Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Накыл сөздөр 24:27-аятта кандай сабак камтылган?

Накыл сөздөрдүн жазуучусу жаш жигитке: «Адегенде үйүңдөн сырткаркы иштерди жаса, талаадагы иштериңди бүтүр, анан үйүңдү кур»,— деген кеңеш берген. Рухтун жетеги менен жазылган бул накыл сөздө кандай ой камтылган? Ал жигит үйлөнүп, өзүнчө түтүн булатканга чейин ага кандай жоопкерчиликтер артыларын түшүнүп, тийиштүү даярдык көрүшү керек эле.

Буга чейин кээде бул аят күйөө жана ата кандайдыр бир жумушта иштегенден тышкары, үй-бүлөсүнө рухий жактан кам көрүү менен аны бекемдеши керек деп түшүндүрүлүп келген. Албетте, бул түшүнүк туура жана Ыйык Жазмага негизделет. Бирок ал аяттагы негизги ой эмес көрүнөт. Эмне үчүн минтип айтууга болот? Мунун эки себебин карап чыгалы.

Биринчиден, бул аяттагы «кур» деген сөз бар үй-бүлөнү бекемдөө же чыңдоо маанисинде айтылган жок. Ал жерде түзмө-түз үй куруу жөнүндө сөз жүрөт. «Куруу» деп берилген сөз каймана мааниде да үй тургузууну, башкача айтканда, никеге турууну жана балалуу болууну билдириши мүмкүн.

Экинчиден, бул аятта «биринчи муну кыл, анан тигини кыл» дегендей ой берилип, иштерди аткаруунун тартиби көрсөтүлөт. Анда ал накыл сөздө дүйнөлүк жумушка байланыштуу милдеттерди рухий милдеттерден биринчи аткаруу керек деген ой камтылабы? Албетте, жок.

Байыркы убакта жигит «үй» «курууну», тагыраак айтканда, үй-бүлө курууну кааласа: «Аялыма жана кийин балалуу болсок, балдарыма кам көрүп, аларды багууга даярмынбы?» — деп ойлонуп көрүшү зарыл эле. Ал үйлөнөрдөн мурун иштеп, талаасына кам көрүп, түшүм жыйнашы керек эле. Ошо себептен «Бүгүнкү англис котормосунда» бул аят: «Талаадагы иштериңди бүтүргүчө жана жашоого каражат таба аларыңа көзүң жеткиче, үйүңдү курба, үй-бүлөңдү негиздебе»,— деп айкын берилген. Бул принцип бүгүнкү күндө да колдонорлукпу?

Ооба. Үйлөнгүсү келген жигит андай жоопкерчиликти аркалоо үчүн тийиштүү түрдө даярданышы керек. Эгер дени-карды соо болсо, иштеши кажет. Албетте, ал өзүнүн үй-бүлөсүнө материалдык жактан кам көрүү менен эле чектелбеши керек. Кудайдын Сөзүндө үй-бүлөсүнө материалдык, эмоциялык жана рухий жактан кам көрбөгөн кишинин ишенбегендерден да жаман экени айтылат (1 Тим. 5:8). Андыктан нике курууга жана үй-бүлөлүк жашоого даярданып жаткан жигит минтип ойлонуп көрүшү абзел: «Үй-бүлөмдү багууга чынында эле даярмынбы? Кудайга үй-бүлөм менен чогуу сыйынууга байланыштуу иштерде жетекчиликти колго ала аламбы? Өмүрлүк жарым жана балдарым менен Ыйык Китепти үзгүлтүксүз изилдөө жоопкерчилигин аткара аламбы?» Кудайдын Сөзүндө бул милдеттердин абдан маанилүү экени баса белгиленет (Мыйз. 6:6—8; Эф. 6:4).

Демек, үйлөнүүгө ниеттенген жигит Накыл сөздөр 24:27деги принцип тууралуу терең ой жүгүртүшү керек. Ошо сыяктуу эле, турмушка чыгууну ойлогон кыз колукту жана эне болуу жоопкерчилигин алууга даярмынбы же даяр эмесминби деп ойлонушу абзел. Жаш жубайлар да балалуу болуу жөнүндө ойлонуп жатып, өздөрүнө ушу сыяктуу суроолорду берип көргөнү дурус (Лк. 14:28). Рухтун жетеги менен жазылган бул көрсөтмөгө ылайык иш кылуу Кудайдын элине жүрөктү ооруткан нерселерден качууга жана үй-бүлөлүк жашоодон кубаныч алууга шарт түзөт.

[12-беттеги сүрөт]

Жигит никеге байланыштуу кайсы суроолор тууралуу ойлонуп көрүшү керек?