Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Менин досторумсуңар»

«Менин досторумсуңар»

«Менин досторумсуңар»

«Эгер силерге буйругандарымды аткарсаңар, менин досторумсуңар» (ЖКН. 15:14).

1, 2. а) Исанын досторунун тек-тамыры кандай эле? б) Иса менен дос болгонубуз эмне себептен маанилүү?

ИСА менен үстүнкү кабаттагы бөлмөдө отурган кишилердин тек-тамыры ар кандай эле. Алсак, Петир менен Андрей аттуу ага-ини балыкчы болушкан. Ал эми Матай мурда салык жыйноочу, жүйүттөр жек көргөн кесиптин ээси, эле. Айрымдары, алардын ичинде Жакып менен Жакан Исаны бала кезинен эле билишкен. Башкалары болсо, мисалы, Натанаел Иса менен бир нече эле жыл мурун таанышса керек (Жкн. 1:43—50). Кандай болбосун, ошол түнү Иерусалимде өткөрүлгөн зор мааниге ээ Пасахка катышкандардын баары Исанын убадаланган Машаяк жана тирүү Кудайдын Уулу экенине толук ишенишкен (Жкн. 6:68, 69). Исанын: «Мен силерди досторум деп атадым, себеби силерге Атамдан уккандарымдын баарын ачып бердим»,— деген сөздөрү алардын жүрөгүн жылытканы шексиз (Жкн. 15:15).

2 Исанын ишенимдүү элчилерине айткан ал сөздөрү, негизинен, анын бүгүнкү күндөгү майланган жолдоочуларынын баарына, ал эми кеңири мааниде алардын шериктери «башка койлорго» да тиешелүү (Жкн. 10:16). Ата-тегибиз, коомдо ээлеген абалыбыз кандай болбосун, биз Исанын досу болуу сыймыгына ээ боло алабыз. Аны менен дос болгонубуз абдан маанилүү, себеби бул Жахаба менен дос болууга жол ачат. Чынында, Машаякка жакындабай туруп, Жахабага жакындоо мүмкүн эмес (Оку: Жакан 14:6, 21). Анда Иса менен дос болуп, ал достукту сактоо үчүн эмне кылышыбыз керек? Бул маанилүү суроону талкуулаардан мурун, келгиле, Исанын дос болуу жагынан калтырган үлгүсүн жана шакирттеринин аны менен болгон достукка кандай карашканынан эмнеге үйрөнө аларыбызды карап көрөлү.

Исанын жакшы дос болуу жагынан калтырган үлгүсү

3. Иса кандай киши катары белгилүү болгон?

3 Акылман Сулайман падыша «бай кишинин достору көп» болорун жазган (Накыл 14:20). Бул сөздөр жеткилеңсиз адамдардын бирөөгө бериш үчүн эмес, бирөөдөн пайда көрүш үчүн достук мамиле өрчүтүүгө жакын экенин көрсөтүп турат. Бирок Иса андай болгон эмес. Адамдын байлыгы, коомдо ээлеген абалы ага эч таасир эткен эмес. Ал бир бай жигитти жакшы көрүп, аны өзүнүн жолдоочусу болууга чакырганы чын. Анткен менен ага колунда болгонунун баарын сатып, кедей-кембагалдарга таратып бериши керектигин айткан (Мр. 10:17—22; Лк. 18:18, 23). Иса бай, кадыр-барктуу адамдар менен эмес, карапайым, басынтылган адамдар менен достошкон киши катары белгилүү болгон (Мт. 11:19).

4. Исанын досторунун кемчиликтери болгон деп эмне үчүн айта алабыз?

4 Исанын досторунун кемчиликтери болбой койгон эмес. Бир жолу Петир Кудайдын эркине ылайык келбеген көз карашты чагылдырган (Мт. 16:21—23). Ал эми Жакып менен Жакан Исадан анын Падышалыгында сыйлуу орун беришин сурап, атак-даңкты самаганын көрсөтүшкөн. Буга башка элчилердин ачуусу келген. Андан тышкары, алар кайра-кайра кимиси чоң экени жөнүндө бир нече жолу талашышкан. Ошентсе да Иса дароо эле ачууланып кирбей, чыдамдуулук менен досторунун оюн өзгөртүүгө аракет кылган (Мт. 20:20—28).

5, 6. а) Иса эмне үчүн элчилеринин дээрлик баары менен дос болгон? б) Иса эмне себептен Жүйүт Искариот менен достугун үзгөн?

5 Исанын өзүнүн элчилери менен дос болгону алардын жеткилеңсиздигине, кемчиликтерине көз жумду мамиле кылганын же өтө жумшак болгонун билдирбейт. Ал элчилеринин ниети таза экенине жана алардын жакшы сапаттарына көңүл бурган, ошондуктан алар менен дос болгон. Бир мисал алып көрөлү. Петир менен Жакып Исанын жашоосунун эң оор учурунда ага колдоо көрсөткөндүн ордуна, уктап калышкан. Албетте, Иса буга капаланбай койгон эмес. Бирок: «Рух сергек, ал эми дене алсыз»,— деп айтуу менен алардын ниетинин жакшы экенин билерин көрсөткөн (Мт. 26:41).

6 Ал эми Жүйүт Искариот менен Иса достугун үзгөн. Учурунда Исанын жакын досу болгон Жүйүт өзүн дагы деле анын досундай кылып көрсөтүүгө аракет кылса да, Иса анын жүрөгүнүн бузулганын байкаган. Жүйүт дүйнө менен достошуп кеткендиктен, Кудайдын душманы болуп калган (Жкп. 4:4). Ошондуктан Иса ишенимдүү он бир элчисин досум деп атаардан мурун Жүйүттү кетирип жиберген (Жкн. 13:21—35).

7, 8. Иса досторуна болгон сүйүүсүн кантип көрсөткөн?

7 Иса ишенимдүү досторунун каталарына эле көңүл бура берген эмес. Ал алардын жыргалчылыгын көздөп иш-аракет кылган. Маселен, Атасына сыноо учурунда аларды коргошун сурап тиленген (Оку: Жакан 17:11). Иса досторунун денелик муктаждыктарын да эске алган (Мр. 6:30—32). Ошондой эле өзүнүн оюн эле айта бербей, алардын кандай ойдо, кандай сезимде экенин билүүгө жана түшүнүүгө аракет кылган (Мт. 16:13—16; 17:24—26).

8 Иса достору үчүн жашап, достору үчүн өлгөн. Ырас, ал Атасы койгон адилеттүүлүктүн мыйзамдуу талабына жооп берүү үчүн өз өмүрүн бериши керектигин билген (Мт. 26:27, 28; Эвр. 9:22, 28). Бирок Исага өмүрүн курмандыкка берүүгө сүйүү түрткү берген. «Ким достору үчүн өз жанын берсе, аныкынан өткөн сүйүү жок»,— деп айткан ал (Жкн. 15:13).

Исанын шакирттери аны менен болгон достукка кандай карашкан?

9, 10. Адамдар Исанын берешендигине кандай жооп кайтарышкан?

9 Иса башкаларга убактысын, сүйүүсүн жана каражатын берешендик менен берген. Ошондуктан адамдар ага тартылышкан жана ага да кубаныч менен берүүгө түрткү алышкан (Лк. 8:1—3). Иса өз тажрыйбасынан мындай деп айта алган: «Бергиле, ошондо силерге да берилет: жакшы ченем менен койнуңарга шыкай салып, ыкшап, ашыра толтуруп беришет. Анткени кандай ченем менен өлчөп берсеңер, силерге да ошондой ченем менен өлчөнүп берилет» (Лк. 6:38).

10 Айрымдар Иса менен андан бир нерсе алыш үчүн эле мамилелешкен. Андай жалган достор Исанын сөздөрүн туура эмес түшүнүп алып, андан баш тартып кетишкен. Алар анын айткан сөздөрүнүн маанисин чечмелеп беришин күтпөй, дароо жаңылыш тыянак чыгарып, аны четке кагышкан. Жалган достордон айырмаланып, элчилер ишенимдүү болушкан. Алардын Машаяк менен болгон достугу көп жолу сыналган, бирок алар жакшы учурда да, жаман учурда да ага колунан келишинче колдоо көрсөтүшкөн (Оку: Жакан 6:26, 56, 60, 66—68). Өлөр алдындагы түнү Иса досторуна: «Силер, сыноолорго кабылганымда, жанымда болдуңар»,— деп айтып, ыраазычылыгын билдирген (Лк. 22:28).

11, 12. Иса шакирттерин эмнеге ынандырган жана алар кандай жооп кайтарышкан?

11 Иса шакирттерин ишенимдүүлүгү үчүн мактагандан көп өтпөй, айрымдары андан баш тартып кетишкен. Алар адамдан коркуу сезиминин Машаякка болгон сүйүүсүн басып салышына жол берип коюшкан. Бирок Иса аларды кайра эле кечирген. Тирилгенден кийин Иса шакирттерине көрүнүп, аларды өзүнүн досу деп эсептээрине дагы бир ирет ынандырган. Ал тургай, аларга «бардык элдерден шакирт даярдоо» жана «жердин учу-кыйырына чейин» анын күбөсү болуу ыйык тапшырмасын берген (Мт. 28:19; Элч. 1:8). Шакирттер буга кандай жооп кайтарышкан?

12 Алар Падышалыктын кабарын таратуу ишине болгон күч-аракетин жумшап, жан-дили менен берилип аткарышкан. Жахабанын ыйык рухунун жардамы менен алар окутууларын бүт Иерусалимге жайылтышкан (Элч. 5:27—29). Исанын шакирт даярдоо тапшырмасын аткаруу үчүн алар, жадагалса жанын курман кылууга даяр болушкан. Исанын буйрук бергенинен ондогон эле жылдар өткөндөн кийин элчи Пабыл: «Бул кабар асман астындагы бардык жаратылгандарга жарыяланды»,— деп айта алган (Кол. 1:23). Арийне, Исанын шакирттери аны менен болгон достугун жогору баалаарын далилдешкен.

13. Исанын шакирттери анын окутууларына ылайык жашоо үчүн кандай өзгөрүүлөрдү жасашкан?

13 Исанын шакирти болгондор жашоосун анын окутууларына ылайык келтиришкен. Ан үчүн көптөр жүрүм-турумун, кулк-мүнөзүн бир топ өзгөртүшкөн. Алардын кээ бирлери мурун гомосексуалист, ойноштук кылуучу, аракеч, ууру болушкан (1 Кор. 6:9—11). Дагы бирөөлөрүнө башка улуттагыларга болгон көз карашын өзгөртүү керек болгон (Элч. 10:25—28). Анткен менен алар Исага баш ийишкен: эски табиятты чечип, жаңы табиятка кийинишкен (Эф. 4:20—24). Алар Исанын ой жүгүртүүсүн, кылган иштерин түшүнүү жана тууроо менен «Машаяктын акылын» таанып-билишкен (1 Кор. 2:16).

Машаяк менен болгон достугубуз

14. Иса «бул дүйнө түзүлүшү» аяктап бараткан учурда эмне кылууну убадалаган?

14 Исанын биринчи кылымда жашаган көптөгөн жолдоочулары аны көзү тирүү кезинде же ал тирилгенден кийин көрүшкөн. Бирок бизде андай мүмкүнчүлүк жок. Анда биз Машаяк менен кантип дос боло алабыз? Мунун бир жолу — Исанын жерде жашап жаткан майланган жолдоочуларынан турган ишенимдүү жана акылдуу кул тобунун көрсөтмөлөрүнө баш ийүү. Иса «бул дүйнө түзүлүшү» аяктап бараткан учурда аны «бүт мүлкүнө кам көрүүгө дайындай» турганын убадалаган (Мт. 24:3, 45—47). Бүгүнкү күндө Машаяк менен дос болууну каалагандардын басымдуу бөлүгү кул тобуна кирбейт. Алардын ишенимдүү кулдун көрсөтмөлөрүн кабыл алар-албасы Машаяк менен болгон достугуна кандай таасир этет?

15. Адамдын кой же эчки болору эмнеден көз каранды?

15 Оку: Матай 25:31—40. Иса ишенимдүү кул тобун түзө тургандарды бир туугандарым деп атаган. Койлорду эчкилерден бөлүү жөнүндөгү мисалында Иса анын бир туугандарына жасалган мамилени өзүнө жасалгандай кабыл аларын ачык-айкын билдирген. Ал адамдардын анын «эң кичине биртуугандарынын» бирине кылган мамилесине жараша кой же эчки болуп бөлүнөрүн айткан. Андыктан жерде жашоого үмүттөнгөндөр Машаяк менен дос болгусу келгенин, эң алды, ишенимдүү кул тобун колдоо менен көрсөтүшөт.

16, 17. Машаяктын бир туугандары менен дос экенибизди кантип көрсөтө алабыз?

16 Эгер сен Кудайдын Падышалыгынын башкаруусу алдында жерде жашоого үмүттөнсөң, Машаяктын бир туугандары менен дос экениңди кантип көрсөтө аласың? Келгиле, мунун үч жолун карап көрөлү. Биринчи жолу — кабар айтуу ишине жигердүү катышуу. Машаяк бир туугандарына жакшы кабарды бүт дүйнө жүзүнө таратууну буйруган (Мт. 24:14). Бирок Машаяктын бир туугандарынын жердеги калдыгына ал тапшырманы шериктеринин, башка койлордун, жардамысыз аткаруу аябай кыйын болмок. Ооба, башка койлордун ар бир мүчөсү кабар айтуу ишине катышып, Машаяктын бир туугандарына алардын ыйык тапшырмасын аягына чыгарууга көмөк көрсөтүшөт. Машаяк да, ишенимдүү жана акылдуу кул тобу да достукту айгинелеген мындай иштерди жогору баалайт.

17 Башка койлор кабар айтуу ишин материалдык жактан колдоо менен да Машаяктын бир туугандарына жардам көрсөтө алышат. Иса жолдоочуларын «адилетсиз байлык» менен досторду күтүүгө үндөгөн (Лк. 16:9). Бул Иса же Жахаба менен болгон достукту сатып алса болот дегенди билдирбейт. Тескерисинче, материалдык нерселерибизди Падышалыктын кызыкчылыктарын алга жылдырууга жумшаганыбызда достугубузду жана сүйүүбүздү сөз менен эле эмес, «ишибиз менен» далилдейбиз (1 Жкн. 3:16—18). Мындай материалдык жардамды кабар айтуу ишине катышуу менен, сыйынуу жайларыбызды курууга жана оңдоп-түзөөгө, ошондой эле бүткүл дүйнөлүк кабар айтуу ишине акча-каражат тартуу кылуу менен көрсөтө алабыз. Тартууларыбыз кичине болобу, чоң болобу, Жахаба менен Иса кубаныч менен бергенибизди абдан баалайт (2 Кор. 9:7).

18. Эмне себептен аксакалдардын Ыйык Китептин негизинде берген көрсөтмөлөрүнө баш ийишибиз керек?

18 Машаяк менен дос экенибизди көрсөтүүнүн үчүнчү жолу — жыйналыш аксакалдарынын көрсөтмөлөрүнө ылайык иш кылуу. Алар ыйык рух менен Машаяктын жетекчилиги алдында дайындалышат (Эф. 5:23). Элчи Пабыл: «Араңарда жетекчиликти колго алгандарга тил алып, баш ийгиле»,— деп жазган (Эвр. 13:17). Айрым учурда бизге жергиликтүү аксакалдардын Ыйык Китептин негизинде берген көрсөтмөсүнө баш ийүү кыйынга турушу ыктымал. Балким, биз аксакалдардын кемчиликтерин билгендиктен, алардын кеңешине анча маани бербей коюшубуз мүмкүн. Бирок жыйналыштын Башчысы Машаяк ал жеткилеңсиз кишилерди кубаныч менен колдонот. Ошо себептен аксакалдардын бийлигине баш иер-ийбесибиз Машаяк менен болгон достугубузга түздөн-түз таасир этет. Ооба, аксакалдардын кемчиликтерине көңүл бурбай, алардын көрсөтмөлөрүн кубаныч менен аткарсак, Машаякка болгон сүйүүбүздү айгинелейбиз.

Жакшы досторду кайдан таба алабыз?

19, 20. Жыйналыштан кимдерге ээ боло алабыз жана кийинки макалада эмне талкууланат?

19 Иса бизге мээримдүү аксакалдар аркылуу эле эмес, жыйналыштагы рухий апалар, ага-инилер жана эже-карындаштар аркылуу да кам көрүп келет (Оку: Марк 10:29, 30). Жахабанын уюму менен байланыша баштаганыңда, буга туугандарың кандай карашкан? Балким, Кудайга жана Машаякка жакындоо үчүн кылган аракеттериңди колдошкондур. Бирок Иса айрым учурда «адамга өз үйүндөгүлөрү душман болорун» эскерткен (Мт. 10:36). Жыйналыштан кадимки туугандарыбыздан да жакын боло турган бир туугандарга ээ боло аларыбызды билүү кандай гана жубатарлык! (Накыл 18:24).

20 Пабылдын Римдеги жыйналышка жазган катынын аягында жолдогон саламынан көрүнүп тургандай, анын көптөгөн ынак достору болгон (Рим. 16:8—16). Элчи Жакан өзүнүн үчүнчү катын: «Менден ал жактагы достордун ар бирине салам айтып кой»,— деген сөздөр менен жыйынтыктаган (3 Жкн. 14). Анын да көптөгөн жакшы достору болгону шексиз. Исаны жана анын алгачкы шакирттерин туурап, рухий бир туугандарыбыз менен кантип достошуп, достугубузду бекемдей алабыз? Кийинки макалада бул суроого жооп берилет.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Жакшы дос болуу жагынан Иса кандай үлгү калтырган?

• Исанын шакирттери аны менен болгон достукка кандай карашкан?

• Машаяктын досу экенибизди кантип далилдей алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[14-беттеги сүрөт]

Иса досторунун кандай ойдо, кандай сезимде экенине кызыкдар болгон

[16-беттеги сүрөт]

Машаяк менен дос болууну каалаарыбызды кантип көрсөтө алабыз?