз бардык учурда, анын ичинде олуттуу күнөө кетиргендерге мамиле кылууда Исаныкындай көз караш чагылдырышыбыз керек. Андайда үй-бүлөдө болобу же жыйналыштабы, Исаныкындай көз карашта болуу оңой эмес. Өкүнүчтүүсү, Шайтандын түзүлүшүнүн акыры жакындаган сайын дүйнөнүн рухунун таасиринен улам адеп-ахлак нормалары төмөндөгөндөн төмөндөөдө. Адеп-ахлак нормалары баркка алынбаган дүйнөнүн маанайы жаштарга да, карыларга да терс таасир этип, алардын ак жолдо жүрүүгө болгон чечкиндүүлүгүн басаңдатышы мүмкүн. Бүгүнкү күндө, биринчи кылымдагыдай эле, айрымдар жыйналыштан чыгарылса, башкаларга эскертүү берилет (1 Кор. 5:11—13; 1 Тим. 5:20). Бирок мындай маселелерди караган аксакалдардын Исаныкындай сүйүү көрсөткөнү күнөө кетирген адамга күчтүү таасир этиши мүмкүн.

5. Аксакалдар, Исадан үлгү алып, күнөө кетиргендерге кандай мамиле кылышы керек?

5 Аксакалдар бардык учурда, Исадай болуп, Жахабанын адил нормаларына карманышы керек. Ошону менен бирге алар Жахабанын жумшактыгын, боорукердигин жана сүйүүсүн чагылдырышы абзел. Кимдир бирөө күнөө кетиргенине «чын дилинен өкүнүп», «моюн сунса», аксакалдарга аны «жумшактык менен туура жолго салуу» кыйын деле болбошу мүмкүн (Заб. 33:19; Гал. 6:1). Бирок кеңешти четке кагып, өкүнбөгөн адамга аксакалдар кандай мамиле кылышы керек?

6. Аксакалдар күнөө кетиргендерге мамиле кылууда эмнеден качышы керек жана эмне үчүн?

6 Күнөө кетирген киши Жазманын негизинде берилген кеңешти четке какса же айыбын башка бирөөгө оодарууга аракет кылса, аксакалдар жана башка бир туугандар ачууланышы ыктымал. Анын кандай зыян алып келгенин билгендиктен алар ал кишинин кылган ишине же маанайына карата өздөрүнүн сезимдерин билдиргиси келиши мүмкүн. Бирок ачуулануу зыяндуу жана «Машаяктын акылын» чагылдырууга жатпайт (1 Кор. 2:16; оку: Жакып 1:19, 20). Иса өзүнүн убагындагы айрым кишилерге ачык-айкын эле эскертүү берген, бирок эч качан адамдарды кордогон же жүрөгүн жаралаган сөздөрдү айткан эмес (1 Пет. 2:23). Тескерисинче, сүйлөгөн сөздөрү жана кылган мамилеси менен ал күнөө кетирген кишинин өкүнүп, Жахабанын жактыруусуна кайрадан ээ боло аларын көрсөткөн. Анткени анын дүйнөгө келгендигинин негизги себептеринин бири «күнөөкөрлөрдү куткаруу» болгон (1 Тим. 1:15).

7, 8. Аксакалдар укуктук маселелерди чечүүдө эмнеге жетектелиши керек?

7 Исанын үлгүсү жыйналыш аркылуу жазаланышы керек болгондорго карата көз карашыбызга кандай таасир этиши керек? Жыйналышта караштырылган Ыйык Китепке негизделген тартипке салуу чарасы оторду коргоорун жана күнөө кетирген адамга өкүнүүгө түрткү бериши мүмкүн экенин унутпайлы (2 Кор. 2:6—8). Айрымдардын өкүнбөй, жыйналыштан чыгарылганы бизди кайгыртпай койбойт, бирок алардын көбүнүн кийинчерээк Жахабага жана анын жыйналышына кайтып келерин билүү кубандырат. Аксакалдар Машаяктыкындай көз караш чагылдыруу менен күнөө кылган кишиге ой жүгүртүүсүн өзгөртүүгө жана оторго кайрылып келүүгө жардам бере алышат. Күнөө кетиргендер кайтып келгенде аксакалдардын Ыйык Китептин негизинде берген кеңештеринин баарын эстебеши мүмкүн, бирок аксакалдардын алардын кадыр-баркын сыйлап, сүйүү менен мамиле кылганын унутпаары шексиз.

8 Ошондуктан, күнөө кетиргендер кеңешти кабыл албаган күндө да, аксакалдар «рухтун жемишин», айрыкча, Исаныкындай сүйүүнү чагылдырышы абзел (Гал. 5:22, 23). Алар туура эмес иш кылган кишини жыйналыштан чыгарууга эч качан шашылбашы керек. Тескерисинче, анын Жахабага кайрылып келишин каалаарын көрсөтүшү зарыл. Ошонун аркасында, көптөрдүн мисалынан көрүнүп тургандай, күнөө кетирген киши өкүнгөндө ага жыйналышка кайрылып келүүгө жардам берген Жахабага жана «адам түрүндөгү белектерге» терең ыраазы болушу мүмкүн (Эф. 4:8, 11, 12).

Ушул акыркы күндөрдө Машаяктыкындай сүйүү көрсөтөлү

9. Исанын өз шакирттерине иш жүзүндө кантип сүйүү көрсөткөнүн айтып бергиле.

9 Лука Исанын иш жүзүндө кантип сүйүү көрсөткөнү тууралуу жазган. Бир канча убактан кийин Рим аскерлеринин Иерусалимди эч ким качып кете албагыдай кылып курчап аларын билгендиктен Иса сүйүү менен шакирттерин: «Иерусалимди аскер кошуундары курчап алганын көргөнүңөрдө анын кыйрай турган убагы жакын калганын билгиле»,— деп эскерткен. Алар эмне кылышы керек эле? Иса аларга алдын ала мындай так-айкын көрсөтмөлөрдү берген: «Ошондо Жүйүт жериндегилер тоого качсын. Иерусалимдин ичиндегилер шаардан чыгып кетишсин, ал эми сыртындагылар ага кирбесин. Анткени ал күндөр өч алуу күндөрү болот. Ошентип, жазылгандардын бардыгы аткарылат» (Лк. 21:20—22). Рим аскерлери б.з. 66-жылы Иерусалимди курчап алганда, тил алчаак адамдар ошол көрсөтмөлөргө ылайык иш кылышкан.

10, 11. Исанын алгачкы жолдоочулары Иерусалимден качып чыккан маал тууралуу ой жүгүртүү кандайча бизди «улуу алааматка» даярдайт?

10 Исанын жолдоочулары Иерусалимден качып чыккан маалда бири-бирине, Иса аларга сүйүү көрсөткөндөй, сүйүү көрсөтүшү зарыл болгон. Алар колунда болгон нерселерин бири-бири менен бөлүшүшү керек эле. Бирок Иса айткан пайгамбарлык ал байыркы шаардын талкаланышына эле тиешелүү болгон эмес. Иса: «Дүйнөнүн башталышынан бери болбогон жана кийин да болбой турган улуу алаамат болот»,— деп айткан (Мт. 24:17, 18, 21). Ошол улуу алааматка чейин жана улуу алаамат учурунда биз да ар кандай кыйынчылыктардан, материалдык нерселердин жетишсиздигинен улам кыйналышыбыз ыктымал. Машаяктын ой жүгүртүүсүнө ээ болуу бизге андай кыйынчылыктарды көтөрүп кетүүгө жардам берет.

11 Ошол учурда, Исадай болуп, бири-бирибизге жан аябастык менен сүйүү көрсөтүшүбүз керек болот. Буга байланыштуу элчи Пабыл мындай кеңеш берген: «Ар бирибиз жакыныбызга жакканды кылып, бекемдөө үчүн анын пайдасын көздөйлү. Анткени Машаяк да өзүнө гана жакканды кылган эмес... Туруктуулук, сооронуч берүүчү Кудай силерди Иса Машаяктыкындай ой жүгүртүүгө ээ кылсын» (Рим. 15:2, 3, 5).

12. Бүгүнкү күндө кандай сүйүү өрчүтүшүбүз керек жана эмне үчүн?

12 Исанын сүйүүсүн көргөн Петир да ишенимдештерин «чыныгы биртуугандык сүйүү» өрчүтүүгө жана «чындыкка баш ийүүгө» үндөгөн. Алар бири-бирин жан-дили менен, чын жүрөктөн сүйүшү керек эле (1 Пет. 1:22). Бүгүнкү күндө биз үчүн да Исаныкындай сапаттарды өрчүтүү болуп көрбөгөндөй маанилүү. Себеби Кудайдын элине көрсөтүлгөн кысым күчөгөндөн күчөп жатат. Дүйнөнүн каржы системасындагы учурдагы баш аламандыктан айкын көрүнүп тургандай, биз өтүп бараткан дүйнөдөгү эч бир нерсеге таянбашыбыз керек (Оку: 1 Жакан 2:15—17). Азыркы түзүлүштүн акырына аябай эле аз калгандыктан, Жахабага жана бири-бирибизге ого бетер жакындап, жыйналыштагы бир туугандар менен чыныгы достук мамилелерди өрчүткөнүбүз абдан маанилүү. Пабыл: «Биртуугандык сүйүүңөрдү назиктик менен көрсөткүлө. Бири-бириңерге урмат көрсөтүүдө демилгени колго алгыла»,— деп кеңеш берген (Рим. 12:10). Петир да ушул ойду баса белгилеп: «Баарынан мурда бири-бириңерди жан-дилиңер менен сүйгүлө, анткени сүйүү көп күнөөлөрдү жаап коёт»,— деген (1 Пет. 4:8).

13—15. Айрым бир туугандар кырсыктан жапа чеккендерге Машаяктын сүйүүсүн кантип көрсөтүшкөн?

13 Дүйнө жүзү боюнча Жахабанын Күбөлөрү Машаяктыкындай сүйүүнү иш жүзүндө көрсөткөнү менен белгилүү. Мисалы, 2005-жылы Кошмо Штаттардын түштүгүндөгү бир топ жерлер бороон-чапкындан жана куюндан бүлгүнгө учураганда, Күбөлөрдүн жабыр тарткандарга кантип жардам бергенин карап көрөлү. Исанын көрсөткөн сүйүүсүнөн түрткү алган 20 000ден ашуун ыктыярдуу жардамчы жабыр тарткан бир туугандарына жардамга келген; көптөр өздөрүнүн ыңгайлуу үй-жайын, туруктуу жумушун калтырышкан.

14 Бир аймакта бороон-чапкындан улам деңиз суусу 10 метрге чейин көтөрүлүп, жээктен 80 километрге чейинки жерлерди каптаган. Суу ал жактагы үйлөрдүн жана башка имараттардын үчтөн бирин толугу менен кыйратып кеткен. Бир нече өлкөдөн барган ыктыярдуу жардамчылар өздөрү менен кошо шаймандарын, курулуш материалдарын ала барышкан жана жөндөмдүүлүктөрүн колдонуп, кандай жумуш болбосун, даярдуулук менен аткарышкан. Эки жесир эже-сиңди керектүү оокаттарын чакан жүк ташуучу машинеге жүктөп, жабыр тарткандарга жардам берүү үчүн 3 000 километрден ашуун жол жүрүшкөн. Алардын бири ошол жакта калып калган жана азыркыга чейин жардам берүү комитетине көмөк көрсөтөт, ошондой эле пионер болуп кызмат кылат.

15 Ал аймактагы Күбөлөрдүн жана башка кишилердин үйлөрүн кошкондо бардыгы болуп 5 600дөн ашуун үй кайра курулган же оңдолуп-түзөлгөн. Ишенимдештеринин андай күчтүү сүйүүсүн көргөн жергиликтүү Жахабанын Күбөлөрү кандай сезимде болушкан? Үйү талкаланып калган бир эжеге төбөсү тешик, меши бузулган авточиркемеде жашоого туура келген. Бирок бир туугандар ага жөнөкөй, ыңгайлуу үй куруп беришкен. Курулуп бүткөн жакшынакай жаңы үйүн көрүп, ал эже Жахабага жана бир туугандарына ыраазы болгонунан жашып кеткен. Дагы көптөгөн бир туугандар өздөрүнүн үйү курулуп бүтсө да, бир жыл же андан көп убакыт башка жерде жашап турушкан. Эмне себептен? Анткени алар өздөрүнүн жаңы үйлөрүн жардамга келген кызматчыларга беришкен. Алар Машаяктын сүйүүсүн кандай гана сонун чагылдырышкан!

Ооругандарга Машаяктай мамиле кылалы

16, 17. Оорулууларга карата Исанын ой жүгүртүүсүн кантип чагылдырууга болот?

16 Табигый кырсыкка баарыбыз эле кабыла бербейбиз. Бирок дээрлик ар бирибизде же үй-бүлөбүздөгүлөрдө ден соолукка байланыштуу кыйынчылыктар болот. Исанын оорулууларга кылган мамилеси биз үчүн үлгү болуп эсептелет. Ал сүйүүсүнөн улам аларга боору ачыган, ошондуктан эл алып келген оорулуулардын бардыгын айыктырган (Мт. 8:16; 14:14).

17 Бүгүнкү күндө Исанын жолдоочулары керемет жолу менен оорулууларды айыктыра алышпайт, бирок Исадай болуп, аларга боорукердик көрсөтө алышат. Кантип? Алсак, аксакалдар, Матай 25:39, 40-аяттардагы (оку) принципке ылайык, жыйналыштагы ооругандарга жардам көрсөтүү үчүн чара көрүп, анын ишке ашышын көзөмөлдөө менен Машаяктын ой жүгүртүүсүн чагылдырышат *.

18. Эки эже бир ишенимдешибизге кантип чын дилден сүйүү көрсөтүшкөн жана анын натыйжасы кандай болгон?

18 Башкаларга аксакалдар эле эмес, баарыбыз жакшылык кыла алабыз. Бир мисал карап көрөлү. 44 жаштагы Шарлин рак оорусу менен ооручу жана ага он эле күн жашайсың деп айтышкан. Ошондо Шарон жана Николетт деген эки эже анын жардамга муктаж экенин жана ага кам көрүү күйөөсүнө канчалык оор болуп жатканын көрүп, Шарлин көз жумганга чейин, эртеден кечке анын жанында болушкан. Алар Шарлинге сүйүү көрсөтүп, он күн эле эмес, анын өмүрүнүн акырына чейин, алты жума бою, ага кам көрүшкөн. «Ооруган кишинин айыкпасын билсең кыйын экен,— дейт Шарон.— Бирок Жахаба бизге күч берди. Ага кам көрүү бизди Жахабага жана бири-бирибизге ого бетер жакындатты». Ал эми Шарлиндин жолдошу мындай дейт: «Мен ал эки эженин боорукердигин, колдоо көрсөткөнүн эч качан унутпайм. Алардын чын ниеттүүлүгү, оң маанайы ишенимдүү жубайым Шарлиндин өмүрүнүн акырындагы сыноосун бир топ жеңилдетти, ошондой эле зарыл учурда мени да кайраттандырып, эмоциялык жактан күч берди. Мен аларга чексиз ыраазымын. Алардын жан аябастыгы Жахабага болгон ишенимимди бекемдеди жана бүткүл дүйнөлүк бир туугандыкка болгон сүйүүмдү арттырды».

19, 20. а) Машаяктын ой жүгүртүүсүн чагылдырган кайсы беш нерсени карап чыктык? б) Силер эмне кылууга чечкиндүүсүңөр?

19 Бул үч катар макалада Исанын ой жүгүртүүсүн чагылдырган беш нерсени талкууладык. Ошондой эле ой жүгүртүүбүз, кылган иштерибиз менен аны кантип туурай аларыбызды карадык. Келгиле, Исадай жумшак жана момун бололу (Мт. 11:29). Башкалардын кемчиликтери менен алсыздыктары көзгө урунуп жатса да, аларга боорукердик менен мамиле кылууга аракеттенели. Андан сырткары, сыноолорго туш болгондо да тил алчаактык жана кайраттуулук көрсөтүп, Жахабанын талаптарынын баарын аткара берели.

20 Булардан тышкары, Иса шакирттерин «акырына чейин сүйгөндөй», биз да бир туугандарыбыздын баарына «акырына чейин» сүйүү көрсөтөлү. Мындай сүйүү Исанын чыныгы жолдоочулары экенибизди айгинелейт (Жкн. 13:1, 34, 35). Андыктан ортобузда «мындан ары да... биртуугандык сүйүү болсун» (Эвр. 13:1). Мындай сүйүү көрсөтүүнү эч качан токтотпойлу! Жашообузду Жахабаны даңктоого жана бир туугандарыбызга жардам берүүгө арноого чечкиндүү бололу! Жахаба чын жүрөктөн кылган аракеттерибизге сөзсүз батасын берет.

[Шилтемелер]

^ 17-абз. «Күзөт мунарасынын» 1987-жылдын 15-мартындагы санына чыккан «„Жылуу кийин, курсагыңды тойгуз“,— деп айтып коюу жетишсиз» деген макаланы карагыла, ор.

Түшүндүрө аласыңарбы?

• Аксакалдар Исанын күнөө кетиргендерге карата көз карашын кантип чагылдыра алышат?

• Азыркы акыркы күндөрдө Машаяктыкындай сүйүү көрсөтүү эмне үчүн абдан маанилүү?

• Канткенде ооругандарга Машаяктай мамиле кыла алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[17-беттеги сүрөт]

Аксакалдар күнөө кетиргендердин Жахабага кайрылып келишин каалайт

[18-беттеги сүрөт]

Исанын Иерусалимде жашаган жолдоочулары анын ой жүгүртүүсүн кантип чагылдырышкан?

[19-беттеги сүрөт]

Жахабанын Күбөлөрү Машаяктыкындай сүйүүнү иш жүзүндө көрсөткөнү менен белгилүү