Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Бардык адамдар менен тынчтыкта болгула»

«Бардык адамдар менен тынчтыкта болгула»

«Бардык адамдар менен тынчтыкта болгула»

«Бардык адамдар менен тынчтыкта болууга колуңардан келишинче аракеттенгиле» (РИМ. 12:18).

1, 2. а) Иса өзүнүн жолдоочуларына эмнени эскерткен? б) Каршылыктарга кандай карашыбыз керектигине байланыштуу кеңешти кайдан таба алабыз?

ИСА өзүнүн жолдоочуларына дүйнөдөгү адамдар тарабынан каршылыктарга кабыларын эскерткен жана өлөр алдындагы түнү мунун себебин түшүндүргөн. Ал элчилерине: «Эгер бул дүйнөгө таандык болсоңор, ал өзүнүкүн сүймөк. Бирок силер бул дүйнөгө таандык болбогондуктан жана мен силерди дүйнөдөн тандап алгандыктан, ал силерди жек көрөт»,— деген (Жкн. 15:19).

2 Элчи Пабыл Исанын сөздөрүнүн калетсиздигине өз тажрыйбасынан ынанган. Ал жаш шериги Тиметейге жазган экинчи катында мындай деген: «Сен болсо менин окутуума, жашоомо, максатыма, ишенимиме, чыдамкайлыгыма, сүйүүмө, туруктуулугума көңүл коюп, көрсөткөн үлгүмө так кармандың. Андан тышкары, кандай куугунтуктарга кабылганымды... кыйынчылыктарга дуушар болгонумду билесиң». Андан ары сөзүн улап: «Негизинен, Машаяк Исанын жолунда Кудайга берилгендик көрсөтүп жашагысы келгендердин баары куугунтукталат»,— деп айткан (2 Тим. 3:10—12). Исанын Римдеги жолдоочуларына жолдогон катынын 12-бөлүмүндө Пабыл алардын каршылыктарга кандай карашы керектигине байланыштуу даанышман кеңеш берген. Анын сөздөрү ушул акыркы күндөрдө бизге да жетекчилик берет.

«Жакшы деп эсептелген нерселерди кылгыла»

3, 4. Римдиктер 12:17деги кеңешти а) диний жактан бөлүнгөн үй-бүлөлөрдө, б) башка адамдар менен мамилелешүүдө кантип колдонсок болот?

3 Оку: Римдиктер 12:17. Пабыл каршылыктарга туш болгондо өч албашыбыз керектигин айткан. Бул кеңешти, өзгөчө, диний жактан бөлүнгөн үй-бүлөлөрдө колдонуу маанилүү. Андай үй-бүлөдө Исанын жолдоочусу жубайына жаман сөздөр же жаман мамиле менен жооп кайтарууга умтулбайт. «Жамандыкка жамандык менен жооп берүү» эч убакта жакшылыкка алып келбейт, тескерисинче, жагдайды ого бетер курчутат.

4 Анын ордуна Пабылдын: «Баарынын алдында жакшы деп эсептелген нерселерди кылгыла»,— деген кеңешин колдонуу акылдуулукка жатат. Эгер күйөөсү аялынын ишеними тууралуу кандайдыр бир жагымсыз нерселерди айтса деле, аялы ага жакшы мамиле кыла берсе, үйдөгү жагдай чыңалып кетпейт (Накыл 31:12). Азыр Бейтелде кызмат кылган Карлос апасынын атасына дайыма жакшы мамиле кылып, үй-тиричилигине да жакшы кам көрүп, атасы көрсөткөн катуу каршылыкты жеңгенин эскерет. Ал мындай дейт: «Апам бизге, балдарга, атамды дайыма сыйлашыбыз керектигин айтчу. Ал менден атам менен боулинг ойношумду суранар эле. Чынын айтсам, мен ал оюнду анча деле жакшы көрчү эмесмин. Бирок экөөбүздүн ойногонубуз атама аябай жакчу». Акыр-аягы, Карлостун атасы Ыйык Китепти изилдей баштаган жана убакыттын өтүшү менен чөмүлтүлгөн. Жахабанын Күбөлөрү «баарынын алдында жакшы деп эсептелген нерселерди кылып», табигый кырсыктар болгондо адамдарга иш жүзүндө көмөк көрсөтүү менен да бейкалыс пикирди жоё алышат.

Каршылаштардын жүрөгүн «чок» менен «эритүү»

5, 6. а) Душмандын башына «чок» үйүү деген эмнени билдирет? б) Римдиктер 12:20дагы кеңешти колдонуу менен жакшы натыйжага жетсе болорун көрсөткөн жергиликтүү мисал айтып бергиле.

5 Оку: Римдиктер 12:20. Пабыл бул аяттагы сөздөрдү жазып жатканда Накыл сөздөр 25:21, 22-аяттардагы: «Душманың ачка болсо, нанга тойгуз, суусап турса, суусунун кандыр. Анткени ушундай кылуу менен сен анын башына чок үйөсүң. Ошондо Теңир сага тиешеңди берет»,— деген сөздөрдү цитата кылса керек. Пабылдын Римдиктер 12-бөлүмдө жазылган кеңешине караганда, ал душмандын башына чок үйүү керектигин айтуу менен аны жазалоо же мазактоо керектигин айткысы келген эмес. Ал накыл сөз менен Пабылдын римдиктерге жазган сөздөрү, сыягы, байыркы учурдагы металл кенин эритүү ыкмасына байланыштуу болгон. 19-кылымда жашаган англис окумуштуусу Чарлз Брижес мындай деп белгилеген: «Оңой менен эрибеген металлды эритиш үчүн, анын астына да, үстүнө да от коюу керек: металлды отко коюп эле койбостон, анын үстүнө да чок үйүү зарыл. Чыдамкайлык жана жан аябастык менен көрсөтүлгөн жалындаган сүйүүнүн күчүнө эрибеген жүрөктөр жокко эсе».

6 Жакшы иштер, чок сыяктуу, каршылаштардын жүрөгүн жылытышы, атүгүл аны эритип, Кудайдын элине карата мамилесин өзгөртүүгө түрткү бериши мүмкүн. Ооба, жакшы иштерибиз адамдардын Жахабанын элине жана ал эл айткан ыйык китептик кабарга карата жакшы ойдо болушуна өбөлгө түзөт. Элчи Пабыл: «Башка элдердин арасында жүрүм-турумуңар мындан ары да үлгүлүү болсун. Силерди жамандык кылуучулар деп айыптаган алар жакшы иштериңерди көрүп, Кудай текшерген күнү Аны даңкташсын»,— деп жазган (1 Пет. 2:12).

«Бардык адамдар менен тынчтыкта болгула»

7. Машаяк өзүнүн жолдоочуларына кандай тынчтык калтырган жана ал бизге эмне кылууга түрткү бериши керек?

7 Оку: Римдиктер 12:18. Иса элчилери менен өткөргөн акыркы кечте аларга: «Мен силерге тынчтык калтырып жатам, өзүмдүн тынчтыгымды берип жатам»,— деген (Жкн. 14:27). Машаяк өзүнүн жолдоочуларына калтырган тынчтык — Жахаба Кудайдын жана анын сүйүктүү Уулунун сүйүүсүнө жана жактыруусуна ээ экенин сезүүдөн улам келүүчү жан дүйнө тынчтыгы. Ички дүйнөбүздө орногон бул бейкуттук бизге башкалар менен тынчтыкта болууга түрткү бериши керек. Исанын чыныгы жолдоочулары тынчтыкты сүйүүчү жана «тынчтык жаратуучу» болууга умтулушат (Мт. 5:9, шилтеме).

8. Канткенде үйдө жана жыйналышта тынчтык жаратуучулардан боло алабыз?

8 Үй-бүлөдө тынчтык жаратуучу болуунун бир жолу — пикир келишпестиктерди жагдай курчуп кете электе, мүмкүн болушунча эрте чечүү (Накыл 15:18; Эф. 4:26). Бул кеңеш жыйналышта да колдонорлук. Элчи Петир тынчтыкка умтулууну тилди тыюу менен байланыштырган (1 Пет. 3:10, 11). Жакып да тилди туура колдонууга жана көрө албастыктан, тажаалдыктан алыс болууга байланыштуу кеңеш берген. Андан соң мындай деген: «Жогорудан келген акылмандык баарынан мурда таза, андан кийин тынчтыкты сүйүүчү, эстүү, баш ийүүгө даяр, кайрымдуулук менен жакшы жемиштерге бай, калыс, эки жүздүү эмес. Адилдиктин жемишин бере турган үрөн тынчтыкка умтулгандардын пайдасы үчүн тынчтык бар жерде себилет» (Жкп. 3:17, 18).

9. «Бардык адамдар менен тынчтыкта болууга» умтулууда эмнени эстен чыгарбашыбыз керек?

9 Пабылдын Римдиктер 12:18деги сөздөрү үйдө же жыйналышта эле тынчтыкка умтулууну билдирбейт. Ал «бардык адамдар менен тынчтыкта болушубуз» керектигин айткан. Аларга кошуналарыбыз, чогуу иштешкендерибиз, классташтарыбыз жана кабар айтууда жолуктурган адамдар кирет. Бирок Пабыл кеңешин: «Колуңардан келишинче аракеттенгиле»,— деп тактаган. Бул «бардык адамдар менен тынчтыкта болууга» умтулууда Кудайдын адил принциптерин бузбай, акыл-эстүүлүк менен колубуздан келгендин баарын кылууну билдирет.

Өч Жахабаныкы

10, 11. Эмне себептен өч албашыбыз керек?

10 Оку: Римдиктер 12:19. Биздин ишибизге жана кабарыбызга карата терс көз карашта болгондорго, атүгүл ачык эле «каршы чыккандарга» да «жумшактык менен» мамиле кылып, «жамандыкка туш болгондо» өзүбүздү кармай билишибиз кажет (2 Тим. 2:23—25). Пабыл Исанын жолдоочуларын өздөрү өч албай, «Кудайдын каарына орун берүүгө» чакырган. Кудайдын кызматчылары катары биз өч албашыбыз керектигин билебиз. Забурчу: «Ачууңду токтот, кыжырланба. Жамандык кылганга чейин барбаш үчүн, атаандашпа»,— деп жазган (Заб. 36:8). Сулайман да: «„Жамандык үчүн өч алам“,— дебе, Теңирге кой, ошондо Ал сени сактайт»,— деген кеңеш берген (Накыл 20:22).

11 Каршылаштарыбыз бизге жамандык кылса, өч алууну Жахабага коюу акылдуулукка жатат. Ал зарыл деп эсептесе, өзү туура көргөн учурда аларды жазалайт. Кудайдын каары жөнүндө айтып жатып Пабыл мындай деп кошумчалаган: «Ыйык Жазмада: „Өч меники, тиешесин мен берем, дейт Жахаба“,— деп жазылган» (Салыштыр: Мыйзам 32:35). Эгер өзүбүз өч алууга умтулсак, Жахаба гана укуктуу болгон нерсени кылып, текебердик көрсөткөн болмокпуз. Андан тышкары, Жахабанын: «Тиешесин мен берем»,— деген убадасына шектенип жатканыбызды көрсөтмөкпүз.

12. Жахабанын каары качан жана кантип төгүлөт?

12 Римдиктерге жазган катынын башында Пабыл: «Чындыкты адилетсиздик менен басып жаткан адамдардын бардык ыймансыз жана адил эмес иштерине асмандан Кудайдын каары төгүлүүдө»,— деп айткан (Рим. 1:18). Жахабанын каары «улуу алаамат» учурунда анын Уулу аркылуу асмандан төгүлөт (Аян 7:14). Бул «Кудайдын адилет сот жүргүзөрүн далилдейт». Пабыл муну рухтун жетеги менен жазган башка катында мындайча түшүндүргөн: «Кудай адил иш кылат: ал силерге кыйынчылык алып келгендерди кыйынчылыкка дуушар кылат, ал эми кыйынчылык тартып жаткан силерге биз менен бирге тынчтык берет. Бул асмандан кубаттуу периштелери менен келе турган Мырзабыз Исанын ачылышында болот. Ал жалындаган от ичинде келип, Кудайды тааныбагандардан жана Мырзабыз Иса жөнүндөгү жакшы кабарга баш ийбегендерден өч алат» (2 Тес. 1:5—8).

Жамандыкты жакшылык менен жеңүү

13, 14. а) Каршылыктарга дуушар болгондо эмне үчүн таң калбайбыз? б) Бизди куугунтуктагандарга канткенде батабызды берген болобуз?

13 Оку: Римдиктер 12:14, 21. Жахабанын өз убадаларын сөзсүз аткарарына бекем ишенсек, бүт күчүбүздү ал тапшырган ишти — дүйнө жүзү боюнча Падышалык жөнүндөгү жакшы кабар таратуу ишин — аткарууга жумшайбыз (Мт. 24:14). Биз аткарып жаткан бул иш душмандардын каарын кайнатарын билебиз. Себеби Иса: «Менин ысмым үчүн бардык элдерге жек көрүндү болосуңар»,— деп эскерткен (Мт. 24:9). Ошондуктан каршылыктарга дуушар болгондо таң калбайбыз же көңүлүбүздү чөгөрбөйбүз. Элчи Петир мындай деп жазган: «Сүйүктүү биртуугандарым, сыналышыңар үчүн оттуу кыйынчылыктарга кабылганыңарда аларды жат нерседей көрүп таң калбагыла. Анын ордуна, Машаяктын азап чегүүсүнө ортоктош болуп жатканыңар үчүн кубангыла» (1 Пет. 4:12, 13).

14 Бизди куугунтуктагандарды жек көрбөй, кээ бири билбестиктен улам ошентип жатканын түшүнүп, аларга билим берүүгө умтулабыз (2 Кор. 4:4). Ошондой эле Пабылдын: «Силерди куугунтуктагандарга батаңарды бергиле. Каргабагыла, батаңарды бергиле»,— деген кеңешине кулак кагууга аракеттенебиз (Рим. 12:14). Каршылаштарыбызга батабызды берүүнүн бир жолу — алар үчүн тиленүү. Иса Тоодогу насаатында мындай деген: «Душмандарыңарды сүйгөнүңөрдү жана силерди жек көргөндөргө жакшылык кылганыңарды, силерди каргагандарды алкаганыңарды жана кордогондор үчүн тиленгениңерди токтотпогула» (Лк. 6:27, 28). Элчи Пабыл өз тажрыйбасынан куугунтуктоочунун Машаяктын ишенимдүү шакирти, Жахабанын ынталуу кызматчысы болушу мүмкүн экенин билген (Гал. 1:13—16, 23). Дагы бир катында ал: «Бизди жамандашат — батабызды беребиз; куугунтукташат — чыдайбыз; тил тийгизишет — жумшак жооп беребиз»,— деген (1 Кор. 4:12, 13).

15. Жамандыкты жакшылык менен жеңүүнүн эң мыкты жолу кайсы?

15 Ошентип, Исанын чыныгы жолдоочулары Римдиктер 12-бөлүмдүн акыркы аятындагы: «Жамандыкка жеңилбе, аны дайыма жакшылык менен жең»,— деген сөздөргө ылайык иш кылышат. Жамандыктын баары Шайтан Ибилистен (Жкн. 8:44; 1 Жкн. 5:19). Элчи Жаканга берген аянда Иса өзүнүн майланган бир туугандарынын «[Шайтанды] Козунун каны менен, өздөрүнүн күбөлөндүрүүсү менен жеңгенин» ачып берген (Аян 12:11). Мындан көрүнүп тургандай, Шайтанды жана анын бул дүйнө түзүлүшүнө тийгизип жаткан зыяндуу таасирин жеңүүнүн эң мыкты жолу — күбөлөндүрүү ишин, Падышалык жөнүндөгү жакшы кабар таратуу ишин, жүргүзүп, жакшылык кылуу.

Үмүт менен кубануу

16, 17. Римдиктер 12-бөлүмдөн а) өмүрүбүздү эмнеге арнашыбыз керектигине, б) жыйналышта өзүбүздү кандай алып жүрүшүбүз керектигине, в) ишенимибизге каршы болгондорго кандай мамиле кылышыбыз керектигине байланыштуу эмнеге үйрөнө алабыз?

16 Пабылдын Римдеги ишенимдештерине жазган катынын 12-бөлүмүн кыскача карап чыгуу менен көп нерсени эсибизге салдык. Биз Жахабанын арналган кызматчылары катары курмандыктарга барууга даяр болушубуз керектигин билдик. Кудайдын рухуна жетектелип, курмандыктарды даярдуулук менен тартуулайбыз, себеби мунун ага жагарына ынанганбыз. Рух менен жалындап, ар кандай жөндөмдүүлүктөрүбүздү колдонууга дилгирбиз. Момундук, жөнөкөйлүк менен кызмат кылып, жыйналыштагы биримдикти сактоо үчүн колубуздан келгендин баарын кылабыз. Ошондой эле дайыма меймандос болууга жана ишенимдештерибиздин сезимдерине ортоктош болууга умтулабыз.

17 Андан сырткары, Римдиктер 12-бөлүмдө каршылыктарга туш болгондо эмне кылышыбыз керектигине байланыштуу көптөгөн кеңештер камтылган. Биз жамандыкка жамандык менен жооп бербешибиз керек. Каршылыктарды жакшылык кылуу менен жеңишибиз зарыл. Ошондой эле ыйык китептик принциптерди бузбай, мүмкүн болушунча бардык адамдар менен тынчтыкта болууга умтулушубуз абзел. Муну үй-бүлөдө, кошуналарыбыз менен мамилелешүүдө, жыйналышта, жумушта, мектепте, кызматта жүргөндө колдонуу маанилүү. Атүгүл катуу каршылыктарга кабылганда да, өч Жахабаныкы экенин эстен чыгарбай, жамандыкты жакшылык менен жеңүүгө бүт күч-аракетибизди жумшаганыбыз дурус.

18. Римдиктер 12:12де кайсы үч кеңеш берилген?

18 Оку: Римдиктер 12:12. Ушул даанышман, пайдалуу кеңештерди бергенден сырткары, Пабыл дагы үч кеңеш берген. Биз булардын баарын Жахабанын жардамысыз аткара албай тургандыктан, Пабыл: «Тиленгениңерди токтотпогула»,— деп үндөгөн. Бул болсо анын кийинки кеңешине карманууга жардам берет. Ал: «Кыйынчылыкка кабылганда туруктуу болгула»,— деген. Андан тышкары, Жахаба бизге белендеп койгон келечектен көзүбүздү албашыбыз жана жерде болобу, асманда болобу, түбөлүк жашоого болгон «үмүт менен кубанышыбыз» кажет.

Кайталоо үчүн суроолор

• Каршылыктарга кандай карашыбыз абзел?

• Кайсы жактардан тынчтык жаратуучу болууга умтулушубуз зарыл жана кантип?

• Эмне себептен өзүбүз өч албашыбыз керек?

[Изилдөө суроолору]

[8-беттеги сүрөт]

Башкаларга иш жүзүндө көмөк көрсөтүү бейкалыс пикирди жоюуга жардам берет

[9-беттеги сүрөт]

Жыйналышта тынчтык жаратуучу болууга умтуласыңбы?