Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Рух менен жалындагыла»

«Рух менен жалындагыла»

«Рух менен жалындагыла»

«Ишиңерди аткарууда жалкоо болбогула. Рух менен жалындагыла. Жахабага кулдары катары кызмат кылгыла» (РИМ. 12:11).

1. Ысрайылдыктар эмне себептен жаныбарларды курмандыкка чалышкан жана башка тартууларды алып келишкен?

ЖАХАБА өзүнүн кызматчыларынын ага болгон сүйүүсүн жана анын эркине баш ийип жатканын далилдеш үчүн даярдуулук менен берген курмандыктарын абдан баалайт. Байыркы убакта ал жаныбарлардан чалынган курмандыктарды жана башка тартууларды кабыл алган. Мусанын мыйзамына ылайык, аларды ысрайылдыктар күнөөлөрү кечирилиши үчүн жана ыраазычылык билдирүү үчүн чалышчу. Бүгүнкү күндө Жахаба Исанын жолдоочуларынан андай курмандыктарды чалууну талап кылбайт. Анткен менен, Пабылдын Исанын Римдеги жолдоочуларына жазган катынын 12-бөлүмүндө белгиленгендей, бизден дагы деле курмандык чалуу талап кылынат. Кандайча? Келгиле, карап көрөлү.

Тирүү курмандык

2. Исанын жолдоочулары катары кандай жашоо өткөрүшүбүз керек жана бул эмнени билдирет?

2 Оку: Римдиктер 12:1, 2. Пабыл өзүнүн катынын башында Исанын майланган жолдоочулары, алар жүйүт болобу же бутпарас болобу, кылган иштеринин эмес, ишениминин негизинде Кудайдын алдында адил деп жарыяланарын айкын көрсөткөн (Рим. 1:16; 3:20—24). Ал каттын 12-бөлүмүндө Пабыл Исанын жолдоочуларынын Кудайга болгон ыраазычылыгын далилдеп, жан аябастык көрсөтүп жашашы керектигин айткан. Андыктан биз акыл-оюбузду өзгөртүшүбүз зарыл. Жеткилеңсиздик тукум кууп өткөндүктөн, «күнөө менен өлүмдүн мыйзамына» баш иебиз (Рим. 8:2). Андыктан кан-жаныбызга сиңип калган терс жактарыбыздан толугу менен арылып, акылыбызга «түрткү берүүчү күч менен жаңыланышыбыз», өзгөрүлүшүбүз керек (Эф. 4:23). Бирок биз Кудайдын жана анын ыйык рухунун аркасында гана толук өзгөрүлө алабыз. Биз тараптан да «акыл жөндөмүбүздү» колдонуп, чечкиндүү иш-аракет кылуу талап кылынат. Бул адеп-ахлаксыздыктын сазына баткан, ыпылас көңүл ачууларга толгон жана ой жүгүртүүсү бузулган адамдар жашаган дүйнө түзүлүшүнүн бизди калыпташына жол бербеш үчүн бүт күч-аракетибизди жумшашыбыз керектигин билдирет (Эф. 2:1—3).

3. Биз Исанын жолдоочуларынан талап кылынган нерселерди эмне үчүн аткарабыз?

3 Пабыл бизди «Кудайдын жакшы, өзүнө жаккан жана жеткилең эрки эмне экенине ынанышыбыз» үчүн «акыл жөндөмүбүздү» колдонууга да чакырган. Биз эмне үчүн Ыйык Китепти күнүгө окуйбуз, окугандарыбыз тууралуу ой жүгүртөбүз, тиленебиз, жыйналыш жолугушууларына барабыз жана Падышалык жөнүндө жакшы кабар таратабыз? Жыйналыштагы аксакалдар түрткү бергендиктенби? Албетте, алардын бизге керектүү эскертүүлөрдү берип жатканын абдан баалайбыз. Бирок Исанын жолдоочуларынан талап кылынган нерселерди, Жахабага болгон чын жүрөктөн чыккан сүйүүбүздү көрсөтүүгө ыйык рух түрткү бергендиктен, аткарабыз. Андан тышкары, Кудайдын андай иш-аракеттерди аткарышыбызды каалаарына жеке ар бирибиз ынанганбыз (Зах. 4:6; Эф. 5:10). Исанын чыныгы жолдоочуларындай жашоо өткөрүү менен Кудайга жага аларыбызды билүү бизге чоң кубаныч жана канааттануу тартуулайт.

Ар кандай жөндөмдүүлүктөр

4, 5. Жыйналыш аксакалдары жөндөмдүүлүктөрүн кантип колдонушу керек?

4 Оку: Римдиктер 12:6—8, 11. Пабыл «өзүбүзгө көрсөтүлгөн ырайымдын негизинде ар кандай жөндөмдүүлүктөргө ээ» экенибизди айткан. Ал айтып өткөн жөндөмдүүлүктөргө насаат айтуу жана башкаруу жөндөмдүүлүктөрү кирет. Булар, негизинен, «талыкпай башкарууга» чакырылган жыйналыш аксакалдарына тиешелүү.

5 Пабылдын сөздөрүнө ылайык, көзөмөлчүлөрдүн окутууда жана «кызмат кылууда» талыкпай эмгектенип жатканы айкын болушу керек. Ал аяттардын контекстинен көрүнүп тургандай, Пабыл, кыязы, бул жерде «бир дененин», башкача айтканда, жыйналыштын ичинде «кызмат кылуу» тууралуу айткан (Рим. 12:4, 5). Ал кызмат жөнүндө Элчилер 6:4тө да айтылып өтөт. «Үмүт нуру» котормосунда ал аятта: «Биз болсо дайыма сыйынууну жана Кудай сөзүн айтып кызмат кылууну уланта берели»,— делет. Ал кызматка эмне кирет? Аксакалдар өздөрүнүн жөндөмдүүлүктөрүн жыйналыштын мүчөлөрүн бекемдөө үчүн колдонушат. Алар тиленүү менен изилдеп, окутуп, кайтаруучулук жолугууларга барып, талыкпай Кудай Сөзүнүн негизинде жыйналышка жетекчилик жана көрсөтмөлөрдү беришет. Ошентүү менен «кызмат кылып» жатышканын көрсөтүшөт. Көзөмөлчүлөр өздөрүнүн жөндөмдүүлүктөрүн чын ыкластан колдонушу жана койлорго «кубаныч менен» кам көрүшү абзел (Рим. 12:7, 8; 1 Пет. 5:1—3).

6. Канткенде бул макаланын негизги аятында, Римдиктер 12:11де, берилген кеңешке ылайык иш кыла алабыз?

6 Пабыл андан ары: «Ишиңерди аткарууда жалкоо болбогула. Рух менен жалындагыла. Жахабага кулдары катары кызмат кылгыла»,— деген. Эгер кызматта ынталуулугубуздун сууп баратканын байкасак, балким, өздүк изилдөөнү кандай өткөрүп жатканыбызды текшерип, Жахабадан ыйык рух сурап жалындуу, көбүрөөк тиленишибиз керектир. Бул кош көңүлдүк менен күрөшүүгө жана кызматты кайрадан жалындуу аткарууга көмөк кылат (Лк. 11:9, 13; Аян 2:4; 3:14, 15, 19). Ыйык рух Исанын алгачкы жолдоочуларына «Кудайдын улуу иштери жөнүндө айтууга» түрткү берген (Элч. 2:4, 11). Ошол сыяктуу эле, ал бизге да кызматта ынталуу болууга, «рух менен жалындоого» түрткү берет.

Момундук жана жөнөкөйлүк

7. Эмне себептен момундук жана жөнөкөйлүк менен кызмат кылышыбыз керек?

7 Оку: Римдиктер 12:3, 16. Биз жөндөмдүүлүктөргө Жахабанын «ырайымынын» аркасында гана ээ болгонбуз. Пабыл башка катында: «Бизди жарактуу кылган — Кудай»,— деп айткан (2 Кор. 3:5). Ошондуктан өзүбүздү даңктоодон качышыбыз керек. Кызматтагы ийгиликтерге өз күчүбүз менен эмес, Кудайдын батасынын аркасында гана жетип жатканыбызды момундук менен моюнга алышыбыз керек (1 Кор. 3:6, 7). Буга байланыштуу Пабыл: «Ар бириңерге айтам: өзүңөр жөнүндө тийиштүүдөн артык ойлобогула»,— деген. Арийне, өзүн өзү сыйлоо сезимине ээ болгонубуз жана кызматтан кубаныч, канааттануу алганыбыз маанилүү. Бирок жөнөкөй болсок, башкача айтканда, мүмкүнчүлүктөрүбүздүн чектелүү экенин моюнга алсак, өзүбүзгө ашыкча таянбайбыз. Биз «акыл-эстүүлүктү сактап... туура ойдо болгубуз» келет.

8. «Акылдуусунбоого» эмне жардам берет?

8 Кандайдыр бир жетишкендиктерибиз үчүн өзүбүздү мактоо акылсыздык болуп калар эле. Себеби баарын «өстүргөн» — Кудай (1 Кор. 3:7). Пабыл Кудайдын жыйналыштын ар бир мүчөсүнө өзүнө жараша ишеним бергенин айткан. Андыктан өзүбүздү башкалардан артык эсептебей, алардын өз ишенимине жараша кылып жаткан иштерин баалашыбыз керек. Пабыл андан ары: «Өзүңөр жөнүндө кандай ойдо болсоңор, башкалар жөнүндө да ошондой ойдо болгула»,— деген. Ал эми дагы бир катында: «Эч нерсени тажаалдык же көйрөңдүк менен кылбагыла, тескерисинче, момундук менен башкаларды өзүңөрдөн жогору көргүлө»,— деп кеңеш кылган (Флп. 2:3). Ар бир ишенимдешибиздин кайсы бир жактан бизден артыгыраак экенин моюнга алуу үчүн чындап момун болуу жана атайын күч-аракет жумшоо талап кылынат. Момундук бизге «акылдуусунбоого» жардам берет. Айрымдардын кандайдыр бир атайын кызматты аткарып жатканы көпчүлүккө белгилүү болушу мүмкүн, бирок башкаларга байкала бербеген жөнөкөй иштерди аткаруудан баарыбыз кубаныч табабыз (1 Пет. 5:5).

Жыйналыштагы биримдик

9. Пабыл Исанын рухтан төрөлгөн жолдоочуларын эмне себептен дене мүчөлөрүнө салыштырган?

9 Оку: Римдиктер 12:4, 5, 9, 10. Пабыл Исанын майланган жолдоочуларын Башчысы Машаяктын кол астында биримдикте кызмат кылып жаткан дене мүчөлөрүнө салыштырган (Кол. 1:18). Ал Исанын рухтан төрөлгөн жолдоочуларына дененин ар кандай милдеттерди аткарган көп мүчөлөрү бар экенин жана алар көп болсо да, «Машаяк менен биримдикте бир денени түзөрүн» эскерткен. Пабыл Исанын Эфестеги майланган жолдоочуларына да ушу сыяктуу ойду айтып, мындай деген: «Сүйүү менен башчыбыз Машаяктын деңгээлине бардык жагынан өсүп жетилели. Анын жетекчилиги астында дененин бардык бөлүктөрү бири-бири менен шайкеш бириктирилип, тийиштүү мүчөлөрдүн кыймыл-аракетине жараша ар кандай муундар аркылуу өз ара аракеттенүү менен дененин өсүшүн шарттайт да, анын сүйүү менен бекемделишине өбөлгө түзөт» (Эф. 4:15, 16).

10. «Башка койлор» кайсы бийликке баш ийиши керек?

10 «Башка койлор» Машаяктын денесин түзбөсө да, алар бул мисалдан көп нерсеге үйрөнө алышат (Жкн. 10:16). Пабыл Жахаба Кудайдын «баарын анын [Машаяктын] бут алдына жыгып, ага баш ийдиргенин» жана «жыйналыштын пайдасы үчүн аны баарына башчы кылып койгонун» айткан (Эф. 1:22). Бүгүнкү күндө башка койлор Жахаба Уулунун башчылыгына берген нерселерге кирет. Андан сырткары, алар Машаяктын «ишенимдүү жана акылдуу кулуна» тапшырган «мүлкүнө» да кирет (Мт. 24:45—47). Андыктан жер бетинде жашоого үмүттөнгөндөр Машаякты Башчысы катары кабыл алышы керек, ошондой эле ишенимдүү жана акылдуу кулга, анын Жетектөөчү Кеңешине, жыйналышта көзөмөл жүргүзүүгө дайындалган эркек бир туугандарга баш ийиши зарыл (Эвр. 13:7, 17). Бул Исанын жолдоочуларынын ортосундагы биримдикке шарт түзөт.

11. Биримдигибиз эмнеге негизделет жана Пабыл дагы кандай кеңеш берген?

11 Мындай биримдик «жеткилең түрдө бириктирген» сүйүүгө негизделет (Кол. 3:14). Пабыл Римдиктер 12-бөлүмдө муну баса белгилеп, «эки жүздүүлөнбөй сүйүүгө» жана «биртуугандык сүйүүбүздү» «назиктик менен көрсөтүүгө» тийиш экенибизди айткан. Бул бири-бирибизди урматтап-сыйлоого өбөлгө түзөт. Пабыл: «Бири-бириңерге урмат көрсөтүүдө демилгени колго алгыла»,— деген. Бирок сүйүүнү ыгы жок жумшактык менен чаташтырбашыбыз керек. Жыйналышты таза сактоо үчүн колубуздан келгендин баарын кылышыбыз абзел. Пабыл сүйүүгө байланыштуу кеңеш бергенден кийин: «Жамандыктан жийиркенип, жакшылыкка умтулгула»,— деп кошумчалаган.

Дайыма меймандос болгула

12. Меймандостук көрсөтүү жагынан Исанын байыркы Македониядагы жолдоочуларынан эмнеге үйрөнө алабыз?

12 Оку: Римдиктер 12:13. Бир туугандарга болгон сүйүүбүз мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша өзүбүздөгү «нерселерди муктаж болгон ыйыктар менен бөлүшүүгө» түрткү берет. Атүгүл кедей болсок да, колубузда болгон нерселер менен бөлүшө алабыз. Исанын Македониядагы жолдоочулары тууралуу Пабыл мындай деп жазган: «Оор сыноого дуушар болуп, аябай жакыр жашап жатышканына карабай, алар зор кубаныч менен өзгөчө берешендик көрсөтүштү. Мен алардын колунан келгендин баарын кылышканына, атүгүл ашыгы менен кылышканына күбөмүн. Алар бизден өздөрүнүн тартуулары менен [Жүйүт жериндеги] ыйыктарга кызмат кылууга мүмкүнчүлүк беришибизди көптөн-көп өтүнүп, жалбарышты» (2 Кор. 8:2—4). Исанын Македониядагы жолдоочулары өздөрү жакыр болушса да, абдан берешен болушкан. Алар Жүйүт жериндеги муктаж болгон бир туугандары менен бөлүшүүнү сыймык катары көрүшкөн.

13. «Дайыма меймандос болуу» деген эмнени билдирет?

13 «Дайыма меймандос болуу» деп которулган грек сөз айкашы демилгени колго алуу деген маанини камтыйт. «Жаңы Иерусалим Ыйык Китебинде» бул сөз айкашы «меймандостук көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк издөө» деп которулган. Меймандостукту башкаларды тамакка чакыруу менен көрсөтө алабыз жана буга сүйүү түрткү берсе, мактоого татырлык. Бирок демилгени колго алсак, меймандостук көрсөтүүнүн андан башка да көптөгөн жолдорун табабыз. Мисалы, акча-каражаттын айынан же жагдай-шартыбыздан улам башкаларды тамакка чакырууга мүмкүнчүлүгүбүз болбой жатса, жөн эле бир чыны чайга же башка суусундук ичип кетүүгө чакыруу менен да меймандостук көрсөтө алабыз.

14. а) «Меймандостук» деген грек сөзү кайсы сөздөрдөн келип чыккан? б) Кызматта чет өлкөлүктөргө кантип жардам бере алабыз?

14 Башкаларга карата туура көз карашта болуу да меймандостук көрсөтүүгө жатат. «Меймандостук» деген грек сөзү «сүйүү» жана «бейтааныш» деген эки уңгу сөздөн келип чыккан. Бейтааныш же чет өлкөдөн келген адамдарга карата кандай көз караштабыз? Исанын айрым жолдоочулары өздөрүнүн жыйналышынын аймагына көчүп келген чет өлкөлүктөргө жакшы кабар айтуу үчүн чет тилин үйрөнүүгө аракет кылып жатышат. Бул да меймандостук көрсөтүүнүн бир жолу. Албетте, көбүбүздүн чет тилин үйрөнүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жок. Бирок бардыгыбыз көп тилге которулган ыйык китептик кабар камтылган «Ар улуттагы адамдар үчүн жакшы кабар» (ор.) деген китепчени натыйжалуу колдонуу менен чет өлкөлүктөргө жардам бере алабыз. Кызматта ушул китепчени колдонуп, жакшы натыйжага жеткен учурларыңар болду беле?

Ишенимдештерибиздин кубаныч-кайгысына ортоктош болуу

15. Иса Римдиктер 12:15теги кеңешти колдонуу жагынан кандай үлгү калтырган?

15 Оку: Римдиктер 12:15. Пабылдын бул аяттагы кеңешин «башкалардын сезимдерин туя билгиле» деп берсе болот. Биз башкалардын сезимдерин, кубанычынбы же кайгысынбы, түшүнүүгө жана тең бөлүшүүгө үйрөнүшүбүз керек. Эгер рух менен жалындасак, кубаныч менен тең бөлүшүп же кайгыга ортоктош болуп жатканыбыз айкын көрүнөт. Машаяктын 70 шакирти кабар айтуу өнөктүгүнөн кубанычтуу кайтып келип, жакшы натыйжаларга жеткени тууралуу айтып беришкенде, Иса «ыйык рухка толуп, кубанган» (Лк. 10:17—21). Ооба, ал алардын кубанычын тең бөлүшкөн. Ал эми досу Лазар каза болгондо, Иса «ыйлагандар менен ыйлаган» (Жкн. 11:32—35).

16. Ишенимдештерибиздин кубаныч-кайгысына ортоктош экенибизди кантип көрсөтө алабыз жана Пабылдын кеңешине өзгөчө кимдер карманышы абзел?

16 Биз башкалардын сезимдерин туя билүү жагынан Исаны туурагыбыз келет. Бир тууганыбыз кубанып жатса, аны менен кошо кубанып жатканыбызды билдирүү маанилүү. Ошо сыяктуу эле, ишенимдештерибиздин кайгы-капасын сезе билишибиз абзел. Жан дүйнөсү кыйналып турган ишенимдештерибизге атайын убакыт бөлүп, аларды угуп, сезимдерин түшүнүүгө аракет кылсак, алар бир топ жеңилдеп калышат. Кээде жүрөгүбүз ушунчалык козголгондуктан, бир тууганыбыздын сезимдерине ортоктош экенибизди көз жаш менен да билдиришибиз мүмкүн (1 Пет. 1:22). Пабылдын башкалардын сезимдерин туя билүүгө байланыштуу кеңешине, өзгөчө, аксакалдар карманышы керек.

17. Римдиктер китебинин 12-бөлүмүнөн эмнелерди билдик жана кийинки макалада эмнелер талкууланат?

17 Римдиктер 12-бөлүмдүн айрым аяттарын карап чыгып, ал аяттарда Исанын жолдоочулары катары жеке жашообузда жана бир туугандарыбыз менен болгон мамилебизде колдонорлук кеңештер камтылганын билдик. Кийинки макалада ал бөлүмдүн калган аяттарына токтолобуз. Алардан ишенимдеш эместерге, анын ичинде каршылаштарга жана бизди куугунтуктагандарга карата кандай көз карашта болушубуз жана аларга кандай мамиле кылышыбыз керектигин билебиз.

Кайталоо үчүн суроолор

• «Рух менен жалындап» жатканыбызды кантип көрсөтө алабыз?

• Кудайга эмне себептен момундук жана жөнөкөйлүк менен кызмат кылышыбыз керек?

• Ишенимдештерибиздин сезимдерине ортоктош экенибизди кантип көрсөтсөк болот?

[Изилдөө суроолору]

[4-беттеги сүрөт]

Биз буларды эмне себептен кылабыз?

[6-беттеги сүрөт]

Чет өлкөлүктөргө Падышалык жөнүндө билүүгө ар бирибиз кантип жардам бере алабыз?